Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

"өнүгүү" барган жерде - өсүү бар

Жаз. Карапайым калк дыйканчылык менен алек. Жаздын бир күнү бир жылды багат деп бекер айтылбаса керек. Андыктан бир күндү текке кетирбей эмгектенип, кара тер төгүүчү мезгилди дыйкандар туура пайдалануу керектигин жакшы билишет. Бул жагдайды жакшы түшүнгөн "Өнүгүү" саясий партиясы бир жылдан ашык убакыттан бери элдин бакубат жашоосун ойлоп, дыйкандардын жазгы-күзгү айдап-себүү, оруп-жыйноо иштерине ак дилден кызмат көрсөтүп келет.

Чынын айтыш керек, учурда өкмөт карапайым дыйкандарды техника жана жер семирткич менен камсыздай албай жатканы ачуу чындык. Албетте, буга мамлекетибиздин экономикасынын алсыздыгы, коррупциялык схемалардын терең тамыр жайышы себепкер болуп жатканын танып болбойт. Ошого карабай элдин саламаттыгын, бакубат жашоосун, мамлекетин экономикасынын өсүп-өнүгүүсүн ойлогон эр-азаматтарбыз өкмөттү карап отура бербестен, жеке демилгелери менен үлгү болчу бир катар иштерди жасап жатышат. Буга Жогорку Кеңештин вице-спикери Бакыт Төрөбаев башында турган "Өнүгүү" саясий партиясынын аткарып жаткан иштери далил боло алат.
Аталган партия жаңы түзүлгөнүнө карабай, айыл чарбасын өнүктүрүү, элеттин жашоо шартын жакшыртуу, дыйкандарга колдоо көрсөтүү багытында бир жылдан бери өкмөт жасабаган иштерди жасап жатат десек аша чапкандык болбойт. Алсак, дыйкандары техника жана жер семирткич менен камсыз кылып, өздүк наркы арзан баада айдап-себүү, оруп-жыйноо иштерин жүргүзүп келишет. Муну менен "өнүгүү" партиясы интрига менен алектенбеген эл мүдөөсүн көздөгөн партия экенин айгинелөөдө.
"Өнүгүү" саясий партиясынын техникалык сервисинин тракторлору дыйкандардын күнүнө бери дегенде 40 гектарга чейин жерин арзандатылган баада айдап берүүдө. Учурда жеке менчик тракторлор бир гектар жерди 3000 сомдон айдашса, техникалык сервисттин тракторлору 1900 сомдон айдап дыйкандын жеке үй-бүлөлүк бюджетине олуттуу салымын кошууда. Буга дейре "өнүгүү" партиясы ачкан МТСтер өлкөбүздүн түштүк аймагында элге жакындан жардам көрсөтүп келишсе, эми Нарын, Ысык-Көл облустарынын дыйкандарына да кол сунду.
өткөн жумада вице-спикер Бакыт Төрөбаев жана Жогорку Кеңештин депутаты Тынчтык Шайназаров башында турган "өнүгүү" саясий партиясынын мүчөлөрү Ысык-Көл облусунун Жети-өгүз, Нарын облусунун Ак-Талаа райондорунда шайлоочулар менен жолугушту. Вице-спикер эл менен жолугушуу учурунда азык-түлүк коопсуздугун сактоо үчүн айыл чарбасын көтөрүп, атамекендик өндүрүштү жандантып, элеттин жашоосун оңдомоюн, өлкөдө өсүш болбостугун белгиледи. Ал үчүн куру сөз менен эмес, иш жүзүндө эмгек кылыш керектигине токтолду. Ошондой эле, аталган райондордо мурда убадалангандай дыйкандарды колдоо багытында айдап-себүү, оруп-жыйноочу шаймандары менен бир канча трактордон турган МТС ачты.
Аталган иш чарага өкмөт башчысы Жантөрө Сатыбалдиев, Нарын облусунун губернатору Канатбек Муратбеков катышты. өкмөт башчысы Жантөрө мырза элет турмушун жакшыртуу, айыл чарбасын өнүктүрүүгө болгон мындай иштерди кубаттай турганын билдирип, чын ниеттен ыраазы болду.
Эми аталган райондун эли жазгы-күзгү айдап-себүү, оруп-жыйноо талаа иштеринде жогоруда кеп кылгандай базар наркынан арзан баада "өнүгүү" партиясынын тракторлорунун кызматын пайдалана алышат.
"Ат сыйлаган жолдо калбайт, эл сыйлаган жерде калбайт" демекчи, Бакыт мырзанын минтип курулай сөз менен эмес, нагыз иш аркылуу эл жүгүн аркалап, кызмат көрсөтүп жатышына аталган райондун эли ыраазы болушуп, ак батасын беришти.

Даярдаган
Алмаз ТЕМИРБЕК уулу




кудайбергенов эскерилди

Үсөн Кудайбергеновду 2005-жылы 10-апрелде Бишкек шаарынын Орто-Сай айылындагы үйүнөн атып кетишкени жалпыга белгилүү. Андан бери туура 8 жылдын жүзү болду. үсөн агабызды эскерүү иш чаралары байма-бай болуп турбаса да, маал- маалы менен өтүп келет. Кезектеги эскерүү иш чарасы 20 - апрель күнү борбор шаарыбыздагы "Ак кула" ат майданында болду. Бул эскерүү иш чарасын "мергенчилик" боюнча Үсөн Кудайбергенов атындагы каскадерлор федерациясы жана бул федерациясынын жетекчиси Рахат Бердикеев демилгелеп, аны КРнын Спорт жана дене тарбия агенттигин колдоого алган. үсөн агабызды эскерүү иш чарасын кыргыздын улуттук ат оюндары: көк-бөрү, каскадер жигиттердин опурталдуу оюндары, кунан чабыш, жорго салыш жана аламан оюндары көркүнө чыгарды. Көк-бөрү оюну боюнча 5-6 команда таймашып, жыйынтыгында "Тынай" командасы жеңүүчү аталып, баш байге 200 миң сомду алса, экинчи орунга чыккан "Бөрүлүү" командасы 70 миң сомго ээ болду.
Ал эми 9 чакырымга созулган Жорго салышта биринчи чыккан жорго ээсине 55 миң сом алып келсе, 18 чакырымга күч сынашкан 24 күлүктүн ичинен биринчи келген (Ат Башыдан келген "Датка" аттуу) күлүк ээсине 90 миң сом жеңип берди.
Аталган иш чара боюнча үсөн Кудайбергенов атындагы каскадерлор федерациясынын жетекчиси Рахмат Бердикеевди учкай кепке тарттык...

" үсөн агабыздын эстелигин тургузуп, КРнын Баатыры наамын бериш керек......"
- Рахат мырза, бул иш чаранын демилгечиси сиз экенсиз. Иш чара боюнча жана үсөн Кудайбергенов тууралуу эмне айтасыз?
- үсөн агай жөнүндө айтсак, сөз абдан узак. Ошон үчүн мен ал улуу инсан тууралуу кыска айтайын. Мен өзүм Үсөн Кудайбергеновго айдоочу болуп жүрүп, андан каскадерлук өнөрдү үйрөнгөм. Акыркы күндөрүнө чейин устатымдын жанында болдум. Бул инсан жашоого 100 жылда, керек болсо, 1000 жылда келчү сейрек инсан экен. Аны мезгил өзү көрсөтүп жатат. Биз артында калган окуучулары, жеке эле окуучулары эмес, жалпы кыргыз эли үсөн агабызды эскерип турууга милдеттүүбүз. Ушул максатта 20-апрель күнү "Ак кула" ат майданында агабыздын жаркын элесине арнап чоң иш-чара өткөрдүк. Агайыбызды 2005-жылы 10-апрель күнү атып кетишкен. Биз ошол күнү өткөрөлү дегенбиз, бирок уюштуруу иштери бир аз кечигип, 10 күнгө жылып калды.
- Бул иш чараны өткөрүүгө чоң акча жумшалганы белгилүү. Каржы маселесине кимдер жардам көрсөттү?
- Эң биринчи ыраазычылыкты албетте, президентибиз Алмазбек Атамбаевге билдиребиз. А, киши Көк-Бөрү оюнуна өзүнүн фондусунан 300 миң сом бөлүп берди. Андан кийин Спорт жана дене тарбия боюнча агенттиги бул иш чараны уюштуруп өткөрүүдө чоң чалым кошту. Акчалай жардам берген демөөрчүлөрдү да айта кетпесек болбостур. "Замандаш" партиясы 40 миң сом, "Манас" аэропортунда иштеген Эркин деген жигит 100 миң сом жардам кылды.
- үсөн агабыздын досу Ф. Кулов жардам көрсөттүбү?
- А, кишиге да кайрылганбыз, себеби, мурунтан көп колдоо көрсөтүп, жардам берем деген убадалары бар эле. Кулов болгону 20 миң сом берди.
- Бир айлыгынын жарымына жетпеген акча бериптир да. Чынын айтканда, үсөн агабыз, Куловду түрмөдөн чыгарып, чоң колдоого алып, мындай айтканда киши кылган да...
- Ал жагы туура. Эми биз берген акчасын алабыз да. Мынча бер деп айтпайбыз. Ар ким өз колунан чыккан акчасын берди. Биз ошого ыраазыбыз.
- Кудайбергенов атындагы каскадёрлор федерациясын бир нече жылдан бери жетектеп жатасыз. Сиздерге бийлик кандай көз карашта? Жакындан колдоп, жардам берип жатабы?
- Тилекке каршы, бийлик каскадёрлор федерациясына жакындан колдоо көрсөтөт деп айткандан алысмын. Биз Роза Отунбаева президент болуп турганда, каскадёрлорго колдоо көрсөтүү боюнча кайрылганбыз. Ал киши жардам бергенге үлгүрбөй калдыбы, айтор жардам болгон жок. Бирок Бабановго тапшырган болчу. Бабанов болсо, унчукпай койду. Эми азыркы президентибиз, ушундай иш - чараларга өз фондунан акча берип жатат. Бизге имаратка, мындай айтканда, каскадерлордун базасын түзүүгө жардам берсе жакшы болот эле.
- Буга чейин Кудайбергеновдун айкелин борбор шаарыбызга тургузуу демилгесин көтөрүп жүрдүңөр эле, ал маселе эмне болду?
- Аскар Салымбеков Октябрь кино театрынын алдынан атайы жер тилкесин берген. Биз ошол жерге агайыбыздын айкелин тургузалы деген ниетибиз бар. Кудай буйруса, бул максатыбыздын өтөсүнө чыгабыз деген оюм бар. Анткени бийлик жардам көрсөтөт деген ишеничтемин. Бийлик жардам бербесе, берешен эл турат. Андан сырткары, кыргыз бийлиги үсөн агабыздын эмгегин баалап, көзү өтүп кетсе да, "КРнын Баатыры" деген наам берип койсо жакшы болмок. Анткени, бул адам ал наамга толугу менен татыктуу адам.

Даярдаган
Айбек Шамшыкеев