Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Айтылуу акындын 100 жылдыгына карата...
Райхан
Шүкүрбеков:

"Акча кагаздан
жаралбайт,
эмгектен жаралат..."


ЭКИ "ДОСТУН" СЫРЫ

Досум экөөбүз бирдейбиз,
Ким экенибизди билбейбиз.
Баш кошо калсак кээ бир күнү
Калган досторду тилдейбиз.

Ал мени мактайт,
Мен аны эркелетем,
Мен аны мактайм,
Өбүлө баштайт чекем,
Анан... Ал да кетет
Мен да кетем...

Ал дагы бирөөгө кезигет,
Экөөлөп мени сөгүүгө кирет.
Мага да бирөө жолугат
Мен да досумду соём жиреп.
Жыйналышта нечен каралганбыз
Койбойбуз, ушундай жаралганбыз.

Эртең дагы жолугабыз,
Экөөбүз кошунабыз.
Жашыбыз деле далайга барды,
Өмүрдү бүт ушак алды.
Адам деп айтууга болобу,
Экөөбүздөй урганды?
Ой, айланайын, Ата Мекен,
Деги балам мендей болбосо экен.
Коркпогула жаштар,
Досумду ала кетем!

АКЧА КАЧАН ЖАГАТ?

Абдан жагат акча
Адал эмгегиң тапса,
Арбын жыйнап алар элек,
Ар-ар жерде жатса.
Акча жөнөкөй кагаз эмес,
Байланышат экономика, саясатка.

Досум, чөнтөгүң жүз сомдукка толсун,
Аманат кассасында да болсун.
Иштеген тиштейт биздин өлкөдө,
Ишиңе карай кассирге кол сун.
Иштей электе авансалап кирсең,
Ал киши кантип онсуң?!

Кээ бир киши акчаны өтө жакшы көрөт,
Кайра-кайра санап, ээн тамда өбөт.
Өз акчасына өлсө да тийбей,
Карыз сурап коңшусуна келет.
Карачач кезинде карыз алса,
Ак чач болгондо араң берет.

Кадырлаш керек советтик сомду,
Кыймылдатуу керек колду.
Колхоз талаасында мыкты иштеген үчүн,
Айтмат аксакал "победалуу" болду.

Акча кагаздан жаралбайт, эмгектен
жаралат,
Акчалуу киши бардыгын ала алат.
Акчаны кууба, ал күлүк нерсе,
Иштей берсен, сени өзү табат.
Акча ошондо жагат!

Жиндинин сөзү

Ал мени көчөдөн кармап алды,
(Сөөмөйдөн алган, амал барбы).
-И,-деди ал,-суроом бар,
Эмне кылып жүрөт жазуучулар?
Ха-ха-хи-хи...
Ой силердин адабиятыңар,
Маданиятыңар,
Мени жазбайсыңарбы болсо уятыңар.
Эл өтүп жатат, ал бакылдайт,
Тээ алыска угулат, шакылдайт.
Кээ бирөө бул эки жиндини көрөлү дейби,
Атайы жакындайт.
Башкалардын баары алдыда,
Мен болгон Алматыда.
Жамбылда...
Кош эмне дейсиз буга?
Суроо бербесем жиберер эмес,
Адеп берип жатат, акыл-кеңеш.
-Деги, окуйсузбу жазуучулардын
жазганын?
Деп, баштадым.
-Окубай эле билем!
Сөз бүттү.
Дагы суроо күттү.
-Окубай кантип билесиң?
-Сен мени ким,-деп жүрөсүң?
Сөз дагы бүттү.
Дагы суроо күттү.
Калпагымды колума алдым,
Калдаңдап жолго салдым.
Өлсөм да унутпаймын
Анын тонун ыргытып жиберип кууганын.
Мына ушундай окубай билгендер да бар,
Кимге айтасың, өзүңдүн тууганың ал.

Сопсоо өзү,
Бирок, жиндинин сөзү.
Ошондон бери менде бир суроо жүрөт,
Билбей туруп бул киши кантип билет?
Дагы күлөт...

Бөлүнгөндү
бөрү жейт...

Кара текени быйыл балакет басты,
Бардык мал жаман, өзү эле жакшы.
Тилин салаңдатып бакылдайт эле,
бакылдайт,
Мындайча айтканда бакшы.
Сүзүп отуруп сүрмөк болду
Башына мүйүз болгон бакты.

Төөлөр ага обу жок тартак,
Койлордун мурду жалпак.
Жылкы болсо жүнү жарабайт,
Эшектер болсо кулагы шалпак.

Уй болсо пайдасыз, сайгак,
Ит болсо карышкырга айгак.
- "Эчкилер бөлүнгүлө малдан,
Үмүтүңөр болсо жаныңардан.
Мага ээрчип ээн жерде жүргүлө,
Ажырагыңар келбесе сапат,
саныңардан",-

Деди, кызыл көз кара теке сакалын силкип,
Көптү көргөн сур эчки сүйлөдү минтип:
- "Жайылып жүрсөк дүңгүрөп,
Үгүттөйсүң үлдүрөп.
Ээрчибейли эчкилер,
Эси кеткен бүлдүрөт.
Бул акылдан таза кеткен го,
Түбүнө түнттүк жеткен го.
Ала-Тоонун арбын гүл,
Мунун аябай ичин тепкен го".

Жайылып, тулаң чөптөн тандап үзүп,
Жарашып, төрт түлүк мал суудан ичип.
Таарынып эчки, койго калжаң Теке,
Каңгырып өзү жеке кетти житип.

Ойлобой тереңирээк алдын, артын,
Кекетип, кержелендеп бузган наркын.
Эртеси төрт шыйрагы, мүйүзү калган,
Текенин койчу барып тапкан тарпын.

Тамсилдин ойлой келсең, түбү терең,
(Билесиң, акылың бар, сага ишенем.)
Кыскартып эл макалын пайдалансак,
Бөлүнгөндү бөрү жейт, балдар"-деген.