Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Сезим Рысалиева, хореограф:
"Атакты эң башкы максат кылып алган кыздар - мени өкүндүрөт"
- Кандайсың Сезим, учурда эмне менен алектенип жатасыңар?
- Учурда күз айында өтө турган тушоо кесүү концертибизге камылга көрүп жатабыз. Себеби күз айында биздин түзүлгөнүбүзгө бир жыл толот. Мына ошол бир жылдын ичинде жасаган иштерибизди эл алдына алып чыгып, элдин сынына коюу максатында күз айларында жеке концертибизди берсекпи деп жатабыз. Кудай буюрса, концертибиз эң мыкты өтөт деп ишенем. Эсиңиздерде болсо 2012- жылы Турцияга барып, элдик бий боюнча 2- орунду алып келген элек. Ал жерден Америкага чакыруу алган болчубуз. Жай айларында ал жакка сапар алганы турабыз. Кыскасы кыздар болуп даярдануудан бошой албай жатабыз.
- Жаз айынын башынан тартып эле кастинг жарыялап жатасыңар. Кыздарды кандай критерийлердин негизинде тандап жатасыңар?
- Негизги топко кабыл алынган кыздарга гана кандайдыр бир талаптар болбосо, калгандарына талап деле жок. Негизги группанын кыздарына болсо, буга чейин башка бий топторунда бийлегендиги, профессионалдуулугу каралат. Биз учурда 4 жаштан жогору кыздарды кабыл алып жатабыз. Бийлейм дегендерге эшигибиз ачык.
- Негизги топко да кыздарды кабыл алып жатканыңа караганда ал топто бийлеген кыздар да топту таштап кетип калып жатат го?
- Мындай эмес десем жаңылышам. Ар бир кыздын ар башка кыялы, максаты бар экен. Айрым кыздар келери менен сахнага чыгып, жылдыз болууну самашат. Ага да мейли деп алдыга чыгарып койсоң, бат эле жылдыз оорусу менен оорушуп, текебер, менменсинүү сыяктуу мүнөздөрдү күтүп калышат. Кээде биздин талапка туура келбеген кыздарды өзүбүз топтон чыгарып салууга аргасыз болуп жатабыз. Адамдын эмгенин баалабаган, жакшылыкка жакшылык кыла албаган адамдар менен иштешиштин зарылчылыгы деле жок. Андай адамдар сага тоскоолдук гана жаратышы мүмкүн.
- Балким, силер кыздар менен тил табыша албай жатат чыгарсыңар...
- Биз топко жаңы келген кыздардын баары менен башынан эле сүйлөшүп, бий студиясынын талаптарын коебуз. Алар башында баарына макул болушат. "Жаман атка жал бүтсө, жанына торсук байлатпайт" дегендей, бийлегенди үйрөнүп, сахнага чыккандан кийин эле өз ырыскыларын көтөрө алышпай, жаңы келгендеги ийкемдүү мүнөздөрдүн ордуна мен кыйынмын деген кыздар пайда болушат. Мындай кыздарга сөз айтып, алар менен сүйлөшүп убакытыңды кетириштин зарылчылыгы деле жок экендигин түшүндүм.
- Топтон кетип, жаңылыштыгын сезип кайра келген кыздарды кандай кабыл аласыңар?
- Мындай көрүнүштөр да болбой койгон жок. Кечирим сурап, ыйлап бир кыз келген, макул деп кабыл алганбыз. "Үйрөнгөн адат калабы, уйга жүгөн салабы" деген сөз туура айтылыптыр. Бир аз убакыттан кийин эле кайра баягы адат баштады. Андан кийин кабыл албай калдык.
- Жапжаш кыздардын жеңил оокатка жүгүргөнүн көрүп, кыздардан көңүлүң калган жокпу?
- Чынын айтсам, бир аз көңүлүм муздап бара жатат. Мен баарын эле өзүмдөй ойлоптурмун. Жасаган ишинин аягына чыкканга болгон аракеттерин көрөт го дегем. Көрсө мен жаңылышыптырмын. Азыркы кыздар жеңилине качырышып, бат атактуу болуп, эл көзүнө бат көрүнүүнү эң башкы максат кылып алышканы мени абдан өкүндүрөт.
- Бул көңүл калуулар сенин алдыңа койгон максаттарыңа жетишиңе тоскоолдук жаратышы мүмкүнбү?
- Жок. Менимче, кыздардын баары эле мага жолуккан кыздардай эмес болушса керек. Кыздардын арасында да келечекке терең көз караш менен караган, жоопкерчиликтүү, жөнөкөй, өз ишин мыкты билген, атакты эмес, чыныгы эмгекти, бий өнөрүн баалагандары бар экенине ишеним. Азыркы мага келип, кыялдарын көрсөтүп жаткан кыздар менин келечекте ишке ашыра турган максаттарыма эч кандай тоскоолдук кыла алышпайт. Бул да болсо, мага берилген сыноо. Аны жеңериме толук ишенем.
- Топто сенин ооруңду колдон, жеңилиңди жерден алган, бий өнөрүн баалаган кыз барбы?
- Бир жыл аралыгында бир топ кыздар менен иштешип көрдүм. Эгер мага келген кыздардын баары мыкты бийлешип, бий дегенде ичкен аштарын жерге койсо, анда мен аларга эмгек сарптадым деп айтмак эмесмин. Бийлегенди үйрөтүүнүн өзү канча эмгекти талап кылып жатат. Кыскасы баары кыйынчылык менен болууда. Мына ошол бир жыл аралыгында бий искусствосун баалаган, өзүм ишенген, топ дегенде ичкен ашын жерге койгон бир эле кызды жолуктурдум. Бул абдан өкүнүчтүү...
Жаркынай Кадыркулова