Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Айтпаган сөздү айттырып, арам ишин "агытып"…
Азыркы Өкмөттүн арабасын алдыга сүйрөп аткандардын көч башында Экономика министри Темир Сариев экенин элдин баары жакшы билет. Оппозицияң да, позицияң да Темикең менен эсептешип турат. Бирок таскагы катуу чыккандарды буттан чапкандар да болбой койбойт эмеспи. Темир Сариев көпчүлүктүн көңүлүн ооруткан, калкыбыздын кабыргасын кайыштырган Кумтөр маселесинде ачык айтып так сүйлөп, тайманбай таасын кебин айтып жүргөн тапандыгы үчүн айрым ачкөздөргө жакпай келет. Жети-Өгүздө эл толкуганда биринчилерден болуп Темир Сариев менен Алиасбек Алымкулов элге жетип барып, башкалардай жойпуланып, жасакерленбей болгонун болгондой айтып, элдин көңүлүн жайгарып келген жайы бар. Бирок "бөйрөктөн шыйрак чыгаргандар", канадалыктар ыргыткан жугундуга жулунгандар Сариевди садага чабуу максатын көздөп, чагым уюштуруп ийди. Экономика министри эл менен жолугушканда "Кумтөрдөн түшкөн кирешенин 2 % Ысык-Көл облусуна бөлүнөт, бирок өндүрүштүн зыяндуулугу Нарын облусунун калкына дагы тийүүдө. Ошондуктан кирешенин 1% нарындыктарга да бөлүшүбүз керек" -деген кебин элиң менен да, кениң менен дагы иши жок кээ бир "кемчонтойлор" ой келди бурмалап жиберишти. Темикеңден кийин келген Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевге элдин арасына жашынган жанагы "кемчонтойлор" "Темир Сариев Кумтөрдүн уусу силерге тийбейт, Нарынга кетет деп айтты. Министрдин сөзүн кандайча түшүнсө болот?"- деп өлүмүш болуп өзү ойлоп тапкан суроосун бериптир. Анда башбакан Жантөрө Жолдошевич "Темир Сариев такшалган, салмактуу саясатчы. Ал андай сөздү айтпайт" -деп так кесе жообун айтса, тиги "жок айтты" - деп такып туруп алат. "Макул, айтса, ал үчүн кечирим сурайм" - деген экен. Сариевди садага чаба албай тургандар менен "Саманкана өрттөндү десе, Самарканд өрттөндү" - деген кулагы кереңдер башбакандын башка мааниде айтылган кебин илип кетип, айрым ММКларга "Премьер-министр Сариев үчүн кечирим сурады" - деп жантыгынан жата калып жанталашып жазып чыгышты. А чынында Кумтөр былыгы менен чылыгын иликтеген Өкмөттүк комиссиянын башчысы Темир Сариевдин бул багытта жасаган иштерин бийлигиң эмес, ашынган оппозициялык "Ата-Журт" партиясы да колдоп, коргоп чыкты. Айтылган кептерге караганда Ысык-Көлдөн Сариевди каралаган, эки элди эрегиштирген чагымдын башында кадимки бир тууган Жапаровдордун кулагы тикчийип чыгууда. Мына ушундай окуянын чоо-жайы. Темир Сариевди актайлы же мактайлы деген максатыбыз жок, болгону акыйкатты айталы деп атабыз.
Тиленбек Азык


Курсанды Сүйүн "сүйбөйбү"?
Жалал-Абад облустук администрациясын ташиевчилер басып алганда урган бойдон баягы эле Курсан Асанов жетип барган. Элди "эсиңерге келгиле, имаратты бергиле, тынч бошотсоңор, эч ким эч нерсе болбойт" - деп тынчтыкка чакырып, аз-аздан кепке келтирип, кырды-бычак кырдаалды жайгарып келатканда жанагы жалганчы губернатор Медер Үсөнов дегени жер менен жексен болуп табылбай калат. Эбепке себеп таба албай турган ташиевчилер ач айкырыкты салып, Курсанды жалганчы атап, жолду бууп таштайт. Ал ортодо Ош облустук ИИБ башчысы Сүйүн Өмүрзаков чекисттер менен чечишип Медер Үсөновду "уурдап" кеткен деген кептер кеңири тарайт. Көрсө амбициясы ашып-ташыган Сүйүн Өмүрзаков менен Курсан Асанов көптөн бери эле эрегишип, бири-бирин эңише албай келет экен.


"Ата-Мекен" менен "Республиканын" башы бир казанда кайнайбы?
"Республика" коалицияга кирмекчи болуп атат. Маселе дээрлик чечилип калды. Бир кезде парламенттеги күчтүү фракциялардын бири болгон "Республиканын" азыркы абалы анчейин суктанаарлык эмес. Ошол себептен Алтынбек Сулайманов баш болгон 15 "республикачы" коалициялык көпчүлүккө эч кандай шарты жок эле кирүүгө макулдугун берип атышат. "Ата-Мекенден" башкасынын баары бабановчуларга кулачын ачып, катарына кошуп алууга макул экенин айтышууда. Кийинки сөздү "Ата-Мекен" айтышы керек. Бирок бул жерде принципиалдуу маселе жаралып атат. Эгер Текебаевдин жана анын командасы саясий принциптен тайбайбыз десе, өздөрү ууру-кески атаган "республикачылар" менен бирикпейт. Бириксе карманган позициясынан дагы майлуу мансаптар маанилүү экени ачыкка чыгат.


Атаханов айдалды, Суранчиев суранды, кезек Саляновадабы?
Кыргызстандагы акыркы окуялар өлкөбүздүн күч органдарынын "күчүн" сынады. УКМК уктап калып, жетекчиси Бейшенбай Жунусов иштен айдалса, күч структураларын жетектеген вице-премьер Шамиль Атаханов арызын жазууга аргасыз болду. ИИМ тармагы да ичинен ирип, мамлекетти эмес, министрликтин ичин иреттей албаган Абдылда Суранчиев пенсияга кетем деп өзү суранып, арызын Ак үйгө таштаган экен. Азырынча ден соолугун чыңдап, убактылуу эмгек өргүүсүндө экени айтылууда. Кыргызстанда мыйзамсыздык күчөп турганда мыйзамдардын так, туура аткарылышына көзөмөл кылган Башкыпрокуратура дагы милдетин так аткара албады дегендердин саны арбып барат. Демек, кийинки кезек Аида Саляновадабы?


"Эски-жаңы" аткаминерлер ант берди
Жогорку Кеңеште кечээ 3 чиновник эл өкүлдөрү менен эл алдында расмий түрдө ант берди. Убактылуу Өкмөт тушунда Энергетика министри, андан кийин "Кыргызалтындын" башчысы, Өкмөттүн алдындагы экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекциясынын башчысы болуп иштеп келген Осмон Артыкбаев кайрадан Энергетика министри болду. Маданият министринин орун басары Кудайберген Базарбаев Социалдык өнүктүрүү министрлигине көчүк басты. 2010-жылдан бери Президенттик жана Өкмөттүк администрацияда Коопсуздук жана Коргонуу бөлүмүнүн, 2011-жылдан тартып Коопсуздук Кеңешинин катчысы болуп келген Бусурманкул Табалдиев эми УКМКны башкарат.


Өмүркулов Түлеевдин калпын чыгарды
Азыркы мэр Иса Өмүркулов мурунку мэр Бакиевдин "бакма баласы" Нариман Түлеевдин калпын чыгарды. Эске сала кетсек, ал: " Иса Ахунбаев жана Байтик Баатыр көчөлөрүнүн кесилишиндеги сейил бактын бөлүгү жеке менчикке 2004-жылы Керимкулов мэр болуп турганда берилген" деп деп айтып чыккан. Бирок анын мындай апыртмасын азыркы мэр Иса мырза, Нариман Түлеев 2007-2009-жылдары мэр болуп турганда берилген Мен айткан сөздөрүмө жооп берем. Парктын эки жеринен берилген экен, Депутаттык комиссия да ушуну иликтеп жатат. Мен иштегенден бери 1 кв. метр жер да берилген жок. Тескерисинче, мен мыйзамсыз берилген жерлерди кайтарууга аракет кылып жатам. Ушул күнгө чейин 5 гектардан ашык жерди кайтардык. " деп тиешелүү документтерди көрсөттү. Бирок Түлеев ал тастыктоочу кагаздарга карабай, моюн толгоп, каратып туруп танып турган чагы. Эми Нарикең танмай жагынан Ташиевден кем калбайт эмеспи. Андыктан бул маселени, дыкаат иликтеп чыгып, колу менен жасаганын мойну менен тартырыш керек.


Баатырбековдон башкасы жокпу?
Жогорку Кеңештин депутаттары Токон Мамытов башка кызматка кетип калгандан бери жетекчиси жок "жетим" калган "Коргоо жана коопсуздук" боюнча комитетинин төрагалык кызмат ордуна депутат Баатырбеков Алмазбек Баатырбековичтин ("Ынтымак" депутаттык тобу) шайлап алышты. Кызыгы, анын талапкерлигин КСДП фракцисы көрсөткөн. Бу, депутаттардын деңгээлин караңызчы. Деги мээлери иштешеби? Мурда салык тармагында акча чогултуп иштеп жүргөн Баатырбековдун күч тармагына кандай тиешеси бар? Ал тармакты Алмаз мырза түшүнөбү? Кайдан түшүнмөк, өзү деле талапкерлигин көрсөткөндөн уялбайбы? Уят эле болуп жүрбөсүн? Бул тармакты "коен жатагына чейин билген" генерал Исаковду көрбөй калышканбы, же саясий көз караштары келишпей калган окшобойбу. Айтор, бул маселеде бир мандем бар?


Аксынын акими кайрадан кызматта
Аксы районунун акими Медетбек Айдаралиев кайрадан акимдик кызматына келди. Эске сала кетсек, уулу 13-апрелде таңкы саат 4:00дөр чамасында Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кербен шаарында жайгашкан "Газпромнефть" май куючу бекетинин (өзү ушул жерде иштеген) кассасынан 830 миң сомду уурдап кармалган эле. Уулунун ушул кылмыш ишине байланыштуу Медетбек мырза кызматын өткөзүп берген болчу. Эми эки айдан соң акимди жергиликтүү кеңештин депутаттары "кыйын иштейт, отчету укмуш экен" деген шылтоо менен кайрадан ордуна олтургузшуптур. Моролдык күнөө деген болчу эле. Кыязы, баласы дагы акталып кеткен окшобойбу.


Шоноевди өлтүргөн адамдарга карата сот өкүмү чыкты
Ош облусундагы Кара-Суу райондук соту тарабынан ИИМдин түштүк аймагы боюнча уюшулган кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү башкармалыгынын бөлүм башчысы милициянын полковниги Толкунбек Шоноевдин өлүмүнө шектүү катары суралып жаткан жарандарга карата 7-июнь күнү чечим чыкты. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди, деп маалымдады "Баракелденин" түштүк аймагы боюнча өкүлчүлүгүнүн кабарчысы.
Эске салсак, ушул жылдын 11-январында Ош облусундагы Кара-Суу районунда Папан айыл округуна караштуу аймакта өз үйүнүн жанынан кызматтык унаасынан түшүп бараткан милициянын полковнигин белгисиз жарандар атып кетишкен.
Иликтөөнүн негизинде, 9-мартта шектүү катары кармалган А.Аскарбек уулу, Т.Жапарбаев, Э.Эсенов, С.Айтбай уулу, У.Молдошев жана Н.Таджибаевге Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренесинин 2-бөлүгү, 241-беренесинин 1,2,3-бөлүктөрү, 170-беренесинин 3-бөлүгү, 2-пункту, 97-беренесинин 2-бөлүгү, 4,5,6,8,14,15-бөлүмдөрү, 174-беренесинин 2-бөлүгү, 2,3-бөлүмү боюнча кылмыш иши козголгон.
16-мартта кылмыш иши Кара-Суу райондук сотуна өткөрүлгөн.
Соттук кароонун жыйынтыгы боюнча мамлекеттик айыптоочулар Т.Шоноевдин өлүмүнө шектелип жаткан Аскарбек уулу Арипбекти, Улан Молдошевди, Тилек Жапарбаевди мүлкүн конфискациялоо менен өмүр бою, ал эми соттолуп жаткан Ниязбек Таджибаевди, Эрнис Эсеновду, Айтбай уулу Сагынды мүлкүн конфискациялоо менен 25 жылга эркинен ажыратууну суранышкан.
Ош облусунун Кара-Суу райондук сотунун 7-июндагы чечимине ылайык, Аскарбек уулу Арипбек мүлкү конфискациялануу менен өмүр бою эркинен ажыратылды. Тилек Жапарбаев - 25 жылга, Улан Молдошев - 14 жылга, Ниязбек Таджибаев - 10 жылга жана Эрнис Эсенов - 10 жылга, Айтбай уулу Сагын 4 жылга эркинен ажыратылды.

"ФАБУЛА" - ПРЕСС