Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Үзөңгүдөн бут таярда...
карга карганын көзүн чокуйт
Бишкектин айланасындагы эс алуу сейил бактарындагы жерлер мыйзамсыз курулуш иштерине берилип кетиши шаар тургундарын тынчсыздандырып келе жатканына көп болду. Мэрия бул жагдайга көңүл буруп, эл талабына ылайык, шаардын башкы планына шайкеш келгендей маанилүү жыйынтык чыгара албай убара. Коомчулук болсо мэрия жетекчилигин "мыйзамсыз берилген жерлерге мыйзамсыз курулуштардын курулушун тымызын колдогондуктан чечкиндүү чара көрө алышпайт, ошондуктан ийиндерин куушуруп, алакан жайгандан бөлөк эч нерсе жасабай жатышат" деп күнөөлөп келишет. Ошондой эле, жолдордун оңдолбой жатышы, таштандылардын өз убагында чыкпай үйүлүп калышы да шаардыктардын нааразычылыгын жаратып келет.
Мындан улам, эки ай мурун март айында Бишкек шаардык кеңешинин оппозициялык "Республика" фракциясынын депутаттары мэр Иса Өмүркулов өз ишин жеткиликтүү деңгээлде аткара албай, шаардын социалдык көйгөйлөрүн чечкенге жарамсыздыгын көрсөттү деген доомат коюшкан. Натыйжада, оппозициялык азчылыктын талабы менен шаардык кеңештин депутаттары Иса мырзага ишеним көрсөтпөө боюнча кезексиз жыйынга чогулушуп, мэрдин ишмердүүлүгүнө баа беришип, үч ай сыноо мөөнөтүн беришкен. Ал эми Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Данияр Тербишалиев 29-мартта Жогорку Кеңеште болгон маалымат жыйында, "Кыргызстандын долбоорчулар ассоциациясы" тарабынан анын атына Бишкек шаарында мыйзамсыз курулуш иштеринин жүрүшү боюнча кайрылуу келип түшкөнүн белгилеп, " Бишкек шаардык мэриясынын 2010-жылдын 8-октябрындагы токтомуна ылайык, "Жеңиш" паркынан 1,159 гектар жер "ДАТЭС" ЖЧКсына мыйзамсыз 49 жылга ижарага берилген. Анын базар баасы 500 миңден 1 млн долларга чейинки сумманы түзөт. Ата-Түрк паркынан 50 га, Карагачев токоюнан 20 га, "Жаштар" паркынан 10 га жер берилип кеткен. Жер кодексине ылайык, өзгөчө кайтаруудагы жерлерде курулуш иштерин жүргүзүүгө тыюу салынган. Азыр өзүңүздөр деле карап көрсөңүздөр, ошол парктарда чоң-чоң мейманкана, ресторандар курулуп жатат. Ошондуктан мэриянын мындай мыйзам бузуу жана коррупциялык иштери үчүн кылмыш иши козголушу керек", - деп айтып чыккан. Бишкек мэрине болгон мындай сөздөрдөн кийин өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев "мэр иштей албаса кетет да" деген көз карашын билдирген.
Иса Өмүркуловго болгон мындай нааразычылыктардан көп өтпөй, эми минтип шаар тургундарынын кайрылуусунун негизинде Жогорку Кеңештин Социал-демократтар фракциясы Абдыманап Кутушев башында турган беш депутаттан жумушчу топ түзүшүп, 8-майда Бишкектин сейил бактарындагы курулуштардын мыйзамдуулугун текшерүүгө алышты.
Бир күн кечке шаар кыдырышкан депутаттарды борбор калаанын сейил бактарындагы жана өзгөчө маанилүү жерлердеги курулуштардын мыйзамдуулугу шектентти. Депутатар алгач ишин Кожомкул атындагы Спорт ордосунун жанындагы эки көп кабаттуу үйдүн курулушун текшерүүдөн баштады. Андан кийин Түштүк магистрал менен Тынчтык проспектисинин кесилишиндеги шаар тургундары эс алчу сейил багында курулуп жаткан май куюучу жайдын мыйзамдуулугун карашып, мэрия кызматкерлерин айыпташты. Анткени сейил бактын аймагынан 2009-жылы убактылуу колдонууга бөлүнүп берилген жерлер, (аталган май куючу жай) 2010-жылы убактылуу өкмөттүн декрети менен улутташтырылып, кийин мэрия тарабынан аукционго сатыкка коюлуптур, аталган жер шаардын башкы планы боюнча сейил бак деп киргизилгене карабай. Бул жагдайга нааразы болгон депутаттар курулуш тезинен токтолуш керектигин белгилешти.
Андан соң депутаттар Бишкектин түштүгүндө орун алган "Жеңиш" сейил багындагы жалаң капчыктуу байлар той берген "Ала-Тоо" ресторанынын курулушунун мыйзамдуулугунан күмөн санашып, жумушчу топтун мүчөсү Галина Скрипкина ресторандын тиешелүү документерин алгандан кийин баа беришерин белгиледи. Депутаттык жумушчу топтун андан кийинки кыдыруусу "Ата Түрк" сейил багында уланып, Бишкек мэриясы сейил бактагы курулушка деп мыйзамсыз берилген жерлерди кайтарып алуу боюнча аракеттерди көрбөй, тескерисинче аларга көмөк көрсөтүп, документтерин мыйзамдаштырууга аракет жүргүзүп жатат деген шектенүүлөрүн жашырган жок. Бирок мэрия жетекчилиги мындай дооматка негиз жоктугун, 2010-жылдын март айынан тартып 1 квадрат жер эч кимге берилбегенин, мурда мыйзамсыз бөлүнүп кеткен жерлерди кайтарып алуу аракети көрүлүп келе жатканын белгилешти.
Ошондой эле, Алматы көчөсү менен кесилишчү Медеров көчөсүндө жайгашкан үстүнөн жогорку чыңалуудагы электр зымы өткөн, адам өмүрүнө кооптуу деген жерлердин Иса Өмүркуловдун токтомунун негизинде 2011-жылы курулуш куруу үчүн ижарага берилип кетиши да депутаттардын көңүл сыртында калган жок.
Айтор президенттин жакын адамы делген, КСДП партиясынын барандуу кадры Иса Өмүркуловдун ишмердүүлүгүн тыкыр иликтөөгө алышкан Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынан түзүлгөн беш депутат бүгүн ар бир маселеге баа беришип, иштин жыйынтыгына жараша мэрдин 3 жылдык ишинин натыйжасын да баалашат. Эгер кокус, эл өкүлдөрү Өмүркуловдун ишмердүүлүгүнө ичтери чыкпай турган болсо, бул жагдай бир айдан кийин болуучу мэрдин үч айлык сыноо мөөнөтүнүн жыйынтыгын карай турган Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарынын жыйынына өз таасирин тийгизиши мүмкүн. Башкача айтканда, Иса мэрлик кызматынан кол жууп калышы ыктымал. Себеп дегенде КСДПнын Жогорку Кеңештеги депутаттарынын мэр боюнча чыгарган тыянагы аталган партиянын шаардык кеңештеги депутаттарына сигнал болот.

Алмаз ТЕМИРБЕК уулу




Максим Американын
жазасынан кутулду…
Америка кошмо штаттарынын прокурорлору Максим Бакиевге карата ишти токтотту. Эске сала кетсек,АКШ баалуу кагаздар менен алдамчылык кылгандыгы боюнча күнөө менен сот алдында жооп берүү үчүн М.Бакиевди Улуу Британиядан экстрадициялоону көздөп жаткан. Буга байланыштуу Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев АКШнын Кыргызстандагы элчиси Памела Спратлен менен жолугушууда "америкалык бийлик Максим Бакиевге тагылган айыптардын олуттуулугун белгилеп келгени менен кылмыш ишти токтотуп, демократиянын мыйзам үстөмдүгү жана жаза аткаруу принциптерине доо кетирди" деп билдирип, бул жагдай Кыргызстанды ирээнжиткенин белгиледи. Ошондой эле, Э. Абдылдаев кыргыз сотунун чечими менен М. Бакиев жазага кириптер болгонун айтып, кыргыз тарап кылмышкердин сот жообуна тартылышына болгон дараметин жумшай турганын, жана экстрадициялоого жана мыйзамдын негизинде катаал жаза алышына жетише турганын кошумчалады. Америка элчиси болсо, кылмыш ишинин жабылышына америкалык тарап чогулткан айыптоо далилдеринин жетишсиздиги себеп болгон деген жүйөө келтирип, мындан башка эч кандай түшүндүрмөлөрду келтирген жок. Ошондой эле Америкалык тарап өз кезегинде "Манас" транзиттик борборуна тийиштүү учактын кыйроого учурашын иликтөө маселеси боюнча өтүнүчүн билдирди. Ал эми мындай көрүнүштү жергиликтүү аналитиктер "Манастагы" Америкалык базанын 2014-жылы чыгарыларына байланыштуу экенин айтышууда.


Эрлерин эле эмес,
ишин дагы башкарат
Кыргыз аткаминерлери аялын саясатка аралыштырбаса иштей албайт окшобойбу. Алсак, "Ар-Намыс" партиясынын лидери Феликс Куловдун аялы аталган партиясынын Жаштар иштери боюнча кеңеш төрайымдыгына конуп, саясатка активдүү аралашмакчы болууда. Феликс Кулов болсо жубайы партия катарында көптөн бери мүчө катары активдүү иш алып барып жатканын айтып, "Анын партиядагы алдыга жылышынан эч кандай жаман нерсе көрбөйм. Ал активдүү иш алып барып, кайрымдуулук жасап, Улуу Атамекендик согуш ардагерлерине жана жетим балдарга жардам берет. Мен абакта отурганда партияны каржылык жаатынан колдоп келген" - деп, мактанды.
Бекер эле Акаевди аялы башкарат деп кейичү экенбиз. Көрсө кыргыз жетекчилеринин баарысын эле аялдары башкарат көрүнбөйбү?