Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Кыргыз улутунун түп тамырларын кимдер кыркып, элибиздин этникалык пайдубалын кимдер кемирип жатат?
Манастын күмбөзүн кайтарган Кумайык

(Мамлекет жетекчилеринин жана Жогорку Кеңештин депутаттарынын эсине)

(Башы өткөн санда)

Кайда тууруң, кайда сенин очогуң?
Карагын эй, камгак болуп кайда


учтуң?
Темселейсиң таалай издеп чет


жактан,
Мекен туруп, мекениң жок
байкушсуң! - деген ыр саптары газетага жөн жеринен жарыяланып жаткан жок ("Алиби", 15.05.2011).
Эгемендүүлүк жылдарында, айрыкча 21-кылымда чөнтөк телефону балдарыбыздын күнү-түнү сыйынган бирден бир таберигине айланып, алар жомок, аңгеме, повесть, роман, эпос окуу деген маданиятка такыр эле чоочун болуп калышты. Көз алдыбызда "телефон маңкурттары" калыптанууда. Мен өзүм - ушул макаланын автору жогорку окуу жайында "Манас таануу" сабагы учурунда өмүрүндө "Манастан" бир сап окубаган, улуу эпостон караманча кабарсыз толгон-токой жаштарга күбө болуудамын.
Өзүнүн улуттук тарыхый тамырын тааныбаган, өзүнүн бир боор улутуна таандык болгондугу менен сыймыктана албаган, өйдөдөгү немис, орус, англичанин болгусу келген өспүрүмдөрдү жана жанагы "компьютер баштуу" (Муктар Шаханов) тукумдарды бир жагынан күнөөлөш да кыйын. Күнөө бул жерде ошол балдарды кичинекейинен жетелеп "тарбиялап" келе жаткан чоңдордо, жеткинчектердин акыл-эсинде тарыхый эстутумду, улутмандыкты өз учурунда жаратып, түзө албаган, алардын жан дүйнөсүнө патриоттук, атуулдук-граждандык ар намыс сезимин сиңире албаган, "мен кыргызмын" деген рух өзөгүн жарата албаган биздин коомдук тарбиясынын алсыздыгында дээр элем. Мамлекет, мекемелер, үй-бүлө тарбияга кайдыгер, көңүлкош болсо, балдарга баш-көз болгон киши жок болсо, "Бала, баланын иши чала", "Баланын көөнү талаада" дегендей, албетте, чүрпөлөрүбүз тыштан агылып келип жаткан түркүн азгырыктарды ээрчийт, арбап-алдагандарга жетеленет, чоочун өрнөктөрдү туурайт, чоочун таасирлердин "тактекеси" болот, камгак сыяктуу ар жакка тоголонуп, "башы жок бака, көзү жок көгөнгө" айланып, акыры жүрүп алиги "жүз жигитке" жана Көзкаманга өсүп чыга келет.
Улуу акын Нурмолдо кезегинде таалим-тарбияга байланыштуу мындай деген экен: "Бала деген ушундай, колуңдагы кушуңдай, таптаганга жараша, түшүм берет кызылдай". Ырасында эле, улуттук идеалдардын жана дөөлөттөрдүн нугунда Нурмолдо айткандай, балдарыбыз тапталбаса, муундарыбыздын жан дүйнөсү кыргыз элинин эркиндиги, бактысы үчүн кылымдар бою күрөшүп келген Манас баштаган баатыр ата-бабаларынын, маселен, Бакайдын, Кошойдун, Чубактын, Сыргактын, Барсбектин, Жаңыл Мырзанын, Кубат бийдин, Жайыл баатырдын, Тайлак баатырдын, Курманжан датканын, Алымбек датканын, Абдыкерим Сыдыковдун, Жусуп Абдрахмановдун, көкүрөгүн дзотко тоскон Чолпонбай баатырдын, Исхак Раззаковдун жана башка Ата журтубуздун сандаган чыгаан уул-кыздарынын атуулдук-патриоттук каармандыгы менен жуурулушпаса, албетте, дагы айталы, алар чет өлкөдөн экспорттолгон массалык маданияттын кулу болушат. Аларда өз эл-журтунун тарыхы менен сыймыктануу сезими кайдан болот?

10. Манастын күмбөзүн кайтарган Кумайык!
Жазуучу Бейшенбай Усубалиевдин "Бир сом" деген повестинде Дөөлөт деген элеттик, нарындык жөнөкөй абышка Манастын уулу эр Семетейдин биринчи жолу Таласка келиши жөнүндө үйдө аңгеме-дүкөн куруп отуруп, шаардык интеллигент чалыш, бирок улуттук уңгуларга көңүлкош уулуна, жалпы эле айлана-тегеректеги мекенчил болбой, эркек болбой майдаланып бараткан кыргыз аттууларга карата ачуулана мындай деп сүйлөнөт: "Чу дегенде эле Семетей ат тизгинин күмбөзгө бурду, адегенде эле күмбөздү көздөй жөнөдү. Кайда барабыз деген да жок, шыдыр эле атасынын сөөгү жаткан жерге келди… Келсе… Жатыптыр!.. (Үнү каргылданып кетет) Кумайык жатыптыр. Итчи, Манастын ити! Жаткан экен тилин салаңдатып, күмбөздөн бир кадам жылбай. Күмбөздү кайтарып… Жатыптыр, байкуш, кадам жылбай… Жомок деп коюшат!.. Кумайыктын мээнетин алгыла! Кумайыктан айланып кеткиле! Кумайыктыкындай акыл бар бекен силерде?! Ит деп ким айта алат Кумайыкты! Күмбөздөн жылбай сөөк кайтарып жатпады беле ачкалыгына карабай кесерип… А силер…". Ырасында эле, биз, бүгүнкү эгемендүү кыргыздар Дөөлөт карыя ачуулана айткандай, Манастын күмбөзүн кайтарган Кумайыкча боло албайбызбы?! Манастын күмбөзүн кайтарган Кумайык сыяктуу улуттук уңгуларыбызды, балдарыбыздын келечегин кайтара албайбызбы?
Манастын күмбөзүн Кумайыктын кайтарып жатышы - бул символдук мааниге эгедер. Бул фактынын өзү бүгүнкүгө которгондо улуттук уңгуларды кайтаруу дегендикке жатат. Биз бүгүн улуттук уңгуларыбызды, нарк-кенчтерибизди Кумайык Манастын күмбөзүн кайтаргандай сактап, ал өзөктүү дөөлөттөрүбүздү жаш муундарыбыздын рухуна, көкүрөк-көөдөнүнө уютуунун, сиңирүүнүн кызыкчылыгы үчүн тикебизден тик турушубуз шарт. Муундарыбызды "жүз жигит", Көзкаман кылбоонун сакчылыгында көз ирмебей бекем турууну айныбай аркалоо - элибиздин келечеги үчүн аба менен суудай зарыл.
"Манаста" эмне ыйык? Ата журт ыйык, анын боштондугу ыйык. Ала-Тоонун бүтүндүгү, ак калпак журттун биримдиги ыйык. Акыйкатка, актыкка, адилеттүүлүккө негизделген достук ыйык. Ата Журттун мүдөөлөрү, калайык-калктын жогорку кызыкчылыктары ыйык. Ата конушка агынан жарылып ачылган адал мээнет ыйык. Мекен алдындагы парыз ыйык. "Манаста" эмне улук? Эл-журттун мүдөө-кызыкчылыктары менен жуурулушкан абийир, ар намыс улук. Ак жашоого умтулган адеп-ахлак улук. "Манаста" дагы эмне ыйык? Алмустактан бери келаткан ата-баба салты ыйык, наркы ыйык. Эне ыйык. Ата ыйык. Ала-Тоого атуулдук берилгендик ыйык. Алысты болжоп көргөн акылман акыл-эс, өзүнө да, өзгөгө да аяр караган сынчыл рух ыйык. Адамгерчилик ыйык. Улуттун намысы ыйык. Кыргыз деген АТ ЫЙЫК. Санай берсе, "Манастын" туу туткан ыйыктары көп. Кыргыз улутунун рухий турмушунун фундаментинде ата конушубуздун топурагында илгертен жашап келаткан ушул ыйык дөөлөттөр жатышы абзел. Азыркы урпактарыбыздын жан дүйнөсүн, аң-сезимин кыргыз рухунун туу чокусу - "Манастын" ушул асыл нарктарынын "ат мамыларына" чырмап байлаш керек. Ушундай болгондо гана улутубуздун ички рухий, адеп-ахлак саламатчылыгы бекем болоруна жана калкыбыздын тыш жактан басып кирген чоочун маданий экспансиянын кулу болуп калбастыгына ишенсек болот.

11. Башка өлкөлөр өз мамлекетинин кызыкчылыгын жана балдарынын келечегин кантип коргойт?
Маселен, Түркиянын 1973-жылы 14-июнда кабыл алынып, бүгүнкү күндө да туруктуу иштеп жаткан "Улуттук билим берүү боюнча негизги мыйзамында" түрк билим берүүсүнүн тарбиялык башкы стратегиялык максаты төмөндөгүчө аныкталган:
"Түрк улуттук билим берүүсүнүн максаты - түрк коомчулугунун бардык мүчөлөрүн Ататүрктүн принциптерине, революциясына жана Башмыйзамда көрсөтүлгөн Ататүрк патриоттуулугуна (мекенчилдигине) ылайык түрк улутунун улуттук, нравалык, инсандык, руханий жана маданий баалуулуктарын кабыл алган, сактаган жана өнүктүргөн үй-бүлөсүн, мекенин, улутун сүйгөн жана дайыма өркүндөтүүгө аракет кылган, инсан укуктарына жана Башмыйзамдын алгачкы беттериндеги негизги принциптерге таянган демократиялык, граждандык жана социалдык укуктук мамлекет болгон Туркия жумуриятынын алдындагы милдет жана жоопкерчиликтерин билген, ошондой эле аларды аракетке келтирген мекендештер катары калыптандыруу. Улуттук ахлак жана улуттук маданият бузулуп, деградацияланышынан сакталып, өзүбүзгө таандык форма менен бүткүл дүйнө маданияты ичинде өз ордун таап, өнүктүрүлүшүнө жана окуп үйрөнүлүүсүнө маани берилет. Улуттук бирдик жана бүтүндүктүн негизги элементтеринин бири болгон түрк тилинин билим берүүнүн ар бир баскычында билимдин сапаты бузулбастан жана аша чаппастан үйрөтүлүшүнө маани берилет. Балдарды түрк тилинде туура жана жакшы сүйлөй алууга үйрөтүү - милдет". Айтмакчы, ошол эле Түркиянын мектеп мугалиминин антында "түрк улуттук патриоттуулугуна, баш мыйзамдын негизги принциптерине берилүү менен иштээриме, окуучуларымды ушуга ылайык тарбиялоого ар-намысым жана абийирим менен ант берем" деп жазылган.
Ал эми Американын тарбия тажрыйбасына кайрылып көрсөк, мисалы, АКШнын мектептеринин 1-2 класстары үчүн окуу китептеринин дээрлик ар бир барагы "Бул менин Америкам", "Менин америкамдын желеги", "Менин америкамдын символдору", "Менин Америкамдын улуу инсандары", "Менин Америкам өнүгүп жатат", "Менин Америкам ырдайт", "Америка - биздин үйүбүз", "Биздин улуттук майрамдар", "Американы курган кишилер", "Американын пионерлери", "Американын ковбойлору" деген сыяктуу сөздөргө жана сүрөттөргө ширелген. 3-класстын окуу китебинде Американын рухий нарктары, 20га жакын улуу инсандардын өмүр- таржымалдарынын негизинде үйрөтүлөт. Ушуга удаа айта турган нерсе, АКШда балдардын психикасына жана тарбиясына терс таасирин тийгизе турган жанагы биздегидей кинотасмаларды жана компьютердик программаларды көрсөтүүгө мыйзамдык негизде тыюу салынган. Эл жазуучусу Бексултан Жакиев минтип жазып отурат: "Мен эки жолу Америкага бардым. Бир жолкусунда бир ай жүрдүм. Ал жерде алар өздөрүнүн идеологиясына ылайыктап бала-чакасына, үй-жайына, тарбия берүүгө абдан ылайыктап телепрограммаларды түзүшөт экен. Маселен, биздин теледе берилип жүргөн бири-бирин талкалап, мушташып, уят-сыйыт жок, төшөк-мөшөктөн берки, мууздоолор тартылган фильмдер америкалыктардын үйлөрүндө көрсөтүлбөйт. Ал сыяктуу фильмдерди биз сыяктуу байкуш өлкөлөргө мыкты фильмдерине кошуп сатат. Элдин кулк-мүнөзүн ирите турган программаларды биздеги телекөрсөтүүлөрдөн тазалабаса, жаштарыбыз тургай карыларыбыз деле тетири жакка оой берет". ("Эркин Тоо" 18.01.08.)

(Уландысы бар)

Советбек Байгазиев,
Филология илимдеринин доктору.







Япондук билим берүү системасы өз жаштарын эки чоң багытта - дүйнөлүк илим-билимди өздөштүрүүнүн жана япондук рух-дөөлөттөрдүн духунда тарбиялоо философиясына таянат. Япониянын бир өзгөчөлүгү - ар бир мектебинде сөзсүз пианино ж.б. музыкалык аспаптар турат. Кайсы бир аспапта улуттук музыканы ойной билүү - ар бир япондук баланын ар намысы. Мектептеги "мораль" аттуу сабакта улутуңду тааны, адегенде япон бол, анан дүйнө маданиятын тааны деп окутат. (Караңыз, А.Жумагулова. Школьное образование Японии - Бишкек, 2005, 71-бет).
Кыскасы, бөлөк өлкөлөрдүн расмий документтеринде демократиялык идеалдар менен катар жаштарды өз улутунун, өз мамлекетинин баалуулуктарына тарбиялоого багыттар ачык-айкын көрсөтүлөт. Башка мамлекеттер мына ушинтип өз мекенинин ичинде өз идеологиясын чечкиндүү жүргүзүп, өз территориясында өз укугун бекем орнотуп, балдарынын биздегидей "башы жок бака, көзү жок көгөн" болуп, ар кимдин таасирине "мурунтуктатып", туш келди баспай, өз улутунун дөөлөттөрүнүн нугунда атуул болуп калыптанышына камкордук көрүп, өз калктарынын кызыкчылыгынын сакчылыгында сагызгандай сак жана бекем турушат. Маселен, ошол эле Түркияда эгер түрк кызы чет өлкөлүктөргө турмушка чыга турган болсо, ал кызды Түркиянын граждандыгынан ажыратып, мекенинен чыгып кетишине жана кайра Түркияга кайтып келишине тоскоолдук жараткан мыйзамдык база иштелип чыккан. Ушундан улам түрк кызынын чет өлкөлүккө турмушка чыгышы өтө сейрек кездешет. Түрк улуту 50-60 миллион болсо да, Түркия мамлекети өз калкынын сакталышына ушундай жолдор менен кам көрөт. Чындыгында эле, мамлекет өз улуту үчүн ушинтип кам көрбөсө, карапайым масса биздин Кыргызстандагыдай чачылып кетиши мүмкүн го. Кыргызстанга карап көрөлү. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматында 2011-жылдын ичинде эле кыргызстандык 911 бийкеч чет өлкөлүктөргө турмушка чыккан. Анын ичинен АКШга 35, Германияга 13, Түркияга 66, Казакстанга 53, Россияга 355, Өзбекстанга 53, Тажикстанга 31, Кытайга 19, Түштүк Кореяга 151, Түндүк Кореяга 43("Политклиника" газетасы 5.04.2013) бийкеч күйөөгө кеткен. Мынакей, улуттук бекем тарбия албаган кыздарды эркинсиңер деп ээн-жайкын кое берген "жапайы" демократиянын натыйжасы. "Ай дээр ажо, кой дээр кожо жок" болуп, мамлекет элди таштап койсо, ушундай боло берсе, кыргыз улуту көбөймөк турсун, мындан ары күзүндөгү тартылган суудай сан жагынан улам азая берип, ээси жок тоо-ташта ээн калган отордой болуп, калкыбыз акыры туш-тушка чачылып, жок болуп кетиши да мүмкүн. Кыргыз мамлекети өзүнүн улут турмушун регулировкалоочу функциясын кескин активдештириши зарыл.
Ал эми Малайзияда улуттар аралык ынтымакты жана малай улутун сактоо үчүн жарандардын бөлөк диндерге өтүшүнө тыюу салынган. Алдыңкы өлкөлөр демократия деген нерсе өлкөнүн ичиндеги тартип жана жоопкерчилик, улут бүтүндүгүн сактоо кызыкчылыгы менен байланышканда гана түшүм берерин жакшы туюнушат. Демократия демократия үчүн эмес, ал улуттун сакталышына жана улуттук иденттүүлүгүн жоготпой, алдыга карай арыштап, өнүгүшүнө кызмат кылыш керек. Ушундай философияны биз кыргыздар качан тутунуп жашайбыз, качан ойгонобуз?
Өнүккөн өлкөлөр тарбия институтун унуткарган, аны таназар албаган, тарбия ишинин тизгинин стихиянын колуна карматып койгон мамлекет Кыргызстандагыдай адеп-ахлак башаламандыгына жол ачаарын жакшы түшүнүшөт. Ал өлкөлөрдө таалим-тарбия маселеси стратегиялык маселе катары ар дайым мамлекеттин көңүлүнүн чордонунда турат. Анткени тарбия адамзат, улут, социум топтогон социалдык-тарыхый тажрыйбаны, маданиятты, руханий адеп-ахлак салттарын муундарга мурастап өткөрүүнүн куралы. Коомдогу өтмө-катыштык жол-жобосун жүзөгө ашырып турган улуу феномен-тарбия механизми аркылуу гана коом - коом катары сакталып турат жана келечекке карай илгерилеп өнүгөт.
12. Эмне кылуу керек?
же элдик педагогиканын осуяты

Кыскасын айтканда, коомубузду каптаган адеп-ахлак кризисинин шартында эгемендүү кыргыз мамлекети өлкөдөгү тарбия институттарына так багыт, нуска болуп бере тургандай улуттук дөөлөттөргө, элдик рухий, адептик-ыймандык нарктарга негизделген таалим-тарбия стратегиясын, концепциясын кечиктирбей иштеп чыгып, анын негизинде узак мөөнөттүү тарбия программасын, практикалык иш-чаралардын комплексин кабыл алышы күн тартибинде турган зарыл милдет. Мына ушундай олуттуу кадамга КРнын Президенти А.Атамбаевдин "Кыргызстандын элинин тарыхый жана маданий мурастарын окуп-үйрөнүүнү тереңдетүү жана жарандык атуулдукту калыптандыруу боюнча чаралар жөнүндө" ЖАРЛЫГЫ (Бишкек ш., 2012-ж.,27-январь) негиз берип турат.
Бир баласын баптист кылып, экинчисин буддист кылып, үчүнчүсүн христианин кылып, кыргыз үй-бүлөсүнүн нравалык негиздерин талкалап жаткан же чет өлкөлүк диндик секталарга кыргыз мамлекетинин катуу мамилеси болуш керек. Ошондой эле, турмушубуздун башка сфераларындагы ар кандай демократиялык ураандарга жана "гумандуу жардамдарга" жамынган чет жактык миссиялардын аракеттеринин ички мотивацияларын да тикийип көзөмөлгө алуу кажет. Биздин өлкөдөгү ар ким кайсы динди тутса өз эрки деген жобо жарандарынын улуттук өзүн-өзү аңдап түшүнүүсү өнүкпөгөн Кыргызстандын шартында тескери натыйжаларды берүүдө. Кыргыз мамлекети өз жарандарынын туш-тушка чачылышына, "өзүн-өзү билип, өтүгүн төргө илишине", "башы жок бака, көзү жок көгөн" болушуна каршы бөгөттөрдү коюп, аларды адашуудан жана камгак сыяктуу ар жакка тоголонуудан коргоочу чараларды көрүүгө тийиш. Катардагы ар бир жарандын Манас атанын ар намысына ээ болушуна жетишишибиз керек.
Т.Сыдыкбековдун "Көк асаба" тарыхый романында эзелки кыргыздардын салтында жаш баланы туулган жердин топурагы менен таткантуу, жалатуу, ал топурактан тумар жасап, мойнуна тагуу ырасмысы болгондугу жазылат. Мындай ырасмынын ушу бүгүнкү күнгө чейин элибиздин ичинде сакталып, колдонулуп келгендигин Бектур Исаковдун фактылар аркылуу далилдеп жазганы бар. Бул ырасмынын сыры жана өзгөчөлүгү анын педагогикалык терең маңызында жатат. Кыргыздар мына ушинтип, адам баласынын башаты, башталышы туулган жерде экендигин балага туйгузууну, билгизүүнү анын кенедей кезинен баштаган. Дагы бир жолу айталы, кичинекей кулунчакка, "туякка", тукумга биринчи иретте, башатты, тамырды таанытуу, эстутумду түптөө кыргыздардын таалим-тарбия системасында өзүнчө бир айныгыс мыйзам катары жашаган. Бекеринен "Манаста" "айтып берчи кулунум, ата-бабаң айылыңды, ары түбү дайыныңды" деп айтылбайт. Кыргыздардын педагогикалык философиясында бала өз бир боор эл-жеринин кыртышынан тамырлап, чынар дарак сыяктуу бүчүрлөп өсүп чыгууга тийиш, башкача айтканда, өз улутунун топурагынан "программаланып" чыгышы керек. Ошондо гана ал өз элинин адамы, азаматы боло алат. Ошондо гана анын дүйнөлүк баалуулуктарды өздөштүрүүсү түшүмдүү болмок.

Советбек Байгазиев,
профессор-публицист