Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

БГУ өкмөттөн колдоо күтөт
Жакында "Кыргыз Республикасынын Жогорку окуу жайларын оптимизациялоо жөнүндө" деген өкмөттүн токтомунун долбоору жарыяланды. Бул токтомдун долбоору коомчулукта ар кандай пикир туудурууда. Ушуга байланыштуу биз Бишкек гуманитардык университетинде иштеген профессор, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз Республикасынын китепканачылар ассоциациясынын Президенти Т.А.Шаймергеновага жана философия илимдеринин доктору, Кыргызстандагы социалдык кызматкерлер ассоциясынын вице-президенти, социалдык өнүгүү министрлигинин байкоочу кеңешинин төрагасы, профессор Э.С. Орозалиевге бир нече суроо менен кайрылдык.

- "Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларын оптимизациялоо жөнүндө" деген өкмөттүн токтомунун долбооруна байланыштуу интернет сайттарынан Сиздердин эмгек жамааттын өкмөт жетекчилерине болгон Кайрылуусун окудук. Ушуга байланыштуу өз ойлоруңуздар менен бөлүшсөңөр.
Э. Орозалиев:
- Бул токтомдун долбоору биздин университетте атайын талкууланып, бир топ нааразычылык туудурду. Эмне себептен? Долбоордо республикалык жана регионалдык статуска ээ болот деген ЖОЖдордун тизмеси берилиптир. Мыйзам боюнча бул тизмеге кирбегендер өзүн өзү каржылоого өтүш керек. Ал эми бул тизме кандай критерийлер менен түзүлгөнүн биз түшүнгөн жокпуз. Республикалык маанидеги ЖОЖдор деп 16 окуу жай тандалыптыр. Алардын ичинде Союз учурунан бери келе жаткан түптүүлөрү да бар, кэчээ жакында пайда болгон чакандары да бар. Ал эми Кыргызстандагы ЖОЖдордун көч башында келе жаткандардын бири БГУ бул тизмеге кирбей калган. Себеби туңгуюк. Эми талдоонун негизги критерийи - инженерлерди даярдоонун борбору, дене-тарбия боюнча адистерди даярдоонун борбору ж.б. Мындай логиканы ээрчисек эчак эле бүтүндөй гуманитардык, социалдык чөйрө үчүн адистерди даярдоонун борборуна айланган БГУ эмне үчүн көз жаздымда калат?
Т.А.Шаймергенова:
- Былтыркы кабыл алуунун жыйынтыгы боюнча билим берүү жана илим министрлиги бир катар эл аралык уюмдар менен бирдикте 50дөн ашык ЖОЖдордун рейтингин аныктаган. БГУ эң мыкты деген 5 унивеситеттин ичине кирбедиби. Славян университети менен кыргыз-түрк "Манас" университеттерин мамлекеттер аралык университеттер катары карасак, анда нукура республикалык 3 окуу жай - Медакадемия, КТУ жана БГУ эң алдыңкы деп табылбады беле. Мамлекет эң мыкты университеттердин биринен баш тартабы? Бул жумшартып айтканда жаңылыштык.
- Өзүн өзү каржылоодон Сиздер эмнеге качып жатасыңар? Рыноктун шартында ал кайра жакшы го.
Т.А. Шаймергенова:
- Жөнөкөйлөштүрүп айтканда өзүн өзү каржылоого өткөн окуу жайга бюджеттик негизде даярдала турган адистиктер берилбейт. Баары контракттык негизде гана даярдалат. Биз үчүн кеп каражатта эмес, алды менен мамлекеттик кызыкчылыкта. Бюджеттик негизде бизге жыл сайын аз эле орун берилет. Былтыр бир топ окуу жайлар ошол бюджеттик орундарды толтура албай жатканда бизде айрым адистиктер боюнча бир орунга 50 талапкер болгон учур болду. Мындай көрүнүш Союз учурунда да болгон эмес. БГУда бюджеттеги студеттер жалпы студенттердин ашып кетсе 20% эле түзөт. Бирок алар мамлекет үчүн абдан зарыл. Алар кайсылар? "Библиотековедение", "издательское дело", "архивоведение", "психология", "социальная работа" ж.б. Жакында музей кызматкерлерин даярдоону баштаганы турабыз. Кыргызстанда булар бизде гана даярдалат. Бул багыттар боюнча негизги адистер да, көп жылдан бери топтолгон материалдык-техникалык база да бизде. Контракттык негизде бул кесиптер боюнча дээрлик эч ким окугусу келбегендиги түшүнүктүү. Бирок мамлекет мамлекет болуш үчүн бул кесиптер керек да. Же Кыргызстанга китепкана, архив, музей ж.б. социалдык тармактардын кереги жокпу. Биз акча сураган жокпуз. Тескерисинче, бул тармактар жоголуп кетпесин, мамлекеттин коопсуздугуна доо кетпесин, бул багыттар боюнча бюджеттик орун бергиле, адистерди даярдап берели деп жатабыз. Мунун эмнеси жаман. Бул престиждүү эмес болуп жаткан адистерсиз деле БГУ өнүгө берет. Көпчүлук окуу жайлар, тескерисинче, кирешелүү адистиктердин артынан кубалап жатпайбы. Бирок биз алды менен мамлекеттин кызыкчылыгын ойлоп жатпайбызбы.
Э.С.Орозалиев:
- Социалдык кызматкерлер, психологдор жөнүндө, алардын зарылдыгы жөнүндө сөздү узартып, айтпай эле коеюн. БГУда окутуу иштери дүйнөнүн 16 тилинде жүргүзүлүп, ал эл аралык байланыштары мыкты өнүккөн, көптөгөн өлкөлөрдө таанымал, абройлуу, кадыр-барктуу университет. Биздин студенттер кытай, жапон, корей, араб, иран ж.б. тилдер боюнча эл аралык сынактарда КМШ өлкөлөрү адатта эң алдыңкы орундарды ээлеп келе жатышат. Муну менен биз эле эмес, бүтүн кыргызстандыктар сыймыктанса болот. Жылдан жылга илимий потенциалыбыз да өсүүдө.Бөлөгүн айтпаганда да бир эле кыргыз филологиясы өңдүү чакан факультетте азыр 8 илимдин доктору, профессор эмгек китепчеси менен иштейт. Бул багытта мындай чоң илимий потенциал эч жерде, а тургай улуттук унивеситетте да, илимдер академиясында да жок.
Т.А.Шаймергенова:
- Биз азыр долбоорду гана талкуулап жатабыз. Чечим чыга элек. Болгону одоно ката кетип калбасын деп айрым бир жүйөлөрдү айттык. Университеттин ректораты да өкмөт жетекчилерине официалдуу кат менен кайрылганын бизге билдирди. Долбоор кичине шашылыш даярдалып, айрым жагдайлар эске алынбай калса керек. Талаш туудурбай турган кашкайган чындык ушул - БГУ сөзсүз республикалык маанидеги ЖОЖдордун тизмесине кириш керек. Жетекчилер мамлекеттин кызыкчылыгына ылайык чечим кабыл алат деп терең ишенебиз.

Даярдаган
Тиленбек Азык