Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Жээликкен Воробьевдун желин чыгарчу убакыт келди
Чыңгыз Айтматов атындагы мамлекеттик улуттук орус драма театрынын мурдагы директору Борис Воробьев кызматтан айдалганы чоң чырды салган. Театрдын болгон техникалык жабдууларын, сахна кийимдерин, документтерди жыйнап алып, "бул меники, мен сатып келгем" -деп баса берген. Театрды каалагандай калчаганы аз келгенсип, театрдын тегерегин ижарага берип бизнесин катуу кылды. "Кой деген кожо жок, ай деген ажо жок" көп жыл акчаны самандай сапырып жүрүп, бир күнү иштен айдалып, баарынан куру жалак калганына ичи ачышып, жанагынтип көк беттигин көрсөткөн. Көпкөн Воробьевдун желин чыгарып кечээ ИИМ "акча каражатын легалдаштырган, документтерди, мөөрдү мыйзамсыз пайдаланып, уурдап жана жок кылган" деген айып тагып, иш козгоду. Баса, кассага түшкөн баардык каражат Борис Воробьевдун кызынын жеке менчик фондусуна которулуп турган. Бул факты мамлекеттик театр Воробьевдордун жеке менчигине айланып калганынын анык далили болду.


"Кумарлуу" депутаттар
"Ар-Намыстын" Игорь Гусаров жана Замир Бекбоев деген "балык ооз" депутаттарына тил бүтүп, өткөн жумада кумарканаларды кайра ачуу керек экендигин айтып чыгышты. "Шаардагы жолдордун абалын көрүп атпайсыңарбы, бюджетте дайыма каражат жетишпей жатканын билип атпайсыңарбы. Биздин мыйзам долбоор боюнча казинолордон түшкөн салыктар бүтүндөй инфраструктураны оңдоого багытталат. Биринчи жолу кардарларга "кара тизме" дегенди киргизип атабыз. Азыр казинолор көмүскө иштеп жатканын элдин баары эле билет, бирок мамлекетке бир тыйын салык түшкөн жок" - дейт кумарканалардын кайрадан ачылышын кубануу менен күтүп аткан эл өкүлдөрүбүз. Бул депутаттардын сөзүнө абай салсак, жолдорубуз оңолбой, бюджетибиз толбой, кумарчылардын арам акчасына күнүбүз түшүп калган экен.


"Эркелеген" эл өкүлдөрүнө эл башчысы жооп берди
Жалкоолуктун жогорку үлгүсүн көрсөткөн азыркы чакырылыштагы парламент "Жогорку Кеңештин регламенти" жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизе салып, 3 окууда тең кабыл ала коюшкан. Тил кат аркылуу добуш берүү укугун башка депутатка берүү тартибин мыйзам аркулуу бекиткен бул өзгөртүүгө президент кайчы пикирин билдирип, Жогорку Кеңешке кайра жөнөттү. Жалкоолугу жанда жок азыркыларың ишке кааласа чыгып, калааса жатып алып, жанындагыларына "менин ордума добуш берип кой" - деп жаман көнүшкөн. "Бул мыйзамыңар Конституцияга каршы келет, мыйзам чыгаруу бийлигине болгон элдин ишеничин кетирет" - деген жүйөөлөрүн келтирген президент эл өкүлдөрүнө "эркелебей жөн иштегиле" - деген ишааратын кылды.


Исаков жердешчилби?
КСДПдагы кесиптештери менен тил табыша албай, чабышып-чарпышып келген Исмаил Исаков ушундай сапаты бар экенин өзүнүн эле фракциялашы Ирина Карамушкина айтып чыкты. "Исмаил Исакович биздин партиянын мүчөсү эмес, ошондуктан андан партиялык тартипти сактоого чакыра албайбыз. Бирок мен аны принципиалдуулугу жана эр жүрөктүүлүгү үчүн сыйлайм. Көп учурда анын сын пикирлери туура айтылат. Аны менен талашып-тартышкан, айрым учурда урушкан учурларыбыз болот. Айрым кезде андан регионалдуулук жана трайбалисттик идеялар да чыгып кетет" - деп Ирина айым Исмаил мырзага сыпаттама берди.


Айбанчылыктан тууганчылык өйдө туурабы?
Өз наристесин зордуктады деп шектелип аткан Үсөн Сакатаевдин туугандары жан алакетке түшкөнү байкалууда. Бул тууралуу "Зомбулуктан жабыр тарткан балдарга жардам берүү" борборунун директору Динара Давлетбаева билдирди. Бетинен тамтык калбай бычак менен тилинген, колу сынган, зордукталган 3 жаштагы наристени учурда бейтапканада адам сымал айбан Үсөн Сакатаевдин бир тууган эжеси карап атыптыр. Бул тууралуу Динара Давлетбаева "Ал эмнеге келгени түшүнүктүү, ал энеси менен кызга таасир жасап, кыздын атасын жоопкерчиликтен куткарып калгысы келүүдө. Кыздын энеси башка жакка көчүп кетти, жашынып, кызын көргүсү келбей атат. Мен билгенден, ал күйөөсүн күнөөлөгөндөрдү колдобойт. Биз кыздын укугун коргоо маселеси мамлекетке же биздин борборго берилсин деп прокуратурага арыз жаздык" -деди.


Аким айымга кулак кагыш
Бишкектеги эң чоң жаңы конуш Арча-Бешиктин чок ортосунда спорт аянтчасына делинген жер бар эле. Бош калган жерди көрсө эле көзүнө акча көрүнүп, түн уйкусу төрткө бөлүнгөн жергиликтүү аткаминерлер ал жердин да айласын таап, 70 миң долларга пулдаганы жатканын эшиттик. "Коррупция боюнча мага эч ким айып тага албайт" -деп төшүн каккылаган Ленин районунун акими Алтынай Өмүрбекова кол алдындагыларын теске салып, тизгинин тартып койсо ашыктык кылбас. Эгерде ал спорттук аянтчада курулуш иштери баштала турган болсо, Алтынай айымдын коррупцияга аралашканын айтып чыгууга аргасыз болобуз…


Баягы эле Батукаев тууралуу
Бүтүндөй бийлигиңди бүкүлү сатып алып, жай-баракат учуп кеткен бандит Батукаев орус жарандыгын алып, Чеченстандан Маскөөгө көчүп барганы жатканын депутаттык комиссиядагылар шыбырашууда. Кечээ жакында Азиздин аялы Елена Тарасова дагы Кыргызстандан биротоло Орусияны көздөй көчүп кеткени белгилүү болду. Ал ортодо Азиздин ак кан менен ооруганын Гематология борборундагы айрым ак халатчандар калпка чыгарып атышат. Баса, vb.kg сайтынын жер тыңшаар маамыттары Москвада Кыргызстанды караган жаңы "смотрящийди" такка отургузуу аземи боло турганын кабарлады. Аталган сайтта "Кыргызстанды карай турчу "смотрящийдин" ордуна Азиз Батукаевдин тобундагы эки адам талапкер болууда. Алар: Бостерилик "мыйзамдагы ууру", Карышкыр каймана аты менен белгилүү киши жана түштүктөгү Эртабылды. Азыр Карышкыр Москвада" - деп жазылган.


Акунга айла жок экен
"Боекчу боекчу десе, атасынын сакалын боептур" деген атактуу макалыбыз бар эмес беле. Ошол макал Акыйкатчы Турсунбек Акунга куп эле жарашып турат. Укугу корголбой кор болуп жүргөндөр түгөнүп калгансып Турсунбек Акун атактуу кулак кесер-баш кесер Азиз Батукаевге жаны ачып "2-3 күндүк өмүрү калды" -деп жалооруганы кыжырды бир кайнатса, кыргызды кыкка теңебей, өлкөбүзгө көө жапкандан кайра тартпаган Александр Князевдин укугу кордолду деп күйбөгөн жердү күл кылды. "Князевдин көз караштарын көп учурда колдобойм, бирок аны Кыргызстанга киргизбей коюп, бийлик анын укугун бузду" -дейт Акыйкатчы мырза.