presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз гезиттер
Эс тутум...
Мелис Садыркулов, маркум Медет Садыркуловдун бир тууган агасы:
"Медеттин телефону октябрга чейин иштеп турганы таң калыштуу..."

Бакиев бийлигинин курмандыгы болуп, мыкаачылык менен өлтүрүлгөн Медет Садыркуловду эскерүү иретинде маркумдун бир тууган агасы Мелис Садыркулов менен учкай маектештик. Эске сала кетсек, Садыркуловдун өлүмү боюнча каралган соттук процесс аягына чыгып, Жаныш Бакиев баш болгон күнөөлүүлөрдүн айыбы угузулган. Эми алар камалабы жокпу, бийликтин, күч органдарынын иши деңизчи, бирок кандай болгон күндө дагы Жаныш Бакиев, баш, Замир Молдошев төш болгон күнөөлүүлөр камакка алынып, тиешелүү жазасын алыш керек…

- Мелис ага, иниңиз Медет Садыркулов бала кезинде кандай эле?
- Бала кезинде абдан шок болчу. Үй- бүлөдө жети бир тууган болчубуз, 5 эркек, 2 кыз, Медет каза болуп азыр алтообуз калдык. Алтообуздан Медет таптакыр айырмаланып турчу. Медетте болгон көп сапаттар алтообуздун бирөөбүздө дагы жок. Экөөбүздүн жашыбыз удаа болуп ал бала кезинде дайыма менин жанымда жүрөөр эле. Мен Медеттин өзгөчө сапаттарга ээ экендигин ошондо эле байкачумун. Аябагандай амалкөй, акылдуу эле. Шахматты мыкты ойноп, жанындагы атаандашы ары карай калганда бир эки жүрүш жасап ийип утуп алчу. Кыскасы Медеттин саясатка болгон жөндөмүн, бир нерсени алдын ала билген көсөмдүгүн ошол кезде эле байкагам. Сабакты болсо андай деле жакшы окуучу эмес. Негизи сабакты жакшы окуган адамдар эл башкарганды анча биле беришпейт. Тескерисинче жакшы окубай, эл менен тил табыша билгендер эл башкара алышат. Медет ошондой болчу. Мектепте орто окуган окуучулардын катарында эле.
- Бала кезиңиздер Кеминде эле өткөн да...
- Ооба, Кеминде эле чоңойдук. Мен шаарга 17 жашымда эле келгем. Медеттин ошондой жөндөмдүү экендигин байкап, мектепти аяктаары менен эле аскерге жибербей жогорку окуу жайына тапшыртканбыз. Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин тарых факультетине. Анда Аскар Салымбеков, Кубат Байболовдор менен бирге окуду. Окуусун бүтүп, Медициналык академия да иштеди. Ошентип жүрүп эле саясатка аралашып, кийин чиновник болуп кеткен.
- Көп саясатчылар туугандарын кызматка алып келүүгө аракет кылышат эмеспи, Медет ага ал жагынан кандай эле?
- Ачыгын айтыш керек, Медет бизге караганда досторуна көп жардам берди. Бирок, "достун дагы досу болот" дегендей дос деген ар кандай болот экен, Медеттин жардамын алып, керек болсо Медеттин аркасы менен чоң саясатка аралашкан достору Медеттин көзү өткөндөн кийин кайрылып, акыбалыбызды сурап койгонго жарабагандары деле болду. Мен досторунун арасынан бир гана Аскар Салымбековго ыраазымын, ал дайыма ини катары акыбалымды сурап турат.
- Байболов, Салымбековдор менен мамилеси кандай эле?
- Мамилеси жакшы эле болсо керек. Студент кезинде Салымбеков, Байболов экөө тең эле үйгө чейин барышкан. Байболов Кеминге барып чөп чаап жардам бергени эсимде. 7-апрелдеги революциядан кийин Байболов Башкы прокурор болуп турганда Байболовго кирип бир нерсе айтайын десем, Байболовду жакындан билген бирөө "кирбей эле кой, ага кирип убара болгондон көрө башка бирөөнө кайрылсаң, ошол жардам берет"- деп киргизбей койду.
- Сиз, сизден башка ини карын­даштарыңыз учурда эмне иш менен алектенип жатышат?
- Эл катары эле соода-сатык менен оокат кылабыз. Медеттен кийинки иним Болот Садыркулов, шаардагы чыгыш авто бекетинин директору эле, аны дагы кызматтан алып салышкан. Ал азыр бош, соода кылып иштеп жүрөт.
- Азыркы Эсеп палатасынын төрайымы Элмира Ибраимова менен туугандык жайыңыздар бар экенин уктук эле, катышып турасыздарбы?
- Элмира башка туугандарым менен катышса катышкандыр, бирок мени менен катышпайт.
- Сот болуп жаткан учурда жакын байланышта болгон дос туугандары келип сотко катышып жатыштыбы?
- Менден башка эч кимиси катышкан жок, башынан аягына чейин мен катыштым.
- Сот өкүмүн чыгарып, Жаныш Бакиев баштаган күнөөлүүлөрдүн күнөөсүн сырттан угузду. Эми ошол күнөөлүүлөр жазага тартылаарына көзүңүз жетеби?
- Жок эч кандай көзүм жетпейт. Мен өзүм Кудай жолундагы адаммын. Жаныш Бакиев баштаган зөөкүрлөрдүн баарын Кудайга койдум, Кудай жазаласын.
- Медет Чоканович, Бакиевдерге каршы чыгып жатканда, сиздерди дагы коркутуп үркүткөн учурлар болгон эмес беле?
- Бизге болгон эмес, бирок Медеттин үй-бүлөсүнө болуптур. Келиним Айнагүл айтып жүрдү, "бирөөлөр аңдып, короого чейин келип жүрүшкөн" деп.
- Медет ага менен акыркы жолу качан жолуктуңуз эле?
- 6-март күнү жолукканбыз. Бирок ал саясат жөнүндө бизге эч нерсе айтчу эмес, биз деле кызыгып сурачу эмеспиз, анткени биз баарыбыз тең эле саясаттан алыс адамдарбыз. Экөөбүз жолугуп бир топко сүйлөшкөн элек. 8- март күнү апабыздын туулган күнү болуп, апама барсам, Медет менден мурдараак эле барып, апамды куттуктап кеткен экен. Ошентип акыркы жолу 6-март күнү жолуккам. Апама айтып кетиптир, "жакында Казакстанда барам, ал жактан келгенден кийин Кеминге барып эс алабыз" - деп. Бирок адам "жамандыкты алдын ала сезет" деген чын экен, 13 -март күнү мен бир башкача болуп, апамды алып Кеминге кеткем, ал жактан келе жатсам кызым телефон чалып, "ата Медет Садыркулов жол кырсыгына кабылып, каза болду" деп интернетте жүрөт" деди. Чынын айтсам, ишенген жокмун. Күзгө чейин ишенбей, телефонуна чалсам, "гудок" кетип, эч ким жооп бербей жатты. Ошентип, октябрга чейин телефону иштеп, турду. Күнүгө бир эмес он жолу чалам, СМС дагы жөнөтүп көрдүм. Бир күнү бирөө көтөрүп, эч жооп берген жок. Акыры телефону дагы байланыштан үзүлдү. Ошондон кийин гана инимден чындап айрылганыма ишендим.
- Телефону иштеп жатат деп укук коргоо органдарына кайрылган эмес белеңиз?
- Аларга кайрылганда эмне жардам болмок эле, жардам болбосун билип кайрылган эмесмин. Ошондой эле Медет бийликтен кеткенден кийин бир айдан ашык эч ким менен байланышпай, телефон көтөрбөй жүргөн. Андан кийин гана Бакиев бийлигин кетирүүгө активдүү кирише баштаган тура.
- Атаңыз былтыр каза болуп калган эле, учурда апаңыздын ден соолугу жакшыбы?
- Кудайга шүгүр, апамдын ден соолугу жаман эмес. Учурда 85 жаштын чайын ичип, Кеминде кичүү инимдин колунда жашап жатат.
P.S. Кийинки сандарыбызда маркумдун апасы Насипа Садыркулова менен болгон кызыктуу маекти окуй аласыздар...

Маектешкен
Мирлан Алымбаев









??.??