presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз гезиттер
Алтынай Өмүрбекова, Бишкек шаарынын Ленин районунун акими:
"Мени коррупция маселеси боюнча эч ким күнөөлөй албайт..."
- Алтынай Сейитбековна, алгач бюджет маселеси боюнча сүйлөшсөк. Белгилүү болгондой, жакында эле, шаардык бюджет бекиди. Сиз жетектеген райондун бюджети канча сумманы түздү?
- Биздин жылдык бюджетибиз былтыр 521 млн. сом болсо, быйылкы жылы 536 млн. сомду түздү. Бирок бул бюджеттин 85 пайызына жакыны биздин райондо иштеген мамлекеттик (көбүнчө мугалимдердин) кызматкерлердин айлыгына жана имараттардын коммуналдык кызматтардын төлөмдөрүнө кетет. Калган 15 пайыздан ашыгы өзүбүздүн күнүмдүк аткара турган иштерибизге жана керек- жарагыбызга сарпталат. Бир сөз менен айтканда районду өнүктүрүү маселесине тиешелүү сумма каралбайт. Буга карабастан бизге эл: "жолубузду оңдоп, таза суу киргизип бергиле" - деп кайрылат. Ал маселени бүгүнкү күндө акимчилик чечпейт. Бул маселелерди түздөн-түз мэрия чечет.
-Салыктын көбү Ленин районунан чогулат эмеспи...
- Ленин районунда 132 чоң ишкана бар, ал ишканаларда 14 миң адам эмгектенет. Бирок өткөн жылы салык талапка ылайык чогулбай калган болчу. Шаардык салыктын 40 пайызын биздин райондон чогулган салык түзөт. Быйыл болсо, бул маселе коллегияда абдан катуу каралып, талап катуу коюлган. Буйруса, үч айдын жыйынтыгы боюнча план аткарылды. Бул көрсөткүчкө биз да өз салымыбызды коштук. Анткени январдан баштап, жалпы райондо жайгашкан мончо-сауналарды, дүкөн, ишкана ж.б. субъекттерди тактап, текшерип чыктык. Текшерүү учурунда айрым субъекттердин патенти жок болсо, айрымдарынын уруксат кагазы жок экени аныкталды. Эми биз мындай көрүнүштү жокко чыгаруунун үстүндө кызуу иш баштадык. Мончо болобу, дүкөн болобу, айтор бардыгы мыйзам чегинде болушу абзел. Анткени, ар бир субъект 1000 сом төлөсө дагы, ал биздин бюджетибизге чоң пайда.
Бул биз аткарып жаткан чоң иштердин бири. Экинчиси - тазалык маселеси. Үч ай бою ишембилик өткөрүп туруу боюнча токтом чыккан. Айтсак, 6-апрель күнү мэрия жаштар менен бирге демилге көтөрүп, жалпы шаарды тазалап чыктык. Мисалы, Жал кичи районунда бүтпөгөн 11 котлован бар экен. Ал ар бир котловандан 5-6 машина таштанды чыкты. Ал тургай бир котловандын ичинен бир кишинин сөөгү табылды. Бул боюнча милицияга билдирдик, дароо кылмыш ишин козгошту.
- Ал таштандыга толгон котловандар мамлекеттики эмес да. Силер жеке ээлерин өздөрүн тазалоого милдеттендирсеңер болот беле?
- Сиз айткандай, мамлекеттики эмес, баары менчик. Документтерин карап чыксак, бирөөсү 49 жылга алынган ижара экен, дагы бирөөсү аукциондон сатып алган ж.б.у.с., айтор менчикке берилгенине 20 жылдан ашыптыр. Ошончо убакыттан бери, үй тургузбай, ары же бери кылбай кармап келатышат. Анын үстүнө көп кабаттуу үйлөрдүн түбүндө жайгашып, кичине балдарга да коркунуч жаратууда. Ал эми жергиликтүү жашоочулар таштандыларды эки метр аралыкта турган таштандынын челегине ыргытышпай, ал котловандарга ыргытышып, өзүнчө эле таштанды таштаган жайга айлантып алышкан. Биз алардын ээлерине "котлован боюнча калтырбай үй салгыла, же тегерек четин тоскула "- деп кат жөнөтүп жатабыз. Эми мындай кадамыбыздан натыйжа чыкпаса, сотто сүйлөшөбүз. Чынында биздин тазалыкты сактоо маданиятыбыз дагы талапка жооп бербей жатканы өкүнүчтүү. Мисалы, ишембиликке көбүнчө бюджеттик уюмдар чыгышат. Ошондой чоң-чоң ишембиликтерде элдин көпчүлүгү өздөрүнүн үйлөрүнүн тегерегин тазалаганга жарашкан жок. Биздин эсеп менен болгону 10 пайыз гана жашоочулар ишембиликке чыгышты.
- Быйыл силердин районго караштуу жаңы конуштарда таза суу жана жол маселелери боюнча кандай иштер аткарылат?
- Ленин районуна: Арча-Бешик, Ак-өргө, Ак-ордо, Ала-Тоо, Ынтымак, Алтын-Ордо сыяктуу чоң-чоң 6 жаңы конуш караштуу. Аталган конуштардын сиз айткан көйгөйлөр боюнча мэриянын алдындагы Капиталдык курулуш башкармалыгы иш алып барат. Былтыр аталган башкармалыкка бюджеттен 500 млн. сом каралган, бирок иш жүзүндө болгону 136 млн. сом бөлүнүп берилди. Албетте, бул акча жол, таза суу жана электр энергия маселесин чечүүгө жетиштүү эмес. Эл ушу себептен нааразы болуп жатышат. Мектеп менен бала - бакчаны айтпай эле коёлу. Быйыл дагы республикалык бюджеттен 100 млн. сом каралары айтылууда. Андан тышкары, шаардык бюджеттен да бир канча млн. бөлүнөт.
Жол маселеси мындай. Буйруса: Токомбаев көчөсүн Асанбай аркылуу көпүрө салып, Көк-Жар айылынын этегинен Алматы көчөсүнө чыгат. Бул чыгыш жагы. Ал эми батыш жагы: Д. Садырбаев ( мурунку Бах көчөсү) көчөсү менен Чортеков аркылуу Арча-Бешиктин ичи менен жасалып, Гагарин көчөсүнө чыгып, андан ары Ак-өргө аркылуу Барпы Алыкулов көчөсү менен Ново-Павловкага (шаардын Сокулук району менен чектешкен жери) чейин уланат. Өзүңүздөр билгендей, бул түштүк айланма жаңы жолунун жарымы биздин Ленин районун аймагы менен өтөт. Айта кетчү нерсе, бул жол Түркиядан алынып жаткан насыянын эсебинен салынууда. Тилекке каршы, мындан башка жаңы конуштарда асфальт жол салынбайт. Себеби, акча жок. Бирок жаман жолдорго шагыл төгүү иштери уланат. Таза суу боюнча айтсак, быйыл Ак-Ордодо бир көчөгө колонка курабыз.
Ошондой эле түрк туугандарыбыздан алынып жаткан насыядан 5 миллион долларга Ак-Ордого чоң подстанция курулат. Эксперттердин маалыматы боюнча, ал 25 000 кВтык көмөк чордондун курулуп бүтсө, буйруса 5000 үйдү электр жарыгы менен камсыз кылат.
- Ала-Тоо конушундагы 7-8 жылдан бери бүтпөй турган мектеп быйыл бүтөбү, же быйыл дагы багы ачылбай калабы?
- Ал мектептин салынып жатканына 7 жыл болду. Негизи план боюнча быйыл бүтүп ишке берилиши керек. Ал мектепти Курулуш жана архитектура агенттиги бүтүрөт. Бирок бүгүнкү күндө кыймыл жок, болсо да абдан жай. Себеби, ачыларына аз калганда, ары-бери кылып бүтүрө коюшпай, сапаты жакшы болсо экен деген да ой кетет. Буйруса ал мектеп бүтүп калса, анын жанындагы кичинекей мектеп бала-бакча болуп калат.
- Ошол "кылымдын курулушу" болуп жаткан мектепке анча алыс эмес, тактап айтканда Ак-Ордо жаңы конушуна кирип бараткан жолдун жээгинде бери жагы 10 тоннага жакын таштанды жатат. Ал шамал болгон сайын Ак-Ордо менен Ала-Тоону каптайт. Ал жер Сокулук менен Ленин районун чеги да болуп калат. Буга ким жооп берет?
- Эң туура маселе көтөрдүңүз. Чынында, ошол чектеш жерлерде чоң көйгөйлөр бар. Ак-Ордонун болгону эки гана кварталы Сокулук районуна карайт, калганы биздин Ленин районуна караштуу. Биз ал эки кварталды Ленин районуна кошуп алганга даярбыз. Ала-Тоодон биздин районго, биздин райондон Сокулук районуна кошуп коё турган да кварталдар бар. Бирок аны иш жүзүнө ашыруу үчүн болгону Өкмөттүн токтому керек. Менимче, бул маселе быйыл каралышы мүмкүн. Бул маселе сөзсүз чечиле турган маселе. Антпесе, ал жакта жашаган эл светти ж.б. кызматтарды Ленин районунан алышат. Азыр сиз айткандай Ак-Ордодо таштанды маселеси абдан курч турат. Аны жергиликтүү эл өздөрү уюштуруп, өздөрү чыгарууга туура келет. Эгер жакынкы аралыкта Ак - Ордонун ал эки кварталы биздин районго кошулуп калса, анда биз акырындык менен таштанды жана таза суу маселесин чечкенге өз аракетибизди көрөбүз.
- Ала-Тоо конушунда 60-жылдары көмүлгөн сибирь (вирусу миң жылга чейин өлбөйт) язвасы бар. Мыйзам боюнча ал жерге жакын эл отурукташпашы керек эле. Бирок бүгүнкү күндө эл ал жерде жыш жайгашкан. Кокустук болуп ал язва көмүлгөн жер ачылса, эмне болоорун айтууга ооз барбайт. Сурайын дегеним, силер тараптан көзөмөл кандай?
- Албетте, биз колубуздан келишинче көзөмөл кылып жатабыз. Буйруса, быйыл мэриянын алдындагы Капиталдык курулуш башкармалыгы 3 млн. сом сарптап, ошол сибирь язвасы көмүлгөн жерди астынан бери канал катары казып тоскону жатышат. Мурун эреже боюнча ал вирус көмүлгөн жерден 500 метр алыс там тургузууга уруксат болсо, азыр жердин тартыштыгынан улам ал эреже 150 метрге чейин кыскарып кетти. Азыр ал жактагы жергиликтүү элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, эрежени так сактоого чакырып жатабыз.
- Сырттан жана ичтен инвестиция тартуу маселеси кандай?
- Ичтен инвестиция тартуу боюнча Ленин району биринчи орунда турат. Буга чейин шаар боюнча тартылган инвестициянын 40 пайызга жакыны Ленин районуна тиешелүү. Сандар менен айтсак, 2011-жылы ички жана тышкы инвестициянын көлөмү 72,2 млн. доллар болсо, өткөн жылы 117,5 млн. долларды түзгөн. Мисал катары, быйылкы жылдын эсебинен карала турган бир инвестициялык ишти айта кетейин. Бишкек шаарындагы ири компаниялардын бири "Кока-Кола" биздин райондо жайгашкан. Бул компанияда учурда 100гө жакын адам иштеп, жылына бюджетке 100млн. сом тегерегинде салык төгөт. Эми "Кока-Кола" өздөрүнүн өндүрүшүн кеңейтүү үчүн сырттан 25 млн. доллар инвестиция алып келгени жатат. Бирок, аларга 3 гектар. жер керек экен, азыр бул маселе чечилбей өкмөттүн кароосунда турат. Ошол жерде Мамлекеттик резервдер фондуна караштуу жер бар экен. Ал жерди компанияга берсек, маселе толугу менен чечилгени турат. Эгер инвестиция келсе, анда "Кока-Колага" дагы 50дөй адам жумушка орношуп, бюджетке төгүлүп жаткан салык дагы көбөйөт.
- "Кока-Кола" компаниясы башка компаниялардай болуп, башкасын айтпаганда да акимчиликке, ошол жерде жашаган жергиликтүү элге демөөрчүлүк кылып, жардам бербейт. Мисалы, компания өзү жайгашкан анча узун эмес, тамтыгы чыккан көчөнү оңдогонго жараган жок. Өздөрү билбесе, сиздер сунуштабайсыздарбы?
- Кудай буйруса, ошол көчөнү "Кока-Кола", "Газпром" жана жашылча жемиштерин өстүргөн да мекеме үчөө биригип быйыл асфальттап жасоого уруксат сурап, биздин акимчиликке кат жазышты. Анткени аталган үч ишкана тең ошол көчөдө жайгашкан. Өзүбүз жасайлы десек, акчабыз жок болсо, албетте аларга уруксат бербегенде кайда барабыз.
- Ош базарды иретке келтирип, бул боюнча тажрыйба топтодуңуздар. Райондогу башка базарларды да иретке келтирүү иштери планда барбы?
- Ош базарды толугу менен иретке келтирип бүттүк. Бирок бүгүнкү күндө ал жактагы соодагерлерге түшүндүрүү иштерин дайым жүргүзүү менен алек болуп жатабыз. Себеби, алардын көбү мурдагыдай баш аламан жерге туруп алышып, соода кылганга аракет кылышууда. Албетте, биз ага жол бербейбиз. Ошондой эле бул базарда патент албай иштеген адамдар да арбын экен, эми ал жагын да катуу көзөмөлгө алып баштадык. Кудай буйруса, жакынкы аралыкта Пишпек жана Дыйкан базарларын иретке келтирүү иштерин баштайбыз.
- Өткөндө, ЖМКда "сизди кызматтан кетет" -деген такталып-такталбаган маалыматтар чыгып кетти. Бул боюнча эмне айтасыз?
- Андай маалыматты мен да угуп жаттым, өзгөчө шайлоо убагында. Бирок бийлик тараптан мага "кызматтан кет" деген сөз болгон жок. Андай кырдаалда чынында кыйын эле . Аппарат дагы , "бүгүн, эртең кетет" деп күтүп калышат экен. Балким бирөөлөр сүйүнүп жатышкандыр... Менимче, бизде гендердик баланс дагы сакталышы керек го дейм. Себеп дегенде республикадагы 47 акимдин ичинде бир эле - аял аким бар. Ал мен. Губернаторлордун да арасында бир эле аял. Мактангандай болбоюн, бирок чындык катары айта кетейин. Аял жетекчи болгон жерде, башкаларга салыштырмалуу таза иш болот. Коррупция жок, болсо да, өтө сейрек. Мисалы, мени коррупция маселеси боюнча эч ким күнөөлөй албайт. Бул жактан мен тазамын деп толук ишенимдүү айта алам.

Маектешкен
Айбек Шамшыкеев










??.??