Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Базарбекке баракелде!
"Гезиттин артында кыргыз элине күйгөн, спортту сүйгөн, патриот инсандар турат..."

Өткөн аптанын соңунда белгилүү журналист Базарбек Абдураимов, КТРКнын маалымат залында маалымат жыйынын өткөрүп, "ТОП kg" гезити тууралуу коомчулукка кеңири маалымат берди. Эске сала кетсек, аталган гезитти Базарбек Абдураимов эки жума мурун ачып, учурда аталган гезит спорт сүйүүчүлөрүнүн сүйүп окуган гезитине айлана баштаганын баса белгилеп айта кетмекчибиз. Маалымат жыйынына кесиптешибиз өзү эле эмес, Дене тарбия жана Спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Байгазы Кенжебаев жана белгилүү балбан Канат Бегалиев катышып, өз ойлорун айтышты...


Байгазы Кенжебаев,
Дене тарбия
жана спорт боюнча
мамлекеттик агенттиктин директору:
- Спорт агенттигин жетекчиси катары айтып коеюн биз спорт темасын чагылдырган гезит-журналдардын көп болушуна кызыктарбыз. Себеби өлкөдө болуп жаткан спорттук маалыматтар элге кеңири чагылдырылып туруш керек. Буюрса Базарбектин "ТОП kg" гезитин маалыматтык жактан колдоп, колдон келген жардамыбызды берип турмакчыбыз. Эгер мүмкүнчүлүк болсо каражат жагынан дагы жардам беребиз.

Базарбек Абдураимов, " ТОП kg" гезитинин
башкы редактору:
- Гезитти ачканыбыздын себеби өлкөдө болуп жаткан спорттук маалыматтарды жазып, кыргыз спорттун өнүктүрүү, азыр ачыгын айтышыбыз керек, гезиттин баары эле саясатты жазып, спортту жазган гезиттер аз болуп жатат. Эл болсо спорттук маалыматтарга суусап турат, ошол себептен спортту жазып, элди сергек жашоого үндөө максатында аталган гезитти ачтык. Гезиттин атын "ТОП kg" деп атаганыбыздын себеби, топ бул спорттун флагманы да, ошондуктан, гезиттин атын топ деп атадык. "Гезиттин артында ким турат болду экен" деген ой пайда болушу мүмкүн, гезиттин артында саясатка эч тиешеси жок, кыргыз элине күйгөн, спортту сүйгөн, патриот инсандар турат.

Канат Бегалиев,
грек-рим күрөшү боюнча башкы машыктыруучу:
- "ТОП kg" гезитинин жарык көргөнүнө спортчулар абдан кубанычтабыз. Анткени көптөн күткөн гезитибиз ачылды. Аталган гезит буюрса спортту чагылдырып, даңазалаган гезиттердин бири болот го деп эсептейм. Жалпы спортчулардын жана тренерлердин атынан баса белгилеп айта кетейин, дүйнөгө атагы чыккан, белгилүү спортчуларыбызды ушул күнгө чейин дүйнө эли жакшы тааныбайт. Ошол таанылбаган спортчуларды Базарбектин "ТОП kg" гезити таанытып, даңазалайт го деген ишеничтемин.

Даярдаган Мирлан Алымбаев