Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Жол азабы, көр азабы...
Талант Исаев,
Жол коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын жетекчиси:
"МАИ кызматкерлеринин
арасында жол эрежесин
билбегендер бар..."
- Талант мырза, сиз жетектеген башкы башкармалыкта кандай жаңылык, кандай жылыш бар?
- Кудай буйруса, бир чоң жылыш бар. Биз реформаны акырындан жүргүзүп жатабыз. Реформанын биринчи кадамы катары - МАИ кызматкерлерин аттестациядан өткөрүү ишин баштаганбыз. Комиссияда 13 адам, анын экөө бейөкмөт уюмдарында иштеп жүрүшкөн Динара Ошуракунова жана Калича Өмүралиева. Бул эки айым өздөрүнүн калыстыгын колдорунун келишинче көрсөтүп жатышат. Мурда аттестациядан тааныш билиштикке, акчага салып өтүп жүрүшсө, эми андай терс көрүнүштүн баарын жокко чыгардык. Натыйжада, кызматкерлердин 30-40 пайызы кулап жатат. Нарын, Ысык Көл, Ош, Баткен облустарындагы, Ош шаарындагы кызматкерлер өтүп бүтүштү, калган облустардагы жана Бишкек шаарындагы кызматкерлерибизди 1-июнга чейин өткөрүп бүтүрөбүз. Биз негизи жалпы кызматкерлерге аттестациядан өткөрүү боюнча бир жыл мурун эскертүү бергенбиз. Тилекке каршы, көпчүлүк кызматкерлер даярданышпаптыр. Себеби биздин кызматкерлердин арасында жол эрежесин, регулировканы да, билбегендер бар экен. Анан уялбай айдоочуларга айып салып жатышат. Мунун өзү чоң уят. Ошондой эле чоң курсактуу кызматкерлер физкультурадан өтпөй, кулап жатышат. Эми аттестациядан өтпөй калгандар бир айдын ичинде ИИМдин ичиндеги башка кызматтарга которулуп кетиши керек. Кыскасы, бул аракетибиз өзүбүзгө ичтен тазаланууну алып келип жатат.
- МАИ тармагынын ички тартиби жана материалдык базасы талапка жооп бербей келе жатканы байма-бай айтылып келет...
- Албетте, ички тартипти оңдоого милдеттүүбүз. Бул боюнча да алгылыктуу аракеттерди көрүп жатабыз. Ал эми материалдык базабыз чынында эле начар. Мисалы, кызматерлерибизге форма 2009-жылдан бери бериле элек болчу. Ушул маселени далайдан бери ИИМдин, Каржы министринин эшигин тешип жүрүп чечтик. Жакында формаларды жаңырта баштадык. Күйүүчү май маселесин айтсак, биз олтурган борбордук аппаратта чечилген, жетиштүү, бирок облустарда жетишсиз. Көп учурда кызматтык машиналарга кызматкерлерибиз өздөрү май куюп айдашат. Машиналардын тетиктерин да сатып алууга акча каралбагандыктан, машиналарын да өздөрүнүн айлыгына оңдоп жатышат. Тилекке каршы, мындай көрүнүштөр МАИ кызматкерлерин айдоочулардан акча алууга алып келет экен. Ким эле, өзүнүн айлыгына май куюп, машина оңдоп короткусу келсин. Май куюп, машина оңдойбу, же форма алабы, же үй-бүлөсүн багабы? Чынын айтканда, майды да, айдоочулардан чогултуп алган акчага куюшат да. Аны жашырганда эмне, ал баарына белгилүү да. Мындайча айтканда, МАИ кызматкерлерин айдоочулардан акча алууга мамлекет өзү түртүп жатат. Эгер өкмөт, толук түрдө жогорку шартты түзүп берсе, анда мындай көрүнүш болбойт эле.
- МАИ тармагындагы коррупция токтобой эле күчөп жатканы тууралуу көп сөздөр бар. Жакында эле жол боюнан акча алып жаткан эки МАИчи кылтакка илинерде, талаа аралап качканы ачык мисалга алсак болот. Ал эки кызматкердин артынан 40тай кызматкер да кылтакка илинет деп айтылды эле...
- Ал эки кызматкердин тергөө ишин Экономикалык кылмыштарга каршы кызматы жүргүзүп жатат. Иш аягына чыга элек. Алар: "бул ишке 30-40тай кызматкердин тиешеси болушу мүмкүн, аларды да жоопкерчилике тартабыз" - деп айткан. Бирок далилдеп аттарын атаган эмес. Далилдери барбы, жокпу билбейбиз. Мен аталган кызматтан жетекчилерине телефон чалып: " бул ишти аягына чыгарып бергиле. Акча алгандар кимге алып барат экен, мага алып келишет бекен, же башка жетекчиге алып барышат бекен, аны дагы иликтеп ачык айткыла. Ага силердин мүмкүнчүлүгүңөр бар" деп айткам. Эми жыйынтыгы кандай болот, аны убакыт көрсөтөт. Биз жол эрежесин бузган айдоочулардан акча алган МАИчилерди коррупционер, аны коррупция деп айтып жатабыз. Ал көрүнүш чынында коррупция эмес. Ал жөнөкөй эле "побор". Мен ушул "поборду" токтотуу үчүн, өкмөткө сунуш кылдым. Сунушумду өкмөт да, парламент да колдоп берди. Ал сунуш боюнча, мындан ары айыптан чогулган жалпы акчанын 25 пайызы биздин башкармалыкка калышы керек. Ал акчаны жакшы, таза иштегендерге премияга, формага, машинага тетиктерди, рация сыяктуу аппараттарды сатып алууга жумшайт элек. Ошондо ар бир кызматкер жакшы иштешкенге аракет кылышмак. Өткөн жумада Улуттук банк менен сүйлөштүк, мыйзам жагына да өзгөртүүлөрдү киргиздик. Буйруса, жакында айдоочулар айып пулду терминалдарга төлөй башташат. Болбосо, азыр почта түйүнүнө төлөшөт. Ага көп убакыт коройт. Мисалы, почта түйүндөрү саналуу эле жерде, айыпка жыгылган айдоочу башка ишин таштап, кыргыз почтасын издеп, ага айыбын төлөп, анан Бишкек МАИсине келип, кезекке туруп айдоочулук күбөлүгүн алышат. Болбосо, убакытты алган ушундай убарадан качып, дароо МАИчиге пара бере салат. Ал эми терминалдар "Народный" дүкөндөрүндө, ар кандай мекемелерде бар. Каалаган жагына кирип төлөй беришет. Бул өз кезегинде айдоочуларды убара кылбай, бир топ жеңилдик түзөт. Эми терминалдардын ичиндеги башка кызматтарга кошулуп, айдоочуларга айып төлөй турган атайын кошумча кызмат кошулат. Азыр мамлекеттик кызматкерлер карточка колдонушат, ошондуктан тиешелүү жерлерге да ал карточкадан акча ала турчу атайын аппарат да орнотобуз.
- Рейд мурункуга салыштырмалуу көп жүрүп жатканы менен, тартип бузгандар да ошончо көбөйүп жатканы байкалат. Мунун себеби эмнеде?
- Туура, биз рейдди тынымсыз эле өткөрүп атабыз. Белгилүү болгондой тартип бузуу, эреже бузуу, өзүм билемдик өтө көп болууда. Мына 2-майдагы рейдде 26 машинаны унаа токтоотучу жайга токтоттук. Көбүнүн машинасынын документи, же айдоочулук күбөлүгү жок болуп чыкты. Азыр "өзүн өзү даярдоо" деген балээ бар да, аны бир сөз менен, окууга убактысы жок адамдар айдоочулук күбөлүктү акча төлөп ала берет деп айтсак болот. Ошол ыкма менен былтыр 8013 адам айдоочулук күбөлүк алышыптыр. Элестетип көрүңүздөр, эрежени билбеген, ошончо адам жолго чыкканда эле эмне болуп кетип жатат? Депутаттар ошол "өзүн өзү" даярдагандарды токтотуп берсе жакшы болот эле.
Негизи, тартипке салууну мектептен башташ керек. Республика боюнча 204 мектеп бар, айдоочуларды даярдай турган. Жакында Билим берүү министрлиги менен бирге текшердик. Басымдуу бөлүгү талапка жооп бербейт. Машина айдай турган атайын аянттары жок. Болгону илгерки ДОСАФтыкы, Дасмияныкы, анан КГУСТАныкы бар, калган мектептердики жок. Дароо эле трассага чыгат, бирок чыкса да жакшы, көбү практика кылбай эле, айдоочулук күбөлүктү даяр кылып жазып берип жатышпайбы. Эч шарт түзбөй эле, лицензия эле алып, эптеп окутуп, акча таап жатышат. Ошондуктан биз жакында мектептердин 70 пайызын жабалы деп жатабыз. Антпесек, болбойт. Ушундан улам жолдо башаламандык, тартипсиздик күчөп жатат. Мен жолдо өтүп баратып, тартип бузгандарды көрсөм, сөзсүз токтоп, айдоочума айып жаздырам, же Шаардык МАИни чакырам. Анан айдоочулардан атайын эрежени сурайм. Билишпейт. Жада калса, токтоого мүмкүн эмес аялдамаларга да туруп алышат, башкасын айтпаганда да...
- Машинага тонировка чаптоого 100 доллар төлөсөң, уруксат деген мыйзам долбоору каралып жатат. Бул чынында нааразычылык жарата турган мыйзам да. Мисалы, байлар үчүн, акчасы барларга мүмкүн. Кедейлерге жарашпайт дегенди туюндурат да...
- Туура, мен да каршымын. Негизи, 100 доллар дебей эле, баарына уруксат бериш керек болчу, же баарына тең 100 доллар же андан көп кылуу керек эле. Сиз айткандай, байлар үчүн даярдалып жаткан мыйзам да. Муну ЖКнын депутаты Данияр Тербишалиев көтөрүп чыккан. Кыязы, ага тонировканы жакшы көргөн жаштар кайрылышса керек. Тонировканы жаштар көп колдонушат да. Алардын кызыкчылыгын коргоого алгандай болуп атат. Ал "мындан 40-50 млн. сом түшөт" деп айтып атат, бирок анча акча түшпөйт. Мисалы, 100 машинанын 20-30у мыйзамдуу уруксат менен тонировкаласа, калганы, мындай эле тааныштык менен аз акчага тонировкалашат, алардын акчасы жеке чөнтөккө кетет. Анан МАИ аларды тоссо, баягы эле күбөлүктү көрсөтүп, же 200-300 сом берип кетип калышат. Анан паракорчулукту дагы күчөтүп көбөйтүп алган болобуз. Дагы бир чоң зыяны бар. Келечекте, эртеби, кечпи, көчөлөргө видеокөзөмөл орнотобуз да. Ошондо тонировкага уруксат алгандар машинанын ичинен телефон менен сүйлөшкөнү, ремень тагынбаганы ж.б. кылганы видеого көрүнбөй, тартылбай калат. Натыйжада, алар айыптан оңой кутулушат да, каалагандай жүрүшөт. Дагы бир зыяны машина бирдеме болуп кырсыкка учураганда, тонировкасы бар терезени сындырыш кыйын болуп калат. Себеби, пленка кармап турат. Мен жакында эле Түркияга барып келдим. Ал жерде тонировкага уруксат берген эмес экен. Бир да тонировкасы бар машина көргөн жокмун. Ошондой эле оң рулдуу машиналарга да уруксат жок экен, аны да көрбөдүм. Түрктөрдө видео көзөмөл иштегендиктен тонировкага такыр уруксат беришпептир. Биз дагы ошол жол менен кетсек, тартипти толук көзөмөлдөйт элек да. Мен ойлойм тонировка тууралуу бул мыйзам долбооруна президент да каршы чыкса керек. Мен баарына эле уруксат бербей коюшун каалайт элем.
| Башталышы 8-бетте |
- Техосмотрду кайра киргизүү керек деген маселе козголо баштады. Жакынкы убакта киреби? Же..?
- Чынында, техосмотрду киргизүү керек. Анткени, элге абдан ыңгайсыздыкты жаратып жатат. Мисалы, Кыргызстандан тышкаркы өлкөгө чыккандар техосмотр жоктугунан улам, кайра убара болуп, бизге келип, техосмотрдан өттү деген кагаз сурап келип жатышат. Биз болсо басып бере албайбыз. Себеби, казактарда, орустарда техосмотр кадимкидей бар да. Анан өздөрүнүн өлкөсүнө техосмотр жок машинаны киргизишпейт. Биз техосмотрды алып койгонбуз. Экономика министрлиги техосмотрду жеке фирмалар өткөзүшөт деп, бизге убактылуу өткөзүп турууга да уруксат бербей жатат. Бирок бүгүн ал жеке фималардан дайын жок. "Биз өткөзөбүз" деп бир да фирма чыккан жок. Себеби, пайдасыз да. Болгону жазда, анан күздө өткөзөт.
- Айдоочуларга айыптардын көлөмүн көбөйтүүнү карап жаттыңар эле...
- Бул маселе жыл сайын каралып жатат. Мисалы, жогоруда айтылган тонировканы 300 сомдон 1000 сомго көтөргөнбүз, же 6 ай айдоочулук укугунан ажыратуу. Ичип алгандарды, катуу айдагандар боюнча дагы карап атабыз. Биз ичип алып айдагандарга 50 миң сом айып, же 3 жыл машина айдоо укугунуна ажыратууну сунуштаганбыз, бирок муну парламентте талкуулап жатышып, 10 миң сомго түшүрүштү. Менимче, мурунку 1500 сомго караганда, бул да оңой акча эмес.
- МАИ чогултуп жаткан жалпы айыптардын көлөмү көбөйүп жатабы, же азайып жатабы?
- Өзгөрүү бар, аздан болсо да көбөйүп жатат. Мисалы, 2012-жылы 3 айдын жыйынтыгында 32 млн. 532 миң сом чогултсак, быйыл 3 айда 40 млн. 168 миң сомдон ашты. Былтыр 170 млн. сом чогултканбыз, буйруса, терминалдар, анан, карточкалар аркылуу айып төлөө кирсе, бул көрсөткүч дагы 250 млн. сомго чейин көбөйөт деп ойлойм. Анткени, жогоруда айтылган 25 пайыз дегендей кызыкчылык дагы бар да.
- Жол кырсыгы да барган сайын көбөйүп жатат. Азайтуунун жолдору барбы?
- Тилекке каршы, жол кырсыгы көбөйгөндөн көбөйүп жатат. Бул маселе боюнча биздин республика биринчи орунга чыгып жатканы белгилүү. Былтыр 3 айдын жыйынтыгында республика боюнча 860 жол кырсыгы катталса, быйыл үч айда 1240гө жетти. Бул былтыркыга караганда 44 пайыз көп дегенди билдирет. Былтыр жол кырсыгын кабылгандардын 69у мас абалында болсо, быйыл ал көрсөткүч 108 адамга жетти. Ал эми каза болгондордун саны былтыр 155 болсо, быйыл 197ге жетти. Бул 31 пайызга көбөйгөнүнөн кабар берет. Жаракат алгандар боюнча айтсак, былтыр 1239 болсо, быйыл 1812ге жетип олтурат. Бул былтыркы үч ай менен быйылкы үч айдын гана жыйынтыгы.
Мындай көрүнүшкө, республикада, айрыкча Бишкекте машинанын өтө тездик менен көбөйүшү жана жол эрежесин билбегендердин арбышы чоң себеп болуп жатат десек болот. Мисалы, былтыр эле Кыргызстанга чет өлкөдөн 92 миң машина алынып келинген. Бул өтө чоң көрсөткүч. Ошондой эле өткөн жылы 170 миң адам айдоочулук күбөлүк алышкан. Республика боюнча азыр 700 миңден ашык машина бар. Анын 52 миңи оң рулдуу. Айта кетчү нерсе, сол рулдуу машиналарга караганда оң рулдуу машиналар кырсыкка көп кабылышат. Ошондуктан парламенттен жакында эле кабыл алынган Транспорт тууралуу мыйзамдын, анын ичиндеги оң рулдуу машинаны коммерциялык багытта эл ташыганга тыюу салган бир пунктту эң туура кабыл алынды десек болот.
- Силер тараптан түшүндүрүү иштери жакшы колго алынбай жаткандай...
- Түшүндүрүү иши абдан керек. Биз бул маселеге колубуздан келишинче көңүл буруп жатабыз. Бирок бардык нерсе келип эле каржатка такалат экен. Негизи, түшүндүрүү иштерин бала-бакчадан, мектептерден башташ керек. Атайы убакыт бөлүп, кошумча сабак катары маал-маалы менен өтүп турса, ал өз кезегинде жакшы жыйынтыгын берет беле деген аруу тилегибиз бар. Буга чейин жыл сайын жол эрежеси боюнча "Жаш инспектор" деген сынакты Билим берүү министрлиги республика боюнча өткөзүп турчу да, "быйыл ага каражатыбыз жок, өткөзбөйбүз" деген маалыматын ачыкка чыгарды. Былтыр болсо, ал сынакты эптеп демөөрчүлөрдү таап өткөздүк эле, быйыл такыр эле каражат табылбай жатат. Бул абдан өкүнүчтүү. Тескерисинче, каражатты аябай, ушундай иш-чараларды көбүрөөк өткөзүп турсак жакшы болмок.
- Жогоруда МАИдеги коррупция жана ички тартип тууралуу учкай сүйлөштүк. Бул маселе боюнча жоопко тартылган жана кызматтан айдалган кызматкерлердин саны канча?
- Былтыр тартиптик жоопко тартылган кызматкерлердин саны 239га жетсе, быйыл 87. Мунун эң көбү, тагыраагы 42си Бишкек Шаардык МАИсиндеги кызматкерлер. Андан кийин Жалал-Абад шаары турат. Былтыр 70 кызматкер жумуштан айдалса, быйыл Бишкектен 1, Чүй облусунан 2 кызматкер кызматтан кетип, аларга кылмыш иши козголгон.
Айбек Шамшыкеев