Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Бириң өлүп, бириң кал эмеспи...
Кол кармашып коррупцияны кокодон албайсыңбы…
Биздин башкаруу системабыз жараксыз абалга келгени күндөн күнгө айкындалып жатат окшоп калды. Ушул санаркоом туура эмес болсо кандай гана жакшы болот эле. Тилекке каршы, айтылган санаркоону бышыктап жаткан окуялар болуп жатпайбы. Коррупцияга батып бүттүк дедик, кылмыштуулук тизгин тарттырбай калды дедик… эми болсо ошолорго каршы күрөшүп турчу органдарыбыз милдетин аткарып салгансып бири-бири менен "кыл чайнашып" турганы!
Милийса менен Коопсуздук кызматынын кийинки чатагын жазбаган гезит, көрсөтпөгөн телеканал, айтпаган атуул калган жок. Ал чатактан трагедия көргөндөр менен кошо аны оюнга айланткандар да болуп жатат. Кандай болсо да бул окуя башкаруу системабыздын ирип-чирип баратканын айгинелеп салды окшойт.
Бир ирет Владимир Маяковский эргип кетип: "Менин милийсам мени коргойт" деп койгон экен, ошол абал менен бир топ жыл жашадык окшойт. Анан мезгил өзгөрдү, бузулуп турган заман келди да жогорудагы аныктамадагы "коргойт" мааниси "кордойтко" өтүп кеткен фактылар каттала баштады. Ошондой конкреттүү бир окуя өңдөнгөн көрүнүш кийин типтүүлүккө айланып тынды…
Укугун жөн адамга караганда көп, жогору көрүп алган, билимсиз, алакөөдөн, алдым-жуттум милийсалардын өзүнчө тобу пайда болду. Алар күбөлүгүн көтөрүп чаап бирөөлөрдү тоноп турду, энесинен келтире сөгүп кордоп турду, жасабаган күнөөнү жасатып турду… айтор, кутуруп турду. Алар менен бирге билимдүү, адамгерчиликтүү, өз кызыкчылыгын алдыга алып чыкпаган накта жигит-милиционерлер да бар. Мына ошолор тиги жөнсүздөрдү токтотуп коюуга шаасы жетпей калды, анткени, алар көбөйүп кеткен эле, алардын көбөйүшүнө коррупция деген монстр жардамын аяган жок!
Азыр "тиги милийса наркотик менен кармалды, пара алып жатып кармалды, бирөөнү тоноп жатып кармалды, бирөөдөн өндүрүптүр, бирөөнү кыйнаптыр" сыяктуу окуялар сенсация жарата албай калды, күнүмдүк эле окуяга айланды. Бул трагедия го!
Эгерде милийса өз милдетин так аткарса, эли аларга чындап таянмак, чындап жакшы көрмөк, коркпой туруп сыйламак ж.б. Иш жүзүндө теңирден тескери кетип жатканы! Азыр милийсага аябай эле айласы кеткендер кайрылып жатат, жабыр тарткандардан толгону кайрылбайт. Көп кылмыш ачылбай калып, далай кылмышкерлер ээн-эркин жүргөнү да ошондон. Баарынан да милийсалардын кээ бири криминал өкүлдөрү менен танапташ-табакташ болуп кеткени жүзүкаралык болуп турат.
Милиция тарапты түп тамырынан бери оңдоп-түзөбөсө болбойт. Жаңы министр келери менен эле реформа жүргүзүүнү баштадык дейт, тиягынан былыгы чыгып жатканы. Эмненин реформасы?! Азыр милийса тармагын кандай кылса да жалпы эл каалагандай-мыйзамдуу абалга келбейт. Коррупция, мыйзамды сыйлабагандык ж.б. негатив көрүнүштөр милийсанын өзөгүн түзүп да калды. Анан кантип оңолмок?! Ошондо эмне кылуу керек? Баары айткандан биз да айталы: милийса тармагын аз да болсо оңдоо үчүн, биринчи иретте, аларды даярдаган окуу жайларын оңдош керек. Ал эми ал жакты оңдош үчүн, азыркы болгонун жоюп туруп кайра түзүү керек. Экинчиден, азыр милицияда иштеп жаткандардын азырынча туура жарымын иштен айдоо керек. А бирок, алардын ордуна кимдер калат? Көрдүңүзбү, бул маселеде "кайда барса да Мамайдын көрү", болбосо, "өйдө тартса өгүз өлөт, ылдый тартса араба сынат" абалына кептелип жатпайбызбы. Андыктан, бизге окшогон карапайым адамдар милийса тарапты оңдоону үстүртөдөн билген болот. Ал жакты кесипкөйлөр оңдошу керек. Айталы, министр деген таптаза, эч нерседен жалтанбаган, дамашки кылычындай курч, Мекенинин бар экенин ар дайым эсине ала жүргөн жана да пенсия жашынан биртоп алыс адам болуш керек, мына ошол "сталиндик тартипти" орнотсун. Аны колдоп турган президент, премьер-министр, спикер болуш керек. Анан ошол министр таза профессионал милиционерлерден команда топтоп, ар бир район начальнигине, бөлүм башчыларына чейин ини-пиниге, таяке-жээнге карабай тазаласа, тез эле тазаланбайбы. Тобо дейли, азырынча таза милицияларыбыздан, накта профессионалдардан бар. Азырынча гана…Баса, чет элдин акчасынан алып милийсанын ишине кийлигишкен коомдук уюм дегендерди милийса реформасына ат чабым жолотпош керек!
Коопсуздук кызматы боюнча эки ооз кеп. Мурун коопсуздук кызматы дегендин аты затына жарашып турчу. Эми таптакыр башкача. Азыр алар мамлекетибиздин коопсуздугуна шек келтирген орчун иштерди аткаруунун ордуна өтө эле майдаланып кетти. Ал жерде иштегендерден коррупционерлер, карьеристтер, жеке кызыкчылыгы үчүн буту үзүлгөнчө чуркагандар, көзүнө эч нерсе көрүнбөй көпкөндөр бар. Өлкөбүздө жанагы шпион дегендери толуп жүрсө, кайсы бир наркоманды аңдыган болот…Майдаланды ал тарап, майдаланды…Өзөгүнөн бери өзгөртчү тарап дал ошол коопсуздук кызматы.
Ошентип, пикир айткан болдук. Айтылып жаткан маселени оң жагына чечтирип таштачу даяр рецепт бизде кайдан болмок?! Биздин милдет-маселени көтөрүп туруу, "былжыраптыр" десе да бир нерсе алганы деп билем…былжырабаган ишти жасаса деп үмүттөнүп келебиз да…

Баратбай Аракеев




Царнаевдердин энеси
балдарын жактап чыкты
Жардырууга шектелген Жохар жана Тамерлан Царнаевдер кымгуут түшкөн элдин арасында. (видео тасмадан алынган сүрөт) Бостон, 15-апрель, 2013.
Орусиянын Түндүк Кавказ аймагындагы каршылык көрсөтүү кыймылы 15-апрелдеги Бостон марафонундагы жардырууга тийешеси жок экендигин айтып чыкты.
Kavkazcenter.com сайтындагы билдирүүдө өзүн Кавказ Эмираты деп атаган уюшма АКШ менен согушпай тургандыгын, Доку Умаровдун кыймылы ал тургай Орусияда жарандык бутага кол салууга тыюу салаарын жазды.
Билдирүүдө АКШдагы тергөөчүлөргө "окуяга Орусиянын коопсуздук күчтөрүнүн катышы бар болушу мүмкүн экендигин эске алуу" эскертилет.
Жекшембиде ошондой эле жардырууга шектелген ага-ини Царнаевдердин энеси "Азаттыкка" жана "Ассошиэйтед Пресс" агенттигине уулдарында күнөө жок экендигин айтып, бул окуяны АКШ бийликтери уюштурган деп билдирди.
Зубейдат Царнаева тун уулу, 19-апрелде Бостондогу атышууда окко учкан Тамерланды акыркы беш жыл бою АКШнын чалгын кызматы - ЦРУ көзөмөлдөп тургандыгын эскертип, буларды кошумчалады:
- Мунун баары калп, америкалыктар ойлоп тапкан оюн. Америка ушул өңдөнгөн оюндары менен жакшы таанылган. Мен буга эч качан ишенбейм. Меним уулум Тамерлан алдыңкы жаштардан болчу. Акыл-эстүү, эл сыйлаган бала болчу. Алар андан коркуп, ушуга барышты.
Зубейдат Царнаева Темирландын полициячыны аткандыгынын далилин көрсөтүүнү талап кылды. Анын кичүү уулу Жохар жума күнкү атышууда жараат алып, азыр Бостондогу ооруканада катуу кайтарууда жатат. Жохардын абалы оор, бирок туруктуу болгону менен али сүйлөй электиги кабарланууда.
Царнаева Жохарды коргош үчүн күйөөсү Анзор экөө Кошмо Штаттарына кайтып барышаарын билдирди:
- Күйөөм экөөбүз эң мыкты адвокаттарды жалдайбыз. Анзор Америкага барып, баарын териштиргенге аракет кылат. Уулубуз Тамерландын сөөгүн да алып келишибиз керек. Кичүү уулубуз Жохарды колдон келишинче калкалап калганга аракет кылабыз, биздин балдарды өлтүргөнгө эч качан жол бербейбиз.
Кошмо Штаттары Жохар Царнаевди анын адвокат менен кеңешүү укугун эскертпестен суракка алууну көздөп жаткандыгын, коомго түздөн-түз коркунуч келген учурларда буга мыйзам жол берээрин айтууда. АКШда укук коргоочулар бийликтердин мындай ниетин сынга алышкан.
Бийликтер ошондой эле Царнаевге кандай кине коюлаарын чече элек. Эгер федералдык сот массалык кыргын салчу курал колдонгон деген кине койсо, Жохар Царнаев өлүм жазасына тартылышы мүмкүн.
Царнаевдердин ата-бабалары Сталин тарабынан Экинчи дүйнөлүк согушта Кыргызстанга айдалган, ата-энеси жогорку билимдүү кишилер, өздөрү жаш чагында Орусиядагы чечен согушун башынан өткөрүшкөн.Тамерланды Токмоктогу жердештери "Азаттыкка" жалаң жакшы жагынан мүнөздөштү. Царнаевдер Кошмо Штаттарында 10 жылдан бери жашап жатышкан.
Өткөн дүйшөмбү күнү Бостон марафонундагы жардыруу үч адамдын өмүрүн алып, андан дагы 170тен ашуун киши жапа чеккен. Кийинчерээк бул жардырууга шектелген бир туугандар: Жохар жана Тамерлан Царнаевдерди кармоо учурунда полициячы Шон Коллиер окко учуп, алар менен атышууда дагы бир полициячы оор жаракат алган.
Ошентип азыр Царнаевдердин үй-бүлөсү жана бул эки жигит тууралуу түрдүү кептер айтылууда. Царнаевдердин АКШда жашаган абасы (атасы менен бир тууган) Руслан Царни СНН телеканалындагы маегинде улуу агасы Анзордун үй-бүлөсү менен дал ушул Тамерландын ашкере диний-радикалдык көз карашы үчүн тууганчылык байланышын үзүүгө, катышпай коюуга аргасыз болгонун айтат.
ФБР кызматкерлери да Тамерлан Царнаевдин жеке компьютерин текшерүүлөр анын белгилүү бир радикалдык кыймылдарга кызыгып жүргөнүнөн кабар берээрин маалымат каражаттарына билдиришти.

Жаңыл Жусупжан
"Азаттык"