presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз гезиттер
Өлгөн жолборстон тирүү чычкан артыкпы?
Кыялбек УРМАНБЕТОВ, кыргызы эл акыны акын:
- Өлгөн арстандан тирүү чычкан артык деген кыргыздын макалында калет жок. Кандай убак болбосун тирүүлүк улук, тирүүлүк жогору турат. Бирок, элдин ырыскысын кемирип, элди жеген чычкандардан өлгөн арстан артык го деп ойлойм.

Мыйзамдын баркы калбаса, бийликти чырмайбы каргаша?
Эркингүл ИМАНКОЖОЕВА
- Көпчүлүк мамлекетке караганда Кыргызстанда мыйзамдар жакшы, мыйзамыбыздын кадыры жогору болсо, албетте бийликтегилердин да жүзү жарык. Учурда мыйзамдарга өзгөрүүлөр, толуктоолор киргизилүүдө. Ал эми аткаруу процесси иш жүзүндө жыйынтыгын берет деп ойлойм.

Өзүнө үйө тарткан бар, өзү үчүн
мыйзам жазган бар дегенге кошуласызбы?
Турсунбай БАКИР уулу:
- Өз кызыкчылыктарын ойлоп, өзү үчүн, же өздөрүнүн тобунун кызыкчылыгы үчүн мыйзам жазгысы келип, мыйзам жазууда жеке кызыкчылыктар роль ойноп кетет. Бирок, мен алардын катарына кирбейм, мен жалпы кыргыз элине керектүү, жалпы журтка тиешелүү мыйзам жазууга аракет кылам.

Кишини киши
аксатабы?
Шайыр КАСЫМАЛИЕВА, актриса:
- Кишини киши аксатаарына кошулам, анткени ийгиликтерге бут тосуулар, атаандаштык деген нерсе эл көзүндөгү адамдарда гана эмес, жөнөкөй адамдарда да болот. Ошондуктан, айрым убактарда адам адамды аксатып коеруна ишенем.

Ичи таарып куураган көп, нак талантты туураган көп демекчи, кимдир бирөөнү туураган убагыңыз болгонбу?
Роза ШАКИРОВА, ырчы:
- Мен эч кимди туурабайм, туурагым да келбейт. Гезиттин баары эле "Гүлнур Сатылганованы туурайсыңбы? деген сыяктуу суроолорду беришет, мен эч кимди туурабайм.

Эмнеге бир ит көрүп үрөт, ал эми бир ит көрбөй үрөт?
Мирзат Муканов, журналист:
- Аябай туура айтылган сөз. Билип-билбей эле какылдай бергендер толтура азыр. Бирөөнөн чала-була уга салып эле, "моминтип атыптыр" деп, көргөн кишиче айтып салып жатышпайбы. Бирөө уруп жатканын көрүп алып ал да үрө бергидей, биз ит эмеспиз да. Анын үстүнө, азыр 21-кылым - маалыматтын кылымы. Азыр бир маалыматты жаңылыш таратуу менен чоң маселе жаратып алууга толук мүмкүн. Бирок, көпчүлүк буга терең маани бербей жаткандай. "Тиги айтып жатпайбы, бул минтип жатпайбы" деп эле "соктура" бергендер арбын. Ошону айтаардан мурда эң эле жөнөкөй, ошол иш боюнча интернетке кирип туруп карап алса болот да. Маселен, акыркы эле бир окуяны айтайын (саясаттан алыс эле маалымат жаздым атайы). Биринчи апрелде бир сайтка маалымат чыккан. "Ташчайнар - Нурлан Алишеров космоско учууга даярданып жатыптыр" деген. Чынында ал тамашалап жазылган маалымат экен. Мен да окугам. Аны кайдан угушканын билбейм, бир жерге барып калсам, уу-дуу болуп атышыптыр. Тим эле, биринен-бири талашып атышат. "Кайдан окудуңар?" десем, "элдин баары эле айтып жатпайбы" дешет.

Ачууну ачуу басат демекчи, ачууңузду эмне менен басасыз?
Болот Абдыжапаров,
"Замандаш современник" партиясынын мүчөсү:
- Мен ачуумду баспайм. Тескерисинче кыйкырып-өкүрүп ичимдеги терс энергияны чыгарып жиберем. Ачууландым деп эле арак ичип алган туура эмес да.











??.??