presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз гезиттер
Токон Мамытов, Чек ара кызматынын жетекчиси:
"Батукаевди ишин дыкааттык менен иликтесе,
бир нерсе чыгат... "

- Токон Болотбекович, маегибизди Азис Батукаевди өлкөдөн чыгарып кетүү иши үч-төрт ай мурун башталган деген кептен баштайлы. Сиздин бул боюнча кабарыңыз бар беле?
- Сен менен куттуу иш бөлмөмдө олтуруп, кенен баарлашып жаткандан кийин, мен калп айтып эмне кылам. Чынында мен Батукаевдин бошоп, учканы жатканын 9-апрель кечки саат 9дарда Чек ара кызматынын Аймактык башкармалыгынын жетекчисинен уктум. Ал мага: " аэропорт Манастын КППсынан Батукаев Москвага учуп кеткени жатат деген кабар келди" деп айтты. Мен ага "бул маалыматты тактагыла ошол жердеги УКМКнын, (бир башкармалыгы бар) ИИИдин (Аба милициясы бар) кызматкерлерине баргыла, чын эле келип калса, документтерин дыкааттык менен текшергиле, кармагыла десе, кармаш керек. ИИМдин, УКМКнын өкүлдөрү менен макулдашмайынча чыгарбагыла" -дедим. Кайра бир аздан кийин, ал бул маалымат УКМКнын ошол жердеги бөлүмүнөн келгенин, менин тапшырмам боюнча ошол жердеги УКМКнын алдындагы Коррупцияга каршы кызматынын башкармалыгын башчысынын орун басары, Аба милициясынын жетекчисинин орун басары менен сүйлөшүп, баарын тактап чыгып, "силерде кандай доомат бар"- деп сураганын, алар бир ооздон "эч кандай дооматыбыз жок, коё берсеңер болот" - деп айтканын айтты. Ошондой эле аэропортко Алмата-Бишкек-Грозный чартердик каттам учагы келип конуп, андан эч ким түшпөгөнүн кошумчалады.
Чек ара кызматынын тартиби боюнча, эгер чартердик каттам келип конуп, андан эч ким түшпөсө, жүк да түшпөсө жана ал үч сааттан ашык турбаса, анда аны текшерүүгө болбойт. Эл аралык авиациянын жана биздин ички мыйзамда да ошондой жазылган. Бирок ошого карабастан, биздин офицерлер ар кандай кырдаал болуп кетпесин деп аны көзөмөлдөп, үч саат бою кайтарып турду.
Мен Батукаевдин кандай документтерин бар экенин сураттым. Негизи мыйзам боюнча биздин кызматкерлер: Кыргызстан менен Россиянын 2005-жылы 25-октябрда кабыл алынган "Нотный соглашениясында көрсөтүлгөн документти" сураш керек. Бул мыйзам 2005-жылы 31-октябрда өкмөттүн токтому менен бекитилген. Анын эрежеси боюнча Кыргызстандан Россияга, Россиядан Кыргызстанга каттагандар паспорт (кызматтык, жеке жана дипломатиялык), экинчиси жекелигин тастыктама (айди карта) үчүнчүсү бала болсо анын туулгандыгы жөнүндө документ.
Батукаев түнкү саат 11де аэропортко келип, VIP залдан өтүп, андан кийин биздин кызматкерлердин текшерүүсүнөн өткөнү келгенде, анын документтери абдан дыкааттык менен текшерип чыгышты. Паспортун Мамлекеттик Каттоо кызматы 26 -март, 2013-жылы бериптир. Адреси Нарын шаары Кирпичный-1 (бул СИЗОнун дареги) экен. Жасалма эмеспи деп, атайы аппараттарга салып да текшеришти. Илгери союз кезинде түрмөдөн чыккан адамга (чын эле чыкты, жаза мөөнөтүн өтөп бүттү деген) ГСИН справка берчү. Азыр да ошол тартип калган. Мен: " справкасы андан башка, соттун токтому бар бекен сурагыла" деп сураттым. Батукаев соттун "токтоосуз күчүнө кирсин" деген токтомун да, жанагы справканы көрсөтүптүр. Кыскасы, жалпылап айтканда ушундай. УКМК менен ИИМ "дооматыбыз жок " деп атса, колунда бардык документи, соттун токтому (сотко ГСИН, прокуратура катышып жатса) менен турса, биздин кызматкерлерге аны кармап калууга негиз жок болду.
- Бул иш мамлекеттик деңгээлде уюшулду деген кеп да бекер жеринен айтылган жок да...
- Ушул сөздү айрым саясатчылар айтышты. Мен буга кошулбайм.
- Сиз дасыккан чекист катары Батукаев өлкөдөн чыгып кетсе, ушинтип ызы-чуу болорун жакшы билгенсиз. Эмне себептен, премьерге же президентке түз чыгып билгизбедиңиз?
- Биринчиден мыйзамдын аткарылышы, туура, туура эместиги - бул Баш прокуратурага тиешелүү. Бул милдет Чек ара кызматында эмес, ал тургай такыр эле жакындабайт. Бул маселени Баш прокурорго айтасаңар болот. Мага соттун ишине, өкүмүнө мыйзам жол бербейт.
- Ошентсе да, мамлекеттин кызыкчылыгы эске алынбай, ушинтип аброюна шек кетип, башка өлкөлөргө уят эле болуп жатпайбызбы...
- Мен да ушундай болоорун билип, өз кызматкерлериме алдын-алып катуу тапшырма берип, документтерин катуу текшерттим да. Эң башкысы ишти УКМК менен ИИМ билген экен, кабарды бизге биринчи ошолор берди да. Алардын эч кандай дооматы жок дегенин уктук да. Окмотко билгизсе, мына ошолор билдирсе болмок.
- Батукаевдин эркиндикке чыгышына анын ден соолугунун начарлашы чоң шылтоо болуп калды, чынында ден соолугу кандай экенин Турсунбек Акун айткандай саналуу күндө өлөрүн бир Кудай анан, анын жакындары гана билет. Бул жерде, чоң акча, так айтканда миллиондор ойногонун, аны жөн жерден чыгарышпаганын сиз чоң чекист катары жакшы билесиз, жашырбай чекесин чыгарып ачык айтпайсызбы...
- Мен чекист болсом да, акча ойногонун же ойнобогонун билбейм, ал жөнүндө далилим да жок. Кызыкчылыктар ким тарапта экенин да билбей жатам. Мисалы, Акмат Бакиев качканда, ал ишке акча аралашканын билем, колумда далилим жок болсо да, мен билем. Акмат качаардын алдында, ал маселени чынында Исаков, мен, Мадылбеков, Шайназаров дагы бир, эки депутат болуп: "качканы жатыптыр дейт, качырсак уят болобуз" -деп көтөргөнбүз. Бүгүн болсо, баары "биз айтканбыз, биз минткенбиз" деп кыйын болуп чыгышты. Ишенбесеңер, стенограмманы көтөргүлө. Ушул депутаттар айткан ошондо деп бүгүн бири да айтканга жарашкан жок. Акмат Бакиев качканда да чоң чуу түшкөнбүз, эми Азис Батукаевди кимдер кандай кызыкчылыктар менен чыгарганын убакыт көрсөтөт деңизчи, бирок бул маселеге жакын арада чекит коюлбайт, далайга чейин созулуп, далай такталып-такталбаган кептер айтылат. Батукаевдин ишин дыкааттык менен иликтесе бир нерсе чыгат.
- Айтыңызчы, бул чуулгандуу ишке эми ким жооп берет? Баары мыйзамдуу болду деп эле ушинтип абийирибиз ачылып кала беребизби. Деги биз, мыйзамдуу мамлекетпизби? Же эл менен эсептешпеген эси жок саясатчыларга алданган баео элбизби?
- Бул сурооң өтө олуттуу суроо. Саясатчылардын баары тең эл менен эсептешпейт деп айта албайм. Ким жооп берет, ким жооп бербейт, ал убакыттын иши. Бирок өткөн жумада Батукаев боюнча парламентте угуу болгондо кабыл алынган токтомго: "Мындан ары Кылмыш жаза кодексинин баланчанчы беренесине "ушундай оор кылмышкерлерди эркиндикке чыгаруу боюнча дарыгерлердин чыгарган бүтүмү, соттун чечими болсо да, ал дароо эркиндикке чыгып кетпей, бир ай кароодо, көзөмөлдө турсун, керек болсо коомчулуктун талкуусунда болсун "- деп жазып койсок жакшы болмок. Бул сунушту мен депутаттарга айтканым жок, себеби үйрөткөндөй болуп калам. ЖКнын Мыйзамдуулук боюнча комитети мыйзамга ушундай өзгөртүү киргизип койсо абдан эле жакшы болмок.
- Батукаев ушуну менен Кыргызстанга келбейт, 1 млн. эмес, 100 млн. беришсе да, кандай күчкө салсак да алып келе албайбыз. Буга сиз да толук ишенесиз...
- Эгер алып келиш керек деген маселе чыгып калса. Анда Эл аралык Минск конвенциянын (буга Кыргызстан кол койгон) эрежеси аркылуу алып келсе болот. Бирок бул иш менен Баш прокуратура алектениши керек. Бул чуулгандуу иш боюнча Баш прокуратура иликтөө ишин уюштуруп, терең иликтеши керек. Сотту, ГСИНди, дарыгерлерди сурашы зарыл. Түрмөлөр боюнча прокуратуранын ишмердүүлүгүн да иликтесин. Бирок Башкы прокуратура парламенттик угууда -мыйзам бузулган жок деген ойду айтты.
- Жолдош генерал, эми Батукаевдин жасаган кылмыштарын кенен айтып берсеңиз. Бул жагын сизден терең эч ким билбейт...
- Мен деле анчалык терең билбейм, анткени мен УКМКда иштеп турганда менин колумдан Рыспек, Камчы, ж.б. криминалдык чөйрөнүн таасирлүү кишилердин ар кандай кылмыш иштери тууралуу материалдар өттү. Бир гана ушу Батукаевдин иши түшкөн жок. Өзү менен да беттешип көрүшкөн эмесмин. "Болот Шер төрт кыргызды өлтүргөн, кыргыздардын кулагын кескен" деп айтты. Мындай маалымат чынында бар. Кулак кесмей өнөрү, кавказдыктардын салты боюнча, "адам эмес" деген мааниде экен. Бул боюнча 2000-жылдарга чейин эле Күч тармактарында катуу талкууга алынып, сокку уралы деген аракеттер да болгон. Чынында Батукаев криминалдык топтордун көрүнүктүү өкүлү. Таасирин күчөтүү максатында, башка криминалдык топтор менен көп "разборка" жүргүзгөнү да чын.
- Батукаевдин Рыспек Акматбаев менен болгон тиреши да ушул таасир арттыруудан башталган да...
- Бул жагы белгилүү да. Бирок экөөнүн ортосундагы тиреш кур мүнөзгө өткөнүнө бир катар себептер болгон. Алардын бири: 2000-жылдары Канттагы тоонун этегинен үч адамдын сөөгүнүн табылышы. Алар чечен улутундагы адамдар болгон. Батукаев "аларды Рыспек өлтүрдү" деген айып койгон. Негизи себептердин бири ушул болсо керек. Бул окуядан кийин бекен, айтор Рыспектин аялы каза (бул боюнча киши колдуу болду жана өзү эле өлдү деген ар кандай божомолдор айтылат ) тапты. Андан кийин, Батукаевдин аялы, андан кийин Рыспектин баласы, анан 2006-жылы депутат иниси, ГСИНдин жетекчиси, ЖКнын аппаратынын эки кызматкери каза болду.
- Батукаев ушуну менен Кыргызстанга келбесе да, сырттан туруп алып бул жактагы баш кесер жигиттери менен криминалдык чөйрөдөгү саясатын жүргүзө берет да. Сиз буга ишенесизби?
- Буга менен ишенем же ишенбейм деп айта албайм. Бирок андайга жол бербөө Күч тармагынын, укук коргоо органдарынын жетекчилеринин чоң милдети. Эгер Батукаев Кыргызстанда кайрадан баш көтөрүп, кан төксө, өз таасирин арттырса, ага укук коргоо органдары жооп бериши зарыл. Деги эле криминалды жойгонго ашып кетсе 6 ай жетет. Бирок ал иш мурункудай жөн эле кампания болбоого тийиш.
- Батукаевдин маселесин токтотуп, сөз соңунда Батукаевди катуу текшерүүгө алган Чек ара кызматынын абалы тууралуу кыскача кеп кылбасак болбос... Сиз мындан эки ай мурун Чек ара кызматы 6 айдан кийин өз милдетин так аткара албай калат деп айттыңыз беле. Ал коркунуч бүгүн да барбы?
- Ал маселени менен чек ара кызматында кызмат өтөп жаткан жоокерлердин азык-түлүгүнө байланыштуу айткам. Себеби, азык-түлүк менен камсыз кылуу талапка ылайык болгон эмес да. Чынында азыр да Чек ара тармагында абал жакшы деп айтуу эрте. Өзгөчө Өзбекстан менен чектешкен аймактарда кыйын эле. Делимитация жана деморкация боюнча комиссиянын иши да толук кандуу жүрбөй жатат. Бирок бул иш жалгыз Кыргызстандын колунан келбейт, бул иш ошол эле кошуналарга барып такалып жатат.
Андан тышкары, чек ара бекеттеринде акча алат, коррупция бар деген элдин, айрыкча журналисттердин айткан, жазган кептерин токтотуунун аракетин көрүп атам. Буга чейин май талканга оролуп жүргөн "отряд север, отряд юг" деген кызматтарды жоюп, Чек ара отряддарынын карамагына баш ийдирип койдук. Булар чек ара кайтарбай, жылуу-жумшак КППда иштешчү. Бул структурада 300гө жакын адам иштечү. Мисалы, Торугарт КППсы Нарындын Чек ара отрядына баш ийбей, Бишкекке бай ийчү. Мындай көрүнүштөр жалпы республикадагы Чек ара тармагы боюнча орун алган. Азыр баарын Чек ара отрядына түздөн - түз баш ийдирип салдык.

(Уландысы 10-бетте)

Маектешкен
Айбек Шамшыкеев.










??.??