Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Өнөр...
Атайбек Бөдөшов,
композитор, обончу, комузчу:
"Мектепте окуп
жүргөндө сүйүү
каттарын катыра
жазчумун"
Кыргыз элинин жүрөгүнөн түнөк тапкан ырларга мукамдуу обон жаратып, бир эмес миңдеген ырларга өчпөс өмүр, кайталангыс кайрык берип, нукура кыргыз музыкасынын өнүгүүсүнө опол тоодой салым кошуп келе жаткан белгилүү композитор Атайбек Бөдөшов агай менен балалыгы, оттой жанган жалындуу студенттик кези жана маданият туурасында баарлаштык.
- Атайбек агай, жаш өткөн сайын адам карылыкка моюн сунгусу келбей, жаштыгын өткөнүнө өкүнүп калат дейт. Сизде мындай сезимдер болобу?
- Бу жаштык деген керемет нерсе экен да. Ал ар бирибизге бир гана берилет экен. Жаштыктын кадырын учурунда көп этибарга албай, жаштыктын күчү, деми, курчтук менен дуулдап жүрүп өткөрүп жиберет экенбиз. Бирок мен жаштыгымдын өткөнүнө өкүнбөйм. Карылык баарыбыздын башыбызга келет. Эң башкысы татыктуу, кадырлуу карылыкка жетүү керек. Ал үчүн өзүң да таза, калыс, эл арасында ак эмгегиң, адал ишиң, коого кошкон салымың болсо, эл да сени сыйлайт, кадырлайт. Ачык айтканда азыркы кезде кадырлуу карылыкка жеткендер да, жетпегендер да бар. Буга ар бир адам өзү себепкер. А чынында карыганда урмат- сыйдан куру калгандан артык оор нерсе барбы?..
- Балалыгыңыз кайсыл жерде, кандай кызыктар менен коштолуп өттү эле?
- Өзүм айтылуу Аксынын Сыны деген сындуу айылында туулуп, өстүм. Балалыгым да ошол айылда өттү. Өзүм кырдуу мадырабаш балдар менен чүкө ойноп, ата-энеме эркелеп чоңойдум. Эми ал күндөр артта калды. Эстей турган кызыктуу күндөр гана калды... Балалыктагы эстен кеткис окуялардын бири - патефон, азыркы тил менен айтканда, ошол кездин музыкалык центри эле. Ал да кышылдап тунук угулчу эмес. Бирок ошого карабай, эртеден кечке укканыбыз патефон болчу. Музыка уккандан сырткары китепти аябай көп окучумун. Бала кезимден эле китепке жакын болуп чоңойдум. Акчам боло калса эле китеп ала берчүмүн. Ошентип жүрүп окууну бүткөнчө бир топ китеп чогултуп алдым. Алган китептеримди бүт калтырбай окуп чыкчумун. Ошондон уламбы, мектепте окуп жүргөндө өзүмдөн улуу балдардын сүйүү каттарын катыра жазчумун. Бир жолу ошондой сүйдүм-күйдүм деген каттардын бири мугалимдердин колуна тийип калыптыр. Ал кезде тартип күчтүү эмес беле. Каттын автору экенимди айтпай, тымпыйып билмексен болуп жүрсөм, агайлар акырын изилдеп, билип алышыптыр. Ошол каттан кийин мектептин директорунун "Биздин мектепте жазуучулар союзуна мүчө боло турган балдар окуйт. Мындай катты башыма жүн чыкканы окуган эмесмин. Бул балдар мектепте жөн эле кор болуп жүрүшөт"- деп какшыктаганы азырга чейин эсимде.
- А чыгармачылыкка кантип аралашып калдыңыз эле?
- Менин чыгармачылык өнөрүм чоң атамдан берилсе керек. Чоң атам Маша Сыныдагы эң бай жана таланттуу, өнөр адамдарын баалаган адам болгон экен. Ал өз убагында айтылуу Жеңижок, Токтогул, Эшмамбет, Ныязалы сыяктуу өз заманынын залкарлары менен үзөңгүлөш жүрүп, ал эле эмес кээде алар чоң атамдын үйүнө кышы менен кыштап, күндүз тоого чыгып аң улап, кечинде мештин жанында алым сабак айтышып, ырдашып отурчу экен. Ал кишинин көзү өткөндөн кийин, таланты мага калса керек.
Биздин жаш кез Союз учурунда өтпөдүбү. Ал кезде мектептерде ар түрдүү кружоктор болор эле. Мектепке барган балдар-кыздардын алды 3-4төн кружокко катышса, арты жок дегенде бир кружокко катышчу. Мектептер арасында конкурс деген аябагандай көп өтөр эле. Конкурска даярданып эле, ызы-чуу болуп жатчубуз. Конкурска илинип калган кыздар менен балдар өзүнчө эле эрдик жасаган адамдай кадыр күтүп, мектептин сыймыгы болор элек. Ошондуктан мектептер аралык өткөн конкурстарга катышуу үчүн балдардын баары комуз, музыка кружокторуна барышчу. Мына ушундай бардыгы илим деп чуркаган заманда көпчүлүктөн артта калбайын деп алдыга умтулуп, бир нерсе билүүгө ынтызар болот экенсиң да. 2-класстан тартып комуз чертип, мектептер аралык өткөн ар кандай кароо-сынактарга катышып, баш байгеге ээ болуп атым районго чейин угула баштаган. 4-5-класста окуп жүргөндө жаным тынбай жатып аккордеондо ойногонду өздөштүрдүм. Оо, ал кезде Рыспай, Атай, Мусалардын аты дүңгүрөп турган учуру. Баарыбыздын оюбуз ошолордой атакка жетүү. Ошондон кийин искусствого болгон кызыгуум күч алып, баш-отум менен чыгармачылыкка кирип кеттим.
Мектепти бүткөндөн кийин райондо калып иштеп калдым. Ошол учурда обон чыгарууга ыктап кеттим. Бир жылдан соң борборго окууга келип, бир жыл окуп, армияга кеттим. Ал жакта да жөн жатпай көп обондорду иштеп чыктым. Армиядан келгенден кийин кайра окуумду улантып, обон чыгаруу менен гана чектелбей композиторлук кесипти да өздөштүрүүгө жетиштим. Ошондон тартып эле маданияттан чыкпай келем. Чынында маданиятка биз өмүр бою кызмат өтөдүк.
- Комуз, аккордеондон сырткары мандолина да чертет турбайсызбы…
- Ушуга байланыштуу бир кызык окуяны айтып берейин. 1960- жылдары мандолина деген музыкалык аспап кулачын жайып, музыканттарга тарап, мандолинада ойноо өзүнчө эле модага айланып кетти. Элден кем калбай, мен дагы үйрөндүм. Бирок ойноюн десем мандолинам жок. Акыры үйдөгү беш тоокту сатып, мандолина алайын деген чечимге келип, ата-энемди көндүрүп, беш тоокту көтөрүп алып базарга барсам, тоокторум 50 тыйындан ашпай койду. Эми мандолинасы жок калат экем деп ызаланып жолдо ыйлап отурсам, Токтайым деген эжем келип калды. Эмнеге ыйлап жатканымдын себебин сурап, дүкөнгө ээрчитип барып, мандолина сатып берген. Ошондо кубанганымды айтпа. 15-20 чакырым аралыктагы базардан үйгө жөө мандолина чертип барганым азыр да эсимде.
- Алгачкы обонуңуздун жаралуу тарыхынан кеп козгосок…
- Чыгармачылыкка обон чыгаруу менен аралаштым. Алгачкы жолу "Мектебим" деген ырга обон жараттым. Анда 14 гана жашта болчумун. Андан кийин көп эле обондор жаралды. Көбү нота билбегендиктен сакталбай калып, унутулуп калды. 1965- жылы "Кыргызстаным" журналына "Ден соолук" деген ыр чыгып калды. Сөзү акын Карачал Курманбаевдики. Ушул ырдын тексти мага жагып, обон чыгардым. Ошол обонум эл оозуна алынып, районого чейин тарап кетти. Ошондуктан алгачкы обонум деп ушул обонумду айтып, 1965-жылдан тарта обон жаза баштадым деп айтып келем.
- Азыр эмне көп, ырчы көп. Бирок ырчыларыбыздын көпчүлүгү өзү обончу, өзү акын. Жаңы чыгып жаткан ырчылардын сиздер менен иштешпей жатышынын себеби эмнеде?
- Азыркы ырчылар обонду сатып алгандан качышат. Жакшы обон үчүн акча короткулары келбейт. Обонго кеткен акчаны алар башка нерсеге жумшайт. "Мейли, эптеген-септеген обон болсо деле боло берет. Эң башкысы акчам өзүмдө калса болду"- деп жашап калышты. Мындан сырткары, азыркы жаш ырчыларыбыз чет элдик даяр обондорду уурдап алганды адат кылып алышты. Бирөөнүн музыкасын алат да, бир аз оңдоп-түзөп коюп, өзүнүн атын коюп алат. Ушул кантип болсун. Бул нерсени токтотпосок, биз улуттук колоритти жоготуп алабыз. Кыргыздын классикалык музыкаларын тепселеп жатабыз. Батыштын артынан кууп жүрүп, маңкурт болуп жоголуп кетпесек экен деп коркуп жүрөм. "Эгер бир улутту жок кылууну кааласаң, алгач анын маданиятын талкала"- деген сөз бар. Бул еврейлердин тымызын жүргүзгөн саясаты. Ал саясат жыйырма жылдан бери биздин маданиятты талкалап келди. Аны азыркы айрым жаштарыбыз түшүнбөй, сын айткандарды "Көрө албай жатат"- деп ойлошот экен. Аларды көрө албагыдай мен алардын душманы же атаандашы эмесмин да. Болгону улуттук колоритти, классикалык музыкаларды сактап калсак, маданиятыбызды жоготуп албасак экен деген эле далбас.
- Ушул кезге чейин маданиятты көтөрөлү деп кыйкырып эле келебиз. Бирок айтылган сөздөр айтылган жерде гана калып, иш жүзүнө ашпай келет. Деги, маданиятты көтөрүү үчүн кандай иш аракеттер көрүлүшү керек?
- Биз, кыргыздар, көрө албастык менен бой көтөргөндү токтотсок. Болбосо өспөйт экенбиз. Жаштарды тарбиялап, жол көрсөтүп коюш биздин милдет да. Элдин ичи таланттан куру болбойт. Азыр деле таланттуу балдар бар, бирок жол көрсөткөн адам жок болуп жатат. Ар кимибиз эле өз кызыкчылыгыбызды көздөп, өз көмөчүбүзгө күл тарта берсек, келечегибиз эмне болот? Менимче, улуттун кызыкчылыгын биринчи орунга койгон учур келди го дейм. Убакыттан уттурбай, эртерээк эсибизге келип, маданиятыбызды көтөрүүгө баарыбыз аракет көрүшүбүз керек. Ошондуктан маданият башына маданиятка күйгөн чыгаан, мыкты жигиттерди алып келиш керек. Жетекчини алмаштыруудан эч майнап чыкпайт. Бири келип, бири кетсе эле маданиятыбыз өсүп алгалап кетпейт экендигин бир нече жетекчилердин алмашуусунан көрүп жатабыз го. Жең ичинен кызмат бөлүшкөндү токтотуп, маданиятты баалаган, сыйлаган, түшүнгөн бирөөнү алып келсек эң жакшы болмок. Биз кызмат бөлүшүп отура берсек, аз күндө араң турган маданиятыбыздын тамырын таптакыр соолутуп алышыбыз толук мүмкүн.
Жаркынай Кадыркулова