presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз гезиттер
Пенсиялык саясаттын -
көйгөйлүү маселелери жана келечек багыттары

Көчөдө соода кылган биздин мекендештерибиздин жанынан өтүп баратып, кокусунан алардын маегине күбө болуп калдым. Жашыраак бирөөсү улуусуна "пенсия жөнүндө ойлонуу сиз үчүн али эрте да" деп айтып, ишендирип жатыптыр.

Биз абдан эле укмуштуу мезгилде жашап жатабыз. Кытай элинин: "Улуу өзгөрүүлөрдүн доорунда жашап калуудан кудай сактасын" деген макалы бар. Бир жагынан маанилүү тарыхый окуялардын күбөсү болуудабыз, экинчи жагынан үмүт-мүдөөлөрдүн талкалангандыгын, жаркын келечекке болгон ишеничтердин жоголгондугун элибиз менен кошо тартып келебиз. Бирок, ошону менен бирге кайра жаралуу, өз жашоосун жана балдарынын келечегин жакшы нукка буруу үчүн коомдо өтө сейрек кездешүүчү мүмкүнчүлүк берилди. Эң башкысы ошол учурдан пайдаланып калуу зарыл, дүнүйөкорлукка берилип, кокустан бийликке жеткен кишинин аң сезимине түшүп алуудан сактануу менен бирге келечекке карай умтулган өзгөрүүлөргө багыт алыш керек.
Мамлекет түптөлгөндөн тартып социалдык чөйрө да түзүлөт эмеспи. Социалдык саясаттын өнүгүү деңгээли мамлекеттин өнүгүү даражасынын биринчи белгилеринин бири.
Пенсиялык система - калкты социалдык коргоонун азыркы күндөгү бүт дүйнө боюнча эң глобалдуу маселелеринен. Бул мурунку социалисттик өлкөлөргө гана таандык эмес. Азыркы кезде дүйнөнүн өнүккөн мамлекеттеринде да эски пенсиялык системалар кризиске учурап, калкты социалдык коргоонун жаңы формалары менен ыкмалары изилденүүдө. Ошону менен бирге, айта кетүүчү нерсе: бул маселелерди реформалоо жүгүн өзүнө алган өкмөттүн ишин коомчулук күн мурунтан эле колдоого ала бербейт. Мындай кадамдар сейрек эле учурда колдоого алынат, анткени көпчүлүк адамдар келечегин күн мурунтан болжошпойт, жана мындай реформалардын келечегин дайыма эле көрө алышпайт, же кээ бир учурларда көргүсү да келбейт.
Бирок, ошого карабастан, мезгил-мезгили менен жарандык жогорку көз караштагы жана саясий жактан эрктүү адамдар пайда болуп, социалдык коргоо системасынын пайдубалын Бисмарк сымал түптөп келишет. Ошол түптөп кеткен системанын негизинде азыркыга чейин дүйнөнүн бардык эле өлкөлөрү өз социалдык системаларын куруп да, өзгөртүп да келишүүдө.
Социалдык камсыздандыруу системасы - бул рынок мамилелери шартында калкты социалдык коргоонун негизги куралы экендигин дүйнөлүк тажрыйба көрсөтүүдө. Жарандар улгайган кезде, ооруп калса, эмгекке жарамдуулугун жарым-жартылай же толугу менен жоготсо, багаар-көрөөрүнөн ажырап калган ж.б. ушул сыяктуу учурларда социалдык камсыздандыруу системасы анын конституциялык укуктарын ишке ашырууга багытталат.
Экономикалык жактан өнүккөн мамлекеттерде социалдык коргоонун бардык чыгымдарынын 60-70%ы жана ИДПнын 15-25%ы социалдык камсыздандырууга сарпталат. Бул да болсо социалдык камсыздандыруунун бийик даражасын аныктайт.
Башында сөз кылып кеткен көчөдөгү эки кишинин маегине кайрадан кайрылып, тилекке каршы, азыркы кездеги көпчүлүк жарандарыбыздын көз карашы так ошол экөөнүкүндөй деп айтаар элем. Жаш жана күчкө толуп турган убагында пенсиялык камсыздандыруу жөнүндө уккулары да жок, бирок пенсиялык куракка жетээри менен мамлекеттен үмүт этип, канча берет экен деп ойлой башташат. Пенсиялык куракка жеттикпи, демек, камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөсөк да, төлөбөсөк да, пенсия алууга укуктуубуз деген жаңылыш ой-пикирде болушат. Бирок, бул таптакыр туура эмес мамиле да. Бул элдин пенсиялык маселелердеги сабатсыздыгыбы же илгерки социалисттик мезгилдин саркындысыбы түшүнүү да, түшүндүрүү да кыйын. Азыркы биздин башкы маселебиз; жарандык аң сезимди жана социалдык жоопкерчиликти жогорулатуубуз зарыл. Эгерде сен эмгекке жарамдуу, ден-соолугуң чың жана жаш болсоң, анда сен коомдун активдүү мүчөсүнө айланып, өзүң үчүн гана эмес, коомдун аялуу катмары үчүн да социалдык жоопкерчиликте болушуң керек.
Бардык цивилизацияланган мамлекеттерде жарандар мындай социалдык жоопкерчилигин салыктарды төлөө менен көрсөтүшөт. Толугу менен жана өз убагында салыктарды төлөп келген адам коомдун толук кандуу жана татыктуу адамы болуп эсептелет. Бул эми салыктар тууралуу, биз болсо салыктардан түп-тамырынан бери айырмаланган камсыздандыруу төгүмдөрү жөнүндө сөз кылмакчыбыз. Эмне үчүн биз салык менен камсыздандыруу чегерүүлөрүнүн ортосундагы айырмачылыктар тууралуу кеп козгодук? Анткени акыркы убакта коомдо бул эки түшүнүк бирдей кабыл алынып, теңдөө тенденциясы бизди кабатырлантып келет. Камсыздандыруу төгүмдөрү -ошол эле салык, ошондой эле жүк, биз аны азайтсак, алып салсак, салык менен кошуп койсок, андан эч ким жабыркабайт да, эч нерсе өзгөрбөйт да деген көз караштар коомчулукка таңууланууда. Биз үчүн эң башкысы ишкердикке дем берип, аны өнүктүрүү деген ураандар айтылууда. Туура, ишкердикке дем берүү зарыл, аны эч ким танбайт! Бирок ал максатка жетүү үчүн калган нерселердин бардыгын курмандыкка чалыш керекпи? Мүмкүн, түрдүү преференцияларды пайдаланып, баарын бирдей өнүктүрүү менен кошо эле бизнесте социалдык жоопкерчиликти да калыптандырып, тарбиялоо керектир?
Өнүккөн мамлекеттерде кадыресе компаниялардын баары өз кызматкерлерине социалдык кепилдиктердин баарын берет. Ал эми бүгүнкү күндө бизде ошондой компаниялар канча? Биз эми батышта жашабайбыз деп көпчүлүгүбүз каршы чыгышыбыз мүмкүн. Туура батышта жашабайбыз, бирок биз социалдык кепилдиктердин бардык түрүн талап кылганыбыз жок. Өз кызматкерлери үчүн социалдык кепилдиктердин бир бөлүгүн төлөп коюуну гана сурануудабыз. Ишкердикти баштап, аны менен алектенсең, өзүндө иштеп, сага киреше тапкан адамдар үчүн сен да социалдык жоопкерчилик тартышың керек. Бул Эл аралык Эмгек Уюмунун эл аралык конвенцияларында бекитилген эмгектенүү, социалдык камсыз болуу укуктары. Цивилизациялуу бардык мамлекеттерде тагдыр чечүүчү кандайдыр бир чечимдерди кабыл алууда биринчи кезекте мына ушул укуктарды жетекчиликке алып, андан кийин гана чоң кирешелерге өтүшөт. Мамлекеттин ролу мына ушунда, анткени бизнес дайыма эле кирешелерди көбөйтүүгө умтулат эмеспи. Бул анын башкы максаты болгондуктан, өз максатына жетүү үчүн көп учурда эч нерсени ылгабай кете берет. Мамлекет болсо, бизнес менен карапайым адамдардын жеке жана жарандык укуктарын бузбастан, эки тараптын тең ортосундагы мамилелерди жөнгө салып турушу керек.
Албетте, мунун баары экономиканын уюшулган секторуна тийешелүү. Анткени андагы иш берүүчүлөр кызматкерлери үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөшөт. Ошондуктан уюшулган сектордогу иш берүүчүлөр иштеген кызматкерлеринин эмгек акысын жашырбастан, камсыздандыруу төгүмдөрүн туура жана өз убагында төлөшсө, кызматкерлери да келечекте ага жараша өлчөмдөгү пенсияга татыктуу болушат.
Экономиканын уюшулбаган сектору, тактап айтканда туруктуу эмгек акы албаган жарандар бүгүнкү күндөгү биздин чоң көйгөйүбүзгө айланууда. Булар негизинен айылдык товар өндүрүүчүлөр жана өз алдынча иштеген жарандар. Бул адамдар бүгүнкү күндө өлкөбүздүн эмгекке жарамдуу калкынын дээрлик жарымын түзөт. Мындай жарандарга уюшулган сектордогудай камсыздандыруу төгүмдөрүнүн чен-бычымдарын колдоно албайбыз, анткени, уюшулган сектордо чарбалык субъект кызматкерлери үчүн тобокелдиктердин жана жоопкерчиликтин көпчүлүгүн өзү тартат. Ал эми өз алдынча иштеген жарандар (юридикалык жакты түзбөстөн иш жүргүзгөн жарандар) жана айылдык товар өндүрүүчүлөр ишкердик жүргүзүүдө да, социалдык коргоодо да бардык тобокелчиликтерди көбүнесе өзү тартат. Бирок, ошого карабастан карылык ар бирибиздин башыбызда турат. Тилекке каршы, ал эч кимден сурабастан даяр же даяр эместигине карабай эле келе берет. Ошондуктан, мамлекет иштеп жаткан жарандардын ар бири үчүн улгайган кездеги социалдык коргоонун эффективдүү механизмин иштеп чыгуусу зарыл.
Ал кепилдиктер кандай болушу керек, маселе мына ушунда. Биз бүгүн пенсия менен камсыз кылууда мындан ары кайсыл жолду тандайбыз, мамлекеттин кепилдиктери кандай болушу керек, пенсиялык камсыздандыруу системасына катышып, пенсиясын түптөп жаткан жарандын жеке жоопкерчилиги кандай болушу абзел деген ой толгоолорго көмүлүп, тең салмактап, талкуу жүргүзүп, тогуз жолдун тоомунда турабыз. Бара жаткан багыттарыбызды кайра карап чыгуу зарылчылыгы эчак эле бышып жетилген. Ошондуктан азыркы пенсия менен камсыз кылуу системасына кайра баа берип, айрым параметрдик реформаларды бүгүн жүргүзбөсөк, эртең кеч болуп калышы мүмкүн.
Акыркы 20 жыл ичинде дүйнө жүзү боюнча социалдык камсыздандыруунун улуттук системалары олуттуу көйгөйлөргө дуушар болууда. Алсак, ааламдашуунун ар кандай кесепеттери, социалдык-эмгек мамилелердин жана иш менен камсыз кылуу түзүмүнүн өзгөрүшү, калктын улгайышы менен байланышкан маселелер. Европа өлкөлөрүндө пенсия менен камсыз кылуу чыгымдары, калкты социалдык коргоого багытталган ресурстардын негизги бөлүгүн түзөт. Мында пенсиялык реформалар үч чоң багытта жүргүзүлүүдө; пенсиялык каржылоодо камсыздандыруу механизмдерин күчөтүү, минималдык пенсиялардын өлчөмүн көбөйтүү жана жеке топтолуучу пенсиялардын финансылык тобокелдиктерин азайтуу.
Реформалардын дагы бир багыты - пенсиялык куракты жогорулатуу боюнча, мисалы, Улуу-Британияда жана Германияда пенсиялык куракты аялдар үчүн дагы эркектер үчүн дагы 67 жашка чейин акырындык менен жогорулатуу жөнүндө мыйзамдар кабыл алынды. Башка көпчүлүк европа өлкөлөрүндө да жакынкы келечекте пенсиялык куракты жогорулатуу белгиленип жатат. Мындан сырткары, көптөгөн өлкөлөрдө толук өлчөмдөгү пенсия алуу үчүн керектүү болуп эсептелген эмгек стажы көбөйтүлүп, кызматкердин мөөнөтүнөн мурда пенсияга чыгуу мүмкүнчүлүгүнө бөгөт коюлууда.
Биз иштеп чыккан сунуштар пенсиялык реформалардагы жалпы дүйнөлүк тенденциялар менен үндөшүп кетиши мүмкүн, бирок биз улуттук экономикабызды, анын мүнөзү менен багытын жана коомдогу калыптанып калган социалдык өз ара мамилелерди да эске алууга аракеттенип жатабыз.
Бирок, жашырганда эмне, менин жеке көз карашымда пенсиялык камсыздандыруу системасына мамилени өзгөртүп, аны жакырчылыкты кыскартуу механизминен кетип, камсыздандыруу принцибин күчөтүүгө багытташыбыз керек. Адам иштеп жана камсыздандыруу төгүмдөрүн чегерүүгө кызыктар болушу үчүн дем берүүнү күчөтүү зарыл. Ал эми мындай кызыгуу качан пайда болот? Бүгүнкү өлчөмдөгү пенсиядай эмес, төлөгөн төгүмдөрүнө жараша пенсия алаарын так билгенде гана адамдарда кызыгуу жаралат. Бизде болсо, 40 жыл же андан көп иштеген адамдардын пенсиясы жарым-жартылай стажы бар адамдардын пенсиясынан бир аз гана көбүрөөк болуп, бир нече жогорулатуудан кийин алардын пенсиялары теңелип калган учурлар көп эле кездешүүдө. Ушундай учурларда адилеттик деги кайда деген суроолорун пенсионерлер мага жаадырып эле келе жатышат. А мен болсо, алардын айткандарынын тууралыгын жана буга бүтүндөй система күнөөлүү экендигин, бүгүнкү системада татыктуу эмгектенүүгө жана татыктуу пенсия алууга стимулдар азайып бара жаткандыгын моюнга алууга аргасызмын.
Ушунун баарын ойлонуштуруп, бүгүн биз ишибиздин келечек багыттарын аныктап алуу үчүн азыркы пенсиялык системанын ушундай жана башка көйгөйлүү маселелерин талкуулап, туура чечимдерди кабыл алуу үчүн ар кандай өзгөртүүлөрдүн үстүнөн иштеп жатабыз.

Даярдаган
Алмаз Темирбек уулу










??.??