presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз гезиттер
Кадам ушул…
БИЙЛИКТЕГИЛЕР ОҢОЛСО,
БИЗ КАЙДА КАЧМАКПЫЗ…

Атаганат, "кыргыз деген улуу, кыйын эл болгон" дегенди өткөн чакта эмес, мына азыр айтып турсак эмне! Тилекке каршы, ал мыкты баадагы сынды бүгүн бере албайбыз, анткени, бүгүн кыйын боло албай турабыз… Ошол мурун кыйындыгыбыз эмнеде эле? Бири-бирибизге күйгөн эл элек: маселен, кошунаңдын башына мүшкүл иш түшсө ага жардам бергиче шашып, анын кайгысын да, кубанычын да тең бөлүшүп дегендей... Жок, ал кезде ошол кошунаңа болгон ак көңүлүң кайсы бир жеке кызыкчылыктын айдамасында эмес, өз таза дилиң менен барчусуң да. Кошунаң байбы, эл башкарган кызматы барбы, ага карачу эмессиң да. Азыр бири-бирибизге күйгөн сапатыбыз өлдү! Колунда барга, кызматы чоңго ушунчалык "күйөбүз" дейсиң, тим элеби, тим эле…ошентип ийе таштайсың!

Тобо келтирип, топук кылган эл элек: илгерки кыргыздын жулунганы болгонун сыңар мисалдар менен айтпасак, жалпысынан көр оокатка кол шилтей мамиле кылчу да. Илгеркини кой, кийинки эле өткөн кылымдын 50-60-жылдарында азыркыдай көр оокатка жулунган ачкөздөр жок болчу, болсо, аша кетчү эмес да. Эми карачы, аялзат деле, жигитмин дегени деле "алсам-жулсам" деп жутунуп турганы, ошол карабашын жеген немелерге беш-он үйү болсо да аз, ошончо машинасы болсо, анысы да жетпей турат, эмнеси болсо ошонун баары аз! Ушул жерден адамдыгына тийишпей туруп Түлеевди, Келдибековду баш кылып далайды эстеп койсоңор мисалга жарап берет.
Улууну сыйлап, кичүүдөн ийменчүбүз да: кичүүлөр улуулардын жолунан туура өткөн болгон эмес, улуунун сөзү так аткарчу жазылбаган, бирок, бузулбаган мыйзам бар эле да… Усубалиев менен Акылбек Жапаров чабышкандай окуя кайдан болмок?!
Асыл баа аялзатыбыздын чыгдан жакта ыйманы куюлган өз дүйнөсү бар болчу, үйгө алды менен кирип, арты менен чыккан келиндерибиз бар эле, аныбыз айталаада калды. Гендер саясатына кенедей да кеп келтириштин кереги жок. Бирок, ал прогрессивдүү саясатты "эркектин үстүнө чыгып ал" дегендей түшүнгөн аялдардын жоон тобу пайда болду. Алардан качып кутула албайсың, демек, аял-эркек мамилесинин бузулганы деп бил. Мисал келтирем десең, Ош, Аламүдүн, Дордой базарына бар… анан да Жогорку Кеңешке барсаң, аялдардын гендер саясатын кантип өздөштүрүп жатканына күбө болосуң! Кашайып кал ай, андайлар да бар, Жолдошева менен Иманкожоеванын айтышы эле "бир зоот эшекке жүк" болуп жатпайбы!
Илгери эч нерседен кайра тартпаган кер мурут жигиттерибиз баралында болчу, көр оокатка жулунгандары болсо "жигиттик" деген аттан айрылып элден чыгып калчу, байлык чогултуу деген оору миңдин биринде болчу. Мурунку жигиттерибиз көр оокатка эмес, душманга жулунчу Мекенин коргоп! Кана, урматтуу окурманым, накта жигиттерден тизмелеп берчи?.. Көрдүңбү, дароо тизмелегенге далилиң аз, мыкты жигиттерибиз аз дегеним. Ии, өкмөт башындагылардан кимди кошосуң, Жогорку Кеңеште олтургандардан кимди кошосуң, дагы башка жерден издеп көрчү?.. Табылбай турганын карачы, кимди гана ата-бабаңдын баскан жолунан кайсы бир жосунсуз кылыгы "кызыл түлкүдөй" булт этет да турат. Аты аңыз болгондордон төгөрөгү төп келген тың чыкма бир кыргыз жигитин таппай турганыбыз, Атамбаев де, Текебаев де, Жээнбеков де, Сатыбалдиев де, Өмүркулов де, Султанов де, Мадумаров де, Исаков де, Бабанов де, Мырзакматов де, Чотонов де…чарчаганча "дей" бер. Бирок, кимди айтсаң да чоң, кичине "кара тагы"чыгып турганы!.. Байлык жана бийлик кумары нечен бир мыкты жигиттерибиздин баа-баркын тебелеп койбодубу! Нечен бир өрттөй жанган жигиттербиз ошол байлык жана бийлик дегендин тебелендисинде калып жок болуп жаткан трагедиялуу процессти кантип токтотор элек?! Андай жол жок, орустар айтмакчы "против лома-нет приема" дегендей болуп калды. "Заманыңдагылар бөрү болсо, бөрү болуп" жашагандан башка жолубуз деле калбады окшойт! Бул маселеде биротоло пессимист болбойлу, өрттөй жанган, адамдыгы да, билими да жогору, чын дилден элим деген азаматтарыбыз уулдарыбыз менен кыздабыздын арасында жок эмес. Бирок, алардын бийлиги менен байлыгы жок. Байлык менен бийликке тушалып турган заманда жогорудагыдай жигиттерибиз менен кыздарыбыз элине берчү позитивдүү таасири ишке ашпай жатканы. Мен ушуга таң калам: Кырк жыл жашап, элүү жыл жашап, алтымыш жыл жашап… ошол өмүрүндө урушуп жаткан эки адамды ажыратууга, бирөөнү бирөө муштап жатса болушуп коюга дити жетпеген, эркек аты бар немелер азыркы турмушубузга толуп кетти. Анан алардын көбү түптүз эле Манас бабабыз" деп кеп баштайт, ана эмесе кетти, кыргыздын баатырдыгын айтат, Манасты баш кылып эпостордогу баатырларыбыздын баарын санайт, анан бери келип Тагай бий,Тайлак баатыр, Ормон хан, Балбай… дейт. Алардын эрдигин өзү жасап жаткандай…телевизордон бакылдаганы канча! Эй, сен мушташты көрсөң ажыратып коюудан жүрөгүң түшүп катыныңдын дамбалына кирип кете таштайсың да анан Манастын балакетин аласыңбы!
Атаганат де, кыргызда сөз кудуретин баалаган сезим бар эле, анан да "уят өлүмдөн катуу" деген укмуштуудай сокку уруучу күчү бар маани да кошо жашачу… Эмичи? Эмиң курусун! Бирөөнү сөзгө жыгам деп аракет кылып көрчү катын болсо беттен алат, эркек болсо, тумшукка берет! Сөзгө жыгылбоонун классикалык үлгүсүн дале болсо Жогорку Кеңештен көрөсүң! Эми аларды чечмелөөгө аракет кылсаң, сенин сөзүң өлөр!
Жоготкон асыл баадагы сапаттарыбызды минтип санап отурсак андан жаңыларбыз, көкүрөк канатаарбыз… жоготкон мыкты сапаттарыбыз кайдан кайтмак, келбес жакка кетип тынды окшойт. Мына ошолорду кайра кайтара алар белек? Чөгөлөй сурансак, боздоп турсак, жалынып турсак кайтар беле кеткен ыйман?! Данкодой жүрөгүбүздү сууруп жол көрсөтүп берсек кайтар беле Улуулугубуз?! Кайтпай калсын! Эми алар кайрылбайт күтпө деле! Ошондой болгондон кийин бир айла калат-сапаттарыбыздан "карала каптын кагынчык" калгандыр мына ошолорду бүт дитибиз менен "кийинтип-ичинтип" алсак, коркунучтуу заманыбызга каршы тура алган сапаттарыбыз ишке жарап бере алар беле?! Момуну билип коелу: эгерде жеп-ичкенди токтотсок, бийликке жулунганды тыйсак эле баары ордуна келет. Антүүнүн ордуна күчөп жатпайбызбы!
Эркиндикке чыккан күнүбүз деп майрамдаган күнүбүз бар, баланча жыл болду деп айтканга старт алган жылыбыз бар, ырдап-бийлеп майрамдаган болобуз. Анан майрамдын эртеси да болот, ошондо "бул эркиндик бизге эмне жакшылык алып келди?" деген көңүл чөктүрүп салчу сурообуз бар. Көңүл чөктүргөнү ошол: эркиндик алдык дегенден баштап элибиздин ыйманы кетип турганы. Эркиндик алгандан кийин өз жолубузду өзүбүз чаап, ал жолдо мүдүрүлбөй басышыбыз керек эмес беле. Андай болбой турат, коркунучтуу парадокс! Аны пайда кылган "импорт сапаттар" болду. Айталы, "мыйзамдар бузуу үчүн жазылат" жаатындагылар. Кыргыздын менталитетинде сөз бергенден кийин аткарыш керек дегенибиз жоголуп турганына деле айла жок болуп турат, көнөлү, бирок, жазылып турган, аткарууга милдеттүбүз деген жана мыкты жаттап алган мыйзамдарды бузуп, ошол бузуу процессин кадимки эле күнүмдүк турмушка айландырып алганыбыз бүтүндөй турмуштун ишмалдасын чыгарып жатпайбы. Демократия дегениң бийликтин хаосу эмес, анархиясыдагы эмес, мыйзамдын диктатурасы экендигин карандай жаттап алганыбыз менен дилибизге сиңире албай келебиз, дилге сиңбеген нерсе пайдаланылбайт да. Анан эң жаманы-элдин көз алдында турган жетекчилерибиз мыйзам бузуу жолун чаап берип жатпайбы, "орустардын балыгындай башынан сасып". Эгерде жетекчилер жалаң гана мыйзам жолу менен басса, анда башкаларыбыз кайдан тейтектейт элек. Балээнин баары, ошол балээнин дал өзөгү жетекчилерибизде болуп жатпайбы! Аларың болсо, мыйзамды өздөрү бузат да "сен мыйзам бузчу болбо" деп сөөмөй кезейт! Анысы бокко жарабайт!
Биринчи иретте жетекчилер оңолсо, анда бузулган элди көрөйүн!

Баратбай АРАКЕЕВ












??.??