presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз гезиттер
Он беш аткаминер орун бошотту...
Өткөн жуманын дагы бир чоң жаңылыгы - бул өкмөттүн кадрдык саясатындагы өзгөрүүлөр болду. Вице-премьер министр Тайырбек Сарпашевдин сунушу менен премьер Жантөрө Сатыбалдиев: Экономика министринин статс-катчысы Айдай Курманованы, Маданият, маалымат жана туризм министринин статс-катчысы (Ибрагим Жунусовго жардамчы болуп, дароо ушул кызматка секирген) Нурмамат уулу Нурдавлетти, Эмгек жана иш менен камсыз кылуу министринин орун басары Кыял Алыгулованы, Саламаттыкты сактоо министринин эки орун басары Б.Элебесовду, М.Калиевди Транспорт жана байланыш министринин орун басары Нурлан Баяманды, Дене тарбия жана спорт агенттигинин директору Байгазы Кенжебаевди, "Кыргызпочтасы" Мамлекеттик ишканасынын башкы директору Айдар Мокеновду, Талас облусунун Манас районунун акими Козубаев Эдилди, Кара-Буура районунун акими Осмоналиев Анарбекти, Ноокат районунун акими Замирбек Аскаровду, Чаткал районунун акими Таласбай уулу Акматбекти, Ат-Башы районунун акими Иличбек Максутовду, ушул эле акимдин орун басары Молдалиеваны, Ак-Талаа районунун акими Сейтек Кулубаевди кызматтан алды. Мындан тышкары, Нарын облусунун губернатору, губернаторлордун мыктысы (чынында мунусу эч логикага сыйбайт), иштерман Канат Муратбековго жана анын орун басары Ч.Абдыраимакуновага сөгүш берди. Чынында, башкалар Муратбековдой иштесе, өкмөттүн иши алдыга жылмак. Дагы бир сөгүш ишиндеги кемчилиги үчүн Транспорт жана байланыш министри Калыкбек Султановго берилди.
Ошентип, премьер он бештей аткаминерлердин "атын тартып" алды. Акыйкаттык үчүн айта кетчү нерсе, бул кызматтан кеткендердин басымдуу бөлүгү "Республика" партиясынын кишилери, тагыраагы Бабанов өзү премьер кезде "оптомунан" кызматка алып келген көздөй кадрлары болгон.
Ушу кезде, "ээси жок калган аттарга" өз кишилерин, так айтканда талапкерлерди мингизүү иш-чарасы кызуу жүрүп жаткан кези. Албетте, муну менен өкмөттүн иши алдыга жылып, же мүйүзү өсүп кетпейт, болгону бул - кезектеги жеке кызыкчылык жана чоң саясат!

Кипр деп кирпик какпай,
Бабановдон уйку качты
Жер жүзүндөгү миллиардерлердин түн уйкусун бирдей бузуп жаткан Кипрдеги каржы кризиси биздеги атактуу байбача Бабанов баш болгон бир катар капчыктуулардын дагы санаасын санга бөлүп аткандыгы айтылууда. Эсиңерге сала кетсек, былтыр күз айында 1,7 миллиард доллар акчасы менен Бабанов дүйнөлүк "миллиардерлер клубуна" мүчө болгондугу тууралуу сырттан да, бизден да бир топ ЖМКлар жазып чыккан. Ал эми кечээ жакында борбору Вашингтон шаарында жайгашкан Иликтөө журналистикасынын эл аралык консорциуму 60 өлкөнүн жазмакерлери менен биргеликте тапкан-ташыган байлыгын оффшордук аймактарда каткан 130 миңдей адамдын тизмесин чукуп чыгышты. Азырынча Нарышкин баш болгон орусиялык аткаминерлерден баштап, Аблязов төш болгон казакстандык олигархтардын аты-жөнү аталды. Тизме толук жарыяланса, кыргызстандык миллионер-миллиардерлдердин дагы аты аталаары күтүлүүдө...


Башкаруудан баш тарттык
Кыргызстан Евразия экономикалык шериктештигинин Парламенттер аралык ассамблеясына быйыл төрагалык кылмак. Бирок белгисиз себептерден улам өлкөбүз бул милдетти аркалоодон баш тарткандыгын орусиялык маалымат булактары жазып чыгышты. ЕврАзЭШтин Парламенттер аралык ассамблеясын буга чейин Казакстан башкарып, 11-апрель күнү эки жылдык төрагалык мөөнөтү аяктаган.


Имиштен ишке өтсөңөрчү, "Ата-Мекен"
"Ата-Мекен" партиясындагылар өч алмай жагынан өзгөчө таланты бар экенине ишенип деле бүттүк көрүнөт. Өткөндөгү фракция жыйынына атамекенчилер мурдагы ИИМ башчысы Зарылбек Рысалиевди кантип жөөлөштүн айласын таппай, Эркин Алымбеков "Коопсуз шаар" долбоорунан Рысалиев 200 миң доллар алган имиш" - деди. Мындайда чыдап тура албаган Рысалиев "Эгер алганым чын болсо, жүрү азыр прокуратурага барып арыз жазалы же менден кечирим сурагын. Каяктагы имиштерди айта бергидей бул жер силерге көчө эмес" - деп жаагын жап кылды.


Мындай Акыйкатчынын
барынан жогу...
Акыйкатчы Турсунбек Акундун акыркы аракеттери акыйкаттыктан таптакыр алыс болууда. Азиз Батукаевдин чыгып кетишине салымын кошуп, коомчулуктун катуу нааразычылыгынан кийин эми актанууга өттү. "Батукаев мен үчүн "вор в законе" эмес, мен үчүн ал жөнөкөй эле абактагы адам. Акыйкатчы болуп шайлангандан кийин өлүм алдында турган адамдарды эркиндикке чыгаргыла деп кайрылгам. Биз 6 кишини чыгаргыла деп суранганбыз. Төртөө өлүп калды, экөө чыкты, анын ичинде Батукаев дагы бар. Батукаев 3 жылдан бери катуу ооруп жаткан. Мен дайыма кайрылып тургам, жылыш болгон эмес" - деп келип, бийликтегилер тандап чыгарып атканын айтып даттанды. Суудан кургак чыккысы келген Акун "Мындай болгондон кийин коркунучтуу шишик оорусу менен жабыркаган Түлеевди да эркиндикке чыгаралы" - деди. Бирок Түлеевдин оорусу так экени белгисиз. Өткөндө "Батукаев чыкса, эмне үчүн Түлеев чыкпайт" - дегендерге Аида Салянова Түлеев медициналык текшерилүүдөн, анализ тапшыруудан өзү баш тартканын кабарлаган.
Негизи эле, Акун актанып, кандай айтпасын, Батукаевди бошотууга опол тоодой салым кошкону жалпыга маалым болуп калды. Албетте, бекер эмес. Бекер кызмат кылгыдай Акундун башына "таш тийиптирби?" Таш тийгидей митинг деле болгон жок. Акунду кызматтан алыш керек, кыргыз элине керек эмес, кыргыздар: "мындайдын барынан жогу" деп айтчу эле. Ал өзүн жалаң кылмышкерлердин, киши өлтүргүчтөрдүн, мамлекеттин аброюна шек келтиргендердин Акыйкатчысы болуп алганын иш жүзүндө көрсөттү. Мамлекет үчүн күйгөн чын болсо, анда мындай жүзү каралык ишке барбайт болчу. Акундун Батукаевге жан тартып жаткандыгынын дагы бир себеби - ал буга чейин Чеченстанга да барып, ал чакан өлкөнү чарк айланып, лөктөрү менен байланыш түзүп келген жайы бар. Кыскасы, Акун, айтылуу төкмө акын Аалы ырга салып ырдагандай "мээсинин контагы тийип, тийбеген, бир мандеми бар". Андыктан, Акун дагы бир шойкомдуу ишти кылып жибере электе, кызматтан айдаш керек. Кудай буйруп, кызматтан түшүп калса, Чеченстанга барабы, кайда барат өзү билет да...

Жапаровго дагы иш козголду
"Ушак жазат" - деп ММКларга сын айтса, тилинен чаң чыккан айрым аттуу-баштуу эле саясатчыларыбыз мындайдан өздөрү деле куру калбайт. "Ата-Журттун" абактагы эл өкүлү Садыр Жапаров "Президент Алмазбек Атамбаев менен Мамтехиснпекчиянын төрагасы Осмонбек Артыкбаев экөө Кумтөрдөн түшчү 30 миллион сомдук дивидендди сол чөнтөккө сологон" деген кеби боюнча Баш прокуратура иш козгоду. Бул тууралуу Аида Салянова " Жапаровдон бул айткандары боюнча далилдерин берүүсүн бир нече ирет сурандык. Бирок бизге эч нерсе айта алган жок. Азыркыга чейин жооп берүүдөн баш тартып келет" -деди.

Азимбектин
"курсагы ачып" калыптыр
Баягы эле Азимбек Бекназаров атайын маалымат жыйын өткөрүп билдирүү менен чыкты. Анда азыркы бийлик "Кумтөр" алтын кенин элдин энчисине өткөрүп бербесе, дагы бир революция болушу толук мүмкүндүгүн айтып, "Эгер бул бийлик "Кумтөрдү" элдин, өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн иштетпей, жеке кызыкчылыктарын жогору койсо, анда мен кайра революцияга чыгам" - деп добулбас какты. Мындан улам, журналисттин Бекназаров үчүн революция акча табуунун бир ыкмасы болуп калган жокпу деген суроосуна ал: "Силер токсуңар, ошондуктан революция болушун каалабайсыңар" деген жообун узатып, угуп тургандарды "шок" кылды. Ошондой эле, "24-апрелде 10 миң адам демилгелеген "Кумтөр" келишимин денонсациялоо боюнча мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш жалпы жыйында карап, эл үчүн пайдалуу болгон чечим чыгарып беришин талап кылабыз. Эгер 2009-жылы түзүлгөн келишимди депутаттар жокко чыгара албаса, анда бизге мындай парламенттин кереги жок. Мен ачыгын эле айтып коёюн, биз анда Жогорку Кеңешти таратабыз", - деп жаалданды. Сыягы "силердин курсагыңар ток" дегенине караганда, өзүнүн "курсагы ачып" калган окшойт. Анан тойгузгусу келет да. Кара курсактын айынан "кашабаң" деле коркпой-үркпөй чоочун короого түшүп жатпайбы. Ал эми Азимбек мырзага революция деген тааныш эмеспи.










??.??