Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Бишкекте өзүнүн эки кызын зордуктаган
"аңги" кармалды...
Акыркы учурда зордуктоо кылмышы боюнча төбө чачты тик-тургузган окуялар абдан көбөйгөндөн-көбөйүп барат. Мунун себеби эмнеде? Эң негизги себептеринин бири жакшы менен жаманды ажырата билбегендигибизде жана кайдыгерликте. Кайдыгерлик бардык кылмыштардын - алтын ачкычы! Ичимдикке, наркотикке берилүү, адам өлтүрүү, урдоо, карактоо, ж.б. толгон - токой кылмыштар дал ушул кайдыгерликтен келип чыгып жаткан көрүнүштөр.
Ошондой акылга сыйбаган көрүнүштөрдүн бири 25-май күнү быкбырдай кайнаган, жыргалынан шору көп Бишкек шаарыбызда болуп өттү. Окуя төмөнкүдөй болгон: Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгына 19 жаштагы (аты белгилүү себептер менен өзгөртүлдү) Адина аттуу кыз арыз менен кайрылган. Кийин белгилүү болгондой, Адинаны 58 жаштагы өз атасы А. аттуу адам 25-май күнү түнкү саат 23:20лар чамасында Бишкектеги батирлердин биринде күч колдонуп зордуктап салган.
Өз кызын зордуктаган бул адам сымал айбандын аялы 2009-жылы каза болуп калган. Аялынан ажырап, "бойдок" калган неменин аңгилик амбициясы бойго тээп, "жаман айгыр өз үйүрүнө тап" дегендей, башка аял алып алганга, же образно айтканда ойнош күтүп алганга жарабай, өзүнүн канынан жаралган алмончоктой эки кызына көз артып баштаган. "Кылдан кыйкым" таап, кыздарына асылып жатып, биринчи улуу кызын күчкө салып зордуктап салган. Бирок бул окуяны атасынан корккон кыздар, укук коргоо органдарына билдирген эмес. Натыйжада, атасынан зордукталган, Адинанын бир тууган эжесинин боюна бүтүп калган. Ал аборт жасатып, ичиндеги "атасынын баласын" алдырткан. Ушул окуядан кийин, эже-сиңди каргыш урган атасынан алыстоону көздөшүп, үйдөн качып чыгышып, башка районго кетип калышкан. Арадан эки жыл чамасында убакыт өткөндөн кийин, кыздарын сагынган айбан ата кичүү кызы Адинага телефон чалып, жалынып-жалбарып "тийбейм, жаныңа жолобойм" деген убадасын берип жатып, аны үйгө бирге жашоого чакырган. Акмак атасына ишенген кызы көп өтпөй, атасына келет. Кыязы, ал айбан кызын бир гана ой менен чакырган - ал уулу кызындай чыркыратып зордуктоо арам ою болгон. Себеби, кызы келери менен кайрадан ага асылып, зордуктоого аракет кыла баштайт. Бирок кызы атасынын ал тилегин таш каптырып, качып кеткен. Ошол жылы кыз өз бактысын таап турмушка чыгат. Арадан дагы эки жыл өткөн соң, тактап айтканда ушул жылдын 23-май күнү "зордуктагыч" атасына чалып: атасынын үйүндөгү паспортун берүүсүн суранган. Атасынан паспортун алууну максат кылган шордуу кыз кайсы бир райондон Бишкекке көчүп келип, жаңы конуштардын биринде батирде жашап калат да, атасын паспортун алып өзү жашап жаткан батирге чакырат. Маңкурттан айрымасы жок, атасы 25-майда түнкү саат 9дарда кызына келип, кызын ал - жайын сурагандын ордуна, кыйнап ичимдик ичүүгө мажбурлап, коркутуп-үркүтүп, күч колдонуп, зордуктап салган. Эжесин зордуктаганы аз келгенсип, эми өзүн зордукталганы жанына баткан бактысыз кыз ушул окуядан кийин дароо милицияга кайрылган. Көп өтпөй, өз кыздарына аңги болгон айбан ата кармалып, ага 129-берене боюнча кылмыш иши козголуп, учурда абакта суралууда.

Бычып эмес, атыш керек
ИИМдин маалыматы боюнча, соңку убактарда зордуктоо менен педофилия курмандыктарынын саны өскөн. Былтыр алгачкы алты айда бачабаздык боюнча 42 кылмыш катталса, быйыл жыл башынан бери өлкө боюнча 73 кылмыш ачылган экен. Кыргызстанда мындай зордуктоого баргандарды химиялык жол менен бычуу сунушу да айтылып, коомчулук колдоого алууда. Бирок бул бийлик ошо эл колдогон нерсени ишке ашыра албай, "жүдөп"турган кези. Бийликтин мындай шалаакылыгы жогорудагыдай жоболоңдуу иштерди арбытууда. Кыязы, бийликке ушундай көрүнүштөр жагат окшобойбу.
Мисалы, Кылмыш жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбооруна мурунку премьер-министр Өмүрбек Бабанов кол койгон болчу. Ал мыйзамга ылайык, өспүрүм жана жашы жете электерди зордуктаган кылмышкер 15 жылдан 20 жылга чейин эркинен ажыратылмак. Шарттуу түрдө эркинен ажыратуу бачабаздарга колдонулбайт деген көрсөтмөсү да бар эле. Ал эми күч колдонуп зордуктаган учурда 3-8 жылга, жашы жете электерге ушундай зомбулук көрсөтсө 20 жылга чейин же өмүр бою эркинен ажыратылат. Ал эми зордук-зомбулук көрсөтпөй, бирок жосунсуз жоруктарды жасаса беш жылга камалат. Мыйзамда көрсөтүлгөндөй, өспүрүмдөргө жашы 18ге, ал эми жашы жете электерге 14 жашка чейинкилер кирет. Бирок чын-чынына келгенде бул жазалар дагы аздык кылат, туура жолу - химиялык жол менен бычыш керек, андан да жакшырагы, элдин көзүнчө - атыш керек. Мындай акмакчылыктар, азайса же токтосо ошондо гана токтойт. Болбосо мындан да жаман күчөтөбүз.
Бирок жогорудагы өкмөт токуган мыйзамдын долбоору парламенттин кароосуна кеткен күндөн, ушул күнгө чейин кабар жок. Кашайып унутуп калышпаса эле болду, билдирбей жана да билдирип "калктын жонунан кайыш тилген" кайрандар?!

Бетти даярдаган
Айбек Шамшыкеев



Асмандагы апаат
Кыргызстанда дагы бир учак жарылды...
Май айы майрамдарга бай айы демекчи, ырасында май айында майрамдар көп болду. Бирок талаш-тартыш жана ар кандай кырсыктардан да кур калган жок. Айталы дегенибиз, ушул айда кыргыз асманында бир эмес, эки учак жарылып, жалпысы алты адам набыт кетти. Тактап айтканда, 3- майда "Манас" аба майданындагы транзиттик борборго таандык "Боинг-707" үлгүсүндөгү жүк ташыган учак Чүй облусунун Чалдыбар айылына жакын жерде кулап жарылган эле. Анда америкалык эки офицер (бирөөсү аял) жана бир сержант кайтыш болгон.
Ал эми 24-майда эртең мененки саат ондор чамасында Жалал-Абаддын Аксы районундагы Катраң-Сай участогундагы, Жыл-Кол айылына жакын тоо бооруна учак кулап, учак эки-үчкө бөлүнүп кеткен. Бул апааттан эки учкуч жана бир жергиликтүү тургун каза тапкан. Алар: командир, 1951 - жылы туулган, Бишкек шаарынын тургуну Матвеев Владимир Олегович , 1965 -жылы туулган, Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын тургуну , стажер - командир Токтосунов Алимжан Нарматжанович болгон жана Аксы районунун Айыл чарба департаментинин жетектөөчү адиси, 1953-жылы туулган Алыбаев аттуу жаран.

Миллиондор өз дарегине жетпейт дешет...
Бул учак Кыргызстанда айыл чарбасы боюнча жумушту тейлеген жалгыз "Валор-Эйр" деген жеке компанияга таандык.. Айрым маалыматтарга караганда, бул аталган компанияда болгону төрт учак бар экени айтылууда. Аны бирөө өткөн жылы кырсыкка учурап жок болгон, бактыга жараша ал учактын ичиндеги учкучтар секирип кетип аман калышкан экен. Эми "Валор-Эйрде" эки учак калды, а Кыргызстандын талааларында чегиткелердин саны миллион, керек болсо бир нече миллиард. Чегирткелер илгертен адамзаттын биздин азык дандарыбызды, колдон талашып келген, чоң душман. Бирок алар алдуу өлкөдө алсыз, бизге окшогон кедей өлкөлөрдө алдуу десек жаңылышпайбыз. Айтор, бул маселе боюнча өкмөт өз чечимин кабыл алышы керек. Болбосо, мындай абал менен кырдаалды ого бетер курчутуп алышыбыз толук мүмкүн.
Үч адамдын башын жуткан бул учак жогорку чыңалуудагы электр тогуна урунуп, кырсыкка учураган.
Бул тууралуу "Азаттыкка" Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Малик Нурдинов: "Каза болгондор 6 гектар жерге дары чачышкан экен. Тоодогу Өзбекстанга карай кеткен үч миң киловаттык электр зымында азыр деле учактын темирлери илинип турат. Ошол зымга учактын куйругу тийип кетип, ток тартканбы деп божомолдоп жатабыз"- деген пикирин айткан. Айыл-чарба министрлиги жыл сайын зыяндуу чегиткелерге каршы дары себүүгө бир нече миллион бөлөт. Бирок ошол миллиондор өз дарегине толук жетпей, "коррупциялык схемалар" аркылуу сол чөнтөккө кетип жатканы айтылып келет. Мисалы, министрликтин ушул багытта иш алып барган департаментинин мурунку директору ушундай дооматтар менен айыпталгандыгы тууралуу кеп бар. Бирок ал иштин аягы "жабылуу аяк жабылуу бойдон" калган.
Маалымат катары, айта кетсек чакан "АН-2" Ата -Мекендик согушка чейин, тагырагы 1940-жылы чыккан. 12 кишилик. 2012-жылдын эсеби боюнча, дүйнөдө бул чакан учактан 2271 учак бар, анын жарымы "киндик кан тамаган" жери Орусияда.