presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз гезиттер
Сүйүнчү, сот соттолду!
2011-жылдын ноябрь айында УКМКнын кызматкерлери тарабынан Токтогул райондук сотунун судьясы Ж. Эгембердиев жол кырсыгына күнөөлүү адамды кылмыш жоопкерчилигинен бошотуу маселесин оң жагына чечип берүү үчүн 15 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалган эле. 2012-жылдын май айында Жалал-Абад шаардык соту Эгембердиевди күнөөлүү деп таап, шарттуу түрдө 6 жылга эркининен ажыраткан болчу. Бирок ушул жылдын 13-мартында Жогорку Сот Ош облустук прокуратурасынын көзөмөл даттануусу боюнча Ж.Эгембердиевге карата шарттуу түрдө соттоо тууралуу Жалал-Абад шаардык сотунун жана Ош облустук сотунун чечимин жокко чыгарып, жаза өтөө колониясында 6 жылга эркининен ажыратуу өкүмүн чыгарыптыр. Мына сага, Кыргызстанда да соттор соттолот экен. Оңолот деген ушу. Бизде "карга карганын көзүн чукубайт" -деген принцип бар эле. Бул жолу ал принцип бузулуптур. Демек, бул жакшы жөрөлгө. Мындан ары да ушул жол менен кетсек экен ылайым...


Кожомкуловдун кожосу ким?
Эмгекчилердин эл аралык күнүнө карата ЖоКенин иш башкармалыгынын чоңу Алмаз Кожомкулов бир катар кызматкерлерди иштен алгандыгы тууралуу буйругун даярдап, белегин белендеп койгон экен. Профсоюздун 4 кызматкерин иштен алган Кожомкуловдун кылыгына кыжырдангандар маалымат жыйын өткөрүп, "бул эргулдун өзүм билемдигине каршы турчу жан барбы?" деп парламент башчыларына "жалбарышты". Буга чейин дагы ЖК иш башкармалыгынын башчысынын дарегине ар кандай ачуу сындар "агылганына" карабай, Кожомкулов кол алдындагыларын "кокуйлатканын" койбоду. Бир ирет иштен айдалып, камырабай кайра келген жайы да бар. Кыязы колдогон кожосу мыкты көрүнөт.


Ташиев Чыңгызхан да, Батукаев да эмес, бирок...
Ак-үйдү аттап, өздөрүнүн бийлигин өздөрү басып алмакчы болушкан, "Ата журттун" "акылдан адашкан" үч депутатынын соту кечээ Бишкек Шаардык сотунда уланды. Ташиев ал сот отурумунда: "Бүгүнкү сот процесси саясий буйрук. Мен Батукаев эмесмин. Өмүр бою кылмыш кылып, адамдарды өлтүрүп, 18 жылга кесилген Батукаевди баш прокурор адвокат болуп мамлекеттен чыгарып атасыңар. Мен эл шайлаган депутатмын. Мен кылмышкер эмесмин. Мен бүгүнкү күндө саясий туткунмун. Буларды темир тор артына камап, эркин сындырабыз деген адамдар терең жаңылышат. Мен сынбайм, аягына чейин турам. Бирок адилеттүүлүктү сиздерден суранам,"-деп туталанды. Туура, Ташиев Чыңгызхан да, Батукаев да эмес. Бирок Батукаевдей киши өлтүрбөсө да, өткөн жылдын 3-октябрындагы акылга сыйбас жоругу Батукаев жасаган кылмыштардан ашпаса да, асты кем калган жок. Анткени, Ташиев, Жапаров, Мамытов, Кожоналиевдер ал күнү мамлекеттин кадырын кетирип, бүт дүйнөгө шылдың кылды. Ал эми мамлекеттин аброю эл аралык аренда таза жана жогору болушу зарыл. Анын кадырына доо кетиргендер, өз жазасын алууга тийиш. Ошон үчүн, Ташиевдер бүгүн эч кандай саясий туткунда олтурган жери жок. Бул алардын кезектеги бет тырмарлыгы. Болгону кылган иштерине жооп берип жатат. Аларды темир тор артында эч ким сындырайын деген жок. Себеби, Ташиев эч ким эч нерсе дей электе эле, тактап айтканда Биринчи май райондук сотунан эле кайраты кетип, жаш баладай ыйлап, сынган болчу. Демек, түштөн кийин төш каккандын канчалык кажети бар? Же ал жарашсачы? Кыскасы, Ташиев, Жапаровдор эмне деп айтса, айта берсин, тил да, ооз, сөз да өздөрүнүкү, бирок Шаардык сот булардын өз жазасын берип, туура чечим чыгарышы зарыл!


МАИде майрам башталат
ИИМ башчысы Абдылда Суранчиев эми гана иштеген түр көрсөтө баштады. Баягы реформаны аягына чыгараарын жар салып, ИИМдин ичин тазалайм деп күпүлдөдү. Аттестациялык комиссиядан өтпөгөн далай МАИчилерди иштен алаарын ачык айтты. "Чоң иш башталды. Мисалы Нарында аттестациядан кызматкерлердин 30 пайызы өтпөй калды. Жакында Ошто баштайбыз. Жалпы республика боюнча кызматкерлердин 40 пайызы аттестациядан өтө алышпайт. Алардын баарын кызматынан кетиребиз. Анан сынак өткөрүп, компетентүү кызматкерлерди тандайбыз" -деди. МАИ кызматы айлыгы аз болсо дагы Кыргызстандагы эң май-талкан мансаптын бири. Ала таяк көтөрүп көчөдө турсам деп кыялдангандардын саны оголе көп, "айлык албай эле иштеп берем" дегендери андан көп. Коррупциянын анык очогу болгон бул кызматка орношуу үчүн да оңбогондой акча керек. Бери жагы эле беш миң доллар керек экенин угуп-билип жүрөбүз. Республикабыздагы жол күзөтчүлөрүнүн 40 пайызы иштен айдалса, МАИ башчылары үчүн май айы чыныгы майрам болот окшойт. Же сурданган Суранчиев чын эле сынак менен компетенттүүлөрдү тандаганы атабы?


Башчылардын сакчылары көчөдөн келгендерби?
Мамлекеттин биринчи адамдарын кайтарган УКМКнын 9-башкармалыгындагы кызматкерлердин көбүнүн жогорку билими жок, интелектиси төмөн экендигин чекисттер өздөрү моюнга алууда. "Жогорку Кеңештин көзөмөл постторунда турган кызматкерлерибиз орто билимдин гана ээси. 10 миң сомдук маянага жогорку билимдүүлөр иштебейт. "Улуттук гвардия бизге балдарды аз бөлүп берди. Айла жок сакчыларды көчөдөн алууга туура келди. Улуттук гвардиядагылардын айлыгы УКМКныкынан жогору" - дейт 9-бөлүмдүн башчысы Зоотбай Досбаев. Бирок маселе жогорку билимде деле эмес, ар бир адамдын өзүнүн деңгээлине жараша болот эмеспи. Орто билимдүүлөрдүн баардыгы эле ороңдогон маданиятсыз, интелекти төмөн деп айтыш туура эмес го. Кызматкерлерди тандаганда тааныш билиштикке жол бербесе, 10 миң сомго иштейбиз деген маданияттуу, салабаттуу жигиттер толуп эле атат.


Папкеси менен партиясы барлардын парады
Демократиянын шаңыбы же эркиндикти сүйгөн элибиздин демиби айтор Кыргызстанда эмне көп, эркин гезит менен партия көп. Көпчүлүк калк аттуу-баштуу 10 чакты эле партиянын атын билбесе, калганынан эч кабары жок. Саясаттын сазайын окуткандар деле ашып кетсе 50 партиянын атын билет. А бизде каттоодон өткөн 184 саясий партия бар экен! Катталабыз деп катарга тизилгендери да канча? Бир катар чиновниктер менен эл өкүлдөрүнүн да жеке менчик партиялары бар. Алар кимдер? Абактагы Камчыбек Ташиевдин "Ата-Журтун", Өмүрбек Текебаевдин "Ата-Мекенин", Феликс Куловдун "Ар-Намысын" элдин баары жакшы билет. Булардан тышкары Турсунбай Бакир уулунун "Эркин Кыргызстан", Исмаил Исаковдун "Азаттык", Ыргал Кадыралиеванын "Жаштар демократиялык партиясы", Бакыт Төрөбаевдин "Өнүгүүсү", Эсенгул Исаковдун "Дыйкандардын жана жергиликтүү коомчулуктун партиясы", Айнуру Алтыбаеванын "Биримдик" деген партиялары бар.
Өкмөт мүчөлөрүнүн ичинен башбакан Жантөрө Сатыбалдиевдин "Бакубат Кыргызстан" деген партиясы бар экенин көпчүлүк биле бербесе керек. Экономика министри Темир Сариев "Ак-Шумкар", башсалыкчы Исхак Масалиев атасынан мураска калган "Коммунисттер", Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жана этностор аралык мамилер боюнча агенттиктин башчысы Накен Касиев "Элет", Мамкаттоонун башчысы Эрлан Сапарбаев "Ак Шам", Президенттин кеңешчиси Эмилбек Каптагаев "Улуу Биримдик", Германиядагы элчибиз Болот Отунбаев "Шаардыктардын партиясы", Акыйкатчынын орун басары Токтокан Боромбаева "Элмурас" партиясына ээлик кылат.


"Бузукулар" шайлоого катыша албайт
Борбордук шайлоо комиссиясы өткөндү эске алып, депутат болуп шайланып, кайра таратабыз деп демиккендердин демин басчу токтомун токуду. Мындан кийин жергиликтүү кеңешти таркатуу боюнча демилге көтөргөндөр кайра шайлоо болгондо талапкер болуп каттала албай турган болду. "Жергиликтүү кеңештерге болгон өткөнкү шайлоолор көрсөткөндөй, айрым депутаттар айыл өкмөт башчыларын же мэрлерди шайлоодо өздөрүнө ылайыксыз талапкерди кулатуу үчүн шайлоону атайын бузуп, кеңешти таркатууну демилгелешүүдө. Мындай демилге көтөрүп, жаңы чакырылыштын таркашына себепчи болгон депутаттар кайра шайлоо болгондо ага катышпайт" -деп жазылган БШК кабыл алган жаңы токтомдо.


Бакиевчилер баары оорукчан, Рахманов да соо эмес...
Кудайдан жөө качан Курманбек Бакиевдин ушу тапта түрмөдө жаткан жана сотто иши түшкөн куйруктары, туугандары бири калбай оорукчан болуп чыкты. Болгондо да өлүп кала турган курч жана "кымбат" оору менен оорушат экен, жөн оору менен орушпай. Башка шылтоосу жок калгансып, дароо эле "өлүп калат" деп коркутушат, же анысынан такыр "кабар" жок, кашайып калпын чыгарып. Мисалы, качып кеткен Акмат Бакиевди айталы, дагы бир качкын, Германияда операция болду деп айтылып жаткан депутат Нурлан Сулайманов, Нариман Түлеев ж.б. Эми мунун баары бүтүп, кармалып,тергөөсү бүтүп, соту ишке өткөн Пайзулла Рахмановдун соттук иши: "Рахманов инфаркт болуу алдында турат" деген шылтоо менен соттук ишин 15-майга жылдырышты. Булардын ден соолугуна мынча эмне кам көрүшөт? Бир сөз менен айтканда, бул бийликтин соттору менен укук коргоо органдары акмактар менен алкымы чоң, эл кукраткандарды кустуруп, жазалагандын ордуна, бапестеп жатып, ашмалтай болуп бүттү окшойт. Же акчанын кызыгы ушинтип таза жолдон тайдырабы?











??.??