Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Академик Абдылдажан Акматалиев:
"Намыстуу бололучу"
-Астана шаарына барып атактуу окумуштуу Лев Николаевич Гумилев медалы менен сыйланыптырсыз, куттуу болсун! Дипломуңузда "...Түркологияны жана Айтматов таанууну өнүктүрүүгө кошкон айрыкча жеке зор салымы үчүн" деген жазуу бар экен. Кепти ушундан баштасак.
-Айтматов таануу да, кыргыз адабияты да түркологиянын бир чоң салаасы, багыты. Бирок, түркологияга кирүү үчүн тектеш түрк тилдүү элдердин маданиятын, тарыхын, каада-салтын, үрп-адатын, психологиясын, жашоо-шартын жакшы өздөштүрүп өз илимиңдин тармагында тандап алган проблемаңды комплекстүү изилдөө жүргүзүүң керек. Мен көп жылдан бери казак, өзбек, түркмөн, азербайжан, татар, башкыр адабияттары менен кыргыз адабиятын, Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгын байланыштырып изилдеп келе жатам. "Түрк дүйнөсүнүн адабияты" деген түрк тилинде жарык көргөн 33 томдук илимий долбоорду ишке ашырган жетекчилердин бири болдум.
-Илимий сапардан бир топ жаңы идеялар, ой-пикирлер жаралат эмеспи...
-Жаш адабиятчыларга өрнөк боло турган филология багытында "Классикалык изилдөөлөр" деген серияны чыгарсак деген ойго ынанып турам. Азыр К.Тыныстанов, Т.Жолдошов, Т.Саманчин, Ш.Үмөталиев, С.Мусаев, М.Борбугулов, Ж.Суванбеков, К.Асаналиев, К.Артыкбаев, С.Жигитов, К.Бобулов, Э.Абдылдаев, Р.Сарыпбеков, К.Кырбашевдин жана башкалардын эмгектерин китепканадан да табуу кыйын, ошондуктан темага, проблемага бөлүп, тандап беш томдук кылып чыгарсак деген тилегим бар.
-Жакшы максатыңыз бар экен, ал эми коомдук илимдин башка тармактары боюнчачы?
- "Улуттук идея жана кыргыз тарыхы", "Улуттук идея жана кыргыз философиясы", "Улуттук идея жана кыргыз адабияты", "Улуттук тил менен мамлекеттик тилдин функциялары" деген сыяктуу проблемалар дың бойдон жатат. Азыр жакшы адистер бар, бирок каражат жок. Буларды ишке ашыруу үчүн, коомдук илимдин тармактарын өнүктүрүү үчүн мамлекет өзгөчө, атайын көңүл бөлүшү керек. Болбосо коомдук илим өнүкпөйт, антпесе чаржайыт, майда кереги жок изилдөөлөр жүрө берет. Коомдук илим коомдун локомотиви болушу керек, ал коомдун бардык мүчөлөрүнө керек. Эмне үчүн идеология башка мамлекеттерде бар, а бизде жок?! Коомдук аң-сезимибиздин артка кетиши, Батыштын терс жактарын тез кабыл алышыбыз, ар-намысыбыздын жоктугу-коомдук илимге жыйырма жылдан бери таптакыр көңүл бурулбай калгандыгына байланыштуу. Мындай учурда "жалган илимдер" пайда болуп, күч алып коомдун аң-сезимин тескери жакка буруп кетип жатат.
-Таалим-тарбия маселеси да унутулуп баратпайбы?...
-Батышка караганда Чыгышта дүйнөгө, айлана-чөйрөгө, адамдар ортосундагы мамиледе көп жакшы өзгөчөлүгү бар. Айрыкча түрк тилдүү элдердин, анын ичинде кыргыздардын таалим-тарбиясы, каада-салтка, үрп-адатка, фольклордук жана башка маданий мурастарга негизделет эмеспи. Азыр ушул багытта да чоң иштерди жасаса болот. Жоомарттык, айкөлдүк, кечиримдүүлүк, кичипейилдик, меймандостук, сыпайылык, урматтоо, биримдик, ынтымактык сыяктуу элибиздин эң мыкты касиеттерин сактап тим калбастан, күнүмдүк турмуш-тиричилик аркылуу да, маданий, адабий чыгармалар аркылуу да жаш муундарга жеткиришибиз милдет.
-Мамлекеттик тил да жардам берет да!
-Албетте! Менимче, мамлекеттик тил саясатын туура багытта түшүнө да, жүргүзө да албай жаткандайбыз. Мамлекеттик тилди улуттарга зордук-зомбулук менен мажбурлоого болбойт. Ар ким өз тилинде сүйлөөгө конституциялык укугу бар, тилдерди карама-каршы коюга болбойт. Бирок, башка улуттар мамлекеттик мекемелерде иштегенде гана мамлекеттик тилди билүү зарылдыгы келип чыгат. Мына ошол атуулдардын мамлекеттик тилди билүүсү сөзсүз керек. Чет жерден келгени воленторлор деле кеминде үч айда кыргыз тилин өздөштүрүп жатышпайбы?! А эмне үчүн Кыргызстанда туулуп, өсүп, өмүр бою жашап, абасынан дем алып, суусун ичип, "Кыргызстандын атуулу" деген паспорт алып жүргөндөр жергиликтүү улуттун тилин урматтап койсо болбойт. Мына, керек болсо Россияда башка улуттар орус тилин билбесе жөн эле ишине албоо жөнүндө чечим кабыл алып койбодубу? А бул жерде маселе мамлекеттик мекемелерде чиновниктердин мамлекеттик тилди билүүсү жөнүндө болуп жатат. Ар - намыстуу бололучу!
-А Сиздерде тил маселеси кандай кандай чечилген?
-Мамлекеттик тил тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Жогорку Кеңештин мыйзамын, Өкмөттүн токтомун колдой турган мекемелердин бири - Улуттук Илимдер академиясынын гуманитардык жана экономикалык бөлүмүндө үстүбүздөгү жылдын 1-апрелинен тартып иш кагаздарды, жыйналыш мамлекеттик тилге толугу менен өткөрүлдү. Бөлүмдө 240 тан ашуун кызматкер иштейт, анын алтоосу орус, тогузу дунган өкүлү. Анан мамлекеттик тилди биз сыйлабасак, ким сыйлайт. Ал эми илимий изилдөөлөрдүн кайсы тилде жаза билүүсү кызматкердин өз укугу.
-Кыргыз тилинде терминдер, сөздөрдү колдонууда чаржайыттык сезилет...
-Туура байкапсың, ар ким кыйынсынып өз билгенин жазып жатат. Ушул маселени "Мамлекеттин тил жана терминололгия маселелери" деген конференцияда карайлы деп жатабыз. Мына, "бейкут" деген сөздү Кыргыз Республикасынын Гимнинен алып таштадык. Көрсө, ал сөз айрымдар негиздегендей биздин өлкөбүздүн өсүп өнүгүшүнө тоскоолдук кылып жаткан экен, бул сөз эл арасына тополоң, козголоң алып келип жаткан экен. Ушул дагы акылга сыябы! Казак элинде деле "бейкут" деген сөз бар, "Тынч жашоо" дегенди билдирет. Анда эмне үчүн казактар "бейкут" деген сөздү алып таштабай эле оң мааниде колдонулуп эле, дүркүрөп өсүп - өнүгүп жатат. Болбосо "нигилист" деген сөздү "маңкурт" деп же тескерисинче механикалык түрдө которуп колдонушат. Орустардын түшүндүрмө сөздүгүндө "маңкурт", "маңкуртизм" деп жазылып турат. Дүйнөгө Чыңгыз Айтматовдун чыгармасы менен кирген сөздүн маанисин төмөндөтүп да, бурмалап да жатканыбызды түшүнбөйбүз.
-Айтмакчы, Айтматов агабыз тууралуу кандай жаңылыктыктар бар?
-Астанада болгонумда Айтматов көчөсү борбор шаардын так ортосуна берилгендигин сүйүнчүлөп казак досторум билдиришти. Жаңыдан салынган көчө, ак үйүнүн жанынан өтөт экен. Ал эми жакында 11-майда Түркиянын Измит шаарында "5-Кожели Эл аралык китеп көргөзмөсү ачылып, анда Чыңгыз агайга арналган атайы тегерек стол болду. Улуу жазуучунун дүйнөлүк кадыр-баркына катышуучулар дагы бир жолу токтолушту. Көргөзмөгө жазуучуга арналган Роза Айтматованын, менин эмгектерим коюлду.
-Жогоруда улуттук салт жөнүндө токтолдуңуз, менин айтайын дегеним кешик ичүү, ооз тийүү ата-бабадан келе жаткан жакшы салт эмеспи. Жакшы салттар, касиеттер, улуудан-кичүүсүнө жуксун деген ниет, тилек, ырым. Сиз Чыңгыз Айтматовдун кешигин ичтиңиз беле?
-Кешикке маани берилбей, күнүмдүк жашообузда унутулуп бараткандай. Кешик улуу муун менен кичүү муунду жакындаткан, байланыштырган өзүнчө эле бир көрүнүш. Балким, кийинки муундун алыстап баратышы да каада-салтыбызды, үрп-адаттарыбызды жакшы билбегендиктен болсо керек. Буга улуу муун да кандайдыр бир деңгээлде күнөөлүү. Кешикти берген адам да, алган адам да үмүт, максат кылат, жөн жерден эле кармата бербейт,өзүнчө тарбиялык мааниси бар. Чыңгыз агай менен дасторкон үстүндө көп даамдаш болуп калдым. Өзү жеп отурган тамагынан же жер-жемишинен кесип, мага берээр эле. "Коюңуз, меники деле турбайбы" - десем, "мен түгөтө албайм" - деп койчу. Бирок ичимден кудуңдап, түгөтө жечүмүн.
-Чыңгыз Айтматовдун жарык дүйнө менен коштошкондугуна беш жыл толду. Сиз эмне дээр элеңиз?
-Көп ой-пикирлерди айтып келе жатабыз. Ал эми, жеке өзүмө байланыштуу беш жыл мурунку окуяны айта кетейин. Ошондо он биринчи май, 2008 -жыл эле. Чыңгыз агайды акыркы көргөн күнүм болду. Адабиятчы Георгий Гачевдин дүйнөдөн өтүп кеткендиги жөнүндө бир топко сөз кылган элек. Өткөндө, 11-майда Түркияда жүрүп мындай саптарды жазып койдум.

Анда болсо ... он биринчи май эле,
Көңүлүм ток, капарым жок дегеле.
Сексен жылдык мааракени талкуулап, -
Отурганбыз кайгыбыз жок.... жөн эле.

Аба таза, айлана да жашыл да,
Табият да керемет го жазында.
Айкөл өңдүү ойго батып тургансыз, -
Элесиңиз калган экен жадымда.

Шойкоң ой да бир минутка жетелеп,
Сезген элем... балким, Сизди көрбөйм деп.
Өлүмдү биз сүйлөшкөнбүз дааналап, -
Абайлап эй, айтсам болмок эртелеп.

Бир карасам карапайым жөнөкөй,
Бакыт кушу конуп турган дөөлөттөй.
Каргашалуу күндү билсем, аттиң ай, -
Койбойт белек Казань тарап жөнөтпөй.

Ошол күнү оор кайтканмын негедир,
Жан дүйнөм да бөксө тартып -
терең бир.
Заманынын агымына кептелген, -
Сиздин өлүм оору эмес... тереңдир.

Бүгүн болсо... беш жыл өтүп арадан,
Туркиядан Сизди эстеп кайрадан.
Сексен бешти сүйлөп, сүйлөп жатабыз, -
Рух дүйнөсү... айыкпаган жарадан...

- Маегиңизге рахмат!


Маектешкен
Эрнис Балбаков