Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Ойлонгула, эртең кеч болуп калат...
Жогорку Кеңештин жыйынында "Ата Журт" фракциясынын депутаты Дастан Жумабеков кооптуу маалымат таратты. Анда эл өкүлү Ош облусунун Араван районунда жаш балдарды белгисиз бирөөлөр азгырып Сириядагы согушка алып кетип жатканын жар салды. Бул тууралуу: "Бизге 15 баланын ата-энеси кайрылды. Алардын балдарын мечиттерден кимдир бирөөлөр азгырып Түркия аркылуу Сириядагы согушка алып кетиптир. Жаш балдар Орусияга барабыз деп кетип, кийин Стамбулдан телефон чалып, "биз жихадга кетип жатабыз" деп айтышыптыр. Ата-энелер ыйлап бизге кайрылгандыктан, "Ата Журт" фракциясынын депутаты Өмүрбек Бакиров ата-энелердин экөөсүн алып Стамбулга учуп кетти", - деп маалымдады.
Кудай сактасын, деги кандай өлкөгө айланып баратабыз. Кайсы тарабыңды караба, чуулуу окуя. Ушунун баары мамлекетибизде элибизди бир багытка багыштаган идеологиянын жоктугунун кесепети болуп жатат. Эл башындагы аткаминерлер качан ойгонот? Элдин, мамлекеттин камы үчүн иш жүргүзгөн заманга эгедер болобузбу деги?..
Баса, Сириядагы согушка кетти делген кыргыз жарандарынын ишин Түркия прокуратурасы иликтөөгө алды. Бул тууралуу Кыргызстандын Стамбулдагы Башкы консулдугу маалымдады. Башкы консул Мирлан Арстанбаевдин билдириши таянсак, түрк прокуратурасы тергөө учурунда топтолгон маалыматтарды ачыкка чыгарбай турууну өтүнгөн.

Сынчынын сыңар өтүгү майрык...
Деги бийлик, мансап эмне дедиртпейт. Кечээки эле куйругунда калбыры барлар, бүгүн эл үчүн күйгөн патриот болуп сүйлөсө ооздорунан көк түтүн буркурайт. Мындайлардын ана башында жалаң мамлекеттик кызматта иштеп эсепсиз байлык топтогон Ахматбек Келдибеков деген турат. Бул киши Акаевдин Бакиевдин доорунан бери майлуу кызматты аркалап келе жаткан, аталган эски бийликтин кадры болгондугун эч ким тана албайт. Анан бул эргул учурда коомчулукка өзүн жаңы чыгып келе жаткан, кызматтык ишмердүүлүгү кристаллдай таза кадр кылып көрсөтө албай убара. Ал түгүл уялбастан эле: "Бийликте тургандарда акыл-эс болсо, кеч боло электе ойгонушу керек. Буларды да эскилердин тагдыры күтүп турат" - деп, сындаганычы, түгөттүкү десе. Ошол эскилердин катарын өзү да толуктаарын эске алсак, "кызыл-кызыл кекиртек кыйла жерге секиртет" "менин жолоюма түшпөгүлө" дегенди айткысы келген окшобойбу.

Келдим, эми кетпейм...
Акыркы күндөрү Өкмөт башчысы Жантөрө Сатыбалдиев бир топ чиновниктерге сөгүш жарыялап, бир катарын кызматтан алып, чаң-тополоңун чыгарды. Мындан улам, айрым аткаминерлер кызматын ойлоп жүрөкзаада боло баштады. Алардын бири - Саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаева. Башбакандын ачуусунан кийин, "мени кызматтан алганы калды көрүнөт, эптеп бир нерсе кылгыла" деп Ак үйдүн жетинчи кабатына арыз-муңун төккөнгө үлгүрдү көрүнөт. Анан маалымат каражаттарына "мен кызматымдан кетпейм, баштаган ишимдин аягына чыгышым керек" дегендей догурунду. Кызык, биздин чиновниктер кызматка жетсе эле, аны атасынан калган мурастай менчиктеп алгылары келишет.
Баса, Динара айымды "канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокутпай" калкалай турган "көзүр" катары "Ак үйдүн жетинчи кабатында отурган КСДП депутаты Динара Ниязалиеванын кулагы чыгууда.

Кайыпов кайда барат?
КСДП партиясы менен Бишкек шаардык кеңешине депутат болуп келген Аманбай Кайыпов деген чоң "базарком" бар. Акчасы ашып-ташыган нарындык күркүлдөрдүн бири. Бул жигит депутаттык мансапка анчейин алымсынбай, түз эле облус жетекчилигине көз артып аткан экен. Болгондо да өзү туулуп өскөн Нарын облусун башкаргысы келип атыптыр.Өкмөттөгү эки үлкөнгө жана партиялашы Чыныбай Турсунбековго жашылдан жакшы эле бергени да айтылууда.


Башталды…
Кыргызстандагы кримдүйнөнүн аталыгы делинген Камчы Көлбаевдин соту башталды. Ага карата уюшкан кылмыштуу топ түзгөн, бийлик өкүлдөрүнө кол салган, адам уурдаган сыяктуу өтө оор беренелер боюнча айыптар тагылууда. 18-апрель күнү башталган соттук отурумда Камчы Көлбаев коюлуп жаткан айыптардын бирөөсүнө дагы макул эмес экенин айтты.
Алгач сөздү айыпталуучу Камчы Көлбаевге берүүнү өтүнгөн адвокаттын суранычын сот Боромбаев четке кагып, алгач жабырлануучулардан кепти баштады. Бирок жабырлануучу катары чыгып аткан Медербек Кожахметов аттуу жаран "Мен өзүмдү жабырлануучу деп эсептебейм. Камчы Көлбаевдин тескерисинче "Ак Жолдун" депутаттары Бактыбек Бекбоев менен Арзыбек Бурхановдон өндүрө албай жүргөн 250 миң долларымды кайтарып берүүгө жардамдашуусун сурангам. Башкыпрокуратурага, Октябрь райондук сотуна арыз жазгам, бирок алардан эч кандай жооп болгон эмес"-деп тескери сүйлөдү.

Садыр Жапаровдун эжеси камалды...
Садыр Жапаровдун эжеси Райкүл Жапарова Свердлов райондук соту тарабынан "Ысык-Көл Инвестибанкты" баскынчылык кылып басып алган деген айып менен камакка алынып, №1 СИЗОдо кармоо чечимин чыгарды. Райкүл Жапаровага Кылмыш жаза кодексинин 303-беренеси ("Коррупция"), 166-беренеси ("Алдамчылык"), 183-беренеси ("мыйзамсыз жол менен алынган каражатты легалдаштыруу, адалдоо") боюнча кылмыш иши козголду.
Эске сала кетсек, буга дейре Жапарова кичинекей баласы бардыгына байланыштуу соттун чечими менен үй камагында болчу. Натыйжада, жабырлануучулардын жана прокурордун Райкүл айымдын баш коргоо чарасын өзгөртүп, камакка алуу өтүнүчүн Свердлов райондук соту Мелис Абдыкалыков канааттандырды.

Рысалиев Атаханов эмес…
Батукаевдин бошотулушу боюнча депутаттык комиссия "Атаханов, Салянова, Рысалиев баш болгон күч структураларынын өкүлдөрү кызматын убактылуу тапшырсын" деген талапты катуу коюшкан. Бирок айтканынан кайтпаган, эч нерседен жалтанбаган Зарылбек Рысалиев эл өкүлдөрүнө эрмек болбойм, алардын айтканы мен үчүн эч нерсеге арзыбайт дегенди баса белгиледи. "Эмне үчүн мен депутаттардын каалоосу менен жашашым керек? Мен таза жана так иштеп жатканымды билем. Менде намыс жана абийир деген бар. Мен жана менин балдарым таза экенин билем. Биз мыйзамдын чегинде өзүбүздүн жумушубузду кылдык. Депутаттык комиссиясында эмне деп атышат, эмне болуп атат мени эч кызыктырбайт. Билгенин кылышсын" - деп агынан жарылды. Чынында эле депутат Надира Нарматова айтмакчы "Башкы прокуратура, УКМК, ИИМ баардыгы мыйзамдуу деп атышса, Рысалиев эмне кылмак эле?" дегендей эле кырдаал түзүлүп атат. Өчү бар эл өкүлдөрү өч алмай оюндарын куруп атса, Зарылбек Рысалиевдин минтип аларга моюн берчү түрү жок. Чын эле Рысалиев депутаттар кыйкырып-өкүрүп атса да башын шылкыйтып отуруп берген Атаханов эмес да.

Докени ЖоКе эстеди
Кыргыздын чыгаан уулу Дооронбек Садырбаев эски бийликтин текебердигин айтканы үчүн Бакиевдин бийлиги кара ашын бердиртпей, арбагынан өч алганын жакшы билебиз. Азыр болсо башка бийлик, башка жашоо. Кыргыз деп жүрүп, кыргызга күйүп кеткен КР Эл артисти, Кыргыз Республикасынын Баатыры Дооронбек Садырбаевдин 75 жылдык маарекесин белгилөө демилгесин парламент көтөрдү. Депутат Өмүрбек Текебаевдин бул демилгесин эл өкүлдөрү бир добуштан колдоп берди.
Улуу-кичүү оозунда "Биздин Доке" атыккан таланттуу агабыз 70тен ашуун даректүү жана көркөм фильмдин, сегиз китептин, 700дөн ашуун публицистикалык макалалардын автору болгон, бир катар поэтикалык жыйнактары чыккан, Жогорку Кеңештин үч чакырылышынын депутаттыгына шайланган.

Кулматов кызматынан "кулайт" көрүнөт…
Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчиси Кубанычбек Кулматовго жүктөлгөн милдеттерин так аткарбагандыгына байланыштуу деген жүйө менен Өкмөт башчысы Жантөрө мырза сөгүш берди. Буга Кубаныч мырзанын ишти жөндөй албай, убагында салыктарды чогулта албаган жарамсыздыгы себепкер болгон. Башкача айтканда, Кыргызстандын бажы кызматы 2013-жылдын I кварталында бажы төлөмдөрүн жыйноо боюнча планды аткара алышкан эмес. Бул деген ансыз деле аябагандай чоң дефицит менен кабыл алынган 2013-жылдын мамлекеттик бюджетинин киреше бөлүгүнүн аткарылбай калышына жана дефициттин өсүшүнө алып келет. Бул жагдай Өкмөттүн шору эмеспи. Эми, жакынкы аралыкта артынан ар кандай сөз ээрчитип, жыйынтыктуу иштей албаган Кулматовду иштен алынып, ордуна башка кадр дайындала турганы сөз болууда.

Замирбек Эсенаманов камакка алынды...
Элдин, мамлекеттин мүлкүн өз энчисиндей пайдалануу биздин чиновниктер үчүн катардагы эле иш болуп калды. Ким майлуу кызматка келсе, ошол тармакты өнүктүрүп-өстүрүүгө эмес, талкалап жеп-ичүүгө ашыгат. Мына УКМКнын кызматкерлери тарабынан мурдагы Жаратылыш ресурстары министрлигинин экс-жетекчиси Замирбек Эсенаманов апта башында камакка алынып, "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган" деген берененин негизинде кылмыш иши козголду. Биринчи май райондук соту да Эсенамановду 27-майга чейин тергөө абагына камоо тууралуу чечимин чыгарды.
Мындай тагдырга туш болгон бул эргул кен байлыктарды пайдалануу боюнча комиссияга төрагалык кылган учурда Жалал-Абаддагы Көк-Жаңгак көмүр кенин иштетүүгө өкмөттөн уруксат албай туруп төрт лицензияны берип жиберген.