presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз гезиттер
Дин...
Рахматулла ажы Эгембердиев,
Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын муфтийи:
"Биз кечиримдүүлүк
кылып жатабыз"

- Рахматулла ажы, жакында Кыргызстан жана Орто-Азия мусулмандар конгрессинин төрагасы Бакыт Нурдинов сизди 2011-жылы Ажы умра борборунда менеджер болуп турганда ажылык визаларды чет өлкөлүк жарандарга саткан деп күнөөлөп, быйыл дагы ошондой болушу мүмкүн экенин белгиледи. Сиз буга эмне дээр элеңиз?
- Эми коомчулук жакшы билишет, Бакыт Нурдиновдун ою, түшү жалаң ажылыктын тегерегинде интрига жаратуу. Буга ал жедеп машыгып бүткөн. Анткени ажылыктан бир нерсе "жеп" көнүп калган. Кандай конференция берсин ажылыктан башка эч маселе айтпайт. Мурунку муфтий Чубак ажы Нурдиновдун жок нерселерди чыгарып чукулай бергенинен тажап, Ажылык умра борборун көзөмөлдөө комиссиясынын төрагасы кылып кызматка алган, жаны жай алсын деп. Ошондон кийин айлык алып, ажыга бекер барып келип, унчукпай калган. Ага дейре раматылык Мураталы ажы Жумановду, Роза Исаковнанын тушунда президенттик аппараттын жетекчиси Эмил Саламатовичти дагы жаманатты кылып, ар түрдүү маалыматтарды тараткан. Мен муфтий болуп келгенде Чубак ажы: "Бакыт Нурдиновду кызматка алып койсоң, тынч иштейсиң. Болбосо сизди дагы чукулайт" деп айткан.
- Демек, сиз кызмат бербей койгондон улам, жалаа жаап жатабы?
- Ошондой десек болот. Чубакы ажы муфтийликтен кеткенде, Ажылык умра борбору жоюлуп, кызматтан бошоду. Кийин Ажылык умра бөлүмү ачылды. Ошондо мени кызматка алгыла деп келди. Мен ошондо "Чубак ажыны чуңкурга түркөн силерсиңер" деп кызматка албай койгом. Андан соң акча сурап келди. Акча бербей койсок, "силерге көргөзөм" деп ар кайсыны айтып шантаж кылды. Муфтий болгондон кийин кой эми кечирейин деп кечиргем. Өткөндө дагы акча сурап келди. Биз бербей турганыбызды айттык. Анткени Нурдинов муфтиятка 20 миң сом жана 6 миң доллар карыз.
Кызыгы Кыргызстан жана Орто-Азия мусулмандар конгрессинин атынан сүйлөп жатканы таң калтырат. Мындай мусулмандардын таламын талашкан конгресс Казакстанда, Өзбекстанда, Тажикстанда эч жерде катталбаптыр. Биз бул боюнча аталган өлкөлөрдүн муфтийлерине "ушундай аталыштагы конгресс барбы, силер менен кызматташабы" деп кат жолдосок, алардан эч кандай мындай конгресс жоктугун, тааныбай турушканын билдирген расмий кат келди. Өзүбүздүн өлкөдө дагы бир топ уюмдарга кайрылдык, алар дагы Кыргызстан жана Орто-Азия мусулмандар конгрессин тааныбай турушканын айтышты. Биздин Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы, Уламалар кеңеши да аталган конгрессти тааныбайт. Бакыт мырза өзү эле аталган уюмдун атынан ар түрдүү чагымчыл аркеттерди жүргүзө берет экен. Аты улук конгрессти өз алдынча түзүп алып ар кайсыны сүйлөгөнү болбосо, мусулмандардын көйгөйүн көтөрүп иш-чара өткөргөнүн көрбөдүк. Же соопчулук үчүн кайрымдуулук иштерин жүргүзгөнүн көргөн жокпуз. Ал түгүл өзүнүн намаз окуганын байкабадык. Керек болсо офиси жок. Ошондуктан, экстремисттик уюмга, же мусулмандарга каршы иш кылган еврейлерге таандык иштерди жүргүзөбү деп шектенесиң. Мындан этият болуш керек. Себеби, бүгүнкү күнгө чейин бузукулук гана иштерди жасап келе жатат.
- Бул конгресс биздин Юстиция министрлигинен каттодон өткөнбү, жана Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссияcы тааныйбы?
- Юстиция министрлигинен каттоодон өтүптүр. Бирок жообосунда эмнелер жазылганын билбейбиз. Ал Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссияcы бул конгрессти тааныйбы-тааныбайбы анысын билбейт экенмин.
- Кыскасы, Нурдинов сизди шантаж кылып жатыптыр да?
- Албетте, жөндөн-жөн каралап, шантаж кылып жатат. Нурдиновдун айткандарына менин эч тиешем жок. Ал мени эле жамандап, каралабастан, Уламалар кеңешин дагы "сойкулар" деп жаманатты кылган. Учурда Нурдинов "облустук казият ажылыкка бөлүнгөн квоталарды сатып жатат" деп маалымат таратты. Айткан сөзүн далилдеп берсин. Тилекке каршы далилдей албайт. Себеби квоталар бөлүнө элек. Ажылыкты уюштуруу иштери али баштала элек.
- Эмнеге анда ушундай каралоолордон кийин Нурдиновду сотко бербейсиздер?
- Албетте, берсек болмок. Бирок биз кечиримдүүлүк кылып жатабыз. Мухаммед пайгамбарыбыз да кечиримдүү болгон. Андыктан биз "бир карын майды бир кумалак чиритет" болгон неме менен талашып тартышкыбыз келбейт. Бирок такыр эле каралаганын токтотпой, ар кандай жалган маалыматтарды таратып, аброюбузга шек келтире бере турган болсо, сотко бергенге аргасыз болобуз.
- Быйылкы ажылык иштерин уюштурууда кандай өзгөчөлүктөр бар?
- Мурун ажылыкка барчулардын тизмеси ар бир облуста өз-өзүнчө каталса, эми анын баары бир жерде катталып, документтер бир жерден кабыл алынат. Бул иштер менен атайын түзүлгөн комиссияга гана иш алып барат. Ар бир ажыга барчу адамга ордер берилет. Ордер эки копиядан болот. Бири ажыларды каттаган адамда болот, бири ажыга бараткан адамга берилет. Ар бир ажыга барчу жаран ордерди паспорту менен келип, акчасын төлөп алат. Квотаны сатып ийди, же ортомчулар аркылуу сатылып кетти деген көрүнүш болбойт. Ажылыкты уюштуруу иштери боюнча маалыматтар ачык-айкын hadj.kg сайтына жарыяланат. Квоталар айылдык деңгээлге чейин тең бөлүштүрүлөт. Бүгүнкү күндө квоталар бөлүштүрүлө элек.
Ажыга барчу 49 адамдан бир группа түзүлөт, 49унчусу ажы башчысы болуп саналат. Төрт группадан бир самолётко түшөт. Буюрса, качан жөнөшөт, кайсы мейманканага жайгашат баарын эрте кабарлайбыз. Учурда 3000 кишиге Меккеден мейманкага орун даярдап койдук. Ушул айдын аягына чейин дагы 1500 кишиге орун даяр болот.
- Быйыл ажыга барчу каражаттын суммасы канча болот?
- Барып-келген жол киреси, меймаканасы, тамак-ашы болуп 2250 долларды түзөт. КМШ боюнча эң арзан баа Кыргызстандыкы. Маселен, Тажикстанда 3400 доллар, Россияда 4600 доллар, Казакстанда 3300 доллардан башталат, Өзбекстанда 4200 долларды түзөт. Афганистанда 3200 доллар. Африканын Гана сыяктуу бир катар өлкөрүндө 2200-2700 евро. Бизге караганда Сауд Аравиясына жакын. Кыргызстандагы ажылыкты уюштуруудагы мындай арзан баадагы шартка карабай, кайсы бир адамдар нааразы болушуп, туура эмес сындарды айтып, жалган жалаа жаап жатышат.
Мына ушул эле Бакыт Нурдиновдор былтыр ажылыкты уюштурганда 2500 доллар деп баа коюшкан. Ажыга барчулардын 80 пайызы акчаларын төлөп коюшуптур. Мен ажылык башаталаарга эки айга калганда муфтий болуп келип, аталган бааны 2250 долларга түшүрүп, артканын кайрып бердим. Ажыга барып келгенге жарандарыбызга 2250 доллар жетти. Ошондо 4500 визаны 250 доллар көбөйтсөк 1 миллион доллардан ашык каражат болот. Ал акчаларды кайда кетмек? Кимдин чөнтөгүнө түшмөк? Ушул жагын дагы эске алыш керек.
Дагы белгилей кетчү жагдай, мурун ажылык 49 күнгө созулса, биз былтыр 28 күндүн ичинде ажыларды алып барып, кайра алып келдик. Быйыл бул мөөнөттү дагы кыскарталы деп жатабыз.
- Коомчулукта жогорку кызматтагы адамдар атайын турфирмаларды түзүп, ажылыкты уюштуруу иштерин өздөрүнө алуу аракетин көрүп жатышат деген сөздөрдүн чындыгы барбы?
- Сиз айткандай маалыматтар айтылып жатат. Мамлекеттик жогорку кызматта иштеген айрым адамдар тарабынан турфирмалар ачылып, быйылкы ажылыкка бөлүнгөн квоталарды бөлүп алуу боюнча аракеттер көрүлүп жатканы сөз болууда. Анткени алар квоталарды ар кандай баада сатып пайда көргүлөрү келишет. Маселен, биз ажылык сапарды 2250 доллардан уюшутуруп жатсак. Алар 3500 кылып коюшу мүмкүн. Себеби аларга эч ким чек кое албай калат. Бирок бул нерсеге жол берилбейт.
- Учурда муфтият кандай реформаларга барып жатат?
- Жалпы медреселердин сапатын көтөрүү багытында иштер жүрүп жатат. Жакында эле бул боюнча чоң семинар өткөрдүк. Жети кадамдагы салттуу диндин негизинде, азыркы талапка ылайык жаңы предметтерди киргизип, атайын окуу стандартын даярдадык. Эми уламалар кеңешинде каралып, бекитилет. Буюрса келерки жылы окуу процесстери жаңы программанын негизине жүрөт. Мунун баары Урматтуу Президентибиз Алмазбек Шаршеновичтин салттуу динге болгон көз карышынын түздүгү, тереңдиги менен көп иштерди жасообузга дем берип жатат.
| Башталышы 5-бетте |
Мына жакында Халал комитетин ачтык. Бул Халал комитетинен каттоодон өткөн азыктарды мусулмандар ойлонбостон алса болот. Буга биз кепилдик беребиз. Бирок биз эч кимди биздин комитеттен каттоодон өткүлө деп мужбар кылбайбыз. Ал ар бир фирманын өз ыктыяры.
Жаштар арасында өзүн-өзү өлтүргөн жаштардын көбөйүшү, рекетчилик, миграция маселесинин өрчүшүнөн улам, аталган көйгөйлөр боюнча иш алып барган Жаштар бөлүмүн ачтык.
Колунда жок, жарды жарандарыбызга ар дайым кайрымдуулук көрсөтүү багытында атайын фонд уюштурганы жатабыз.
Мындан башка дагы бир топ иштерди жасап жатабыз.
- Бүгүнкү күндө даават маселеси коомдо ар түрдүү пикирлерди жаратууда, бул багытта кандай иштерди жүргүзүп жатасыздар?
- Даават деген динге чакыруу деген сөз. Муфтияттын алдында даават бөлүмүн ачсакпы деп турабыз. Учурда консепция иштелип жатат. Чындыгында дааватчылардын кийими ар түрдүү пикир жаратып жаткандыктан, өзүбүздүн климаттык шартка ылайык келгендей тартипти, диндеги эң баалуу этика-эстетика боюнча эрежерлерди консепцияга киргизип жатабыз. Буга дааватчылар да макул. Мындан сырткары коопсуздук эрежелери дагы иштелип чыгат. Анткени дааватчылардын арасына тескери нуктагы диний экстремисттик уюмдар кирип алышып, туура эмес иштерди жасашы мүмкүндүгү айтылып келет. Ошондуктан дааватта динге чакыруудан башка, саясий же башка чакырыктардын болушу көзөмөлдөнөт. Албетте, буга бир эле муфтияттын чаркы жетпейт, ошол себептен укук коргоо органдары дагы көмөк көрсөтүшү зарыл.

- Мектептерге дин таануу сабагын киргизүү зарылдыгы көтөрүлүп жатат. Сиз буга кандай карайсыз?
- Бул маселе абдан орчундуу маселе. Мектептерге дин таануу сабагын киргизүү маселесин Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Осмоналиев көтөргөн. Бул боюнча мыйзам долбоору иштелип жатат. Бирок али чийки, бир топ толуктоолор киргизилиш керек. Биз өз сунушубузду бергенбиз. Албетте, дин таануу, же ыйман сабагын мектеп программасына киргизип, окуучуларга диний түшүнүк берсек, жаштардын туура эмес жолго түшүп кетүүсүн, же башка бир терс агымдарга кирип кетишин алдын-алган болот элек. Өнүккөн өлкөлөр дин таануу сабагын мектептерде окутуп жатышат. Биз деле талапка ылайык стандарттын негизинде окуу программасын иштеп чыгып, окутуп баштасак, оң натыйжасын берет.
Маектешкен Алмаз ТЕМИРБЕК уулу











??.??