Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Сталбек Рахманов, Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчиси:
"Зордуктоо, уурулук
жана алдамчылык
кылмыштары көбөйдү"
- Сталбек мырза, алгач окурмандарга жакында эле Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын демилгеси менен райондордогу ГОМдорду бириктирүү, участкалык милицияны көбөйтүү иши колго алынды эле. Жыйынтыгы кандай болуп жатат?
- Кудай буйруса, жыйынтыгы жаман эмес. Биз шаардык башкармалык менен бирдикте ГОМдорду, участкалык милициялардын ишмердүүлүгүн жана ал ахыбалын иликтеп, терең анализ кылып чыктык. Мисалы, буга чейин Ленин районунда: Арча-Бешикте, Пишпекте жана Калык Акиев - Киев көчөсүнүн кесилишиндеги үч ГОМ иштеп турган. Бирок ал ГОМдордун эч кандай шарты жок болгон. Башкасын айтпаганда да, олтурган иш бөлмөсүн айтсак, бир кичинекей бөлмөдө 25 учаскалык милиция тыгылышып иштеп келишкен. Арча-Бешикте катталганы 40 миңден ашык адам болсо, катталбаганы да ушунча. МТУнун башчысы менен сүйлөшсөк, ал жаңы конушта 10 миңден ашык адам батирде жашаарын айтты. Иштегени да, иштебегени да арбын. Бош адамдар эмне кылат? Айланып олтуруп иш издеп, Жаш-Гвардия менен Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилишине, же Ош базарга келишет. Бир топтору эптеп колуна бирдеме таап алса, ичишет да, мушташат. Мындай көрүнүштөр буга чейин өтө көп болуп келген.
Себеби, эгемендүүлүктү алган жылдардан тартып участкалык милициялар ар бир жаңы конушта болгон эмес. Ак-Ордонун тургундары участкалык милицияны Арча-Бешиктеги ГОМдон издеп барса, ал жактан таппайт, себеби ал райондук милицияга иштер менен кетип калган болот. Бул жакка издеп келсе, ГОМго кетип калган болот. Айтор, тургундарыбыз ушинтип убара болуп келишкен. Натыйжада жаңы конуштарда жана башка жерде катталган кылмыштардын бети кеч ачылып, же ачылбай, иш бир топ аксап калган учурлар болгон.
- Эми кандай болуп калды? Бул көрүнүштү жойдуңарбы?
- Толугу менен жоюп жибербесек да, жоюунун үстүндө тынымсыз иш алып баруудабыз. Буйруса, ишибиз акырындан жакшы жагына өзгөрүүдө. Бул маселе биздин кызматкерлер ишмердүүлүгүнө, эл менен иштей билүү жөндөмдүүлүгүнө да тыгыз байланыштуу. Ошондуктан жаңы жетекчибиз Мелис Турганбаев ГОМдорду өзү кыдырып, анын ал-ахыбалы жана анда иштешкен кызматкерлердин иши менен, жакындан таанышып чыкты. Мисалы, жылдын башында Пишпектеги ГОМго барсак, бир бөлмөдө 70 кызматкерибиз батып-батпай иштеп жатканына күбө болдук. Элсететсеңиз, өзү бир бөлмө болсо, ага 70 адам кирип алса, иш деле болбойт да, болсо да кагаз жүзүндө болуп келген. Тергөөчүлөр кылмышка шектелгендерди кантип сурайт? Кылмыштын бетин кантип ачат? Иликтей келсек, ал 70 кызматкердин 20-30у жумушка жөн гана келип-кетип жүргөн сыяктуу. Ошон үчүн оптимизация кылалы деп, кызматкерлерди тиешелүү жерлерге бөлүштүрдүк. Жумушу аз, же жумушу жок кызматкерлерди нөөмөт кызматына ( мурун нөмөөттө тургандар, үч смен менен иштесе, аны 4 кылып көбөйттүк) бөлдүк. Калганын опер кылдык. Ар кайсы жаңы конуштарда участкалык милицияларды ачып, ал жакка жибердик. Жогоруда мисал кылган Ак-Ордодо, Рабочий городокто, Ош базарда, КТРКнын артында ж.б. жерлерде азыр участкалык милиция күнү-түнү иштеп жатат. Мисалы, Ош базарда 70ке жакын чарбалык субъект бар. Буга чейин аны иштеткендер өздөрү жактырбай калган учурда биздин кызматкерлерди ал жерлерден сүрүп чыгарып койгон учурлар болгон. Азыр андай көрүнүштөргө чекит койдук. Мисалы, темир жолду үстү жана асты кылып экиге бөлүп койдук. Талаш-тартыш жок. Темир жолдун нары жагы №3 ГОМ (Арча-Бешикте) болсо, ылдый жагындагылар №1 ГОМ (Калык Акиев-Киев көчөлөрүндө жайгашкан) болуп калды. Бул маселени, мен мурунку жетекчилерге да сунуштагам, сунушум азыркы жетекчинин колдоосунда ишке ашып олтурат.
- Бул аракетиңердин жыйынтыгы кандай болууда? Өзгөрүү барбы?
- Өзгөрүү бар. Мындай көрүнүш бир гана Ленин районунда эмес, шаардын төрт районунда да ишке ашууда. Буга бюджеттен эч кандай каражат корогон жок. Болгону анализдин негизинде, туура кадам кылдык. Жыйынтыгы жакшы. Жөнөкөй мисал айтайын. 5 тонна көмүрдү 3 адам көмүрканага тез киргизеби, же 5 адам тез киргизип бүтөбү? Албетте, 5 адам да. Биз бул аракетибизди ушундай көрүнүшкө салыштырсак болот. Азыр райондо баш аягы 58 участкалык милиция бар. Алар үчтөн болгондо эле, канча адам иштеп жатат. Баарынын олтура турган жери бар. Кыскасы, баягыдай иши жок жөн эле жүргөн кызматкерлер эми өздөрүнө жүктөлгөн ишти аткаруу менен алек.
- Ленин району шаардагы башка райондорго салыштырмалуу чоң район эмеспи. Ош базар да ушул райондо. Катталып жаткан кылмыштуулуктун деңгээли кандай? Азайганы эмес, тескерисинче көбөйгөнү байкалат...
- Туура, шаарда кылмыштуулуктун деңгээли жогору. Азайып кетти деп айта албайбыз. Ленин районунда деле ушундай көрүнүш орун алууда. Себеби, шаарда, анын ичинде биздин райондо дагы жаңы кошумча жумуш орундары (түзүлсө да аз) түзүлгөн жок, айлык көбөйгөн жок. Жумушсуздук арбын болуп, ал күн санап өсүүдө. Анын кесепети айланып келип эле, кылмыштуулукка алып келүүдө. Мисалы, азыр уурулук жана алдамчылык сыяктуу кылмыштын эки түрү эң көп катталат. Өзгөчө ушул кылмыштын саны жыл санап өсүп баратат. Кайсыл жерлерде көп катталат? Баягы эле Ош базар, Ак-Өргө, Ак-Ордо, Арча-Бешик ж.б. жаңы конуштарда. Бирок Ош базар мурункудай эмес, иретке келтирилип, жолдор салынып, таза болуп калды. Мындай шарттардын түзүлүшү биздин кызматкерлердин иштешине, тартипти сактоого кандайдыр бир деңгээлде жеңилдик болуп калды деп айтсак ашыкча болбос. Азыр, Ош базар мурункудай кылмыштуулуктун уюгу деп айтылган сөздөргө негиз жок. Мисалы, базарда 100 кылмыш катталса, анын 75инин бети ачылган...
- Милиция кызматкерлери Ош базардагы чөнтөкчүлөргө "крыша" болуп, алардан акча алып турат деген сөздөр айтыла калат. Бул кеп дагы бекер жерден чыкпаса керек...
- Балким бир убактарда болсо, болгондур. Бирок бул сөзгө далил табылган эмес. Мен бул кызматка 2010-жылы келдим. Мен келгенде, сиз айткан сөздөрдү мага да айтышкан. Угуп алып, абдан жаман болгом. Ошол жылы митингге чыккандар ушундай сөздөрдү ачык эле айтып жүрүштү. Ушундан улам анализ жүргүзүп, биз өздүк курамды 100 пайызга алмаштырдык. Жогоруда эл айткан сөздөрдү укпайлы деп жаш лейтенант балдарды кызматка алып келдик. Мисалы, Жумагулов Данияр деген жаш лейтенантты ГОМдун жетекчиси кылганбыз. Бир гана 19 жыл тажрыйбасы бар Мадияр деген участковыйды ордунда калтырдык. Жогоруда мисал келтиргендей азыр Ош базарда катталган кылмыштардын 75 пайызы ачылып жатат. Мурун өзүңөр билгендей укмуш эле болчу. Ошондой көрүнүштөн улам, элдер базарга киргиси келбей айланып кетчү. Азыр болсо андай эмес.
- Сөзүбүз кургак болбос үчүн кылмыштуулукту сандар менен айтып берсеңиз?
- Былтыркы жана быйылкы жылдын 1-кварталында катталган кылмыштарды салыштырып айтып берейин. Былтыр 851 кылмыш катталса, быйыл болсо 973 кылмыш катталды. Байкадыңызбы, бул 122ге көп. Бирок кылмыштын ачылышы дагы көп. Былтыр 327 кылмыштын бетин ачсак, быйыл 471 кылмыштын бетин ачтык. Бул 144кө көп дегенди билдирет. Оор кылмыштардын саны болсо өскөн жок. Өткөн жылы 46 болсо, быйыл 44, эки кылмышка аз. Киши өлтүрүү боюнча өткөн жылы да, быйыл да эки кылмыш катталып, баары тең ачыкталган. Зордуктоонун саны бир аз өсүп атат. Былтыр 9 болсо, быйыл 16 зордуктоо катталган. Бирок баарынын беттерин ачтык. Каракчылыктын да саны бир аз көбөйүүдө... Былтыр 476 уурулук катталса, быйыл 523 катталды. Айтор, азырынча сандар ушундайча сайрап турат. Бул биз үчүн мыкты көрсөткүч эмес, бирок колубуздан келген аракетибизди кылып жатабыз.
- Эми сиз жетектеп жаткан мекеменин (РОВДнын) материалдык жана техникалык абалы кандай?
- Быйыл 3-январда өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев биздин министр, анын орун басары менен түшкү тамак учурунда мурда айттырбастан, капыстан келип калды. Мен өзүм түшкү тамакка чыгып бараткам, алдыман чыгып калышты. Чынын айтканда, алгач: "эмне болуп кетти" деп түшүнбөй калдым. Алар биздин имаратты, матариалдык базабызды, ишибизди толугу менен текшеришип, маалымат алып кетишти. Ошондон кийин мен имараттын тарыхына кызыгып көрсөм, бул имарат 1933-жылы салыныптыр. 80 жылдан ашык тарыхы бар, эски имарат. 1954-жылы "сноско" кеткен экен, кийин 2009-жылдары кайра мыйзамдаштырылган экен. Биз ушул мекемеде иштеп келебиз. Буга чейин чатырынан суу акчу эле, чатырын эптеп жаңыладык. Чынында ичи эски, чирип бараткан, жарака кеткен дубалдар бар. Бул имарат маселеси. Ал эми техника жагынан айтсак, абалыбыз абдан эле начар. МАИники жаңы жакшы машианалар, а биздики эски, жүрүп баратып өчүп кала турган машиналар. Кырсык болсо, туура МАИ биринчи келет. Опер кызматы болсо, кылдырап артта келет. Бирок МАИ биринчи жетип келгени менен, баары бир оперлерди күтөт. Демек, оперлерди да жаңы машина менен камсыздоо мезгилдин талабы. Ар кандай долбоор, грант же өкмөт айрым учурларда 30-40тан ИИМге жаңы машина берип келет. Ошондой машиналардан бизге эки машина берип койсо, абдан жакшы болот эле. Мен ушуну сурап жатып жаман да көрүндүм окшойт. Калдыраган эски машиналарыбызга күндө эптеп 10 литр бензин беребиз, кышында болсо ыйлап атып араң 15 литрге көбөйтөбүз.
- Форма маселесичи...
- Форма убагында эле берилип жатат. Бирок ал кийимдердин саны бар болгону менен сапаты жок. Тез эле айрылат, тытылат, же эскирет. Ошончо акча жумшап, тиктирип жаткандан кийин катуу көзөмөлдөп коюшса жакшы болот эле.
- Тартип бузгандар жана жумуштан ар кандай себептер менен кеткен милициялар жок деп айтууга болбос...
- Туура, тартип бузгандар, жумуштан кеткендер жок эмес, бар. Жыл башынан бери эки кызматкерибиз жоопко тартылды. Бирөөсү, ичкилик ичип алып, элге барып туура эмес сүйлөгөндүгү үчүн, экинчиси болсо 1000 сом пара алгандыгы үчүн (алып жаткан жеринен кармалган жок, бирок жарандар ушундай арыз менен кайрылышкан) жумуштан кетти. Мурун мен жаңы келгенде, 14 бала жоопко тартылган. Азыр ал көрсөткүч азайды. Айлыктын аздыгынан, шарттын жоктугнан улам кетип калган милициялардын саны жыл башынан бери 10го жетти. Көбүнчө тергөөчүлөр кетип жатышат. Биздеги 40 тергөөчү жетишпей, тынымсыз иштешүүдө.
Маектешкен
Айбек Шамшыкеев