presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз гезиттер
Оорунун кадырын ооруган жан билет
Улуттук хирургия борбору - улут салматтыгы үчүн улуу ишти баштады

Кыргызстандык врачтар билими жагынан, иш тажрыйбасы жагынан дегеле деңгээли жагынан мыкты эле. Бирок медицинада күн сайын өзгөрүү, жаңылыктар болууда. Бул жагынан дагы биздин ак халатчандар артта калбоого аракетин кылып келишет. Айтылуу академик Мамбет Мамакеев жетекчилик кылган Улуттук хирургия борборундагы врачтар мыкты ишти башташыптыр. Өлкөбүздүн алыскы аймактарындагы ак халатчандарыбыз тажрыйба жагынан, илими жагынан аксап атканы баарына белгилүү. Калкыбыздын саламттыгы үчүн жан үрөгөн Улуттук хирургия борборунун шыпагерлери Мамбет Мамакеев, Жамилия Чыңгышова, Эрнис Тилековдор аймактагы врачтардын билимин жогорулатып, тажрыйбасын арттыруу максатында ыкчам анестезиология жана реанимация курсун ачып, эки жумадан бери аймактардан келген дарыгерлерге сабак өтүп атышат. Анестезиологдорду адатта көрүнбөгөн фронттун жоокерлери деп аташат. Анткени жаның көзүңө көрүнүп, кара терге түшүп кыйналып турганда дал ушулар жаныңды жай алдырып, таттуу уйкуну тартуулап беришет. Өмүрүң кылдын учунда турганда да дал ушулардын аракетинен тагдырың чечилет. Ошондуктан анестезиолог-реаниматологдордун эмгеги, жасаган аракети ат көтөргүс.
Курсту ачуунун демилгечилеринин бири, Саламаттыкты сактоонун ардактуу кызматкери, медицина илимдеринин кандидаты, дасыккан анестезиолог-реаниматолог Чыңгышова Жамилия Амановнаны жана бул курстун алгачкы угуучулары болгон аймактык врачтарды кепке тарттык:

- Жамилия Амановна, алгач курс тууралуу толугураак айтып берсеңиз?
Кыргыз мамлекеттик медициналык окуу жайынын усулдукту жогорулатуу институтунун алдындагы ыкчам анестезиология жана реаниматология боюнча курс Кыргыз эл баатыры, Улуттук хирургия борборунун башчысы, академик Мамбет Мамакеевдин демилгеси менен ачылды. Ыкчам, орусча айтканда "экстренный" анестезиология деген күтүүсүз келген бейтаптарга тез арада ыкчам жардам бериш керек болот. Адам өмүрү кылдын учунда турганда анестезиолог-реаниматологдордон көп нерсе көз каранды болот. Ошондуктан өлкөбүздүн булуң бурчунан дал ушул анестезиолог-реаниматолог врачтарды чакырып окутуп атабыз. Борбор калаада абал жакшыраак деңизчи, бирок алыскы аймактардагы кесиптештерибиздин билимин дагы жогорулатууда бул курстун пайдасы өтө чоң. Учурда Баткен, Ош облусунан, Чүйдүн Панфилов районунан, Балыкчы шаарынан келген курстун катышуучулары билимин өркүндөтүп, тажрыйбасын жогорулатып атышат. Албетте аймактардагы врачтар деле өз ишин мыкты билген, 20-30 жылдан бери дарыгерлик кесипте жүргөндөр. Бирок медицинада күн сайын жаңылануу, өзгөрүүлөр болуп атат. Ошондон кабар берип, тажрыйбасына тажрыйба кошуп атабыз. Медицина илими бул түбү жок чексиз илим. Күн сайын окуп, билимибизди өркүндөтүп, жаңы нерселерди үйрөнүп турушубуз керек. Мен дагы өзүмдүн тажрыйбамды жогорулатуу үчүн Москвага барып бир айлык атайын курстан өтүп келдим. Жаңы технологиялар менен таанышып, лекцияларды угуп, көп нерсе үйрөнүп келдим. Анын баарын ушул курс аркылуу биздин врачтар менен бөлүшүп атам.
- Россияга барганыңыз тууралуу да айта кетсеңиз?
- Эми Россияда медицина бир топ эле алдыда, дүйнөнүн алдыңкы врачтары ошол жакта. Москвадагы алдыңкы клиникада бир ай бою билимимди жогорулатып, тажрыйба топто келдим. Петровский клиникасында Флюров деген профессордон көп нерселерди үйрөндүм. Теле медицина тармагы боюнча иш алып барып жатыптыр. "Кыргызстандын аймактарындагы врачтар бул жакка келип окуй албайт, заманбап медицина менен кандайча тааныштырып үйрөтсөк болот" десем, "бизде дагы ушундай. Россиянын ар кайсы аймактарындагы врачтарга ушундай курстарды online режиминде окутуп атабыз" -деди. Ал жактагы врачтар ар бир курсту 38 евродон сатып алышат экен. Бирок ошол Флюров деген врач илгери Кыргызстанда, Ош облусунун Жинди-Суу деген жеринде иштеп кеткен экен. Мен Кыргызстанданмын десем, аябай сүйүнүп, абдан жакшы мамиле кылып, "Кыргызстандык врачтарга менден жардам болсун" - деп курстун материалдарын бекер берди. Телемедицина деген жакшы нерсе. Борбордук чоң клиникалардагы жасалып аткан операцияларды камера аркылуу online режиминде аймактардагы врачтарга сабак өтүшөт. Биз дагы ошол ыкманы колдонолу деп атабыз. Күнү-түнү Кыргызстандын булуң-бурчунан бизге байланышка чыгышса, биз бул жактан кеңешибизди айтып, түшүнбөй жаткан айрым учурларды үйрөтөлү деп атабыз. Алар оорулуну, анын анализдерин көрсөтүшөт. Бул жактан биз чогула калып, консилиум өткөрө коюп, кеңешибизди айтабыз.
- Бул курстан студенттер да сабак алса болобу?
- Алыскы аймактардагы дарыгерлердин билимине билим кошуп, тажрыйбасына тажрыйба кошуу биздин негизги максатыбыз. Болочок пландарыбызда медициналык окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрүнө, аспиранттарына сабак өтсөкпү деген ойлорубуз бар. Мындан тышкары, ыкчам анестезиологияны, биринчи профессионалдуу медициналык жардамды көрсөтүүнү өрт өчүргүчтөргө, милиция кызматкерлерине да үйрөтсөкпү деп атабыз. Ар кандай кырсык болгон учурда биринчи ыкчам жардам бергенди биз мыктылап үйрөтүп берсек, көп кишинин өмүрүн сактап калууга шарт түзүлөт.
- Каржы жагынан кимдер көмөк көрсөтүп атат?
- Негизинен Улуттук хирургия борборунун өз күчү менен ачылды. Ошондой эле Бишкек СЭЗдин башчысы Орозбек Нусувалиев эмеректерибизди, эшик-терезелерибизди алып берди. Медициналык академия компютердик жабдыктар менен камсыз кылды.
Бул курстун алгачыкы угуучулары:

Абдувалиев Умар
- Ош шаардык бейтпканасынын реанимация бөлүмүндө иштейм. Мамбет Мамакеев агайбыздын атын алып жүргөн Улуттук хирургия борбору бул - Кыргызстандагы бирден - бир тез жардам хирургиясынын башкы борбору. Бул жерде күнү түнү ыкчам хирургиясы болуп турат. Бишкек шаары гана эмес, бүтүндөй республикабыздан оорулуулар келишет. Бул жактагы врачтардын тажрыйбасы дагы мол экен. Ушул курстан билимибизди дагы күчөтүп, Мамбет Мамакеевич баш болгон бул врачтар менен кошо операцияларга катышып атабыз. Дарылоонун жаңы түрлөрүн үйрөнүп атабыз. Бул жер бейтапкана гана эмес, чоң илимий изилдөө борбору дагы экен. 15тен ашык илимдин доктору, 30дан көп илимдин кандидаттары иштейт экен. Бүтүндөй КМШ аймагындагы медицина кызматкерлеринин арасында биздин дагы врачтарыбыздын деңгээли жогору деп айта алам. Техникалык жабдуу жагынан аксаганыбыз болбосо, илими, билими жетиштүү. Ошондой эле медицинадагы жаңы ачылыштар, жаңылыктар менен ушундай курстар аркылуу таанышып атканыбыз өз жемишин, пайдасын берет деп ишенем.

Боромбаев Мурат
- Мен Ош шаардык бейтапканасынын реанимация бөлүмүнүн башчысымын. Медицина тармагында 37 жылдан бери иштеп жүрөбүз. Тажрыйбабыз Кудайга шүгүр жакшы эле, бирок азыркы заманбап медицина менен таанышуу үчүн ушул курска атайын келип, чеберчилигибизди дагы арттырып атабыз. Хирургия борборундагы кесиптештерибиз бул курсту ачып,алыскы аймактардагы бизге окшогон врачтар үчүн өтө керектүү пайдалуу ишти жасап жатышат. Канча жылдан бери бул тармакта иштеп жүргөнүбүз менен заман өзгөрүп, аны менен кошо медицинанын мүмкүнчүлүктөрү дагы кеңиейип атат. Замандан артта калбай, тажырйбабызды арттыруу үчүн ушул жакка келип лекция угуп атабыз. Жамилия Амановна Москвага барып, медицинанын акыркы жаңлыктарын, ачылыштарын үйрөнүп келип, бизге окутуп атат. Биз болсо бул жактан уккан билгенибизди өз облусубузга барып, райондук, айылдык врачтарга жайылтабыз. Айтор калктын саламаттыгы үчүн эң сонун иш болуп атат.

Молдакунов Жумабек
- Мен Балыкчы шаардык оорукасынан келдим. Реаниматологмун. Бул курс чынында бизге абдан керек эле. Кызыктуу семинарлар болуп атат, орусиялык мыкты врачтардын лекцияларын угуп, видеороликтерди көрүп атабыз. Бул курстун алгачкы угуучулары биз экенбиз. Кудай буйруса мындан ары да өз ишин улантып турса, далай врачтарга чоң пайдасын тийгизмек. Ушул курсту уюштуруп, жолго койгон кесиптештериме терең ыраазычылыгымды билдирем.

Конокбаев Эмил
- Ош шаардык балдар бейтапканасынын анестезиология- реаниматология бөлүмүнүн башчысы болуп иштейм. Ушундай жакшы ишти баштап аткан Улуттук хирургия борборунун жетекчиликтерине, ушул курсту жетектеп аткан Жамилия Амаановнага терең ыраазычылыгымды билдирип кетем. Медицина өтө кылдаттыкты, талыкпас эмгекти, изденүүнү талап кылган илим да. Күнүгө билимиңди жогорулатып турбасаң болбойт. Тажрыйбабызга тажрыйба кошулуп атат.

Даярдаган
Эрнис Балбаков










??.??