presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз гезиттер
Жеңиш күнүнө карата...
Жекшен Дүйшеев,
элине эбегейсиз
эмгек өтөгөн...

Жекшен Дүйшеев 1922- жылы 22-августа Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Ак-Сай айылында туулган. 1938-жылы Каракол шаарындагы педогогикалык окуу жайына тапшырып, 1941- жылы окуусун бүтөөрү менен эле улуу Ата-Мекендик согушка чакырылган. Өзүнүн тың, жана билимдүү болгондугуна байланыштуу капитан-командир, дивизиянын башчысы болуп, дайыма алдыңкы катарда жүргөн. Согуш башталгандан бүткөнгө чейин катышып, денесинен үч жолу, тактап айтканда эки оор, бир жеңил жарат алган. Ошентип, 1945-жылы согуш аяктаган соң, Кыргызстанга кайтып келип, Фрунзе шаарындагы аскердик Академияга окууга тапшырып, 1947-жылы аталган окуу жайды ийгиликтүү аяктап, димломдук ишин англист тилинде жактаган. 28 жашында подполковник чинине ээ болуп, ошондон тарта бир катар жогорку аскердик кызматтарда жетекчи болуп иштеген. Мисалы Талас облустук аскер комиссаратынын, Фрунзе шаардык аскер комиссаратынын жетекчиси, ошондой эле Жалал-Абад обл "потребсоюзунда" дагы жетекчи болгон. Кыскасы баатырдын өмүр таржымалына токтолуп отурсак, көп эле мамлекеттик кызматтарда иштеп, мамлекетке ат көтөргүз эмгек өтөптүр, атасынын эмгегин эскерип, небереси Асыл Дүйшеев, бизге буларды айтып берди.


- Асыл мырза, атаңыз кандай адам эле?
- Атам жөнөкөй киши эле. Зоболосу артып, мамлекеттик кызматтарда иштеп турса дагы бой көтөрүп өйдө караган жок. Дайыма эл менен болчу. Согушка катышып, кан кечип келгендиктен болсо керек, дайыма өлкөдө тынчтык болсо экен деп тилээр эле. 24-мартта Акаев бийликтен кетип, өлкөдө баш аламандык болгондо аябай кейиген. 2010-жылдагы апрель революциясын көрбөй калды. Эгер аны көргөндө кандай болот эле билбейм.
- Кайсы жылы каза болду эле?
- 2008-жылы 84 жашында каза болгон.
- Көзүнүн тирүүсүндө мамлекет эмгегин татыктуу деңгээлде баалай алдыбы?
- Кудайга шүгүр, жакшы эле баалады. Кыргыз Эл баатырынан башка алчу наам, сыйлыктын баарын алган. Көпчүлүк ардагерлер сыяктуу эле 9-майда жеңиш аянтына барып, аталган майрамды эл менен бирге тосоор эле. Достору аябай көп болчу. Дайыр Асанов, улуу акын Аалы Токомбаев, Таштанбек Акматовдор менен жакын дос эле. Дайыр Асанов менен өмүр бою бирге жүрдү, баары менен жакшы мамиледе болуп, баары тең атамды сыйлап турушчу.
- Согушта болгон окуялардан сиздерге айтып берчү беле?
- Жок бизге эч нерсе айтчу эмес, биз деле кызыгып сурабаптырбыз. Азыр өкүнөм, сурап калсак болмок экен деп.
- Канча баласы бар эле?
- Эки уулу бар. Мен болсо небересимин. Уул, неберелерин үйлөп, биздин сый-урматыбызды көрдү. 9-май биз үчүн чоң майрам. Аталган майрамды жылына жогорку деңгээлде майрамбдайбыз. Согушка катышкан ардагерлерди ардактап, аларды алаканга салып сыйлап алуу биздин эң негизги милдетибиз.





Китеп окуп, китепти сүй..
Кален Сыдыкова, жазуучу, публицист:
"Китеп адамдын түбөлүк жан шериги.."
- Кален эже, 23-апрелде бүткүл дүйнөлүк китеп күнүнө карата китеп күнүн белгилеп, "Ала-Тоо" аянтында атайын иш-чара өткөрдүңүздөр, быйылкы иш- чара буга чейинки иш-чаралардан эмнеси менен айырмаланды?
- Айырмачылыгы буга чейин акын- жазуучулардын эстелигине барып, гүл коюп алардын арбагына таазим кылуу менен өткөрүп келсек, быйыл борбордук аянтка атайын иш-чара уюштуруп, акын-жазуучулардын китептерин саттырдык. Ар бир басмакана басып чыгарган китептерин өздөрү алып чыгып сатышты. Ошондой эле облус, райондордогу авторлор дагы китептерин алып келип сатыка коюшту. Кыскасы китеп күнү жылдагыга салыштырмалуу жогорку деңгээлде өттү десем жаңылышпайм. Китеп күнү бир гана Бишкекте эмес облустарда, ал тургай райондордо дагы белгиленди.
- Китептердин басылып чыгуусуна мамлекет кандай көңүл буруп жатат?
- Маданият министри иш чараны уюштурууга жардам берди. Андан тышкары "Мурас" "Жеткинчек" деген аталыштагы сыйлыктарыбыз бар. Ошол сыйлыктардын байгелерин аталган министрлик каржылап берди. Андан тышкары жакында эле вице-премьер министр Камила Талиева атайын жыйналыш өткөрүп, китептердин жарык көрүшү, автордук укуктун корголушу боюнча бизден отчет алды. Учурда өлкөдө китеп дүкөндөрүнүн көбү менчиктештирилип кеткен да. Ошого байланыштуу быйыл буюрса, жер-жерлерде мэрия тарабынан жер бөлүнүп берилсе, китеп дүкөндөрүн курсак, деген жакшы иш-аракеттердин үстүндө иштеп жатабыз. Аны менен эле чектелбей, жогорку окуу жайларына дагы китеп дүкөндөрүн ачсак деген оюбуз бар.
- Айыл жерлерине китеп жетпей жаткандыгы белгилүү, бул боюнча кандай иш- аракеттерди көрүп жатасыздар?
- Буюрса жогоруда айткандай эле китеп дүкөндөрү курулуп калса айыл жерлери аз болсо дагы китеп менен камсыздалат го деген ойдомун. Китеп эле эмес, азыр китепканачылардын алган айлыктары дагы абдан аз. Аны жогорулатуу керек. Биз китеп палатасынын астында атайын китепканалык коллектор түзүү боюнча жогору жакка кайрылдык. Эгер жогору жак биздин сунушубузду колдоп, аталган коллекторду түзүп берсе, анда биз бир топ жакшы иштерди аткарабыз. Эң негизгиси каражат керек, каражат болсо эле иш алга жылат.
- Учурда "китеп окуган киши жок, китеп окулбай калды"- деп жатабыз, буга кошуласызбы?
- Мен китеп окулбай калды дегенге кошулбайм. Окугандар окуп эле жатат. Союз убагында деле окулбай калды деп, бирок окугандар окуп эле келишкен. Китеп бул адамдын түбөлүк жан шериги, китепсиз жашоону элестетүү мүмкүн эмес.
- Бүгүнкү күнү колго алып, окуй тургандай жакшы китептер жазылып жатабы?
- Китептердин сапатын мен жаман же жакшы деп айта албайм.Ар кимиси алына, деңгээлине жараша китептерди чыгарып жатышат. "Көч бара-бара түзөлөт"-дегендей убагы келгенде жакшы китептер жазылат го деген ойдомун.
Бетти даярдаган
Мирлан АЛЫМБАЕВ










??.??