Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Улутубуз
ушундай инсандар менен
улут болуп турат
Кыргыз деп дем алып, суу ичип жашап, бүткүл өмүрүн арнап, мээнеттенип жүргөн мекенчил инсандарыбыздын бири, республиканын эл мугалими белгилүү аалым Кусейин Исаев агабыздын жакында "Кыргыз таануу маселелери" деген публицистикалык көлөмдүү китеби жарык көрдү. Чындыгын айтыш керек, китепти окугандан кийин көзүм ачылып, көкүрөгүм жаңыргандай болду. Анткени ал китепте Совет мезгилинде "Марксизм-Ленинизм" деп, билимдүү маңкурт болуп, чөлгө сиңген суудай сиңип кетээрибизге аз калганда, тагдырдын буйругу менен эркиндикке жетип, бирок ошол эркиндигибизди ушул күнгө чейин баалай албай келаткандыгыбызга кыргыздын чыныгы атуулу катары аябай тынчсызданып, кандай болгондо накта кыргыз болуп, улуу көчтү татыктуу уланта алаарыбызга философиялык көз карашта да, турмуштук тажрыйбанынан мисалдарында да кенен кесири сөз кылат.
Баарынан мурда "кыргыз ким эле?" деген суроону коюп, ага өзү "Кыргыз Азиялык маданияты, Рух дөөлөтү, таза жан дүйнөсү менен айырмаланган, адамгерчиликти, акыйкаттыкты, адептүүлүктү, ар намыстуулукту ыйык туткан, мамлекеттүүлүгү, жарандык коому ачык демократиясы болгон, көчмөндөр цивилизациясын түзгөн, өнүктүргөн, гүлдөткөн байыркы баатыр эл" деп жооп берет да, байыркы кыргыз каганатынан баштап, совет дооруна чейинки басып өткөн жолубузду ынанымдуу булактардан алып баяндап берет. Тилекке каршы, советтик мезгилде өткөн тарыхыбызды танып, ага чейинки баскан жолубуз жок эле Октябрь Революциясынын "амири менен" эл катарына кошулуп калсак, эркиндик алгандан кийин да батышты ээрчип отуруп, нарк-насилибизди, ыйманыбызды алардын чектен чыккан обу жок маданиятына алмаштырып, ким экенибизди унута баштаганыбызга зээни кейийт. Жетекчилерибиз өзүбүздүн эң сонун жөрөлгөлөрүбүздөн баш тартып, батыштын башы менен ойлонуп отуруп, ушул абалга келгенибизди да социологиялык изилдөөлөр менен далилдейт. Мурда да, кийин да алар өз кызыкчылыгын улут кызыкчылыгынан жогору коюшуп, Орус империясынын курамында 70, Совет доорунда 80, эркиндик алгандан кийинки 22 жылда "кыргыздын рухий дөөлөтү бар экен, философиясы бар экен, дүйнө таанымы бар экен, ошолор кыргыздардын күндөлүк жашоосунун идеялык негизи болсун" деген маселе эч качан коюлган эмес. Мына ушул шорубузду шорподой кайнатып, улутубузду дале болсо өстүрбөй келатат.
Мамлекетибизди бекемдеп, кыргыз улутун өстүрүп, өнүктүрүп-өстүрүш үчүн байыркы ата мурасы болгон маданий дөөлөттөрүбүздү, тилибизди, дилибизди, рухий байлыгыбызды, ыйманыбызды, динибизди, салт-санаа үрп адаттарыбызды, адабиятыбызды, тарыхыбызды, санжырабызды терең билип, аларды дайыма туу тутуп, күндөлүк жашообузга терең сиңирип жүрүүбүз милдет. Бул үчүн кыргыздар өздөрү чоң жоопкерчиликте болуп, чоң милдетти моюнуна алып жүргөндүгүн билиш керек. Кыргызстанда жашап жаткан элдердин үчтөн-бирин түзгөн башка улуттарга үлгү болуп, өз айланасына бекем баш коштуруусу зарыл. Ошол үчүн Кыргызстан азаттык алган соң, кечээкидей Маркстын теориясы эмес, Коммунисттик партиянын идеологиясынан арылып, көнүп калган интернационалист дегенге жамынбай, улуттук идеологиябызды көтөрүп, чыгыш азыркы учурда өтө зарыл болсо да, өлкө башчылары, саясий элита, аткаминерлер ага жеткиликтүү маани бербей келаткандыгы өтө өкүнүчтүү. Ошондуктан бүгүнкү күндө бизде "Биз Коммунизм курабыз" дегендей, бүткүл Совет элинин аң -сезимине кыттай уюган туруктуу улуттук идеологиябыз жок. Автор "канткенде мыдан ары улут катары өнүгө алабыз?" деген суроонун тегерегинде кеңири ой жүгүртөт: "Адам болобу, кайсы бир эл болобу даракка окшош. Дарактын тамыры ата-бабалар болсо, дарактын өзү адам же кайсы бир эл. Ошол тамырды азыктандырып турбаса, дарак суу ичпегендей куурап жок болот. Биз ээрчип жүргөн ошол батыштын цивилизациясынын тамыры эбак эле куурап калгандыктан, экономикалык, саясий, экологиялык, руханий, каада-салттык, адеп-ахлактык ж.б. терс көрүнүштөрдүн баардыгы ошол тараптан чыгып, башка элдерге сары оорудай жайылууда. Аларды туурайбыз деп жүрүп, биз кыргыз эли өз тамырыбызга доо келтирип алганы турабыз. Ошентип алардын өздөрүнүн эле дарагы эмес, алар аркылуу жалпы адамзаттын өмүр дарагы да куурап кулаганы турат.
Али да болсо, кеч эмес. Тамырыбызды азыктандыралы. Азык дегенибиз, тамырыбызды булгабай, аяр мамиле жасап, ата-бабабызга, руханий баалуулуктарыбызга, Манасыбызга, жер-суубузга, деги койчу тарыхыбызга, философиябызга, дүйнө таанымыбызга болгон ыйык мамиле. Дал ошол тамырыбыз аркылуу миңдеген жылдар бою жашоо-тагдырдын ысык-суугуна чыдап, соолуп калбай, кыйылып, кырылып калбай, улутубузду сактап келдик. Мындан ары да ыйманыбызды, пейилибизди оңдоп, жан дүйнөбүздү аруулап агартсак, улутубуз уланып, бийиктиктерге чыгат". Бах десең, сөз эмес бекен...! Мындан артык кыргыздын ар бир атуулуна кандай чакырык болушу мүмкүн? Андан ары Кусейин ага улутубуздун бекемделиши, өсүп-өнүгүшү үчүн Манастын улуу касиеттерин белгилеп, Марксизмди-манасизимге айлантуу керек деген эң олуттуу ойду таштайт. Ошентип бул китепти окуган адам кыргыздын байыркы тарыхынан баштап, азыркы маселелерине чейин майда-чүйдөсүнөн бери билип, көзү ачылып, ниети агарат, өзүнүн кыргыз экенине сыймыктануу менен ага кандай милдеттер жүктөлгөндүгүн даана сезе алат. Демек бул китеп ушундай баалуулугу менен ар бир кыргыз атуулунун үйүндө бүгүнкү күндөгү баш айлантмалардан аң-сезимди арылтып, жол көрсөтүүчү китеп болуп кызмат кылаарына бекем ишенем.

Жума МАМБЕТОВ