Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Сонунбүбү КАДЫРОВА, ырчы:
"Жүрөгүмдү "селт" эттирчү
адамга жолуксам..."
- Чыгармачылыкта кандай жаңылыктарыңыз бар?

- Чыгармачыл адам дайыма изденүү менен жүрөт эмеспи, учурда жаңы чыгармалардын үстүндө иштеп атам. Ошондой эле мени сагынган алыскы аймактардагы күйөрмандарыма ыр белек тартуулоону пландап, буюрса жеке чыгармачылыгымды Талас, Нарын, Ысык-Көл өрөөндөрүнө тартуулаганы сапар алам. Буга чейин Кайрат Салмакеев деген жаш ырчы жигитке жардам берип келем, ал жигит да мени менен бирге өз өнөрүн көрсөтөт. Чыгармачыл адамдардын оозунан чыккан сөз, элге таасири чоң да. Жаш өткөн сайын аруулукту, жакшылыкты, жакшы дүйнөнү даңазалаган ырларды аткарууну эңсеп, "Сүйүнчү", "Жаз келет" деген чыгармалардын үстүндө иштеп аткан кезим. Акындардын ырларына обон чыгарам, бул ырлардын обондору өзүмө таандык.
- Чыгармачылыкка болгон табит жаш өткөн сайын өзгөрөт деп ишенесизби?
- Албетте, сүйүү темасына жаш кезде көп басым жасап, жалындаган жаштык кезде сүйүүнү даңазалап ырдайт экенсиң. Бирок, азыр деле сүйүү туурасында ырдабайм деп айта албайм, анткени менин курагымда сүйүүнүн баркына жетип, сүйүү жашоодогу өзөктү түзүп турган касиет экенин сезген учур. Мен ушул учурга келдим деп ойлойм. Сүйүүнү жерге сууга чапкылап, "сүйүп калдым" деп жеңил-желпи карабашыбыз зарыл. Ал эми убакыт өткөн сайын чыгармачылыктагы багыт өзгөрөт. Кыздар ырдай турган, кыздардын аруулугун, назиктигин даңазалаган ырлар аз. Себеби, кыргызда обончу мырзалар көп, ал эми кыздардын сезимин билдире турган обондор аз. "Мен сага жетпей калдым" деген сыяктуу кайгылуу ырлар башынан эле көп, армандын күүсүн черткен ырларга эмес, жакшылыктын жарчысы болгон ырларды жаратып, бактылуу дүйнөдө жашаган сезимдерди даңазалаган ырларга басым жасасак деген тилектемин.
- Сүйүүгө терең маани берет экенсиз, 40-50 жаштан ашкан адамдар да чыныгы сүйүүгө кабылат деп ишенесизби?

- Албетте ишенем. Мындай нерселер байыртадан эле тарыхта да болуп келген. Мисалы Раймалы менен Бегимай, Мухаммед пайгамбар өзү жаш болгону менен Хадича бир топ жашка барып калган аял болсо да Мухаммед пайгамбарга болгон сүйүүсү козголуп атпайбы. Сүйүү жашка карабайт, бул куракта келет деп чектөөгө мүмкүн эмес. Кызык нерсе экен "мага сүйүү келе элек" десем элдер күлөт. Ар бир адамга аруу махабатка жолукса деп тилейм, ошондой аруу махабатты, ал адам үчүн жанымды берчү сезимди мен да ушул күнгө чейин күтөм. Жанымдан артык көрүп, ал үчүн баарына даяр болчу сезимге тушуга элекмин. Ал сезим өмүр бою келбей калышы да мүмкүн. Акыркы кезде аялдар менен эркектердин орду алмашып калган сыяктуу, көргөндө көз жалтанып, жүрөгүң "селт" этчү касиетке ээ мырзалар аз. Коомчулукта айымдар активдүү болгондуктан, эркектер кайратынан жанып бараткандай. Айымдар да өз ордун таап, мырзаларды көтөрмөлөй билип, жол берип, жигитчилик намысын ойготуу аялдардан.
- Чыныгы сүйүүгө жолуга элек болсоңуз, эми да келип калышы мүмкүн да... Күчтүү сезимге кабылып калсаңыз турмушка чыгууга даярсызбы?
- Эгер чындап жүрөгүмдү "селт" эттирчү, көзүн тике карай албаган, өзгөчө дүйнөгө чөмүлгөн сүйүү пайда болсо, балдарыма да түшүндүрүп, элдин кеп сөзүнөн да намыстанбайм, анткени эл мен үчүн жашабайт да. Жүрөгүмдүн ээси табылса, сүйүүм үчүн күрөшүүгө даярмын. Ушу күнгө чейин мен эмне болуп жашап келатканым менен эч кимдин иши жок. "Ушунча жылдан бери күйөөсү жок жүрөсүң" деп сурап койгон адам жок.
- Атаандаштык, бут тосууларга кабылып, чыгармачылыкка аралашпай эле койгондо не деген учуруңуз болгон жокпу?
- Эч убакта ырчы болгонума өкүнгөн жокмун. Биздин муун абдан кыйын учурга туш болду, жаш көчөттөй өнүп келатканда союз урап, орто жолдо калдык. Ушул убактарга тушугуп абдан көп кыйынчылыктарга башыман өткөрдүм. Мындай кыйынчылыктардан ырдын улуу касиети сактап калды. Ырчы болбогондо өзүмдү башка жактан элестете албайм. Бут тосуулар болду дебейм, мындай кыйынчылыктарды маңдайыма жазган тагдырым деп эсептейм. Сенин ичиңде кайнаган талант жатканын, тосмолорду жарып чыкчу күч жатканын башка адамдар биле бербейт. Ошол нерселерди алып чыгуу үчүн талбай эмгектенип, аракет кылуу абзел. Сын пикирге сынып калсаң, ошол бойдон калдың, сенин бары-жогуңа эч ким кабар албайт. Ошондуктан, эч качан бирөөдөн үмүт кылбаш керектигине көзүм жетти. Убагында ырдай албайт дегендерге көрүнүп, саламдашчу убакка аракет кылуу зарыл. Сага эч ким даяр аш салып бербейт. Дүкөндөн буюм сатып алган сыяктуу, өзүңдүн тагдырыңды да өзүң сатып алат экенсиң. Бактың үчүн күрөшүп жаштыгыңды, ден-соолугуңду бересиң. Не деген кыйынчылыктарга тушугуп, бир топ түйшүктөр менен күрөшөсүң. Бул да турмуштун бир мыйзамы.
- Талант колдоого муктаж дегенге кошуласызбы?
- Албетте, жүрөктөгү оргуп турган талантты колдогондо гана талант өсүп, бийиктиктерге умтулат. Талантың болгону менен каражат көйгөйү да башкы орунда. Таланттуулар ар дайым материалдык да, моралдык да колдоого муктаж.
- Алайлык агаларыңыз колдоо көрсөтпөй элеби...

- Алайдан чыккан мыктылар көп. Арасында байлар, депутаттар, мен-мен деген жигиттер бар, бирок алайдан чыккан кызын колдой албай жаткандары албетте өкүнүчтүү. Алар шайлоо убагында гана элге тамак берип, акчасын чачканы менен таланттууларды, дегеле улут наркын көтөрө билгенди билишпейт. Негизи, үстүңдө үйүң, алдыңда машинаң болуп, көңүлүң жайында болсо чыгармачылыгыңа да жакшы шарттар түзүлүп, жаңылануулар менен иштейт экенсиң да. Учурда гастролдоп жер-жерлерди кыдырайын дегеним менен жеке унаа болбосо да кыйын. Бирок, мунун баарына мөгдүрөп отуруп калбастан, тынбай аракеттенүү менен максатка жетем деген ишеничтемин.
- Балдарыңыз үйлөнүп-жайландыбы?
- Улуу кызым 23 жашта, уулум 20жашта. Экөө тең студент, турмушка чыгуу же, үйлөнүү тууралуу ойлонуша элек. Алар турмушка шашпагандан соң, мен да өзүмдү жаш сезип жүрөм. Качан гана небере жытын искегенде өзүңдү байбиче сезип, улгайганымды сезбесем, ага чейин өзүмдү жаш келин сыяктуу элестетип жүргөн кезим.
- Алгачкы сахнанын сүрү эсиңизден кетпесе керек...

- Өнөр чөйрөсүнө алгач Алай элдик театрынан кадам таштадым. Театрда такшалган артисттер менен иштешип, тарбия алдым. Биринчи жолу Алайдан 20 жашымда эл алдына чоң сахнага чыктым. "Жакшы ырдайт" экен деп эле сахнага чыгарышты, буга чейин сахнага чыкпаганыма эч ким кызыккан да жок. Биринчи жолу чыгаарымды мен айтпастан, театрдын көйнөктөрүнөн кийип чыгып кеттим. Ал кезде фонограмма жок, аккордеон, комуздун коштоосу менен К. Эралиеванын "Бал кымыз" деген ыры ошол кезде аябай популярдуу болуп аткан, ошол ырды аткардым. Ырдап баштаганда эле колу-бутум калтырап, сүрдөгөнүмөн бүткөн боюмду калтырак басты, үнүм да каргылданып кетсе керек. Микрофонду колума алган эмесмин, эгер колумда болсо ыргып кетип, же калтыраганым билинип калмак. Аягына чейин намыс үчүн араң ырдадым. Ошол сүрдөгөн мүнөттөр дале эсимден кетпейт. Алай элдик театрында иштеп жүрүп, 22 жашымда борборго келип, КУУнун журналистика факультетине тапшырдым. Университеттин атынан кайсы жерде кароо-сынак болбосун сынактарга катышып, ырдап жүрдүм.
- Ал эми учурда да эл алдында сүрдөгөн учурларыңыз болобу?

- Сахнага чыкпай калганда өзүмдү жаман сезем, сахнага чыгып, эл алдында ырдагандан энергия алам. Ырдап атканыма суктанып, ар бир кыймылымдан көз албай турган элден жакшы дем-күч алам. Эгер элге алып чыккан чыгарма чала иштелип, эл сени жакшы кабыл албай аткан убакта гана сүрдөйсүң. Бирок, ырды ийине жеткире аткарып, сүрдөбөй, кабатырланбай жакшы маанайда ырдаганга аракет кылам.
- Өз кесибиңиз менен теледен да көрүп калабыз...
- Эмгегимди билгендер "ушул жакшы алып барат" деп айрым убакта алып баруучулукка чакырып калышат. Официалдуу түрдө иштебейм. Бирок, оюмда кайнап-бышып жүргөн жакшы долбоорлор бар, жакында ошол долбоорлордун үстүндө иштесемби деген максаттар бар.

Венера
НАРКЕЕВА