Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Дил маек...
Анапия Райымбекова, ырчы:
"Обондорумду
акчага сатпайм"

- Анапия эже, 25- апрелде Улуттук филармониядагы "Эл шайырлар" тобу жеке концертиңиздерди бердиңиздер. Биз билгенден бул концертке кызуу даярдыктарды көрүп жаттыңыздар эле. Концерт кандай өттү?
- Ооба, биздин топ 25-апрелде элге эң сонун концерт тартуулады. Концертке даярдыктар абдан жакшы болгон. Көп убакыт, эмгек, күч жумшадык. Ал эмгектерибиздин акыбети кайтып, концертибиз жакшы өттү. Менимче, келген эл абдан ыраазы болуп кетти. Себеби биз башка концерттерден айырмаланып, көбүнчө кыргыз кереметиндеги тасмаларда аткарылган чыгармаларды дует кылып ырдадык. Маселен, элдин жүрөгүнөн түнөк тапкан Раймалы менен Бегимайдын махабат ырын Азамат Болгонбаев экөөбүз аткардык. Бул дагы концертке келген элге жаңылык болду го дейм. Себеби буга чейин Азаматтын акындык өнөрүн гана көрүп келишкендиктен, анын обон созуп ырдаганы көпчүлүккө жаңылык болду. Биздин бул ырыбызды эл абдан жакшы кабыл алды.
- А концертке элдин келиши кандай болду. Концерттик зал 100 пайызга толдубу?
- Азыр ар кандай идеялар көп болуп, режиссерлор эмне деген укмуш концерттерди коюп жатышат. Биз сырттан режиссер жалдаган жокпуз. Жетекчибиз Муратбек агай өзү койду. Биз дагы өз оюбузду айтып, жалпы идеябыз менен коюлган концерт болду. Концертке эл орто келди десем болот. Бизде жарнамалык иштер начар болуп калды окшойт. Биздин концерттин жарнамасы жалгыз гана КТРКдан кетип жатты. Башка бир дагы массалык маалымат каражаттары менен иштешкен жокпуз. Кээ бир ырчылардай көчөлөргө жайнатып жарнама да илген жокпуз. Балким, элдин аз келишине бул дагы себеп болгондур.
- Эмнеге массалык маалымат каражаттары менен иштешкен жоксуздар. Үгүт иштерин жакшы жүргүзсөңөр зал толмок...
- КТРК менен Улуттук филармониянын келишими бар. Ошонунун негизинде КТРК биздин концерттин жарнамасын көрсөтүп жатты. А башка иштерди айтсам, бул жагынан ишти биз эмес, филармониянын концерттик жетекчиси же менеджер аткарышы керек го дейм. Балким, бул алардын күнөөсүдүр... Бирок үгүт иштеринин баары эле каражатты талап кылат да. Массалык маалымат каражаттарына берилген, көчөлөргө илинген жарнамалар үчүн бир топ каражат сарпталат. Биздин топто андай каражат жок. Ошол себептен дагы бул иштери жасай алган жокпуз. Албетте, биз өзүбүздүн концертибизди элге жакшы жеткирип, маалымат берсек, эл дагы жакшы келмек. Биз азыр элди концертке чакыра, тарта албай жатабыз.
- Эстрада ырчыларынын концерттери аншлаг менен эле өтүп, бир эмес 2-3 күн концерт берип жатышпайбы. Балким, фольклор ырчылары эл каалагандай концерт бере албай жатса керек да?
- Жок. Мен мындай дебейт элем. 8- мартта Улуттук филармония айымдардын майрамына карата концерт берген. Эң сонун өткөн. Залга эл батпай калган болчу. Азыр эл фольклор ырчыларынын ырларына суусап, суранып угуп калышкан. Концерттерге элдин аз келгендиги жогоруда айткандай үгүт иштеринин начар жүргүзүлгөндүгүнө байланыштуу деп ойлойм. Кудай буюрса, келечекте үгүт иштерин чечүү маселеси да жолго коюлуп, биздин концерттер да аншлаг менен өтөт деп ишенем.
- Ушул күздө атаңыздардын эскерүү кечесин өткөрөбүз деп жаттыңыздар эле. Бул жаатта кандай иштерди жасап жатасыздар?
- Бул эскерүү күз айында өтөт. Азыр кызуу даярдык көрүп жатабыз. Эскерүүнү өзүбүздүн кичи мекенибизге, атам көп жыл бою эмгектенип кеткен Жалал-Абадга барып, атамдын досторун, туугандарыбызды, жакшы санаалаштардын башын кошуп чакан эскерүү өткөзүп келебиз деген жакшы тилек менен азыртадан тартып даярдык көрүп жатабыз.
- Сиз көп жылдан бери обон чыгарып келесиз. Учурда кайсыл ырга, кандай обондорду жаратып жатасыз?
- Чыгармачылыкта дайыма изденүү болушу керек эмеспи. Мен дагы көп жылдан бери обон чыгарып, чыгармачылык изденүүнүн үстүндө жүрөм. Учурда "Жазды сагынам" деген ырга обон жазып, ошол обондун үстүндө иштеп жатам. Жаңы чыгып жаткан жаш ырчыларга көп обондорду берип жатам. Кудай буюрса, күз айында чоң концерт берсемби деп, ал концертке азыртадан даярдык көрүүдөмүн. Күз айында бере турган концертиме чейин дагы бир топ жаңы обондорду чыгарып, жаңы ырларды чыгарууга аракеттерди жасап жатам.
- Жаш ырчыларга обон берем деп айтып калдыңыз. Мына ошол обондоруңузга гонорар аласызбы же акысыз эле белек кыласызбы?
- Менин обондорум ырчыларга жакса, ал ырчы обонду алып аранжировкасын өзү жасатып алат. Менде ушундай бир шарт бар. Бирок обондорумду акчага сатпайм. Жөн эле берем. Эң башкысы ал ырчы менин эмгегимди баалап, обонумду барктап, кадырына жетип, эл алдына алып чыгып, элге жеткирсе болду. Мына ушул нерсе менин жеңишим.
- Тажрыйбалуу обончу катары жаш ырчылардын обондоруна кандай баа бересиз?
- Ооба, азыр обон чыгарган ырчылар абдан көп. Бирок баары эле мактоого арзыйт деп айтуудан алысмын. Жаш ырчылар обонун гана эмес, текстти да өздөрү жазат. Же обону жакшы эмес, же текстти жакшы эмес, натыйжада жеңил ырлар пайда болууда. Кээ бир обондорду уксаң, күлкүң келет. Кайрыктарынын арасында бирөөнүн обондору, батыштын музыкасы аралашып, ашмалтайы чыгып калган обондор да бар. Ошондуктан мен жаштарга айтат элем, жаштарды эч ким обон чыгарбасын дебейт. Изденип, жаңыланып, колдон келсе обон чыгаргыла. Бирок ар бир ишке олуттуу мамиле жасаганга үйрөнгүлө. Өзгөчө чыгармачылыкка, өнөргө. Анткени өнөр эң улук, ыйык, бийик нерсе. Аны булгап, талкалап алуудан алыс болгула. Өнөрдү баалаган, сыйлаган адам, элден да урмат сый- көрөт.
- Батыштын обондорун уурдап алышып, менчиктеп алган ырчыларга кандай көз караштасыз?
- Бизде мындай жаш ырчылардын бар экендиги өкүнүчтүү. Бирөөнүн эмгегин уурдап, өз менчигине өткөрүп алган эң начар жорук. Мындай иштерди жасаган ырчы эч качан өспөйт. Ал бир күнү болбосо, бир күнү элге уят болот. Анткени азыр жаштардын баары чет элдин ырларын угат. Кайсыл музыка кимдики экендигин эң мыкты билишет. Ошондуктан жеңил оокатка качырбай, күнү- түнү изденип, өз ак эмгеги менен обон жаратууга аракет кылыш керек. Эгер колуңдан келбесе, обончулар менен иштешүү зарыл.
- Балким, жаштарга колдоо, жол көрсөтө турган адамдар керек болуп жаткандыр...
- Мага жаш обончулар көп кайрылышат. Аларга дайыма колумдан келген жардамымды берип, кеп-кеңешимди айтып турам. Эгер жардам керек деген жаштар болсо, жардам бергенге дайым даярмын. Бул нерседен эч качан качкан эмесмин жана качпайм.
- Сиз кайсыл учурда обон чыгарасыз?
- Кубанычтан жана кайгыруудан обон жаралат. Бир обонду чыгарарда адам абдан толкунданат. Мен лирикалык акындардын ырларын абдан сүйөм. Алардын ырлары менен жашайм. Лирик акындары чыныгы жашоонун сүйүүсүн жазышат. Чыныгы сүйүү адамдын жүрөгүн ойготуп, ырахат тартуулайт жана чыныгы талантты жаратат.
- Азыркы учурда 40тан ашык обонуңуз бар экен. Обондоруңуз бири- бирине окшошуп калбайбы?
- Кээ бир учурларда кайрыктары окшошуп калат, бирок көп эмес. Кээде кесиптештерим да мурдагы обонуңа окшошуп калыптыр деп айтып калышат, анда экөөбү бир тууган да деп күлүп коем. Бирок мен көп учурда издеп, бири- бирине окшоштурбаганга аракет кылам.
Маектешкен
Жаркынай Кадыркулова