presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз гезиттер
Илимпоздор тарых барактарында...
11-апрель күнү Кыргыз Республикасынын президентине караштуу мамлекеттик башкаруу академиясынын илим департаменти Улуу кыргыз каганатынын 1170 жылдыгына арналган "Кыргыз элинин фольклордук жана жазуу эстеликтериндеги башкаруу маселелерин чагылдырылышы" деген аталыштагы илимий-практикалык конференция өткөрүштү.
Конференцияга ЖКнын депутаты Каныбек Иманалиев, тарых илимдеринин докторлору Тынчтыкбек Чоротегин, Олжобай Каратаев, философия илимдеринин доктору Ш. Акмолдоева, философия илимдеринин кандидаты С. Абдрасулов, тарых илимдерин кандидаты, профессор Бактыкан Төрөгелдиева баштаган агартуучу окумуштуулар катышып, өлкөнүн учурдагы саясий башкаруу системасын жакшырууга арналган докладдарын окушту. Окуган докладдарынан кыскача жарыялап коюуну туура көрдүк...

Каныбек Иманалиев,
ЖКнын депутаты:
-12-кылымда жазылган Енисей жазма эстеликтери аркылуу элибиздин жазма маданияты 1300 жылдык тарыхка ээ болот жана өзүбүздүн ата-бабаларыбыз тарабынан жазылган тексттер өтө маанилүү. Жазма эстеликтердеги жогорудагы ойлордон кийин төмөнкүдөй тыянакка келүүгө болот. Биринчиден, ошол доордогу адамдар үчүн мамлекеттүүлүктү куруу, сактап калуу, коргоо-эң негизги идея болгон. Экинчиден, мамлекет, "эл" деген түшүнүк менен бирдей каралган. Башкача айтканда мамлекет болсо эл болот. Үчүнчүдөн, бир тууган, үй-бүлө жана урук-тууган мамилеси мамлекеттен бийик турган эмес. Тескерисинче мамлекеттин келечеги үчүн алар дайыма курман болгондугу көп айтылат. Төртүнчүдөн, жылкы, күлүк аттардан ажырагандыгы айтылат. Бирок жылкы- мал мүлк катары эмес, согушта эң керектүү жандык, (же курал) катары көрсөтүлөт. Бешинчиден, мал-мүлк, оокат-дүйнө эмес, улут үчүн эң зор байлык бул элдин эркиндиги экендиги айтылат. Эл эркин мамлекет учурунда гана бактылуу боло алат деген тыянак айтылат.

Тынчтыкбек Чоротегин,
тарых илимдеринин
доктору:
- Кыргызстандын орто кылымдагы мамлекеттүүлүк тарыхынын орчун доору Карахандар кагандыгынын тарыхы менен байланыштуу. Айтылуу "мусулман кайра жаралуусу" доорунда ири ислам чөлкөмүнө камтылып, Карахандар кагандыгы мамлекеттик башкаруу илиминде жергиликтүү салт менен мусулмандык чыгыш салтынын тажрыйбасын ширелткен. Бул доордо Караханийлер илимге теңир тоолук кош жылдызды берген. Алар- Жусуп Баласагын менен Махмуд Кашкари. Ж. Баласагын билимди баарынан жогору койгон. Өзүнүн окурмандарын эне-тилине аяр мамиле кылууга үндөгөн. Ошондой эле ал дипломатиялык өнөрдү өздөштүрүү боюнча илимий эмгектерди көп жазган. Мисалы "Кут билим" чыгармасында баардык элди ар бир доордо толкундаткан жалпы адамзаттык идеялар даана жана жогорку көлөмдө чагылдырылганын баса белгилеп кетишибиз керек.
Ж. Баласагын сыяктуу эле М. Кашкари дагы жогору эмгек өтөгөн. Ошондуктан, алардын чыгармалары теңир-тоолук чигил, йагма, тухси, кыргыздардын ж.б. түрк калктарынын мамлекеттик башкаруу илиминин тарыхын иликтөөдө тарый булак болуп саналат.

Олжобай Каратаев,
тарых илимдеринин
доктору:
- Кыргыз каганатынын ад­ми­нистративдик-башкаруу системасы, өлкөнү башкаруунун салттары көөнө доорлордон бери карай калыптанган эволюциялык жол менен өнүгүп келди. Мамлекеттик башкаруу терминдери жана ага негизделген титулдар илимде социалдык детерминативдер деген ат менен белгилүү. Социалдык ар кыл топтордон турган мамлекеттик негиздөө, калыптандыруу, башкаруу-тескөө аппараттарын кармап туруу, аны өнүктүрүү аскердик административдик башкаруу системасында өтө татаал, ар дайым мамлекеттик камкордукту, көзөмөлдү талап кылган маселелерден болгон. Титулдар жана мамлекеттик ж.б. кызматтар өлкөнүн (кагандын) алдындагы сиңирген өзгөчө кызматы үчүн тектүүлүгүнө, аскердик башкаруучулук жөндөмүнө ж.б. сапаттарына карата берилген. Бул белгилер адамдын коомдогу ээлеген социалдык статусун дагы өзгөртчү.

Бактыкан Төрөгелдиева,
тарых илимдеринин
кандидаты:
- Кыргыз эли учкул сөз, макал лакаптарга абдан маани беришкен. Макалдарда эмне деген гана керемет ойлор айтылбаган. Аксакалдар макал аралашкан накыл кептерин айтып, нечен деген саясий маселелерди чечип, эл чиндеги ынтымакты бекемдешкен. Ошондуктан биз дагы ошонун баарын эске алып, жогорудагыдай маселелерге кеңири токтолушубуз керек, бүгүнкүдөй конференциялар мындан ары дагы көп болушу зарыл.

Мирлан Алымбаев





Данияр Эрматов, ырчы:
"Канат байке менен кайра иштешемби, жокпу аны азыр айта албайм"
- Данияр, жакында эле продю­сериң менен келишим аягына чыгыптыр. Кийинки кадамдарың кандай болот?
- Ооба, Канат Кадыржан байке менен былтыр ушул маалда бир жылга келишим түзгөн элек. Убакыт учкан куш дегендей бир жыл убакыт бат эле өтүп, ал келишим аягына чыкты. Бир жыл жакшы эле иштештик. Канат байке экөөбүз урушуп- талашпай, жакшы иштешип, тынч эле келишимдин аягына чыктык. Эми мындан ары кандай болот азырынча айта албайм. Балким кайра иштешип калышым мүмкүн. Бирок учурда Канат байкенин жумуштары абдан көп болуп жатат. Тактап айтканда келишимди узартып, дагы иштешүүгө убактысы жетпей жатат. Ушул менен бүттү, эми иштешпейм деп айтууга да эрте. Баарын убакыт көрсөтөт. Азырынча өзүм эле иштеп жатам. Эгер Канат байке келишимди кайра башынан түзөлү десе мен каршы болбойм. Анткени продюсер менен иштеген абдан жакшы экен. Көп жүктөн кутулуп, көп иштерди жасоого жетишет экенсиң.
- Келишимди кайра түзөлү деген сунушту өзүң киргизген жоксуңбу?
- Канат байкенин жумуштары көп болуп жатканына байланыштуу андай сунушту киргизе элекмин. Канат байке да өзү азырынча эч нерсе дей элек. Балким, учуру келгенде өзүм айтам го. Азырынча ойлонуп жатам.
- Продюсер менен иштешкенге чейин жалгыз иштөөчү эмес белең. Бир жыл продюсер менен иштештиң. Кандай өзгөчөлүктөрдү байкадың?
- Жалгыз иштеген менен продюсер менен иштегендин айырмачылыктары абдан чоң экен. Мурда бардык жүктү өзүм көтөрсөм, Канат байке менен иштешкенден баштап мага жеңил болду. Мен ырдаганды гана билип калдым. Калган маселенин баарын Канат байке чеччү. Бир эле учурда ыр жаздырып, клип тарттырып, киного да тартууга жетиштик. Чыгармачыл чөйрөдөгү байланыштарды да абдан жакшы болчу. Ырларым радиолордон байма-бай жаңырып, клиптерим өз учурунда экран бетине чыгып турду. Кыскасы, Канат байке биздин атакка жетишибизге болгон салымын кошту.
- Ошол бир жыл аралыгында канча ыр жаздырууга, канча клип тарттырууга жетиштиңер?
- Бир жыл аралыгында бир альбомум чыкты. Ичинде 12 ыр камтылган. Бул менин биринчи альбомум болду. Эки клип тартууга жетиштик. Үчүнчүсүн да тартканы жатканбыз, келишим аягына чыгып калды., бирок ошого карабай ал клипти азыр тартып жатабыз. Жалпысынан үч деп айтсак болот.
- Жаңы келишим түзүп жатканда продюсериң Канат Кадыржан сенин стилиңдин да толук өзгөрө тургандыгы туурасында айтты эле...
- Стилимде мурдагыга караганда бир аз өзгөрүү болду. Мурда чачым узун болсо, кийин чачымды кыскартып, жарашыктуу ачык түстөгү кийимдерге басым жашап, шаңдуу ырларды ырдоого өттүм. Мындан сырткары көп деле өзгөрүү болгон жок.
- Сенин жеке концертиңди беребиз деген жакшы пландарың бар эле. Ал максатыңар ишке ашпай калбы?
- Ооба, андай план бар болчу. Концертти быйыл берели деп жатканбыз. Тилекке каршы келишим бүтүп калды. Эми концертимди беремби - жокпу билбейм. Балким, кайра иштешип калсак берип калышым мүмкүн.
- Бир маегиңде дагы тасма тартам деген ойлор бар дедиң эле. Бул жаатта кандай иштерди жасап жатасың?
- "Салам Бишкек" тасмасынын 2- бөлүмүн тартканы турабыз. Учурда сценарийи жазылууда. Кудай буюрса, аз күндө тартып баштайбыз.
- "Салам Бишкекти" кинотеатрларга кайра коеюн деген оюң барбы?
- Ооба, анткени суроолор көп болууда. Күз айларында коебуз го. Негизи биздин тасма кинотеатрлардан алынбай төрт ай турду. Эң узак көрсөтүлгөн тасма болду. Элдин суроо- талабы дагы да солгундай эле.
- Төрт ай кинотеатрларда көрсө­түпсүңөр. Тасмаңар өз чыгымын жаптыбы?
- Чыгымдарды жаппай калды деп калп айткандын кереги жок. Кудай шүгүр, тасма өзүн жаап, биздин эмгекти толук актады.

Маектешкен
Жаркынай Кадыркулова










??.??