presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз гезиттер
Жеңиш күнүнө карата...
Сүйүнбай Эралиев, Кыргыз Эл баатыры:
"Атамбаев саясатка аралашпаганда
андан жакшы жазуучу чыкмак..."
- Сүйүнбай ата, ден соолугуңуз жакшыбы?
- Ден соолугум жакшы эмес. Карыганда оорунун баары козголот экен. Бир күн оорусам бир күн соо болуп, жашап жатам. Өзгөчө бутум көп ооруйт. Кээде ордуман жылып баса албай калам. Башкасынан дагы бут ооруган жаман экен. Башка жериң ооруса дагы кыбырап басып жүрө берчүдөйсүң, ал эми бут ооруганда жалдырап эле жаткандан башка айла жок экен.
- 9-май, жеңиш майрамына карата согушка катышкан ардагер катары согуш учурун эскерип айтып берсеңиз?
- Согуш башталганда мен 8-класста окуучумун. Согушка чакыруу келип алып жөнөдү. Барбай коюуга мүмкүн эмес эле. Россияга жеткени калганда немистер алдыбыздан тосуп, бара жаткан поездибизди жардырып жиберишти. Биз талаада калдык. Карагайлардын арасына жашынып, эптеп жаныбызды аман сактап калууга аракет кылдык. Мен ошондо эле жардыруудан жарат алгам. Андан кийин дагы төрт беш жолу ок тийип, жарадар болдум. Көрсө анда согуш жаңы башталгандыктан, немистер абдан күчтүү болуп турган кези экен да.
- Демек, Россияга жетпей эле немистердин чабуулуна кабылган экенсиздер да...
- Ооба, токойду аралап, жашынып отуруп Россияга барып, ал жерден курал-жарак алып, анан согуша баштаганбыз.
- Сиздер менен бараткандардын арасында артка качкандар болду беле?
- Андайлар көп эле болгон. Жашынып жүрүп, согуш бүткөндөн кийин пайда болгондор деле көп эле болбодубу. Жазуучу Чыңгыз Айтматов "Жамиля" повестин ошол качкандарды мисал кылып жазган да.
- Эң оор жаратты кайсы жылы алгансыз?
- Согушка 1941-жылы июнь айында жөнөсөм, эң оор жаратты 1942-жылдын аягында алдым. Госпиталга жатып, ал жактан чыккандан кийин эле кайра согушка жиберишти. Айла жок, ден соолугум жакшы болбосо дагы согушууга туура келген. Кыскасы согуш бүткөнчө төрт жолу жарат алгам. Акыркы жаратым бомба жарылып, ошондон болгон.
- Ал кандайча болду эле?
- Бутума ок тийип, операция болуп чатырда жатсам бомба ташташты. Ыргып барып карагайдын түбүндөгү көлчүккө түшүп калыптырмын. Эмне болгонумду билбейм. Бир өзбек хирург бар эле, ошол мени көрүп аман алып калыптыр. Болбосо мен ошондо эле жок болмок экенмин. Ал мени дарылап, жакшы болгондо Тбилисиге жөнөткөн. Тбилисиге барып дарыланып, кийин ал жакта тылда иштедим. Тбилисиде ооруканада жалпысынан жети айга жакын дарылангам. Жети айдан кийин ордуман туруп, балдак менен баскам. Айтор согуш учурунда көрбөгөн кордугубуз калган эмес, Кудай согуштун бетин ары кылсын
- Чыгармачылыгыңызды качан баштадыңыз эле, согуштан келгенден кийинби?
- Чыгармачылыгым мектепте окуп жүргөндө эле башталган. Ыр менен кыздарга кат жазчумун. Согуш учурунда туугандарыма катты ыр менен жазып жүрдүм. Келсем каттарым элге тарап кетиптир, кээ бирөө ыр кылып, обон салып ырдап да алышкан экен. Келип чыгармачылыкка баш отум менен киришип, Таласта облустук гезитте журналист болуп иштедим. Москвага барып окуп келдим. Кыскасы чыгармачылыгым ошентип башталган.
- Кийин жазуучулар союзунун төрагасы болуп да иштегенсиз да...
- Ооба, жазуучулар союзунун төрагасы болдум. "Пионер"- гезитинин редактору болгом. Эң негизгиси жогоруда айткандай эле чыгармачылыгым ошентип башталып, талантымды эл баалап, Кыргыз Эл акыны элем, Кыргыз Эл баатыры болдум. Албаган наам сыйлыгым калган жок, баарын алдым.
- Өлкөбүздө согушка катышкан ардагер аксакалдардан саналуу эле калды. Ардагерлерди мамлекет татыктуу деңгээлде баалай алды деп эсептейсизби?
- Кимди кандай баалады билбейм, мени мисалы мамлекет колунан келишинче эле сыйлап келген жана сыйлап жатат. Албетте биздин мамлекет Россия, Казакстан сыяктуу өнүккөн өлкөлөргө окшоп, ардагерлерге жогору жардам бере албасы белгилүү. Аны биз туура түшүнүшүбүз керек, себеби мамлекетибиздин экономикасы алсыз, акыбалыбыз оор. Эң башкысы өлкөбүздө тынччылык болуп, элибиз биримдикте болсо, бизге андан өткөн сый-урмат жок.
- Алган пенсияңыз өзүңүзгө кенен эле жетсе керек...
- Кудайга шүгүр, аз эмес. Аз болсо дагы биз болгонуна топук кылышыбыз керек, тилекке каршы азыр болгон сайын болсо экен деп топук кылганды билбеген адамдар аябай көбөйүп кетпедиби. Мени ошол нерсе абдан кейитет. Баары эле улунуп-жулунуп атышат, деги эмне болобуз билбейм.
- Жогору жактагылар 9-майда эле эмес башка учурларда дагы кайрылып, акыбалыңызды сурап турушабы?
- Башка учурда эч ким деле көңүл бурбайт. Бирок мен аны туура түшүнөм. Президентибиз Алмазбек Атамбаев элдин турмушун кантип оңдойм деп колунан келишинче аракет кылып иштеп жатат. Анын бизди эстеп көңүл бура тургандай деле убактысы жок. Былтыр Эл баатыры Сооронбай Жусуев экөөбүздү кабыл алып, "кандай көйгөйүңөр бар, бийликке нааразы эмессиңерби" деп ал акыбалыбызды сураган. Атамбаев өзү чыгармачылыкка жакын адам. Убагында китеп которуп, котормочулук менен алектенген. Жазуучулар союзунун мүчөсү. Чыгармачыл адамдардын абалын жакшы түшүнөт. Эгер Атамбаев саясатка аралашпаганда андан жакшы жазуучу чыкмак
- Акыркы кездерде эл бузулду, маданият жок болуп баратат деп жатабыз, бул боюнча эмне айта аласыз?
- Бул эми жүрөктү өйүтө турган өтө кейиштүү маселе. Бул жөнүндө сөз кылгым да келбейт. Акыркы учурларда ишенсең, телевизор көрүп, радио уккум да келбей калды. Не бир шумдук окуялар болуп жатат. Деги келечегибиз кандай болот, эртеңки жаш муун, силердин келечегиңер кандай болот билбейм. Эгер бул бойдон жүрүп отурсак, анда мамлекетибиздин келечеги кыйын болуп калабы деп чочулайм.
- Жалпысынан канча китебиңиз чыкты?
- Отузга жакын, архивден күнүгө чалып сурап жатышат, "жазгандарыңызды алып келип өткөрүңүз" деп. Уулдарым алып барып өткөрүш керек эле, убактылары жок, өткөрө албай жүрүшөт.
- Акындардан кимдерди баалайсыз?
- Улуулардан Шайлообек Дүйшеев, Анатай Өмүрканов, Кыялбек Урмамбетов орто муундардагылардан Зайырбек Ажыматов, Нурлан Калыбеков жакшы жазып жүрөт. Кыздардан Шербет Келдибекова, Сагын Акматбекова сыяктуу таланттуулар бар. Көптөрү келип ырларын окуп берип, акыбалымды сурап турушат.
- Уул- кыздарыңыздын арасында сиздин жолду жолдоп, чыгармачыл болгондору барбы?
- Эки уул, эки кызым бар. Бирөө да менин жолумду жолдогон жок. 7-неберем бар, алардан деле чыгармачыл, таланттууларын байкаган жокмун. Эки чөбөрөм бар, ошонун бирөөнөн бир нерсе чыгабы деп жүрөм. Негизи улуу кызым чыгармачылыкка жакын болуп, Россиядан балет бийи боюнча билим алып келген. Кийин ооруп, бийин таштап койду. Болбосо ошол кызым бийчи болмок.
Маектешкен
Мирлан Алымбаев












??.??