Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Концерт алдында...
Бек Борбиев,
КРнын эмгек сиңирген артистти:
Бабанов кызматты
өзү сунуштаган...
Айчүрөк - соода түйүнүнө бир эмес, үч ирет текшерүү жүргүзгөн элем. Тилекке каршы анын баары аткарылбай калды. Азыркы жетекчилер мен баштаган иштерди аткарып жатабы, жокпу билбейм...

- Бек байке, бүгүн эртең концерт бергени жатасыз, бул жолку концертиңиз, буга чейинки концерттериңизден эмнеси менен айырмаланат?
- Бул жолу жалаң аккордеон менен ырдаганы турам. Тактап айтканда ырларымдын 80 пайызын аккордеон менен ырдамакчымын. Ошондой эле концертке жалаң аккордеон тартып, аккордеон менен ырдаган ага-эжелерибиз катышышмакчы. Мисалы, Түгөлбай Казаков, Исрадин Аманбаев агаларыбыз баш болуп. Түгөлбай агабыз бир аз сыркоолоп жаткан экен, "ырдабасам дагы катышып, сөзүмдү айтам"- деп турат.
- Аккордеонго басым жасап, аккордеон менен ырдап жатканыңыздын себеби эмнеде?
- Себеби коомчулук аккордеондун коштоосундагы ырларды сагынышыптыр. Мен кээ бир учурларда аккордеон менен ырдам калсам, эл аябай жылуу кабыл алууда. Ошол себептен өзүм эле ырдабастан аккордеон менен ырдаган ырчылардын көбүн чогултуп, аталган концертти өткөрүп жатам.
- Мамлекеттик наам, сыйлыктардын калыссыз берилип келе жаткандыгын айтып келебиз, бул боюнча эмне айта аласыз?
- Бизде калыссыздык бир эле наам, сыйлыктарды берүүдө эмес, башкасында деле болуп келе жатпайбы. Негизи наам деген СССРден калган өлкө катары бизде эле бар, биз эле аябай маани берип, барк баага алып жүрөбүз, мисалы, чет өлкөдө наамга көп маани беришпейт. Ырчылары наам-саамы жок эле атагы чыгып жүрүшөт. Андыктан мен наамга деле көп маани бербейм. Эмгек сиңирген артистти наамын мындан беш жыл мурун алгам. Жогоруда айткандай эле калыстык болбой жети жолу документ топтоп, жогору жакка жөнөтүп, сегизинчисинде ээ болгом.
- Мисалы кээче эле сахнага аралашкан кээ бир ырчылар бүгүнкү күнү КРнын эмгек сиңирген артистти болуп жүрүшөт. Бул боюнча да оюңузду уксак...
- КРнын эмгек сиңирген артистти болгон кээ бир ырчылардын кимдер экендигин жакшы билбейм. Өткөндө бир жерге барсам, "КРнын эмгек сиңирген артистти" деп жаныма бир келинди олтургузуп коюшту. Чынын айтсам ал келинди мен буга чейин көрбөптүрмүн жана ырларын да уккан эмесмин. Айтор мен билбеген КРнын эмгек сиңирген артисттери арбын.
- Буга чейин Кыргыз патент кызматынын орун басары болуп иштедиңиз, кандай алгылыктуу иштерди аткара алдыңыз? Ошондой эле аталган кызматка сизди Өмүрбек Бабанов дайындагандыгын билебиз...
- Туура аталган кызматка мени Өмүрбек Токтогулович өзү дайындаган. Экөөбүздүн мамилебиз жакшы, бир топ жылдан бери дос катары жакшы мамиледе болуп жүрөбүз. Кызматка барардын алдына экөөбүз жолугуп, ал мага "иштеп бербейсиңби" деди. Иштесе иштеп берейин десем, кесибимди, тажрыйбамды эске алып, аталган кызматка дайындаган. Ал эми аталган кызматта мен туура тогуз ай иштедим. Тогуз ай аралыгында билинбегени менен бир топ эле алгылыктуу иштерди аткардым десем болот. Мисалы, мага чейин автордук укук боюнча иш-аракеттер алдыга жылбай, авторлордун укугу тиешелүү деңгээлде корголбой келген эле. Ал боюнча атайын мыйзамдарды кабыл алып, авторлордун укугун коргоп, аз да болсо аларга мамлекет тарабынан гонорар төлөтүп бердим. Ошондой эле мыйзамсыз, контрабандалык жол менен ташылып келинип, пираттык негизде сатылып жаткан аудио, видео товарларын саттырбоо боюнча дагы алгылыктуу иш -аракеттерди баштагам. Мисалы, аталган товарлар сатылган борбор калаабыздагы эң ири соода түйүндөрүнүн бири болгон "Айчүрөк" соода түйүнүнө бир эмес, үч ирет текшерүү жүргүзгөн элем. Тилекке каршы анын баары аткарылбай калды. Азыркы жетекчилер мен баштаган иштерди аткарып жатабы, жокпу билбейм. Менимче аткарышса керек.
- Контрабандалык жол менен ташылып келинип, пираттык көчүрмөлөрдүн негизинде сатылып жаткан товарлардын артында кимдир бирөөлөр турат деп угабыз, ким тургандыгын биле алдыңызбы?
- Туура, таасирдүү адамдар турса керек. Биз текшерүү кылып баштаганда эле Башкы прокуратуранын кызматкерлери келип, бизди тыйганга аракет кылышты.Учурда пираттык негизде сатылган аудио виделор абдан көп сатылып жатат, алар мамлекетке дагы авторлорго дагы эч нерсе төлөшпөйт. Бири-биринен көчүрүп, каалагандай сата беришет. Бул боюнча Жогорку Кеңеш мыйзам иштеп чыгып, тиешелүү чараларды көрбөсө болбойт.
- Учурда чыгармачылыктан тышкары кандай иштер менен алектенип жатасыз?
- Учурда бир гана чыгармачылыктын үстүндө иштеп жатам. Л. Толстой менен Жаш Гвардия бульварынын кесилишинде студиям бар, керелден кечке ошол жерде отуруп, гитара ойноп, аккордеон тартып, ыр жазам. Он күндөн бери концертке даярдык көрүп, катуу даярдануудамын.
- Ырдын тексттин дагы өзүңүз жазып, музыкасын дагы өзүңүз чыгарып жүрөсүз, экөөнү бирдей алып кетүү кыйын эмеспи?
- Албетте кыйын. Биринчи ырдын текстин жазып алам, анан ошого жараша обон чыгарып, обон жазам. Кээде биринчи обон жаратып, анан ошого ылайык текст жазган учурлар дагы болот. Көбүнчө түнкүсүн иштейм. Түнкүсүн отуруп алып жазганды жакшы көрөм. Ыр жазып, обон чыгарыш үчүн көңүл ток болушу зарыл. Эгер көңүлүң ток болбосо эч кандай ыр жаза албайсың.
- Мамлекеттик кызмат, чыгармачылыкка тоскоол болбойбу?
- Мен жогоруда айткандай эле ырды түнкүсүн жазгандыктанбы мага ишим эч кандай деле тоскоол болгон жок. Тескерисинче жумуштан ырахат алып, көңүлүм ток болуп, жакшы ырларды жараттым. Чыгармачылык деле заманга, доорго жараша өзгөрөт экен. Жаш кезде көбүнчө сүйүү темасына кайрылып, ашыктык ырларын чыгарсам, азыр мекен, эл -жер жөнүндө ырларга басым жасай баштадым. Андан тышкары бир эле ырчылык менен чектелбей кино тармагында дагы иш- аракеттерди кылып жүрөм. Эки үч жыл мурун "Мен сүйгөн карагат" деген аталыштагы кино тарттык эле, быйыл буюрса, ошол кинонун экинчи бөлүгүн тартсакпы деп аракет кылып жатабыз.
- "Республика" партиясынын мүчөсүзбү?
- Мүчөмүн. Өмүрбек Токтогулович менен жолугуп, өлкөнүн саясий абалы боюнча талкуулап турабыз. Буюрса саясатка аралашып, эл үчүн иштесем деген оюм бар.
- Үй-бүлөңүз жөнүндө дагы кыскача айта кетсеңиз?
- Улуу кызымды турмушка узатып, жээндүү болгом. Күйөө балам Кеминден. Уулдарым болсо бой тиреп өсүп келе жатышат. Улуусу 21, кичүүсү 17 ге чыкты. Экөө тең студент, жогорку окуу жайларында окушат.

Суроо салган
Мирлан Алымбаев