presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз гезиттер
Кечигип келген кат
Жоокердин
гимнастеркасынан
табышкан

Жеңиш! Көп күткөн жеңиш. Бул күндүн маанисин түшүнүү үчүн согуш деген эмне экенин билишибиз керек. Адамзат жаралгандан бери согуш деген нерсе болуп келген. Бул- талкалануу жана кыйроо, ый, кайгы жана өлүм.

Окумуштуулардын иликтөөсүнө таянсак, адамзат тарыхында 1400гө жакын согуш болуп, анда 3,5 миллиард киши набыт болгон экен. Мезгил өткөн сайын коом өнүгүп, согуш куралдарынын түрлөрү жылдан жылга көбөйө, коркунучтуу боло баштаган. Майда уруулук, улут аралык согуштар, саясый топтордун салгылашуулары, саясый түзүлүштөрдүн өз ара чыр-чатагы, ж.б. айтпаганда да, дүйнөлүк биринчи жана экинчи согуш алып келген зыянды салыштырып көрөлүчү. Биринчи дүйнөлүк согушка 36 мамлекет катышкан, 70 млн адам аскерге чакырылып, 10 млн адам каза болгон. Ал эми экинчи дүйнөлүк согушка 61 мамлекет катышып, 110 млн адам аскерге чакырылса, каза болгондордун саны 32 миллионго жеткен. Мына ушул цифраларды укканда эле адамдын үрөйү учуп, согуш эч качан болбосо экен деген тилек айтылат. Набыт болгондордун үй-бүлөсү шорго малынып, канчалаган үмүт- тилектер ишке ашпай калды дейсиз. Биз бүгүн сөз кылчу кат океандын бир тамчысы гана десек жарашат.
Саргарып, үлбүрөгөн кагазда кызыл сыя аркылуу латынча тамгалар менен кооздолуп жазылган ушу катты колума алып, аны жоокер өз каны менен жазгандай сезип кеттим. Бул катты Белорусиядагы пионерлер согушта окко учкан жоокердин гимнастеркасынын чөнтөгүнөн таап алышкан экен. Анан ал ошол жакта музейде сакталып, кийин гана өз мекенине жеткен. Аталган жоокер Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, Ысык-Көл областынын Түп районунун Талды-Суу айылынын тургуну Чериков Жамансарт деген адам. Биз аны Каракол шаардык ардагерлер кеңешинин күчү менен чыккан "Улуулар баскан жол- урпактар үчүн ыйык" деген китептин түзүүчүсү, К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун башталгыч билим берүүнүн педагогика жана методикасы кафедрасынын ага окутуучусу Арбаев Калыс агайдан алдык.
Согуш үчүн көптүн бири болуп, үй-бүлөсү үчүн кайталангыс бир опол тоодой карааны бар бул адамдын кооз тамгалар менен жазылган катын окуу биз үчүн өтө кымбат эле. Ошол согушту элестеткен саргайган кагазды кармалап, адам өмүрү ушу үлбүрөгөн бир тал кагаздан да морт экенин ойлоп, таң берет экенсиң.
"Алыскы Кыргыз ССРинин бир бурчу болгон Түп районунда туруучу акем Карасартка. Мен алыскы Фастон шаарында аскердик милдетимди аткарып туруучу иниң Жамансарттан" деп башталыптыр бул кат. Андан кан күйгөн согуш талаасында бейиштей көрүнгөн, тынч, бактылуу күндөрдү элестеткен Мекенине болгон сагынычты байкоо оор деле эмес эле. "... ушундай кырдаалды ким ойлоптур...Биз, советтик жаштар, ата-эне, ага-тууган, жеңе-карындаш, силер үчүн, жаңы-жаңы элдин эрки үчүн төрөлгөнбүз! Биз баарыбыз бирге дүйнөнү курабыз, бизден күмөн санабагыла"-дейт кат ээси.
Ал баардык тууган-урукту сурап келип; "Энемди ыйлатпагыла! Капа кылбагыла. Жакшылап баккыла, эгер аман-эсен бара турган болсом, баарыңарды чогултуп мен багам" дептир. Анын бул сөздөрүнөн Мекен менен энени бирдей коюп, аргасы жоктон энесине жете албай жаткан, өзүнө өтө ишенген кайраттуу азаматты байкадык.
Кат менен бирге 1938-жылы Каракол шаарындагы педагогикалык окуу жайы тарабынан кыргыз жана башка орус эмес мектептерде орус тили мугалимине даярдаган 8 айлык курсту жалаң жакшы баалар менен бүтүргөндүгү тууралуу күбөлүгүнүн көчүрмөсү салынган экен. Тирүү болсо, жаштар үчүн, эл үчүн далай пайда келтирет беле деп ойлойсуң. Кайран киши, кат жазып жатып бул кат өзүнүн көзү өткөндөн кийин сөөгү буюрбай калган Мекенине кайтып келет деп ойлобосо да керек. Ал катты жооптуу саргара күткөн энеси да, Карасарт агасы да окубай, канчалаган колдор кармап, анан бизге жетсе керек деп ойлодум каттын айрылган жерлерин бириктирип окуп жатып. Анын өлүмүн элестетип, үмүткө чулганган катын карап олтуруп көкүрөктө кандайдыр бир оордук сезилет...
Жумагүл БАРКТАБАСОВА




Кокуй качты, кармабагыла!

Масалиев тушунда бир монологум бар эле. "Эгерде мен депутат болуп калсам мектеп салам, клуб салам, жол салам, көпүрө салам, күйөөсү жокторго күйөө болом, аялы жокторго аял болом. Кыргызстандын тегерегин чарык жип менен курчап төрт тарабына төрт дарбаза куруп, төртөөнү тең аңырайтып ачык таштайм, каалагандар кире беришсин, жашай беришсин, каалабаса эшик ачык кете беришсин" деген. Аттиң, аябай эрте айтып салыптырмын, ошол монологум азыр болуп жаткандай сезилип жатат. Ким кирип, ким качып жатканын эч ким көзөмөлдөбөй калгандай. Ыя, айланайын мурдуңдун астындагы эмес, көзүңдүн түбүндөгү зектер ээн-эркин Кыргызстандан чыгып кетип атса, бул эмне деген шумдук?! Акча дегенде ата-энесин, бала-бакырасын сатып жиберчүлөрдүн коштоосу менен жай баракат чыгып кетти жанагы Батукаев деген неме. Ал эч тоскоолдугу жок мекенине жетип лезгинка бийлеп жатат. Эмне деген мамлекет болуп калганбыз? Менин породалуу итим бар, Бади деген. Былтыр жайында айылдан 3 литр бозо келген экен аябай ачып-кычып кетиптир, баарын итке куюп берсем ичип алып, сендиректеп көзү кыпкызыл болуп, дарбазанын түбүндө жатат. Кирип-чыккандарга үрмөк түгүл, баш көтөргөнгө дарманы жок. Биз дагы ошол дареметке келип калдыкпы деп корком.
Турсунбек Акун иним сен дагы окшошконсуп мени дагы сөзгө сөлтүк, кепке кемтик кылдың, каякка барбайын "Ой Кеке "сенин иниңдин эмне кылганы?"-деп туш-туштан жаалап атышат. Бири 100 миң доллар алыптыр, бири жок 20 миң доллар алыптыр" деген эле кеп. Алганың чын болсо мага дагы кайрылышчы, байболгур. Китеп чыгарып алып, анан сени актайын чырылдап. Эми сенин күнөөң жок болсо ошол качырууну уюштургандардын беттерин ачып чык, ошондо накта акыйкатчы болсуң. Антпесең чатак иш болуп калды. Болгон агалык акылым ушул. Атам Нияз айтчу эле өзү дагы согушка катышкан. Согуштан кийин ай сайын Сталиндин буйругун күтүп отурчу элек, кайсы тамак-аш, кайсы кийим-кечек канча пайызга арзандайт деп. Азыр эми биз ойлонуп жүрчү болдук "эми кимиси качып кетер экен" деп. Абакта жатышкан баш кесерлердин, чоң суммадагы акчаларды сунуштагандардын, жеп-ичкендердин, жаш-балдар, кыздарды зордуктагандардын тизмесин элге жарыя кылып койсоңор, элдин жүрөгүн түпөйүл кылбай. "Мынча пайызы качууга даяр, мынчасы качууга камданып атат, мынчасы үй камагына чыгат, мынчасы рак" деп. Ошондо чочубай жашайбыз "эртерек айтышпады беле качмактан кача беришсин" деп. Эми кезек кимдики болду экен?

Келдибек Ниязов









??.??