Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Алтынбек Сулайманов, "Республика" фракциясынын төрагасы:
"Республиканын" салмагы бир эле Бабанов менен өлчөнбөйт"
- Учурда кайрадан парламентте Өкмөт иштей албай жатат, отставкага кетириш керек деген маселе козголо баштады. Буга эмне себеп?
- Азыркы Өкмөттү шайлаганда биз оппозицияда калганбыз. Бирок өлкөдөгү экономикалык оор кырдаалга байланыштуу оппозицияда болсок дагы колдоого алдык. Анткени Өкмөт абалды оңдоп кетээр деген жакшы ниет, үмүт болгон. Тилекке каршы, бүгүнкү күндө коомчулук күткөндөй, биз ойлогондой жылыш байкалбай жатат. Жантөрө Жолдошевич өкмөт башчысы болгондо: "Тез аранын ичинде өзгөрүүлөр болот, реформалар жүрөт, экономиканы алдыга жылдырам" деп айткан сөзү иш менен шайкеш келбей жатат. Андыктан Өкмөт иштей албай жатат деген маселе бир эле парламентте эле эмес, эл арасында да айтылып жатат.
- Демек, Өкмөт башчысы убадасынын өтөөсүнө чыга албай жатат дейсизби?
- Ооба, ошондой десем болот. Албетте, дароо эле өзгөрүүлөр болуп кетпейт. Биз аны түшүнүп турабыз. Бирок 6-7 айдан бери аз да болсо алдыга жылуунун учкундары байкалбады. Мына кайсы тармакты караба, мейли Саламаттыкты сактоо, Билим берүү, Салык кызматы, Бажы тармагы, күч түзүмдөрүн алалы, баардык жерде көйгөй. Эч өзгөрүү жок. Ал түгүл артка кетип жаткандайбыз. Ошол себептен Өкмөткө болгон ишеним күн өткөн сайын төмөндөп жатат.
- Өкмөттү шайлап жатканда татыктуу Өкмөт башчысын, татыктуу министрлерди шайласа болот да. Эмнеге убагында ушул маселеге фракциясынын кызыкчылыгы үчүн көз жумуп коюп, кийин Өкмөт иштей албай жатат кетириш керек деп чыгасыздар?
- Туура, бул жаатта маселе бар. Чындыгында Өкмөт курамын татыктуу да, татыксыз да кадрлар түзүп калууда. Бирок негизги көйгөй башкада. Себеп дегенде кайсы тармактын жетекчиси алмашса, ал барган жеринин кадрларын иш тажрыйбасына карабай фракциясынын кызыкчылыгы үчүн алмаштырып салып жатышат. Ишти жылдырган ошол орто звенодогу кадрлар болот. Тилекке каршы, ошол нерсеге маани берилбей, ким кызматка келсе ошолордун жакын кишилери мурда иштеп жүргөн тажрыйбалуу адистердин ордун ээлеп, кадр саясатында башаламандык өкүм сүрүүдө. Натыйжада эл ичиндеги мыкты кадрлар фракциялардын курмандыгы болуп калууда.
Мына биринчи коалиция чачырап, экинчи коалиция түзүлгөндө "Ата-Журттун" кадрларынын иштей алганы да, иштей албай жатканы да бирдей кызматтан алынып, көпчүлүк коалициясынын адамдары коюлду. Азыр болсо жалаң "Республика" фракциясынын кадрлары иштен алынып жатат. Тилекке каршы, ушул көрүнүш токтомоюн алдыга жылбайбыз. Эми бул качан токтойт айтыш кыйын.
- Бабанов Өкмөт башчысы болуп турганда деле бир топ кадрды деңгээлине карабай эле иштен алып, "Республиканын" адамдарын койбоду беле. Келме кезек болуп жатат да...
- Ооба, ошондой болуп жатат. Мен ушул кемчилдикти айтып жатпаймынбы. Кадр саясатында ырааттуулук болбосо, өнүгүү болбойт. Ачык эле айтайын, эгер азыркы коалиция тарап, башка фракциялардан өкмөт куралса, КСДП, "Ата-Мекен" фракцияларынын кадрлары кызматтан алына баштайт. Бизде бул кадимки эле көрүнүш болуп калды. Ушул жаман адаттан арылмайын, Өкмөт туруктуу иштеп, жакшы жыйынтык көрсөтө албайт.
- Өткөн жумада "Республика" фракциясынын депутаты Кенжебек Бокоев парламентти таратуу маселесин сунуштап, жабык эшик артында талкууладыңыздар. Кандай чечимге келдиңиздер?
- Мындай демилгени фракция көтөргөн жок, бул жеке Кенжебек Бокоевдун сунушу болгон. Азыркы тапта мамлекетибиздин экономикалык абалы оор. Парламент өз деңгээлинде жакшы иштей албай жатканы чын. Ошол эле учурда, бардык экономикалык маселеге түздөн-түз жооптуу Өкмөттүн натыйжасыз иши үчүн эмнеге парламент жоопкер болуш керек? Андыктан өзүбүздү-өзүбүз таратабыз деген туура эмес. Эгер эл парламентти иштей албай жатат тарасын десе бир жөн. Анда тараш керек.
- Кесиптешиңиз Нарынбек Молдобаев: "Республика" фракциясынын өкүлдөрү депутаттык жүктү көтөрө албай жатышат. Кетебиз дешсе мандаттарын тапшырып кете беришсин, ага эч ким жолтоо болбойт" дегенине кандай карайсыз?
- "Республика" фракциясына Нарынбек Молдобаев асылбай эле койсун. Биринчи ал өзү "Ата-Журт" фракциясынын толук кандуу мүчөсү болуп алсын. Эми ар бир депутаттын айта турган пикири бар. Кенжебек Бокоев өз пикирин сунуш кылды. Бул маселени фракция көтөргөн эмес. Андыктан түшүнбөй эле ар кайсыны айта бергендерге таң калам.
- Бабанов Өкмөт башчылыктан кеткени "Республика" фракциясынын шайы ооп калды. Саясий чөйрөдө салмагы төмөндөп кетти деген сөздөргө кошуласызбы?
- Жок. Мен мындай пикирге кошулбайт элем. "Республикада" бир эле Бабанов эмес, эл жүгүн көтөрөм деген бир канча жигиттер бар. Ошондуктан "Республиканын" салмагы бир эле Бабанов менен өлчөнбөйт.
- Бирок "Республика" партиясынан кол үзгөндөрдүн саны өсүп жатпайбы?
- Туура, "Республикадан" Бакыт Төрөбаев партия түзүп өзүнчө кетти, ошондой эле, Канат Исаев, Аскарбек Шадиев, Досалы Эсеналиев кетти. Эми ар бир партиянын ичинде өйдө-ылдый, келишпестиктер болот экен.
- Келишпестиктер эмнеден улам чыгып жатат?
- Учурунда жакшы жетишкендиктерге жеттик элек, элге берген убадаларыбызды толук кандуу аткара албай калдык деген маселелерден улам десем болот. Бабановго "Өкмөт башчысы болуп отурдуң, эми элге кандай жооп беребиз" деген сындар айтылды. Тилекке каршы, көз караштардын келишпестигинен катарыбыз суюлуп жатканы чындык.
- Сиз дагы Өмүрбек Бабанов менен келише албай жатыптырсыз...
- Эми бул чын. Көз караштарыбыз башынан эле өйдө-ылдый болуп келген. Бирок компромисске келип, тил табышып иштешип келгенбиз. Жакында "Республика" партиясынын саясий кеңешинде партия төрагалыгын тең төрагалык менен башкаралы деген сунуштар болду. Бирок бул сунуш колдоо тапкан жок. Ошондон улам, анча-мынча келишпестиктер орун алды.
- Демек, партиянын төрагалык орду келишпестиктерди жаратып жатыптыр да?
- Эми бул жерде төрагалык орундан башка да көп маселелер бар.
- Сизди фракция лидерлигинен алганы жатыптыр деген сөздөр айтылып келет. Ушул чынбы?
- Мындай маселе көтөрүлгөн эмес. Фракция лидерлиги боюнча эч маселе жок.
- Бабанов менен келишпестиктер болуп жатса, келечекте "Республика" партиясынан сиз дагы бөлүнүп чыгасызбы?
- "Республика" партиясынан депутат болуп шайланып келдик. Элге да "Республика" партиясынын атынан чыгып сүйлөп, убада бергенбиз. Андыктан депутаттык мөөнөт бүткөнчө, болгон аракетибизди жумшап, колдон келген кызматыбызды кылабыз. Кийинки шайлоолордо кадамыбыз кандай болот, аны убакыт көргөзөт.
- Азис Батукаевдин өлкөдөн чыгып кетиши коомчулукта чоң талкуу жаратты. Эми бул окуяны иликтеген депутаттык комиссия адилеттүү чечим чыгарат деп ишенесизби?
- Окуяны иликтеп жаткан комиссия мүчөлөрү менен сүйлөшкөндө байкап жатам, комиссия туура, адилеттүү чечим чыгарат деген ишеничтемин. Батукаевди кимдер өлкөдөн чыгарганга кызыкдар болду? Паспорт жасап бергендер, ден соолугун текшерип справка жазгандар, эркиндикке чыгарган сот, мыйзамды көзөмөлдөгөн прокуратура баарынын иши кылдат иликтенип, күнөөлүүлөр жооп бериш керек. Эгер андай болбой турган болсо, биз жөн эле отуруп бербейбиз. Кылмыш кылып түрмөдө отургандарды ар кандай жолдор менен жазадан кутултуп, качырып жибергендери ошолордун ордуна соттоп, камамайын бул көрүнүш токтобойт.
- Батукаевди деле чыгарышты. Эми Ташиев, Жапаров, Мамытовду деле чыгарсын деген сөздөп айтылды. Сиз буга кандай карайсыз?
- Эми экөө эки башка маселе. Ташиевдерге башында эле 295-берененин негизинде туура эмес кылмыш иши козголуп калган. Бул берене боюнча 10 жылдан ашык соттош керек болчу. Сот муну жокко чыгарып салды. Андыктан жоопкерчилик маселесин, жасалган окуяга байланыштуу, ошого дал келе турган башка берененин негизинде караш керек болчу. Эми камап алып актай алышпай, же чыгарып жибере алышпай өтө оор абалда турушат.
- Учурда "Кумтөрдүн" айланасында ар түрдүү пикирлер айтылып жатат. Сиз маселе кандай чечилсе деп эсептейсиз?
- "Кумтөр" мамлекетибиздеги эң оор маселе болуп калды. Башынан келишим туура эмес түзүлгөн. Мамлекеттин, элдин кызыкчылыгы каралбай калган. Бул кемчиликти оңдой албай, азабын бүгүнкү күнү да тартып жатабыз. Канча инсандарыбыздын башын жутту? Канча парламенттин тагдырын чечти? Бүгүн дагы оюндар жүрүп жатат. Чынын айтайын, күчүбүз жетпей жатат. Бир айдан кийин Өкмөт сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгын парламентке алып келсе, депутаттар туруктуу позициясын көргөзө албай калабы деген коркунуч бар.
Маектешкен
Алмаз ТЕМИРБЕК уулу