Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Күндөр баяны
Жуманын ар бир күнүнүн касиети жана милдети бар, алар:
Дүйшөмбү - жакшы ой-максат менен сапарга чыкканга чогулуп кеңеш курганга ыңгайлуу күн.
Шейшемби - урушуп, бирөөлөргө жаман айтуудан этият болуңуз.
Шаршемби - илим, тарбия иштерин жүргүзүүгө ыңгайлуу жана ооруган жериңе дары-дармектер жакшы таасирин тийгизчү күн.
Бейшемби - көзү өтүп кеткен тууган-туушкандардын арбагын сыйлап, куран окута турган күн.
Жума - аялды ардактап сыйлоо, нике жана махабат күнү.
Ишемби - иштин башы ишемби демекчи, соода-сатык күнү.
Жекшемби - жакындарыңыздын ал-абалын сурап, учурашууга ыңгайлуу күн.


Атактууга ашыктык кат

Атактууларга ашык болуп, ырчы, саясатчы, же коомдо орду бар адамдарга болгон арзууңуз, көкүрөгүңүздө айталбай жүргөн арманыңыз, же билдире албай жүргөн сезимиңизди өз дарегине жеткирүүгө шарт түзөбүз. "Атактууга ашыктык кат" рубрикабызга кат жолдоп, ашыгыңызга болгон арзууңузду билдириңиздер.
Байланыш телефондор 0312 533326, 89.venera@mail.ru

Арманга батып,
арзуумду билдире албай келем
Сиздердин рубрикаңыздар аркылуу ашык болуп, бирок өз дарегине жеткире албай жүргөн адамыма кат жазууну туура көрдүм. Ал адам өз убагында вице-министрликке жеткен, ар кыл таланттуу Ибрагим Жунусов. Ибрагимдин жылдызы эчак жанып, "Эламан" деп обон созгондон тартып ашыктык арманга батып, арзуумду билдире албай келем. Жүрөктөгү сезимге чек коюга мүмкүн эмес экен, акыры ак кагазга аруу сезимимди түшүрүүчү күн келди. Ибрагимдин ар бир ийгилигине кубанып, министрликке келгенде, иш жөндөмдүүлүгүнө баа берип жүрдүм. Эл оозунда элек жок демекчи, "ырын ырдап эле жүрө бербейби" деген сыяктуу сен жөнүндө жаман сөз уксам, ал адам менен урушканга чейин барчумун. Жылдызың жанып, төбөң көккө жетип турган убакта көрө албастардын айынан кетип калдың, кайгырба. Ишиңен кеткениңди укканда аябай боорум ооруп, бирок жок дегенде ыры, үнү бар эмеспи деп өзүмдү алаксыттым. Сенде талант бар, жигитке жетимиш өнөр аздык кылат демекчи, жетимиш өнөрүңдүн биринде ийгиликтерге жетишүүдөн талбай эмгектен, жок дегенде жаңы ырларды жаздырып мендей күйөрмандарыңа ыр белектериңди тартуулап жүрө бер. Сени ар дайым урматтап, сыйлайм. Убагында концерттериңе да калтырбай барчумун. Ар дайым сени колдогон күйөрмандарың бар экенин унутпа.

Оксана,
Жалал-Абад шары




Кулагыңа карап мүнөзүңдү бил

Кулагыңдын сырткы түзүлүшүнүн баары бирдей жакшы өнүксө, анда сиздин акыл деңгээлиңиз жогору.

Эткээл кулак - түнт жана каардуулук.
Кичине кулак - сезимталдык.
Өйдө жагы учтуу келген кулак - акылдуулук, сабырдуулук.
Жолчолору даана билинген чоң кулак - музыкалык жактан шыктуулук.
Түзүлүшү катуу тарткан кулак - ден-соолугу жакшы адам.
Жумшак, былбырак кулак - ден-соолугу начар экенинен кабар берет.
Ичке, узун кулак - ичи тарлык, сараңдык.
Кулак жолчолору ичин көздөй терең кирип турса - таланттуулук.
Жабышып турган кулак - аярлык, сабырдуулук, ишенимдүүлүк.
Төрт бурч келген кулак - бекемдик, ишенимдүүлүк.
Жүндүү кулак - эстүүлүк, эгер эттүү болсо сезимталдык.





Печенье менен
шоколаддын пайдасы
Экзамен тапшыраарда, же бир нерсе жасаардын алдында печенье жана шоколад жеп алсаңыз мээңиз жакшы иштейт. Бул аныктаманы далилдеш үчүн окумуштуулар жазуу ишин аткарган эки топко тест жүргүзүшкөн. Алардын биринчисинин ар бирине алдына ала печенье жана шоколад берилген. Экинчи топко эч нерсе берилген эмес. Натыйжада биринчи топ тапшырманы жакшы аткарган.