presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз гезиттер
Кыргыз улутунун түп тамырларын кимдер кыркып,
элибиздин этникалык пайдубалын кимдер кемирип жатат?

Манастын күмбөзүн кайтарган Кумайык

(Мамлекет жетекчилеринин жана Жогорку Кеңештин эсине)

1.Орхон-Энесайдагы Гүл-Тегиндин эстелиги бизге кандай сабакты айтат?
Байыркы Орхон-Энесай таш эстеликтериндеги Гүл-Тегинге арналган чоң жазууда мындай бир окуя сүрөттөлгөн. Бир кезде түрктөрдүн мамлекети кыйрап, эли-журту, кытайлардын ээлигине өтүп, кыздары күң, уулдары кул болуп, түрктүн мыйзамдары унутулуп, балдарынын аты кытайлашып, "иниси агасын билбес, баласы атасын билбес" ахыбалга жеткен экен. Мына ушул маңкурттук абалды түрктүн мыктылары учурунда түрк улутунун өлүмү катары баалаптыр. "Түрк эли өзүбүздү өзүбүз мындан көрө өлтүрөлү, уруксуз бололу" (Гүл-Тегин эстелиги: Чоң жазуу). Ушундан улам муну айтабыз. Демек, муундардын, тукум-туяктардын жети атасын билбеген, тарыхын тааныбаган макулук катары өсүп, өмүр улашы - бул улуттун тамырынын соолушунун, анын тирүү туруп жок болушунун башталышы.

2.Инсанды тарыхый тамырынан ажыратуунун илгертен келе жаткан амалы
Баскынчы жоолор, ар кандай үстөмчүл империялар кыргын салбай туруп эле, кандайдыр бир калктын өз алдынчалыгын жоюп, улут катары жок кылууну, ассимиляциялап өзүнө сиңирип, алууна максат кылса, анда алар биринчи иретте, ошол элдин муундарынын, жарандарынын "жети ата" тамырын кыркууну, "иниси агасын билбес, баласы атасын билбес" кылып, тарыхый эстутумун талкалоону көздөп, тымызын иш жүргүзүшкөн. Кээде биздин чыгышта адамды тарыхый эстутумдан ажыратуу төбө чачты тик тургузган мыкаачы жолдор менен ишке ашырылган. "Манаста" калмак-кытай өкүлүнүн "Азыр сени соёмун, башыңа шири кийгизип" деген сөзү бар. Шири-бул кишини эстутумдан ажыратуучу, адамдын оюна келбеген тири укмуштуу ыкма-курал (Илгери айдар көкүл Жуңжандардын согушта туткунга түшкөн Жоломанды ширинин жардамы менен кандайча "Тамырынан" ажыраткандыгы жөнүндө Чыңгыз Айтматовдун жазганын эске түшүрөлү).

3."Шири" идеологиясынан чыккан "жүз жигит" же кыргызга кыргын салган кыргыз тукумдары
Адамды физикалык-биологиялык жактан кыйноо аркылуу гана эмес, ал таянып турган тарыхый-этникалык фундаментти, улуттук кыртышты жок кылуу, талкалоо аркылуу да маңкуртка айландырышкан. Байыркы бир заманда кара калмак деген жоо кыргызды чаап, эмгектеп жүргөн, жаңы баскан эркек балдарды олжолоп туткунга алат да, өз жерине алып барып, жүз бөбөктү социалдык мамилелерден жана байланыштардан оолактатып, эч кимге көрсөтпөй, обочодо көмүскө багып, жалаң согуштук өнөргө таптап машыктырат. Кыргыздын жүз кулунчагы өздөрүнүн кыргыз экенин билбей, ата-тегинен эл-жеринен, эне тилинен, таптакыр кабарсыз, согушкандан башканы билбеген жоокер-башкесерлер болуп тарбияланышат. Калмактын төрөсү маңкуртка, айландырылган, уруш өнөрүнө үйрөтүлгөн ошол жүз кыргыз жигитти бир жылы кыргыз элине каршы согушка салып, ак калпак калкты өз тукумдарынын колдору менен кыргынга учуратат. Бул шумдуктуу окуя Үмөт молдонун "Жүз жигит" аттуу комуз-күүсүндө кайгылуу баян болуп чертилип калган.
Бул тарыхты "Шири" идеологиясынын адамдын "жети атасы", элдин тарыхый түп тамыры үчүн, демек, кишинин инсан катары, улуттун улут катары өмүр-жашоосу үчүн, алардын маданий-тарыхый "генефонду" үчүн өтө коркунучтуулугун, түбүнөн кемирип-кесип, кыркып-кыйып таштоочу антигуманисттик күчүн туюнуу ниетинде эстеп отурабыз. Тери шири бар экен, анан социалдык, же болбосо идеологиялык шири бар экен. Адамды алкакка камап, анын ой жүгүртүүсүнүн үстүнөн полициялык көзөмөл орноткон өткөндөгү тоталитардык акимчил-буйрукчул түзүлүштүн жарандардын башына кийгизген "идеологиялык ширисинен" улам кечээ улутубуз өзүнүн этникалык кыртышынан ажыроо коркунучуна, коммунисттик-космополиттик жалпылыкка акырындап сиңип, жок болуу опурталдуулугуна дуушар болгон.

4.Өз элинин чыккынчысын душмандар кимдердин арасынан тандайт? Манаска уу берген Көзкаман
"Социалдык шириге", андан туулган маңкуртчулук илдетине "Манас" эпопеясы да өзүнүн бүткүл турушу, духу менен каршы. "Манаста" каардуу жана амалкөй Алооке хан тоолуктарды таруудай чачып, бирин эренге, бирин тереңге, бирин Алтайга, бирин Каңгайга тентиткенде ак калпак кыргыздын ар кайсы чоочун калайык-журттарга жана кыжылдаган калмак-кытайга сиңип, эл катары жок болушун көздөгөн. Кыйла жылдар өткөндө кай бир аймактарда өйдөкү Гүл-Тегиндин эстелигинде маалымдалгандай түрктөрдүн башына түшкөн маңкурттук тагдыр, алатоолуктардын да башына келип, кээ бир кыргыз топтору калмакташып, кытайлашып Алоокенин мүдөөсү ишке аша баштаган. Бул көрүнүш "Манаста" Акбалтанын жаш Манаска айткан төмөнкү сөздөрү менен баян этилет: "Бай Жакып менен ага-ини, балдары Үсөн бар эле, айдап кетип Үсөндү, кара калмак алды эле, Үсөн атын жойду дейт, Көзкаман атка конду дейт, калмакча атын койду дейт, кыргыздын атын жойду дейт, тууганды туура унутуп, баарысы калмак болду дейт".
Мына ушинтип, Үсөн баштаган кыргыздар калмак-манжуу массасына ассимиляцияланып, психологиясы такыр өзгөрүп, бала-бакырасынын ысымдары Чаңдаяк, Чагалдай, Дөрбөлдөй делип калмакча коюлуп, дини будда болуп, ырым-жырымы калмакча жасалып, "Какандап" ураан чакырып калышат. "Манаста" кыргыз элине карата чыккынчылык ушул "туугандардын" ичинен чыгат. Кытайдын императору Эсенкан амалданып барып, Манасты уу берип өлтүрүп, Бээжинге башын кесип алып келе турган адамды дал ушул Каңгайда кыргыз атын өчүргөн, жети атасын унуткан пенделердин ичинен тандайт. "Журтуна бузук беш айбанды" баштаган Көзкаман кулчулуктан жаңы эле кутулган бүткүл кыргыз эли медер тутуп турган Манаска кол салат. Манаска уу берет. Демек, бул анын өз бир тууган элинин өлгөндө-талганда жетип турган эң ыйыгы-эркиндигине кол салганы, өз элине уу бергени эле. Көзкаман жанагы "жүз жигит" сыяктуу өз бир боор калкына, туулган тууруна каршы барып отурат. "Маңкурт итке окшоп ээсин гана ээрчип калат, ээсин гана тааныйт" (Ч. Айтматов). Калмакташкан кыргыз Көзкаман да жанынын тереңинде Эсенканды гана ээрчийт, Эсенканды гана тааныйт.
Көзкаман - бул "тамырсыз" адамдын символу. Башына "социалдык шири" кийген кулдун символу. Маңкурт - душмандын колундагы куурчак жана өзүнүн "учкан уясына" каршы пайдаланыла турган курал. Көзкаман бизге көрсөтүп турган "Манастын" ачуу сабагы жана кара түстөгү белгиси. Көзкаман - "тамырсыз" адамдын жамаат үчүн, улут үчүн социалдык жактан өтө коркунучтуулугу жөнүндөгү "Манастын" эскертүүсү. Дастанда Көзкамандын жана анын куралчан табунун кырк чоро тарабынан талкаланып жок кылынышы - бул Манас рухунун маңкуртчулукту жамандык катары тангандыгынын жана кабыл албагандыгынын символу. "Улуу "Манас" ыйык китебибиз бүгүнкү тукумдарды маңкуртчулуктан сак болууга астыртан үндөп, балага кенедейинен мекенчилдиктин рухун сиңирүүнүн зарылдыгын каңкуулап турат.

5.Таалим-тарбия идеологиясы жана программасы жок коом же демилгени колго алган тышкы күчтөр
Бирок эң өкүнүчтүүсү биз, кыргыздар, эгемендүү болгон учурубузда эртең ордубузду баса турган жаш муундарыбызда тарыхый эстутумду, улуттук ар-намысты, өзүнүн бир боор улутуна жана Ала-Тоо Ата Журтуна таандык экени менен сыймыктануу сезимин системалуу түрдө түптөөнү, элибиздин кылымдарды карыткан каарман тарыхынын мисалында патриоттуулукка тарбиялоону мамлекетибиздин башкы идеологиясына айландыра албадык. Өлкөбүздө улуттук кыртышта кылымдап калыптанган элдик, рухий-адептик, патриоттук баалуулуктарга жана дөөлөттөргө негизделген башка өлкөлөрдөгүдөй, Өкмөттүк деңгээлде расмий кабыл алынган мамлекеттик таалим-тарбия стратегиясы, концепциясы, анын негизинде иштелип чыккан тарбия иш-чараларынын милдеттүү программасы көрүнбөйт. Мамлекеттин баштапкы түркүгү деп эсептелген кыргыз үй-бүлөсүнүн баланын патриоттук тарбиясы менен дээрлик иши жок. Кыскасын айтканда, Кыргыз мамлекетинин таалим-тарбия идеологиясы, программасы иштелип, системалуу түрдө жолго коюлбагандыгынан улам өлкөдө келип чыккан вакуумду батыштык массалык маданияттын арзан стандарттары жана баш-көзсүз стихиялуулук ээлеп, түркүн күчтөр, чет өлкөлүк диндик секталар тарбия "арабабызды" Крыловдун тамсилиндегидей бири туурага тартса, бири өйдөгө тартып, бири төмөнгө тартып, жаш муундарыбыздын социалдашуусунун ыраатсыз, башаламан өтүп жатат.

6.Эл аралык геосаясий, глобалисттик күчтөрдүн программасы же кыргыздын бүгүнкү муундарынын башына кийгизилип жаткан ШИРИ
Чет өлкөлүк күчтөр демекчи, мына мобуга басым коюп айталы. Азыркы дүйнөдө мурдагы "кансыз согуш" акырындык менен "маалымат согушу" менен алмашкандыгын, дүйнөлүк супер державалардын кубатына таянган эл аралык күчтөр жаңы электрондук маалымат куралдарынын жардамы менен жер үстүндө монополярдуу дүйнөнү түзүүгө умтулуп жаткандыгын, Кыргызстан да мындай геосаясий, глобалисттик умтулуштардын объектисине айлангандыгын көңүл борборуна тутууга тийишпиз. Ошондой глобалисттик, супер державалык кызыкчыларды жүзөгө ашырып жаткан бир эл аралык корпорациянын жашыруун идеологиялык документинен бир эле үзүндүнү эске сала кетели.
"С помощью информационного оружия нового поколения создание атмосферы бездуховности и безнравственности, негативного отношения к культурному наследию, провоцирование социальных, политических и религиозных столкновений, подрыв международного авторитета государства" ("Педагогика" - журналы - Москва, 2010, №2, 16-бет). Европада өткөн бир чоң форумда орус православиялык чиркөөсүнүн чоң башчысы эл аралык кызыкдар күчтөр тарабынан россиялык үй-бүлөлүк моралдын салттык негиздерине массалык түрдө тынымсыз чабуул жасалып жаткандыгы жөнүндө тынчсыздануу менен билдирүү жасагандыгы бекеринен эмес. Мына ушуга кошумча айта турган нерсе, Европада Азия жана Африка элдерине карата "исторические народы", "неисторические народы" деген концепциялар те илгертен бери жашап келе жатат. "Исторические народы" дегени - булар япондор, кытайлар жана түрктөр. Бул калктарды Европада өз тагдырына өзү кожоюн болууга жөндөмдүү калктар, ал эми Азиянын калган калктары өздөрүн өздөрү жөнгө сала албайт, аларды тыштан башкаруу керек деп тымызын эсептешери тиешелүү маалымат булактарынан белгилүү. Эл аралык күчтөрдүн мына ушундай концепциянын "көз айнеги" менен Кыргызстанды да карап турганын биз сезебизби? Жогорудагы "идеологиялык документте" айтылгандарды "демократиянын терисин" жамынган, "койнунда котур ташы бар" ар түркүн чет жактык күчтөр Кыргызстанда астыртан ишке ашырып жатышат. Дагы айталы, Кыргызстандын элине эмес, биринчи кезекте географиясына, кен байлыктарына кызыккан геосаясий күчтөр, диндик миссионерлер СССР доорунда маңкуртчулук оорусуна чалдыккан "Общий домго" эч тоскоолдуксуз кирип, карызга баткан жакыр өлкөбүздүн алсыздыгынан пайдаланып, тоскоолдукка, каршылыкка учурабай, көзөмөлсүз ээн-эркин өз ишмердүүлүктөрүн жүргүзүүдө (Республикабызда адилет министрлигинин лицензиясын алган 360тан ашык ар кандай диндик уюмдар, секталар иштеп жатат. Башка дагы "адам укугун" жамынган канчалаган уюмдар бар). Маселен, Адилет министрлигинен уруксат кагаз алып, өлкөбүздө өз ишин жүргүзүп жаткан "Иеговдук күбөлөр" сектасында Кыргызстандын туусун, урматтоого, шайлоолорго катышууга, мамлекеттик майрамдарды майрамдоого тыюу салынган. Ал сектага кирген кыргыз уланы армияга барбайт, өзүн кыргызмын деп да эсептебейт. Анын Ата Мекени - Америка Кошмо Штаттарындагы Бруклин аймагы" ("Кутбилим", 06.02.09) "Иоговдук күбөлөр" сектасына кирген бир кыргыз жигиттин жакын туруп өз маркум энесине топурак салууга келбей койгондугу жөнүндөгү маалымат газеталарга чыгып отурат."Шапкесин" алып, чет өлкөлүк диний диверсанттык уюмдарга лицензия берип келген жана берип жаткан адилет министрлигиндеги атка минерлер өздөрүнүн жасаган антиулуттук жоруктарынын акыры айланып келип, элибиздин этникалык тамырына уу болуп куюлуп жаткандыгын сезишеби? Шаарларыбызда, айрыкча мектептерге жакын жерлерде эротикалык, жарым порнографиялык сүрөттөргө толгон чет өлкөлүк журналдарды саткан күркөлөр, көздөн далдаа жерлерде порнографиялык фильмдерди көрсөткөн жашыруун жайлар көбөйүп, активдүү иштөөдө. Өлкөбүз наркотикалык заттарды ташып өтүүнүн "коридоруна" небак айлангандыгы маалым. Азыр жумуриятыбызда жүз миңден ашык баңгилер болсо, анын 15 пайызын өспүрүм жаштар түзүп калды ("Эркин Тоо", 03.02.08).

(Уландысы бар)

Советбек Байгазиев,
академик










??.??