presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз гезиттер
Чууга чулганган жума

Атажуртчу депутаттардын сотунан кийин аз-маз тынчый түшкөн кыргыз саясаты өткөн аптада өзгөчө "аптаптуу" болду. Болот Шер айтмакчы, далай кыргыздын кулагын кескен, далайдын канын ичкен Азис Батукаевдин Кыргызстандан кантип чыгып кеткени тууралуу табышмактын жандырмагы алигиче чечиле элек. №1 кылмышкер Азиске азаттык бергендердин артында ким турат деп алаңдагыча болбой, мыйзам сакчылары - погончондордун чоң жаңжалына күбө болдук. Баса, жогорудагы окуялардын көлөкөсүндө калган Бабановдун банк басып алгандыгы тууралуу чырлуу баян дагы көпчүлүктүн көңүл чордонунда. Баарына аз-аздан абай салып өтсөк...

2-3 күндө өлөт
дешкен...

"Бирөөнүн өлүмүн тилегиче, өзүңдүн өмүрүңдү тиле"- деген жакшы макал бар. Батукаев болобу, башкасы болобу эч кимдин өлүмүн тилегенибиз жок, бирок 28-март күнү Саламаттыкты сактоо министрлигинен А.Асанов, Д.Бегалиев, С.Узакбаева, К.Бектемиров жана ЖАМКтын врачы М.Кайкиев баш болгон атайын медициналык комиссия Азиз Батукаевге өтө коркунучтуу ак кан деген диагноз коюп, "2-3 күндүк эле өмүрү калды" - деген корутундусун чыгарган. Медиктердин бул корутундусуна таянып 9-апрель күнү Жапар Эрматов төрагалык кылган Нарын шаардык соту 16 жылдык жаза өтөө мөөнөтүн кыскартып, Батукаевди боштондукка чыгарган. "2-3 күндө өлөт" дешкенден бери 20 күн өттү, бирок Азиздин тарыхый ата журтунан азырынча "кара кагаз" келе элек. Айтор "же качкан эмес, же акталган эмес" болуп учурда көпчүлүккө түшүнүксүз абал орун алды. Акыйкатчысы баш болуп, УКМК, ИИМи төш болуп, "Батукаевдин Кыргызстандан чыгып кетишинде эч кандай мыйзам бузуу болгон жок" деп бир ооздон айтып жатышат. Батукаевди эркиндикке чыгарууга болгон аракеттер эчак эле башталганын январь айында биздин гезит жазып чыккан. Ал үчүн оңбогондой сумма сунушталып аткандыгын да жазганбыз. Күч органдары "мыйзамдагы уруунун" эркиндикке чыгышынын мыйзамдуулугун канча ирет айтышпасын, бул жерде көмүскө оюн орун алгандыгы баарына эле белгилүү болуп турат. Ак үйүндөбү, Көк үйүндөбү айтор Оксана Малеванная, Акмат Бакиев, ошол эле Батукаев сыяктуу жалаң VIP-кылмышкерлерди качыруу менен шугулданган атайын кызмат пайда болгонбу деген ойго аргасыз жетеленип атабыз... Албетте аларга тартууланган эркиндиктин баасы да көпчүлүктүн түшүнө кирбеген миллиондогон доллар менен бычылаары айтпасак да түшүнүктүү. Маселе ал акчалар кимдин же кимдердин капчыгын кампайтууда?

Күч органдары күч сынашат...

Погончондорго карата "Карга карганын көзүн чукубайт" деп какшап келгенибиз менен өздөрүнүн кызыкчылыктары кагылышкан жерде чукушмак түгүл, атышканга чейин бараарын 12-апрелдеги УКМК менен ИИМ кызматкерлеринин ортосундагы жаңжалда күбө болдук.
Погончондордун бул чуусунун чоо-жайына токтоло кетсек, Свердлов райондук ИИБинин эки кызматкери Тилек Сарбашев жана Эркин Мамбеталиев баңги заты менен кармалды деп шектелип аткан адамдан 80 миң сом акча доолап, Горький жана Элебаев көчөлөрүнүн кесилишинен 20 миң сомун алып жаткан жеринен УКМКнын ККК (коррупцияга каршы күрөшүү кызматы) кызматкерлеринин торуна чалынган. Пара алам деп кылтакка илинген кызыл шапкечендер ошол жерден чыр салып, РИИБдеги башка кесиптештерин жардамга чакырып, 30дай милиция жетип келип, баарылап каршылык көрсөтүшкөн. Сөгүшүп-сагышып, жакалашып киргенде чекисттер асманга ок чыгарышкан. Ок Тилек Сарбашевдин сол колуна жаңылган. Окуя болгон жерге ИИМ министринин орун басары Фархат Үсөнов менен Бишкек милициясынын чоңу Мелис Турганбаевдер келгенде ызылдаган "кызылдар" тынчый түшүшкөн. Арадан бир саат өткөн соң тигилердин иш кабинеттерин тинтүү үчүн келишкен УКМКнын 5 кызматкерин РИИБдин 30га жакын милициясы кабинеттин ичиндеги жарыкты өчүрүп алышып, бир сыйра өпкөсүн үзүшкөн. УКМКнын маалыматы ушундай.
Ал эми Бишкек шаардык ИИБинен беришкен маалыматта окуя теңирден тескери сүрөттөлүп, Горький - Элебаев көчөсүндөгү кармашта тескерисинче УКМКнын 20-30дай кызматкери жана ошол тегеректеги эс алуучу жайлардан чыккан 60-70дей жөнөкөй жаран жүргөндүгү айтылат. Чекисттер милиция кызматкерлерин коркунучтуу кылмышкерлерди кармагандай спецназ менен баса калганын айыптап, иликтөө иштери мыйзам бузуу менен жүргөнүн айтышат. Бирок ИИМ министри окуя боюнча жыйын өткөрүп, кол алдындагыларга нааразычылыгын билдирди. "Бишкек ШИИБи тараткан маалыматтар бир тараптуу жана ИИМ жетекчилиги менен макулдашылган эмес" - дейт Абдылда Суранчиев.
Кылмышкерлердин баарын кыйратып камап бүткөнсүп, ич ара кырылып аткан "погончондордун" мындай кылыгына премьер Жантөрө Сатыбалдиев да кыжырданып баардык күч органдарынын башчыларын чогултуп жыйын өткөрдү. "Мындай "беспредел" качан токтойт? Качан мыйзам менен иш алып барасыңар"- деп каарданды. "Күнөөлүүлөр тез арада жазасын алсын, Свердлов райондук РИИБ башчысы кызматтан айдалсын" деп талапты катуу койду.
"Ит үрө берет, кербен жүрө берет" - дешеби, айтор УКМК, ИИМ, Башкы прокуратура, ГСБЭП дегендердин ортосундагы жогорудагыдай кагылышуулар биринчи жолу болуп жаткан жери жок. "ИИМди жаңыртам, кыйратам" деп алкынган Атахановго, анын ордуна министрликке көчүк баскан Суранчиевге окшогон "реформатор - пенсионерлердин" колунан келгени, болгон чама-чаркы ушул болуп атат. Мыйзам сакчылары мыйзамды сыйламак турсун, тебелеп атышат.
Баса, "айтып оозду жыйгыча" кызыл шапкечендердин кыжырды кайнаткан дагы бир окуясы болуп өттү. 12-апрелде, унутта калган космонавтика күнүнө жасаган милициялардын жогорудагыдай "белегинен" кийин, 13-апрелде дал ушундай иш болду. Бул ирет кызуу кандуу кызыл шапкечендер УКМК өкүлдөрүн эмес, Баңги затын көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын кызматкерлерин таякташты. Аталган кызматтын оперлери Сокулук райондук ИИБинин опери Эрмек Сабировдун унаасынын салонунан героин табышкан. Арадан бир саат өтпөй "Кой терисин жамынган" бул милициянын үйүн тинтип жаткан учурда Сабировдун 30дай кызыл шапкечен кесиптештери жетип келип, БКМКнын тергөөчүсүн жана опер кызматкерин ур-токмокко алышкан. Баңги затына каршы күрөшкөн кызматкерлерди сабап гана тим болбостон, алар таап чыккан "вешдокторду" жок кылып, кылмышка шектүү баңгичи-милиционер кесиптешин белгисиз жакка алып чыгып кетишкен. Байкасаңар 12-апрелдеги Бишкектеги окуя да, 13үндөгү Сокулуктагы окуя да баңги заты менен байланыштуу болууда. Тээ 3 жыл илгери күч органдарын Жаныш Бакиев "жайлап" турган кезде кызыл шапкечени болобу, башкасы болобу баңгизаты менен шугулданып, капчыктарын жакшы эле кампайтып келишкен. Кыязы ошондогу үйрөнгөн өнөрлөрүн азыр дагы өргө чаап, арам акчанын жытын алигиче унута албай атышса керек...
Генералдай сүрү жок, илбе­риңки азыркы ИИМ министри эми эмне кылаар экен? Ишин жыйыштырып, арызын жазып, отставкага кетпесе, абалды жөнгө салып кетчүдөй алы көрүнбөйт.

Бабанов
баскынчыбы?

Мурунку башбакан Өмүрбек Бабановдун азыркы абалы кыйын болуп турат. "Ата-Мекен" партиясы "Кыргызстан" банкын басып алганын айтып, "атаканы" катуу баштады. Ушул жума коалициялык көпчүлүктүн алдына алып чыгып, кызуу талкууга алмакчы болуп атышат. Атамекенчилерди "Маредорчу" атаган Өмүрбек Токтогуловичке "рейдерчи" жарлыгын тагып, биротоло "таш-талканын" чыгарууга белсенип турушат. Ак үйдөгү "өз кабарчыларыбыздын" айтымында Өмүрбек Чиркешович акырына чейин барууга белсенип, адашын абакка тыгууга кызуу киришиптир. Далилдүү компр-документтерин да мыктылап чогултуп койгон экен. Бабановдун бийликтеги таянган тоосу деле калбай калды, парламенттеги ишенген кожосу "Республика" фракциясы деле мурункудай активдүү эмес. Алтынбек Сулайманов, Бакыт Төрөбаев өңдүү аттуу-баштуу депутаттары партия лидеринин саясатына макул болбой, өз алдынча оокатын кылып кетишкен. Баштагыдай төшүн тосуп, Бабанов үчүн акыр аягына чейин туруп берери дагы арсар. Бабановдун болгон үмүтү "Б6" Курманбек Дыйканбаев менен айылдашы Кенжебек Бокоевде эле калды көрүнөт. Мындай кырдаалды "Ата-Мекен" илгиртпей пайдаланып кетүүнү айласын көрүп атат. Атамекенчи бир катар депутаттар Бабановду ачык эле баскынчы, коррупционер аташууда.
"Керкисинде да бар, кемтигинде да бар" - демекчи, эки тарапты тең: "рейдерчи" делинегинин дагы, "мародерчу" делингенин дагы сүттөн ак деп айтуудан алыспыз. "Чукушмайлардын" учугу ушинтип улана берсе, дагы далай кызыктарга күбө болобуз. Канча жамандаганыбыз менен азыркы башкаруу системасынын пайдалуу жагы ушул болууда. Кимдин ким экенин өздөрү ачыкка чыгарып, элдин көзүн ачууда. "Чукушкандар" чурулдап, компроматтарын жая беришсин, калганын эл өзү таразалап, тактап алаар...

Эрнис Балбаков











??.??