Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Өкмөттүн өткөөл мезгили...
Майдан аман, жайдан эсен чыгабы?

Май майрамдары аяктаары менен кыргыз саясатынын казаны кайрадан кайнаганы турат. Парламентте КСДП фракциясынан башка баардык партиялар азыркы Өкмөттүн отставкасын каалап атышат. Оппозициялык "Республика" менен "Ата-Журтка" кошулуп, "Ата-Мекен" дагы ачык аракетке өтө баштады. "Ар-Намыста" да азыркы башбаканга болгон жеке таарынычтар күн санап күчөп барат.
Бул айда Жогорку Кеңеште Өкмөттүн "өпкөсүн үзчү" бир катар иштер пландалууда. Чу дегенде эле Азиз Батукаевдин Кыргызстандан чыгып кетиши боюнча парламенттик комиссия эмнени иликтеп, эмнени жиликтегенин айтып чыгат. Азиздин эркиндиги үчүн жогорку бийлик бутактары аралашып, кол кабыш кылганын, "чечек-чечендин" канында эч кандай коркунучтуу илдеттин белгиси жок экендигин комиссия мүчөлөрү азыртадан эле айтып чыга башташты. "Толук отчетто укмуштуудай фактылар бар" - деп аларың эмитеден эле бүйүрдү кызытып койду. Ушул эле айдын ичинде эл өкүлдөрү "Кумтөр" ишканасы боюнча Өкмөттүк комиссиянын жыйынтык кебине кулак төшөшөт. Далай депутаттардын популисттик ач айкырыгына, айрым опозициябыз дегендердин саясий куралына айланууга жетишкен "Кумтөр" чатагы азыркы Өкмөттү бир топ жүдөтөт окшойт. Бирок сөздүн ачыгын айтыш керек, Темир Сариев башында турган өкмөттүк комиссия кыргыз элинин кызыкчылыгы үчүн жакшы иш кылышты. Канадалыктар кенибизди казууда жана иштедүүдө табигый ресурстарды үнөмдүү пайдалануу, айлана-чөйрөнү коргоо, өндүрүш коопсуздугун сактоо жаатында мыйзамсыз иштер болгонун айткандан кийин Башкы прокуратура "Кумтөр" менен мыйзамсыз келишим түзүүгө барган бир катар мурдагы мамлекеттик кызматкерлерге иш козгоду. Бирок, буга карабай "кылдан кыйкым" тапкан жагынан астына ат салдырбаган депутаттар сөзсүз бир чуунун башын чубап чыгаары күтүлүүдө. Анан дагы жеке Жантөрө Сатыбалдиевге сокку урабыз деп "Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекциянын ишинин натыйжасын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиясы" алаканын ушалап, башбакандын башын катырабыз деп катуу даярдык көрүшүүдө. Бул убактылуу комиссиянын төрөгасы мурдагы премьер Бабановдун "жоокери" "республикачы" депутат Назарали Арипов. Ошондой эле аталган комиссияда "ар намысчы" Абдрахман Маматалиев деген бар. Анын Өкмөттө иштеген уулун Жантөрө мырза жалпайта чаап, кызматтан айдаган. "Келме кезек, терме тезек" деген ушу деп Маматалиев тишин кычыратып турган учуру. Ал эми Батукаевдин эркиндикке чыгышын иликтеп аткан комиссияда өңчөй "ата мекенчилер". Азыркы Өкмөткө тагыраагы Сатыбалдиевге алардын мамилеси анча эмес экенин эске алсак, бул да болсо эбепке себеп болуп атат. Айтор май айы Өкмөттүн өткөөл мезгили болот көрүнөт. "Аман-эсен" майдан чыгып, жайга жетип алышса, күзгө чейин "күрүлдөп" иштей беришсе болот. Албетте азыркы Өкмөт укмуш иштеп атат дегенден алыспыз бирок, жыл сайын Өкмөттү өзгөрткөндөн зыянынан башка пайдасын көргөн жокпуз. Парламенттеги айрым депутаттарыбыз жеке кызыкчылыгынан тышкары элдин да кызыкчылыгын ойлой жүрүшсө…
Эрнис Балбаков




Кудайберген Базарбаевге караганда, Өктөмхан Абдуллаева өйдө эмеспи...
Акыркы учурда "Ата-Мекенден" Кудайберген Базарбаев деген неменин таскагы таш жара баштады. Бул адам учурда Маданият жана туризм министри Султан "палвандын" орун басары. Текебаевди тегерене чуркаган, көзгө басар кадры. Саясаттагы салмагы сайдын ташындай болбосо да, сууга жуулган кумундай болоор. Адеп эле элге аты чыкканда да жаман атты болуп чыкты. Кадимки Борис Воробьев Орус драм театрын өзү каалагандай калчап турганда кезинде: " Базарбаев менен министр Ибрагим Жунусов менден 20 миң доллар пара талап кылышты" деп айкырып чыкканы бар. Кыязы, Борянын бул айтканы анча чындык болбосо да, ал маселе боюнча "бир мандем" бар десек болот. Текебаев эми өз партиясынан коомчулукка жаркырап чыккан инсан таппай калгансып, Базарбаевди кылычын кынына киргизип, гезитине кеткен Кылычбек Султановдун ордуна, тагырагы Социалдык өнүктүрүү министрлигинин ээрине мингизгени жатканы байма-бай айтыла баштады. Айтор, Өмүрбек мырза, кандай ботко чалса да, өз иши, болгону бул министрликке аштан-көчтөн калгандарды алып келе бербей, социалдык тармакты терең түшүнгөн, кесипкөй, тажрыйбасы мол адис адамды алып келсе, эл да ыраазы болот эле. Соцтармак жоголбой, оңолот эле. Андай адамдардын бирин мисалга алсак, ал саясат жана интрига менен иши жок, калк ичиндеги кадыры дурус, иштерман Өктөмхан Абдуллаева айым. Базарбаевди бул айым менен салыштырып эч бовойт. Балким ойлонуп көрөр... Кантсе да, Өмүкебиз, "карт карышкыр" эмеспи...




А. Князевди Кыргызстанга киргизбей коюу эң туура...
Орусия илимдер академиясынын чыгыш таануу институнун аймактык программалардын координатору Александр Князевдин Кыргызстанга кирүүсүнө тыюу салынды. Ал адам кыргыз элине тескери көз караштагы, бир топ жылдан бери чагымчылдык пикирлерди айтып келген, өзүнчө эле "сасыткы" болуп жүргөнү жалпыга маалым. Бул маселе боюнча Князев: "Жеке иш сапар менен Казакстанга 29-апрелде келгем. Кайра Кыргызстанга кайтууга аракет кылсам, "Ак-Жол" бажы постунан Кыргызстанга кирүүсүнө тыюу салган документти көрсөтүшүп өткөрбөй коюшту. Мени жогору жактан Кыргызстандын Чек арасы аркылуу өткөрбөө тууралуу акт беришкен экен. Бул саясий акт деп эсептейм. Ал менин кесиптик ишмердигим менен байланыштуу. Мындай нерсе Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы эки тараптуу мамилелердин позитивдүү өнүгүшүнө жардам бербейт" - деп айкырып чыкты. Эмне, бул эргулуң кыргыз эли тууралуу оозуна келгенди оттоп шыбай берсе, болот дагы, эки элдин ортосундагы мамиле позитивдүү өнүүгө берет экен да. Анан кылган ишине жараша минтип чара көрүп койсо, чаңырып чыгат. Кандай болгон күндө да, бул туура чечим. Айкыра берсин, абийири жок акмактар гана өз кылганын билбей ушинтип сүйлөшөт. Негизи, Князевдерге окшогондорду Кыргызстанга эчак эле киргизбей коюш керек болчу. Эми да кеч эмес, ушул чечимди бекемдеп, тынч жашап жаткан элди козутуп, тескери пикир айткандарды өлкөдөн айдап чыгыш керек.

"ФАБУЛА" - ПРЕСС




Билим берүү жана илим министринин орун басары
Кендирбаева Догдургүлдүн апасы
Сабира Асанбай кызынын
дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу
"Фабула" гезитинин эмгек жамааты көңүл айтат.