Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Эл эми силерди ээрчибейт
Майдалап себелей баштаган жамгыр улам күчөп жаады. Демейде жазгы жамгырды жакшылыкка жоругандар, бул жолу туталанып төккөнүн көрүп "ушуну табийгат да, кудай да жактырган жок окшойт" дегендей кеп салышты. Азыркы бийликтин жүргүзүп жаткан саясатына караманча каршыбыз, алардын көзүн ачып, керек болсо ордуларын көргөзүп коюш керек деген маанайдагы маалыматтарды жайылткан саясатчылар митингди уюштуруу иштерине абдан эле көңүл бурушуп, катуу иштешкендери көрүнүп турат. Чогулгандарды ысык тамак менен камсыз кылуудан тартып, таштандыларды таштай турган, "турмуш кыстап калса" убакыт бөлүп алыс чуркабай жакын эле жерлерге кирип-чыга тургандарынан бери такташып, ар кандай чагымчыларды тартипке чакыруу силердин мойнуңарда болот деп жергиликтүү бийликтегилердин да үшүн алгансышкан. Демейде дегеле чакырып алып бара албаган жаңы конуштарды аралап "мекенчил болсоң митингге кел" деген намыс козгогон чакырыктарды чапташып, башка жакка кайрылып кетпей түз келип эле Жогорку Кеңештин астына түшүрө турган бусиктердин катташын уюштурушкан деген да сөздөр бар. Кыскасы митингге элди алып чыгуу жагы жакшы эле ойлонулуп, аянтка көпчүлүктү жыйноого көп аракеттер болгондугу ачык болду. Бирок бул митингди уюштургандар негизги нерсени эстеринен чыгарышкан. Ал - ичкен ашын жерге коюп, ээрчий турган элдин аларга ишеничин эбак жоготкондугу.
Аксы окуясында жетектетпей, чогултпай, ташытпай эле "Азимбекке эркиндик", "Бекназаров бошотулсун" деп өз колдору менен жазып алгандарын көтөрүп, жүрүшкө чыккан карапайым калктын ишеничи боз ала болуп ошол күндөрдүн бүктөмүндө калган. Анда эмчектеги балдарын бешикке таңып чыккан келиндердин, ак чачтарын булайтып чындык издеген апалардын, болжошкон жерге кезигүүгө барбай топ элге кошулган жигиттердин акыйкат үчүн болгон тарыхка кирген жүрүшү бир толкун аскага чабылгандай чачылып күчүн жоготкон. Биздин таламыбызды талашып, адилеттүүлүктү издеген "бычакка сап болуп берет" деп туу туткандар элдин ишеничи акталган жок. Ушулар бийликке илинсе эле көйгөйүбүздү чечет деп алар куугунтукталып, далай токмок жешкен үмүт-тилектери ишке ашпады. Андан бери канча мезгил өтүп, канча бийлик алмашты. А.Бекназаров боштондукка да чыкты, ал турмак элдин дуу көтөргөн деми менен бийликтин далай тизгинин кармады. Топчубек Тургуналиев аксакал айткандай "адашып калдык ак чөп башта" эми төңкөрүш жасап бийликке келсек калайык калкыбызды түз эле жомоктогудай жашоого баштап барабыз дешти. "Жаңылыштык болуп калды", "байкабастан алдырып койдук" менен чындап эле үй-бүлөлүк бийликтин зөөкүр саясатына чыдабаган эл дагы бир жолу төңкөрүш жасады. Жасаганда да ак жүрөк, асыл азаматтардын башын сайып, кызылдай аккан канын кечип туруп, бийликти күч менен эле өжөрлөнүп тартып алып, "баякы бычакка саптарга" экинчи ирет карматышты. 7-апрель күнү Форумдун алдынан тартып Ак үйгө чейин кошо баргандар калп айттырышпайт. Ал кандуу күндү эскерип Турат Акимов көзүнө жаш алып айткандай, ошол селдей болуп, агып каптап кирип келе жаткан боз балдардын алдында ким бар эле? Белгилүү саясатчы, күйгөн оппозиционер "деги эле эл тааныган бирөө көрүндүбү, алдынкы сапка кой, жөн эле көпчүлүктүн арасынан? Дагы эле "чыр чыгып кетпесин, балдар айланайындар абайлагыла" деп Токтайым Үмөталиева баштаган анда-санда аялдар жүргөн чыркырап. Бийликтин кысымына каршы көтөрүлгөн карапайым калктан чыккан эр азаматтар Ак Үйдүн алдында биринин башын бири жөлөп, боздогон үндөрү кудайга жетип, көкүрөктөгү Манастан кудурети гана дем болуп, чымчыктай терилип жатканда кайда эле ушул "кыргызга күйгөндөр". Мына азыр эл чогултуп, шер сүйлөгөндөрдүн бири да жок болчу ал жерде. Кийин, жалпы эл билгендей, көрсө алар карандай каптаган элдин каарынан качкан Бакиевдердин үй-мүлктөрүн, банкта катылып жаткан акчаларды, кыргызча айтканда "папкелерди" бөлүштүрүү менен алек болушкан экен. Болуптур бөлүшсүн, алышсын бирок аларда боштондук, эркиндик, бийликке жеткирип өлгөндөрүнө да, жарадарына да кайыл болуп ошолорду туу көтөрүп турган элди эстеп коюшпайт беле. Кайдан? Баякы эле акталбаган үмүттөр, тебеленген ишенич. Эл эми түшүндү, өз арбайын өзү согуп, келечектерин, жашоо-турмуштарын өздөрү гана жасай тургандыгын. Мындан ары кандай гана каражаттарды сарптап. Кандай гана чакырыктарды иштетпегиле, эми силерге эл ишенбейт, ээрчибейт. Пенделик кылып жеке кызыкчылыктарга кызыгып кетип, элиңердин ишеничин жоготтуңар. Мезгилинде олуя Калыгул атабыз айтмакчы;
Элиң менен бийиксиң
Элден чыксаң кийиксиң.
Бул кашкайган чындыкты эч ким тана албайт.
Айнагүл Калчаева




Ормон жөнүндө орошон ойлор
Быйылкы жылы кыргыз элинен чыккан коомдук ишмер, журт баштаган акылман, кол баштаган жол башчы, 18- кылымда түндүк кыргыздар тарабынан хан жардыгын алган Ормон хандын 220 жылдык эскерүү мааракеси белгиленгени турат. Мына ушуга байланыштуу кечээ Исхак Раззаков атындагы Кыргыз Техникалык Университетинде "Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн тарыхындагы Ормон хандын саясий ишмердүүлүгүнүн орду" аталышында илимий конференция өттү. Бүйүрдү кызыткан бул жыйында кыргызга аты белгилүү тарыхчы, окумуштуу, философтор Ормон хандын эле эмес ошол кездеги кыргыздын коомдук саясий турмушунан кеп козгошуп, кайра жазылуучу соңку кыргыз тарыхына бир топ өзгөртүүлөрдү кийирүү сунуштарын айтышты. Учурдан пайдаланып, биз дагы айрымдарга суроо узатууга үлгүрдүк…
Тынчтыкбек Чоротегин, тарыхчы, публицист: "Ормон хандын СССР учурунда жырткыч катары тарыхка киргизишкен"
- Тынчтыкбек агай, кыргыз тарыхында Ормон хандын орду канчалык?
- А дегенде эле айтып коеюн, Совет мезгилинде Ормон хан сыяктуу кыргыз элинен чыккан улутчул, баатыр, элди ээрчиткен адамдарды бир жактуу каралап, аларды ашынган улутчул катары жырткычка айлантып көргөзүү күч алган. Ушул эле Ормон хандын чыныгы саясий ишмердиги кыргыз элин көз карандысыз, өз алдынча мамлекет катары сактап калууга аракет кылгандыгын коомчулукка ачып берем деп, ошол кездеги көрүнүктүү тарыхчы, илимпоз агайыбыз, профессор Бегимаалы Жамгырчиев куугунтукка алынып, өмүрү өткөнчө Совет бийлигинен жапа чеккенин эле айтсак эле жетиштүү болоор. Ал эми эгемендигибиз колубузга тийген 1990-жылдардан бери карай алганда гана Ормон хан сыяктуу бир топ тарыхый инсандардын чыныгы ишмердигин, алардын саясий көз карашын ачып берүүгө, кыргыз элине кошкон салымын ачык айтууга гана мүмкүнчүлүк түзүлүп отурат. Ормон хан чындыгында ошол кездеги Кокон хандыгынын саясатына унчукпай баш ийип берүүгө макул болбой, кыргыздардын өз алдынча эл, керек болсо мамлекет болуусун жактаган, түндүк кыргыздарынын башын бириктирип, элди, жерди сактап калууга аракет кылгандыгы менен кыргыз тарыхында өзүнчө орду бар инсан катары белгилүү. Ошондой эле анын экинчи бир кыргыз тарыхындагы учуру-бул Кененсары Касым уулунун кыргыз элин чаап, жерин тартып алууга кылган жортуулунун мизин кайтарып, күчтүү кол башчы согуш тактикаларын мыкты билген аскер адамы жана ошол кездеги геосаясий кырдаалга байланыштуу келечекке стратегиялык өнөктөштөр менен иш жүргүзүүдө өтө кылдат иш алып барган коомдук ишмер катары да кароого болот. Ошону менен бирге анын башкаруу учурундагы айрым "кол ийрисине тарткан" мамилелерди да ачык айтышыбыз керек. Ормон хандын жаңылыштыгы да ушул жерде. Эгер ал жалаң өз уруусунан чыккан лидерлерди элге бий, болуш катары дайындоону октотуп, түндүк кыргыздардагы бардык урууларды тең ата караганда, балким анын тарыхый жолу башкача уланышы да толук мүмкүн эле…

Тиленбек Азык




Бакыт Тилегенов концерт берет…
Кыргыз Эл артисти, белгилүү дирижёр, Бишкек шаардык мэриясынын алдындагы Эл аспаптар оркестри тобунун жетекчиси Бакыт Тилегенов бүгүн Улуттук филармонияда борбор шаарыбыздын 135-жылдыгына жана быйылкы Иштерман жылына арнап чоң программадагы концерт коёт. Концертте, жан дүйнөнү дирилдеткен элдик ырларга басым жасалат. Анда эмесе, алтын убакытыңызды бөлүп, жан сергитип, жандуу ырдаган айтылуу ырчыларыбызды көрүп, чериңизди жазып кетиңиз.


Кытайлар чогулат
Кыргыз элибизди келе жаткан 1-май "Эл аралык тилектештик майрамы"жана 9-май "Жеңиш күнү" менен куттуктайбыз! Элибизке тынчтык, ынтымак, бакыт, таалай каалайбыз .8-майда саат 10-00дө, Кара-буура районунун Аманбаев айлында,Талас обласында жашап жатышкан кыргыздын кытай уруусунун курултайы болот.Курултайдын негизги максаты, өтүп кеткен ата-бабаларды, апа-энелерди эскерүү, согуш ардагерлерин куттуктоо жана кыргыз элинин ынтымагын, биримдигин бекемдөө. Уюштуруу комитети.Тел. 0312 53 38 67


Гүлчамбар
Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин "Улуттук университет" гезитинин башкы редактору Азимжан Ибраимовдун атасы

Жаманак Ибраимовдун

мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтабыз, атаңыздын жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун!
Жусуп Баласагын атындагы КУУнун ректораты жана журналистика факультетинин мугалимдер жамааты.