presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз гезиттер
Аксы районунун
акиминин баласы
миллион сом уурдап…
өткөн жумада Аксынын КСДПчы акими Медетбек Айдаралиевдин 18 жаштагы карачечекей баласы Жылдызбек Айдаралиев атасы башкарган райондун борбору Кербендеги "Газпром нефть-Азия" май куюучу бекетинен миллион сомго (830 000с.) жакын акчаны уурдап, аны изкубарлар изин суутпай кармашкан. Көрсө, акимдин баласы "Газпром нефть-Азияда" иштечү экен. Жанындагы шериги экөө май куюучу жайдын кароолчусуна дары берип, уктатып коюшкан. Эки ууруну текшеришкенде дагы 707 000 сом чыккан.
Негизи эле акимдин баласы Жылдызбек өзү натурасында көөп, кишини көзгө илбеген неме экен. Ал керек болсо, Аксы РИИБсинин начальниги Абдрашид Керимбековду тоготпой, бир нече ирет өз билгенин кылып келиптир. Ушундан уламбы, жини келген Керимбеков акимдин баласынын бул кылмыш ишинин бетин өзү ачыптыр. Эми көпкөн баласынын аркасынан атасы да кызматтан кол жууса, моралдык этикага төп келет.

Байгазиевдин ордуна
Ташиевдин кеңешчиси
Кыдыралиев келеби?
Дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасы Кенжебек Байгазиев кызматтан кеткени, анын ордуна барабыз дегендердин тизмеси узарып, учурда башбакан узун тизмедеги көзгө урунттуу талапкерлерди карап жаткан чагы экен. Тар чөйрөдөгүлөрдүн маалыматына караганда, Байгазиевдин ордун кадимки Ташиевдин кеңешчиси Умбет Кыдыралиевдин талапкерлиги тандалып жаткандыгы айтылууда. Эске сала кетсек, Умбет мырза, буга чейин да бул агенттиктин директору болуп кыска убакытка иштеп кеткен. Айтмакчы, ал Бакиевдин тушунда Алматада кыргыз элчилигинин консулдук кызматын жетектеген. Өз бизнеси бар, спортко күйгөн, демөөрчү да боло турган "курсагы ток" жигиттердин бири. Бирок...


Наралиев абийирибизди
жабат беле?
Апрелдеги кандуу окуяда акыр аягына чейин туруп берип, элге-журтка эмгеги сиңген Кара-Буура районунун мурдагы башчысы Төлөгөн Наралиев акимдик кызматта аз иштесе да, саз иштеди. Ааламга кыргызды тааныткан Чыңгыз Айтматовдун эстелигин эл менен биргеликте райондун чок ортосуна жакшынакай кылып тургузуп койгонун билебиз. Наралиевге окшогон аткаминерлерибиз көп болсо атактуу жазуучубуздун жаш баланыкындай эмес, жакшынакай эстелиги эчак эле ордо калаабызда орноп калмак. Айтматовдун бейит башындагы эстелиги дагы деле томсоруп турат. Өзүбүзгө го мейли эле, кайдыгерликке көнүп бүтпөдүкпү, бирок Ааламдык атак-даңкы бар жазуучубузду эскергени келген чет элдиктерге шерменде болуп атабыз. Балким Ата-Бейиттин аймагы караган Аламүдүн районуна Төлөгөн Наралиевди акимдикке алып келсек, эстелик орноп, абийирибиз жабылат беле…


"Кыргызстан аба жолдору" кайрадан ободобу?
"Баягы, баягы, Баялынын таягы" болуп, чоң кызматтарга баягылар эле кайтып келе баштады. Тээ Акаев учурунда "Кыргызстан аба жолдору" деген компаниясы менен атагы чыккан, "күйөө бала" Адиль Тойгонбаевге "Аалам сервис" компаниясын түзүшүүгө ат көтөргүс эмгек кылган, дагы далай миллиондордун изин сууткан Тимур Муратов деген неме кайрадан аэропортко жакындап, 26-апрелде өтүүчү директорлор кеңешине мүчө болууга аракетти катуу көрүүдө. Бул эргулдун былыктары менен кылыктарын баяндаган чоң папкени, президентке "мындай адамды аэропортко жолотпоңуз" деген маанайдагы кайрылуусун көтөрүп алып, "Кыргызстандын авиаторлор биримдигинин" ардактуу ардагерлери бизге кайрылды. "Манас" аэропортунун өнүгүүсүнө караганда, өксүүсүнө салымы зор Муратовду Көк үйдөгү колдоочулары күчтүү экени айтылууда.


Автандил алакан жайды,
Мелис мээлеп айтты
Энергетика министри Автандил Калманбетов "2012-жылы электр энергиясын уурдоодон мамлекет 400 миллион сомго чыгашага учурады. Мурда мэр, акимдер энергетиктерге жардам берчү. Ошону кайрадан жандандыруу керек" -деп алакан жайды. Энергетика тармагынын эбин таба албай мэр, акимдерге күнү түшкөн жүүнү бош министрдин бул кебине Ош шаарынын мэри "мейли биз жардам берели, бирок энергетиктер ишин эптей албай, акча чогулта албаса эмне үчүн аким, губернатор, мэрлер жооптуу болушу керек?" - деп акыйкат кебин айтты.

Батукаевдин бошотулушу жаштардын да жанын
кашайтты
Кечээ бир катар жаштар кыймылдары Азиз Батукаевдин эркиндикке чыгышына нааразычылыгын билдирип, маалымат жыйын өткөрүштү. Атактуу кылмышкерге адвокат болгон Турсунбек Акун баш болгон, Башпрокурор төш болгон аткаминерлерди айыптап чыгышты. Аида Салянова, Шамиль Атахановду тезинен кызматтан кетишин, "Батукаевге боштондук" операциясына аралашкан баардык чиновниктердин жоопко тартылышын талап кылышты. Ошондой эле спикер Асилбек Жээнбековдон Турсунбек Акунду Акыйкатчылык кызматтан артка кайтарып алууну дагы суранышты.


Азизге караганда
Алманбетти акташса болмок
"Айтылбай турган сөз эле, айтылып кетти өзү эле" - демекчи, Батукаевге ак жол каалап, алыс жолго аттандырган күч органдарынын аракеттерине алигиче түшүнө албай турабыз. Элге журтка пайдасы тийчү далайлардын бизнесин тартып алып, кыргыздын бир далай кыраан жигиттерин жок кылган Азиз Батукаевге караганда, өлкөбүздүн намысын коргоп, кыргыздын "Алыш" спортун жер жүзүнө даңазалап аткан Алманбет Анапияевди акташса болмок дегендер четтен чыгып атат. Кандай болгон күндө да Алманбет "Алышы" менен кыргыздын атын алыска таанытып, байрагын бийик кармап жүргөнүн эч ким тана албас…




"БАРАКЕЛДЕ-Е..."
же
БАТУКАЕВДИ КАЧЫРГАНДАРГА ОДА
Чоюлуп сөздү сүйлөгөн,
Чоң иштерге үндөгөн.
Чочкодой оозун чолжойтуп
Чоңдорубуз байыйт түрмөдөн.

Ушундайлардан сатылган
Үзөңгү-Кууш, Каркыра.
Дал ушулар качырган
Акмат Бакиевди артына.

Ушундайлар ушундай,
Уюгу келет бузулбай...
Жеп-ичсем деп турушат
Желмогуздун кушундай.

Бакиевдерди апкелбе,
Аларды кокус апкелсе
Качырып ийет ушулар
Каалаган пулун нак берсе...

Булар, пара алган сайын дардаңдайт,
Кармалып калса нан кармайт.
Айбан да кээде арданат,
А бирок булар арданбайт.

... Чүчкүрүп калса бир чечен,
Жүгүрүп бардың бир нечең.
Оозунан жалын от чыгат,
Ошолор экен... Ким десем...

Опурулат Омбудсмен,
Ооруду деп бир чечен.
Ушундай барктап кыргызды,
Анан кийин сүйлө сен...

Айтпастан иштин дурусун,
Сайраган сөздүн бурушун.
Батукаевге - адвокат
Прокурор кызың курусун.

Мындай иш болбойт миң жылда,
Мыйрыйган соттор мылжыйба.
Кампайтып алып капчыгың
Калтырдың элди шылдыңга.

А күнөө мүмкүн элдедир...
Өрнөгү жок элге бир,
Өз камын гана ойлогон
Өкмөтүң менен жерге кир...

Бул, эмне деген түзүлүш,
Караба кайда мүчүлүш.
Жер карап жүрүп өтөбү
Эл карап жүргөн жүзүбүз?...

Анатай ӨМҮРКАНОВ
Кыргыз эл акыны










??.??