presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз гезиттер
Келдибек НИЯЗОВ, сатирик:
"Ак үйдү үч айландым,
секирип түшсөмбү дейм"

- Жеке пикириңизде маданият тармагын кантип өнүктүрүүгө болот?
- Кыргыз маданиятын бир гана Күлүпа Кондучалова көтөрдү, андан башка эч кимди айта албайм, бычакка сап адам болгон жок. Учурда Күлүпа эже маданият министрликтин үстүндө жашайт. Маданият министрибиз Султан Раев чай-чамегин алып, учурашып "Эже, акыл-насаатыңызды айтыңыз, же штатка кеңешчи катары алайын" деп уялбастан кеп-кеңешин угуп келсе. Кондучалованын иштөө системасын билем, 69-70-жылдары көрүп, аралашып калдым. Ал киши чоң концерт уюштурчу, концертке акыны да, ырчысы да болгонун аралаштырып, мыкты номерлерин тандап, филармонияга концерт уюштуруп, Усубалиевди чакырчу. Усубалиев Күлчөке кемпирин жетелеп алып келчү. Усубалиев келет дегенде, жогору жактагылардын баары концертке келишер эле. Концерт аягында Усубалиев сахна артына басып барып, Кондучаловага жолугуп "эмне кем карчыңар бар?" дегенде Кондучалова машинанын жоктугун, кийим кеченин жетишсиздигин айтып, болгон көйгөйлөрүн чечип алчу. Усубалиевдин жардамчысы тизмектеп жазып алып, ал көйгөйлөр бир-эки айлап эмес, эртеси кийим тиктирип, машина келип, маданиятыбыздын бир топ көйгөйлөрү чечилчү. Кийин кайра Кондучалова концерт уюштуруп, Усубалиевди отчет бергендей чакырып көрсөтчү. Анда кайра жетишпеген кемчиликтерди талкууга алып, ушундай жол менен бир топ көйгөйлөр чечилип турган. Азыр мындай ак дилден иштеп, маданиятты көтөрөйүн деген эч ким жок. Раев министрлик системада иштесе, концерт, театрларга министрликтерге чакыруу берсе, министрлер орун басар, коллективи менен келет эле да. Илгери филармонияда Виктор Ильич Божко аттуу директордун орун басары болгон, азыр деле бар. Убагында жеп-ичти дегенибиз менен эмгегин да билишибиз зарыл. Экөөбүз теңбиз, качан көрбөйүн жашыл плащын кийип алып бир колунда тоголоктолгон афиша, бир колунда клей, шаар кыдырып афиша чаптап чыкчу. Университеттерди кыдырып чыгар эле. Азыр иштеген киши жок. Кассаны ачып коюп элди күтүп отура беришет. Эл келбейт, алыстап кеткен. Аялдар күнүнө карата концерт берип, уят-сыйда жыйыштырып, бир топ бийлик башындагыларга кирип "жакшы концерт болот, энеңерди, же жубайыңарды сыйласаңар билет алып киргиле" дедим. Шагымды сындырбай алышты. Эртеси, баары "рахмат, театрдан чын эле алыстап кеткен турбайбызбы" деп рахматын айтышты. Ушинтип уялбай элди тартыш керек. Өткөндө телевидениеден Жамал Сейдакматова эжекебиз сүйлөп атат "70ден ашсам да, пакетиме билеттерди салып , өзүм сатып жүрөм" дейт. Туура элди өзүбүз тартпаганда башка айла жок, алыстап кетишкен да. Милициялар же, мугалимдер жумушунан кийин эч жерге барбасын деген закон жок. Жумуштан кийин келинчектерин үй күчүк кылбай ээрчитип алып, театрларга, концерттерге келип эс алып кетишсе ал жерде деле чай, кофе бар. Баягы эле тажатма спектаклдерди кое бербей жаштарга ылайык спектаклдерди коюшса. Жаштарыбыз Аалы Токомбаев ким экенин билбей калышты. Университеттин студенттерин чакырып, маңкурт жаштардын көзүн ачсак. Илгери 68-70-жылдары театрдан чыкчу эмесмин. "Жыгылган оогонго күлөт" деген Абдымомуновдун спектакли жумасын коюлса, тажабай жумасына барчубуз, билеттер жок калып, тепкичте отуруп көрчүбүз. Жаштар түнкү клубдарды жатка айтып беришет, ал эми театрларды билишпейт. Аракет кылып элди тартып, жан-алыбыс, калгыча иштебесек маданият эмес, "маданият" деген сөз жоголот. Маданиятыбыздын өнүкпөй жатканы иш билгилиги жок жетекчилик да чоң таасирин тийгизет. Министрликке Султан Раев кайра келгени "кетип, кайра келген келиндердей эле болуп калды. "Жасабай кеткен иштеримди, жасайм" деп атат ушул да сөзбү. Эмнени жасабай кеткенине таң калам, же театрлардан дагы акча жасоону жолун ойлоп атабы? Колунан келбеген соң, мурда кыйратпагандан кийин келбей деле койсо болмок. Чындыгында, маданиятка тиешеси жок, жазуучу драматург да. Маданиятка музыка, театр өнөрүн мыкты билген адам баруусу зарыл.
- Аксакалдык калыстыгы­ңызда кимди министрликке татыктуу деп көрсөтөт элеңиз?
- Маданиятты, дегеле уюштуруу иштерин мыкты билгендер жок эмес. Садык Шернияз, Тентимиш Мураталиев сыяктуу жигиттер бар, булар кандай иш жасабасын купулга толот. Гендердик саясат жүргүзүп аялзатынан алып келсек, министрдин орун басарына Жамиля Муратова, Жыпариса аттуу актриса кыз бар, ушулар өңдүү иш билги кыздарыбызды алып келсек. Аппаратта кадр саясатын жүргүзүү зарыл. Менден улуулар жүрөт, Султан Раев келгенде сүйүнгөндөр ошолор да. Аларга жакшы бар деп "дүжүр чапандарды" жаап, кетирүү кез келди.
- Коомчулукта сизди эмне түпөйүл кылып жүрөт?
- Кыргыз эли үчүн күйгөн сахна адамы катары түпөйүл кылган көйгөй көп. Бирок, өзгөчө ойлондурганы "Бажы союзуна кирсек пайдасынан да, зыяны көп болот" деген сөздөр түпөйүлгө салат. Кыргыз эли жыйырма жылдан бери эмнени гана көргөн жок. Кытайдын сапатсыз кийимдери менен зыян, ууландырган тамак-аштарын жеп эптеп күн көрүп келатканда, ал такыр токтоп калса эмне болот? Чет элден келген машинанын эң арзаны 15-20 миң доллар болсо кандай абалга келебиз? Евросоюзга кирип, Кипр кырылгандай кебетеге келип калабызбы деген ойлор менен алпурушам. Кипрде магазин, базарларында баары жайнап турат, бирок элдин колунда акча жок. Ошондой болуп шору каткан элге дагы шор келеби деп тынчсыздануудамын. Элибиз түшүнгөн жери жок, эки киши сүйлөшүп отуруп "бажы союзуна кирет экенбиз" десе, экинчиси "эмне ал гумжардам берет бекен" дегендей, карапайым калк эч нерсе түшүнгөн жок.
- Чыгармачылыгыңыз кантип атат?
- Алтымыш жылдыгыма карата китеп чыгаруудамын, анын аталышы "6 мыш". Бирок кандай иш баштаба каражатка барып такалат. "Мен-мен" деген күркүл нарындан чыккан инилерим бар, аларга жолуккан жерден "барыңыз сиз үчүн эшик ачык" дешет. Кайсы эшик ачык экенин билбейм, Ак үйдү үч жолу айланып чыктым. Мен үчүн эшиктин баары жабык, бакча- сы менен секирип түшсөмбү дейм, алтымышка чыкканда аламдан илинип абийирим кетеби деп корком. Китебим туурасында айтсам, китебим бүтүндөй күлкү. Айрым колунда барлар апасынын 60-70 жылдыгына арнап китеп чыгарып, кол алдында иштегендерге таратат. Албетте, колунда барлардын сапатсыз китеби чыгат да, чыгармачыл адамдарды каражат маселеси кыйнап, колунда турган китептери кармалып калууда.

Венера НАРКЕЕВА





Токон Мамытов, Чек ара кызматынын жетекчиси:
"Батукаевди ишин дыкаттык менен иликтесе,
бир нерсе чыгат... "

(Башы 6-бетте)

Дагы бир ушуга окшогон чоң маселе - бул тендер. Чек ара кызматы бир жылда чек ара бекеттерине 4 миң тоннага жакын көмүр алат, азык-түлүк, форма, машинага тетик алат. Бул деген, чоң акча, бир нече миллион сумма. Мурун ушуларды сатып алуу үчүн ушул жерде борбордук аппаратта тендер өтүп, анын анда жеңип чыккандар көмүрдү же азык-түлүктү аймактарга ташып барчу. Азыр мен муну да жоюп салдым. Мындан ары, тендер жер-жерлерде өтөт. Мисалы, Нарындын Чек ара отряд жетекчиси өзү Нарында өткөзөт, көмүрдү Нарындан алат дегендей, Оштуку да Ошто өткөзөт... Буга чейин тендерде 5- 10 пайызга отургандарын жолун буудук. Кыскасы, Бишкекте тендер өтпөйт. Ал эми машиналарга тетиктерин сатып алуу боюнча тендер өткөзүүнү жойдук, аны жергиликтүү отряддарда откормой болду.
- Жалпы жонунан баарын сиз көзөмөлдөйсүз да...
- Мен көзөмөлдөгөнүм менен, тендерлерге мыйзам боюнча мен кийлигишпейм. Тендерлерди өткөзгөн жетекчилер өздөрү жооп берет. Эгер бул боюнча кенедей эле мыйзам бузуу тууралуу маалымат түшсө, дароо кызматтан алам, муну баарына эскерттим.
- Чек ара кызматында коррупция жок деп айтуу кыйын да, бул боюнча кандай аракеттер көрүлүп жатат?
- Туура маселе. Коррупция жок деп айтууга али эрте. Бирок өкүнүчтүүсү, мыйзам бузган кызматкерлерди сот кайра актап салып жатат. Мен аларга айласыздан жумуш берүүгө мажбур болуп атам.
Азыр Чек ара бекеттеринде, КППлардагы коррупциялык көрүнүштөр болгон акча алмай ж.б. жоюуга бир катар аракеттерди көрүп атабыз. Биринчи кадам катары мен өзүмдүн түз телефонумду, уюлдук телефонумду баракка жаздырып, көп нуска менен чек ара бекеттерине, КППларга чаптатып атам. Эгер кимде ким Чек ара кызматкерлери тарабынан мыйзам бузууга туш болсо, алар акча сураса, мага түз чалышсын, мен дароо чара көрөм. Экинчиси, жакында эле Эл аралык уюмдун өкүлдөрү менен жолугуштум. Мен аларга бизге сапаты мыкты микро видеокамера керек экенин сунуш катары айттым. Алар "4-5 ай убакыт бергиле, балким алып беребиз" - деген пикирин айтышты. Эгер алып берип калышса, биз Эркечтам, Торугарт, Ак жол, Манас сыяктуу чоң КППларда иштеген чек арачылардын төшүнө пломбу менен тагылат да, ошону менен иштейт. Үнү да жазылат, кылганы, иштегени да тартылат. Муну менен элчилерге да айттым, "идеяңар жакшы экен, муну биз колдойбуз" деп жатышат. Буйруса, бул максатыбыз ишке ашып каса, анда Чек ара тармагындагы коррупцияны таптакыр болбосо да, жетиштүү деңгээлге чейин кыскартабыз го деген ишеничибиз бар.
- Президент кошумча имарат берди эле...
- Ооба, президентибиз чек арачыларыбызды колдоп, Чоң-арыктан эки кабаттуу имарат берди. Айта кетсек, имаратыбыз бирөө болуп, ага батпай, бир бөлмөдө 6-7ге чейин тыгылып олтурганбыз. Андан тышкары, мага кызматтык машина бөлүп берди. Өкмөт башчыга да кайрылдым, ал президент берген имаратты оңдоо үчүн 3 млн. сом бөлүп берди. Спикерге да кайрылгам, ал киши: " 3-4 ай чыдагыла, бюджетке өзгөртүү киргизсек, силердин да маселеңерди карайбыз" деген убадасын берди. Аны күтүп атабыз. Андан тышкары, Лейлектин Чек ара отрядында офицерлердин биринин үйү да жок болчу. Бул маселе боюнча өкмөт башчыга кайрылсам, туура түшүнүп 16 млн. сом бөлүп берди. Азыр биз Лейлекте көп кабаттуу үйдүн фундаментин баштадык.
Азык-түлүк маселеси да толук чечиле элек. Ун менен шекер маселеси чечилди, калган консерва, ж.б. азыктарды чек ара бекеттеринде жеткизе элекпиз. Азык - түлүк, электр энергия, формага, офицерлердин командировкалык иштерине береселерибиз бар экен. Акырында айтарым, дагы бир көйгөй - ГСМ, күйүүчү май өтө эле тартыш. Мына ушул маселелер менен жакында парламентке, өкмөткө кайрылайын деп атам.

Маектешкен
Айбек Шамшыкеев










??.??