Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

ТАҢШЫ КОМУЗ, САЙРА!
"Кыргыздын музыкалык дүйнөсүнүн туу чокусу -комуз!"
Cүйүнбай Эралиев.

Отуз беш миң жылдык тарыхы бар, эң байыркы элдердин бири- Көчмөндөр цивилизациясынын туу башында болуп келген кутмандуу Кыргыз элибиздин бүгүнкү күндөргө чейинки башынан өткөргөн миң түркүн тагдырында эчен бир "азуулуулар менен арбашып", "каруулуулар менен кармашып", бейиштин төрүндөй асыл Мекенибизге көз артып, кыйыр бузуп келген кытай, калмак-манжу ж.б. кас-душмандардын мизин кайтарып, бирде аларга жем болуп, таруудай чачылып, көрбөгөнү көр, тополоңу тоз болуп, тозуп кеткен кайран Эл, кайра түгөнгөн сайын түтөп, кыйраган сайын күчөп, Азиянын мейкининде ат ойнотуп, Каганат болуп, канат жайып турган кай мезгилин албайлы, Кыргызымды колдоп-коштоп келген касиеттүү, руханий көрөңгө-бул, албетте, КОМУЗ болгон эмеспи?! "Сөз-күмүш, күү-алтын"--демекчи, ар заманда элибиздин сырдашы да, муңдашы да комуз болуп, сөз менен жеткире албаган кайгы-касирет, арманбы, же "Кой үстүнө торгой жумурткалаган" бейпил турмушубу, же жеке адамга тиешелүү арзуу, аруу сезим-махабат тууралуубу, жер чечегин безеп, таңшып,калкагар калкыбызга "МАНАС" баяны менен бирге түгөнбөгөн руханий гүлазык болуп берген, касиет-кудуретиңден айланайын, сан кылымдарды карыткан--ушу Комуз күүлөрү турбайбы?!


Кечээ эле 2010 -жылдын 7-апрель, июнь айындагы каргашалуу, кандуу окуяларда элибизге кайрат, дем-күч берип турган Чыңгыз Айтматов атабыздын чыгармаларынан тартылган тасмалары, төкмө акындарыбыздын кошоктору менен залкар комузчулардын күүлөрү болбодубу?
Жөөттөр сырын кагаз бетине катса, жоокердик замандарда жазуу-сызуусун жоготуп алган касиеттүү элибиз буга чейинки Журт башынан өткөн тарыхын тизмектеп, табышмактатып, терең сыр катып, залкар--зирек комузчу аталарыбыз камбаркан, ботой, терме, шыңгырама, насыйкат, кербездерин комуздун айтым күүлөрүнө, кара күүлөрүнө салып жүрүп отурган өңдөнбөйбү? Ошон үчүн, кезинде Европаны титиретип, тизелеткен элибизден, Карахандын урпактарынан чыккан баатыр кол башчыбыз Адылхандын (Атиллахан) аты өчпөй, ал тууралуу 5 -кылымда жаралган "Шүдүңкүт" күүсү, АЙКӨЛ МАНАС Атабыздын заманынан "Солтон зары", "Каныкейдин арманы", "Бек Арстан Тайчы", андан кийинки "Кет, Бука!", "Шырдакбетин Боз жорго" ж.б. элдик болуп калган дастан-күүлөрү бизге жетип отурат! Кыргыз барда кылымдарды аралап, комуз күүлөрү мындан ары да чертиле берет, таңшый берет!!!
Эми бүгүнкү күндөрүбүзгө келсек, каатчылык канчалык тизгинибизди какпасын, көкүрөгү тунук, көңүлү бийик, зээндүү-зирек талант ээлери эли--журтубузга өздөрүнүн өнөрлөрүн көрсөтүп, аз болсо да, манасчылыктын, төкмөлүктүн, абаздуу мукамырлардын, таңшыган комуз күүлөрүнүн майрамдарын күн алыс өткөрүшүп, улутубуздун нукура улуттук, салттуу маданиятына, искусствосуна зор салым кошуп жаткандары жүрөк толкутат!

..."ЖАЛГЫЗ ТЭЭК, ҮЧ БУРОО,
ҮЧ КЫЛ КОМУЗ,
ЧЕРТИЛБЕЙТ, КҮҮГӨ КЕЛБЕЙТ,
ЧЕБЕР КОЛСУЗ!"...
Сөзүбүз куру болбосун үчүн, жакында ордо калаабыздын Токтогул атындагы Филармониясында Калый Молдобасановдун ысымын алган Кыргыз Улуттук Консерваториясынын Эл аспаптар кафедрасынын башчысы, келечектүү, чоң таланттын ээси, мыкты комузчу, күүчү- РУСЛАН ЖУМАБАЕВ иним кутмандуу, кызырлуу Кыргыз калкынын күү кумарын кандырып, жүрөктөрдө уюган черлерин жазып, өз чыгармачылыгынын эсебин берип, эң сонун концертин тартуулады. Бул кеченин башталышында элибизге белгилүү коомдук ишмер Дастан Сарыгулов, акыйкатчы Турсунбек Акун, Эл акындары Шайлообек Дүйшеев, Анатай Өмүрканов, Бишкек Мэриясынын маданиятты тейлөөчү кызматкери Малик Кубанычбек уулу, "Аврора" пансионатынын директору Ильич Шамбетов, "Нарын" ынтымак коомунун төрагасы Асанбаев Карыпбек, эмгек ардагери Бектурганов Токторбай, Мэлис Асакеев жана башка аттуу-баштуу адамдар сөз сүйлөшүп, өздөрүнүн каалоо-тилектерин айтышып, комузду "ырдатып, сүйлөтүп", чет өлкөлөргө чейин даңазалап келаткан Русландын чеберчилигин жогору баалашып, ага баталарын беришти. Чындап эле, тапталган буудан өңдөнүп, өзү аздектеген улуу, ыйык өнөрдүн сырын чечип, таланты ташкындап табында экенин, кемелине келип, жылдызы жанып турганын үч саатка жакын концерттин жүрүшүндө бир дем менен ( ар бир күүнү жанындагы 7-8 комузга күн мурун күүлөп коюптур), өтө дыкат даярдык көрүлгөнүн далилдеп койду. Бул ийгиликтин артында маңдайдан күмүш терин төккөн багбан сымал, өнөр баккан,талыкпаган, ноюбаган, күн тынымын билбеген албан эмгек турганын көрүүчүлөр да жаземдебей сезишип, абдан ыраазы болуп кайтышты. Окурмандарды Русландын концертинде аткарылган күүлөрдүн репертуары менен да тааныштыра кетейин:
Чоң эргүү, чеберчилик менен өзү аткарган күүлөрү: -"Каныкейдин арманы", "Кет, Бука!", "Шырдакбектин Боз жорго" (Элдик дастан күүлөр), "Сынган Бугу" (Байгазы), "Тогуз кайрык" (Токтогул), "Төтөп шыңгырама"(М.Күрөңкөй уулу), "Таш жалак" (Муса Сейилкан уулу), "Кеңеш" (Ыбырай), "Эл тилеги-тынчтык" (Карамолдо), "Муңдуу күү" (Музооке), "Эмгек бакыты" (Шекербек),"Булбул сайрак" (Кудайберген), "Соң-Көл баяны"--дуэт: шакирти З.Дүйшөнбек уулу менен (Н.Абдырахманов ); ал эми өзү түзгөн "Хан-Теңири" фольклордук тобу менен "Жаш-Кербез" комузчулар тобунун коштоосунда "Арстанбек Тайчы", "Ак Саткын менен Мырза уул"(элдик дастан күүлөр), "Эрке Сары" (Р. Жумабаев), "Жаш тилек" (Ыбырай), "Кайра куруу" (Эшмамбет Молдакун уулу), "Кара өзгөй" (Ниязаалы), "Нооруз" (Р. Жумабаев) күүлөрү ийине жеткире аткарылды.Ошондой эле, "Эльхисса(казак авт.Н.Тилендиев)-Руслан өзү комуз жана домбрада, "Ак куу" (Р. Жумабаев) күүлөрү Эл аспаптар аркестринин, ал эми "Ак-Таноо", "Аль-Бурак" (Р.Жумабаев) күүлөрү Симфониялык аркестрдин коштоосунда эң сонун болду.
Ушул кеченин таасиринен улам, Русландын өзүнө жолугуп, чыгармачылыгы туурасында айтып берүүсүн өтүндүм:
- Иним айтсаңыз, комуздун ажайып, сырдуу, ары татаал дүйнөсүнө качан, кимдин таасири менен аралаштыңыз?
- Кыргызда ар бир айтылган макалдын мааниси терең. Элибиз айтайын деген оюн, опол тоодой мазмунду эки ооз сөзгө бекитип, "акылың жетсе, аңдап ал"--деп коюшат эмеспи? Анын сыңары, "Балапан уядан эмнени көрсө, учканда ошону алат"--болуп, менин ата-бабаларым, тайларым комузчулук улуу өнөрдү аркалап келишиптир. Алардын жолун улап, эс тарткан беш жашымдан ата-энемден үйрөнүп, андан бери комузумду колумдан түшүрбөй, мүмкүнчүлүгүмдүн, шыгымдын жетишинче ыйык Мурасты аркалап келе жатам. Кичи Мекеним -Нарын шаарындагы Чкалов атындагы орто жана музыкалык мектептерден билим алгам. Ал жылдарда нарындык комузчу-окутуучуларым: Бейшенбек Абдыразаков,Бейшен Андакулов, Ибрагим Шаршенбаев, Асанаалы Ошур уулу, Өмүш агайларымдан окуп, кара күүлөрдү чертүүнүн сырларын, ыкмаларын мыктылап үйрөндүм. Ошондой эле, чоң атамдын иниси- Абдырахман Кыдырбай уулу да комузда кол ойноткон, чебер адам эле. Карамолдо Орозовдун үзөңгүлөш курдашы болчу.Ал эми таенем-Асылкан ооз комузчу, жамакчы, төлгөчү, боло турган нерсени алдын-ала айткан көрөгөч-аяр , кыргызчылык касиети бар аял заты болгон. Алардын тарбия-таалимин да көрүп калдым. Азыр "кыргызчылык"-деген сөзгө терс маанилерди жармаштырып жүрүшөт. Бул туура эмес. Анан "Аштык экпей эгин жок, эмгек кылбай илим жок"--дегендей, классикалык билимди мен ушул Консерваториядан алдым. Профессор Тентимиш Мураталиев агайымдан да окудум. Орус элинин 4 кылдуу-до-мра аспабын он жылдап окуп, үйрөндүм. Дирижерлукту маэстро- А. Жумакматовдон, Томотоевден, комузчулуктун калган сырларын Самара Токтакунова эжемдин устаттыгы менен ачтым. Ушунун баары менин музыкалык жактан калыптанышыма чоң түрткү берди.Учурдан пайдаланып, устаттарымдын баарына ыраазылык айтып, бекем ден-соолук, узак-узак өмүр тилейм!
- "Эрке Сары", "Ак куу", "Аль-Бурак"--деген күүлөрүңүздүн тарых--таржымалы жөнүндө угуп жүрөбүз. Алардын ичинен "Ак -Таноо" күүңүздүн жаралышы, маани-мазмуну туурасында айтып берсеңиз?
- Жакшы болот. Мен Кыргыз элимдин сыймыгы болгон, даанышман, залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун "Гүлсарат" чыгармасына кайрылганымда, повестти нагыз турмуштун өзүнөн алып, таятамдын тагдырын, анын күлүк Карагер аты жөнүндө жазып койгондой туюм берет. Себеби, таятам -Түлаалы уулу Саты кезинде колхоздун жылкычысы, өтө чыйрак, чымыр денелүү, көк бөрүчү киши болгон. Анын Карагер аты таноолору ак, ат чабышка түшсө алдына ат чыгарбаган, көк бөрүдөн да мөөрөй алдырбаган, легендарлуу, Камбар-Ата тукуму эле. Күлүктүгүнө, жорголугуна кызыгып, колхоз активдери колдон талашып, туягын ташка чаап, кайран малдын убалына калып коюшкан. Күүнү таятама, анын бууданы Карагерге арнап, "Ак-Таноо"- деп чыгардым.
- "Устаттан шакирти өтүптүр!"--деген сөзгө кандай карайсыз?
- Турмуш-жашоо кандай заман болбосун, бир орунда турбайт экен. Адамдарда алдыга карай умтулуу, талыкпаган аракет, келечекке үмүт байлоо болбосо, жашоо токтоп, ал эми устатынын берген илимин шакирти улап турбаса, өнөр өспөй калбайбы, эже?
- Менин шакирттерим: Закирбек Дүйшөнбек уулу, Кубат уулу Чыңгыз, Мамбеталиев Ринат, Жайылов Марс, Эркалиев Улукбек деген жаштардан үмүтүм зор. Алардын ар бири эмгегимди актап, Кыргызга кызмат кылган, эң мыкты өнөр ээлери болуп чыгышса экен!-дейм. Жанымда жүрүшкөн калгандары таарынышпасын, негизи комузга кызыккан тырышчаак окуучуларым көп эле.
- Комузчулук улуу өнөрдүн келечегин кандай элестетесиз?
- Кыргыз элимди кандай жагынан алып, көкөлөтө мактасам да жарашат! Бийик тоолордо жашап, таза аба менен дем алып, мөлтүр кашка булактан суу ичип, жан дүйнөсүнүн аруулугун сактап, чындык менен адилет-калыстыкты туу тутуп, манасчылык менен төкмөлүк, комузчулук өнөрлөрдү аздектеп, саяпкердик менен мүнүшкөрдүктү кесип кылып, уста-уздары узанып, жайытында төрт түлүк малын багып, ойдуңуна дан эгип, катылган душман келсе, катыгын берип келген, Теңирге жаккан Эл экенбиз. Анан "Аккан арыктан-суу агат"--деп коюшат. Ушундай элибиздин ичинен толгон өнөрлүү, мыктылар чыгып турган. Башкасын айтпаганда да, Теңир-Тоодон чыккан залкарларды санай кетейин. Алар: манасчылар Тыныбек Жапек уулу, Байымбет Абдырахман уулу (Тоголок Молдо), Сагымбай Орозбак уулу, комузчу, төкмө-акын Арстанбек Буйлаш уулу, казалчы Казыбек, ырчы-обончу Боогачы, комузчулар--Боккөтөн менен Майлыбай, Асанбек Кыдырназаров; обончу, ырчы Муса Баетов, композитор Жумамүдүн Шералиев ж.б. Улуулардын изине түшүп, азыр төкмөлүктү Табылды Актанов байке менен Жеңишбек, комузчулукту Нурак Абдырахманов абам , Кенжебек Алдаяр менен өзүм улантып келатабыз. Ач курсакты тойгузган, касыңды да дос кылган улуу өнөрлөр өлбөйт. Тоодон аккан мөлтүр башат сымал, анын көзүн канчалык жапса да, улам чыга берчү, касиеттүү өнөрлөр. Ар бир Кыргыз баласынын ДНКсында манасчылык, төкмөлүк, комузчулук бар. Чыкпай койбойт! Ак падыша да Кыргызды тукум курут кылам деген, кийин Союз маалында саясатка такап, Эл мүдөөсүн көтөргөндүн баарын "улутчул"--деп жазалашкан. Эгемендик алган 21 жыл ичинде элибиз бардык жагынан артка кетсе да, улуттук, салттуу маданиятыбыздын аз-аздан жанданганын көрүп кубанам!
- Чыгармачылык чоң-чоң эргүү,ийгилик, өзүңүзгө бакубатчылык, тозбогон узун өмүр, бекем ден--соолук тилейм! Маегиңизге ыраазычылык!

САПАРБАЕВА АЙКАНЫШ
КЕРИМ кызы.
"МАНАС Эли" коомунун мүчөсү.