Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Бизге 15 жыл
Айыл Банк - элет эли менен!

Сиз жашаган үйгө жакын эле жерде өлкөдөгү эң ири банктардын бири - Айыл Банктын бөлүмдөрү жайгашкан. Айыл Банк өзүнүн көпчүлүк өкүлчүлүктөрүн административдик борбордон алыс айыл округдарында да ачып иштеп жаткан жалгыз банк. Канча деген адам Айыл Банктын кредиттеринин жардамы менен жакырчылыктан чыгып, а түгүл өз бизнесин тургузуп жөнгө салып келет!

Айыл Банктын
кредиттеринен канчалык деңгээлде жардам болорун жана кредит аркылуу жашоо шартты кантип жакшыртып алса болору тууралуу сөз кылмакчыбыз.

Нарын районунун алыскы Кайыңды айылындагы жеке ишкер Орозоев Эркинбек мындан 10 жыл мурда Айыл Банкка биринчи жолу кредитке кайрылган кезде, короосунда болгону 11 баш мал жаны бар эле. Бүгүн болсо анын чарбасында жылкы, уй жана койлорунун саны 67ге жеткен.

Орозоев Эркинбек:
- "Мындан он жыл мурда мен корпорацияга (КАФК, азыр Айыл Банк) биринчи жолу кайрылган кезде алсамбы-албасамбы, иштетип кете аламбы кредитти, деп олку-солку болгом. Кокустан кредитти төлөй албай калып, короодогу анча-мынча малыман да куру калып жүрбөйүн, деп кыжалат болгом. Ошондуктан биринчи кредитти 30 миң сом эле алгам. Ага бир аз мал сатып алып, кичине пайда көрүп, кредитти төгүп атып иштесе болот экен-деп ойлодум. Андан бери бир топ жолу кредит алдым. Азыр мына кудайга шүгүр баары жакшы, мал-жанды да көбөйтүп алдым, жаңы там, машина сатып алдым... Мына эми жакында 250 миң сом 10% менен берилип жаткан кредит алып, дыйкандарга ушундай жеңил шарт түзүп бергендерине абдан ыраазы болуп отурам! Бул менин ушуну менен Айыл Банктан 5-жолку алган кредитим. Негизи мага бул банк менен иштешкен жагат. Кызматкерлери жакшы, адамгерчиликтүү, билимдүү балдар, карапайым дыйкандардын көйгөйлөрүн да, айыл-чарба маселелерин да жакшы түшүнүшөт..., кыскасы, профессионалдар".
Кредиттин аркасынан бутуна туруп жаткандарды көрүп, Ак-Талаа районунун тургуну Нурбек Бакиров дагы, бир нече банк Өкмөттүн жардамы менен арзан 10% менен кредит берип жаткандарын угуп, мындай мүмкүнчүлүктөн пайдаланууну чечип, айылдык элге таанымал болгон Айыл Банкка келген. Кредиттерди бир нече банк берип жатканына карабастан, алардын кайсынысына кайрылуу керек деген маселе турган эмес, дейт ал. Көпчүлүк дал ушул Айыл Банктан кредит алып, алардын кызмат көрсөтүү сапатына ыраазы болуп жүргөндөрүн уккам - дейт. Ошондуктан түз эле бул жакка келип, чындыгында эле ырас экенин ынанган.
Нурбек Бакиров:
- "Мурун кредит алып көрбөгөндөн кийин мен кредиттер тааныштар аркылуу эле берилет болуш керек, деп ойлочумун. Бирок, банкта бардыгын кезек менен жазып, атайын журналга каттап, кезегиңди билдирип, жана кезектүүлүк чындыгында эле сакталып жатканын көрүп, мен абдан таң калдым. Бардыгы туура жана адилеттик менен каралат экен. Мен банкка келгенде, ал жерден абдан көп адамдарды көрдүм, ар бири аны биринчи тейлөөсүн жана насыя алуунун шарттарын ага биринчи айтып берүүсүн каалап жатты. Элестеткиле, ушундай шартта банк кызматкерлеринин иштөөсүнө канчалык оор болгондугун. Бирок ар бир кардарды сабырдуулук менен угуп жатканын жана ар бирине керектүү кеңештерди берип, кээ бирөөсүнө бир нече жолу кайталап кеңеш берип жатканын, ошону менен бирге ачууланып же орой сүйлөбөгөнүн көрүп абдан таң калдым. Ушундай мамилени көрүп абдан ыраазы болдум, - деп сөзүнүн аягында Нурбек банкирлерге ыраазычылыгын билдирди.

Номанов Усманжан:
- "Февраль айында телевизордон бир нече банк 10% менен жеңилдетилген насыяларды берет дегенди угуп калдым, - дейт Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн тургуну Усманжан. - Буга чейин насыя жөнүндө менде эч кандай түшүнүк болгон эмес, ошондуктан тааныштардан кайда барыш керек, эмнеден башташ керек дегенди ж.б. сурап баштадым. Айыл Банкта тез жана жеңилдетилген насыялар берилип баштады деп мага тааныштар айтышты. Башка банктар ошол учурда документтерди гана алып баштаган. Ошондуктан Айыл Банктын жергиликтүү филиалына арыз менен кайрылдым. Ал жерден мага керек болгон маалыматты алдым, арызымды банкка таштап, документтерди даярдай баштадым. Кыска мөөнөттүн ичинде керектүү документтерди даярдап жана 3 күндүн ичинде насыяны алдым. Насыя мен сураган суммада берилди. Филиалдын кызматкерлеринин жумушуна, тейлөө кызматтарына, профессионалдуулугуна абдан ыраазы болдум. Мен биринчи жолу насыяга бул жерге келгенде, бул жерде абдан көп кардар жүргөн, ошондо мен ойлоп койдум эле: булардын баарын качан тейлеп бүтүшөт? Мен бул насыяны жакында албайм го - ошондо пайда болгон шектер менен Усманжан бөлүшүп жатат - Насыядан баш тартайын жана башка банкка барайын деп ойлонуп калганмын, бирок, бир жуманын ичинде кезегим келип калды деп ошондо мага бирөө айтып калды. - Сен дагы тез эле аласың, кайгырба деди. Булар азаматтар, түндө дагы иштеп жатканын өз көзүм менен көргөнмүн, деп мени ишендирди. - Бул сөздөн кийин мен ишенип эч жакка кетпей калдым жана чындыгында эле төрт күндөн кийин эле, мага телефон чалып, насыяны келип алсаңыз болот дешти. Айыл Банктын ушундай ыкчам жумушуна ыраазы болуп калдым. Бардык мекемелер ушинтип иштесе! Келечекте дагы ушул банк менен кызматташууга ниет бар - деп Номанов сөзүн аяктады.
Ош облусунун Кара-Суу районунун тургуну Бекиев Мукумжан учурда айылдагы бардар адамдардын бири болуп эсептелет. Бир кезде чарбасында кичинекей жер тилкеси жана анча-мынча эле малы бар болчу.
Бекиев Мукумжан:
"Айыл Банктан насыяны 6-жолу алып жатам. Биринчи жолу 2006-жылы мал чарбачылыкка 50 000 сом алганмын. Ошол учурда менде болгону 10 кой жана эки уй бар болчу. Ошол мезгилден бери бардыгы жакшы жакка өзгөрдү. Айыл Банктын насыяларынын аркасы менен, мен өзүмдүн бизнесимди кеңейттим жана жашоомду жакшырттым. Мен үй салдым, уулумду үйлөнттүм, эки жеңил машина сатып алдым. Дагы мен айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүргөн аянтын кеңейттим. Бүгүнкү күнгө 3 гектар пахта жана 5 гектар беде өстүрүп жатам. Муну менен дагы чектелген жокмун. Мен насыяны алып, жакшы түшүм берген 500 түп гилас жана 500 түп шабдаалы тиктим. Сиз көргөндөй, чарбада жумуш абдан көп, бул абдан жакшы да... - Учурдан пайдаланып, Айыл Банктын кызматкерлерине алкыш айтып кетким келет. Ушул банк менен иштегениме абдан ыраазымын, кызматкерлери билимдүү, ак көңүл, насыяларды кыска мөөнөттүн ичинде алам. - Ал эми көпчүлүк насыяны алууга 2-3 ай кетет деп айтышат? Алар банкка эч качан кайрылбаган адамдар болуш керек. Алардын документтери катталган эмес болушу керек. Мен өзүм насыяны биринчи жолу алганда, үйгө, жерге документтердин баарын жаңыртканмын, алар көп убакытты алып койгон. Бирок мында банктын эч кандай күнөөсү жок, биз өзүбүз документтерди убагында тартипке келтиришибиз керек. Ушуну мен бардык тааныштарыма айтам, өз мүлкүбүзгө документтерди тартипке келтирүү өзүбүзгө керек. Ал эми банк мүлкүбүздүн юридикалык тастыктоосун гана талап кылат. Мисалы, менде каттоо менен эч кандай көйгөйлөр жок жана насыяларды тез алам. Ушул жерден акчаларды дагы котором жана башка кызматтарынан пайдаланам. Өзүм ошого абдан ыраазымын." Айыл банкка чоң рахмат.
Золотарев Н.Н.:
- Биз Айыл Банк менен иштегенибизге үч жыл болду, - дейт Токмок шаарындагы "Ак Жал" дыйкан чарбасынын жетекчиси Николай Николаевич Золотарев. - Биринчи жолу 2010-жылы чоң кредит алганбыз, 2011-жылы аны төгүп берип кайра кредит алдык. Эки жыл кредит менен иштеп, бизнести өнүктүрүүгө жакшы экен деп калдык, андан сырткары тажрыйба да алат экенсиң. Кредиттерди туура пайдаланып, кайтарууда мөөнөтүнөн кечиктирбегенге аракет кылабыз. Банк бул жагын абдан катуу көзөмөлдөйт, анысы туура деп эсептейм. Мунун өзү элди тартипке көндүрөт экен. Анан сен банктын ишеничтүү кардары болсоң, банк сага башка жеңил шарттарды түзүп берет экен. Албетте, бул банк кардарга талап койбойт дегендик эмес, кредит боюнча алынган милдеттенмелердин баарын аткарыш керек. Муну менен мен эмнени айтмакчымын, мага жакканы, эгер сен ошондой ишеничтүү кардар болсоң, сен колуңдагы кредитти кайтарбастан эле, ошол эле учурда дагы башка кредит алсаң болот экен. Мисалы, биз азыр мал-чарбасына алынган кредит менен иштеп атканбыз, биздин дыйкан чарба болсо өсүмдүк өстүрүү менен да, мал чарба менен да, өстүргөн продукциябызды кайра иштетүү менен да алектенет. Бүт продукциябызды 63 гектар аянт жерде өстүрөбүз, албетте, биз ар кандай айыл-чарба техникасына абдан муктажбыз. Өз алдыбызча сатып алганга кудуретибиз жетпейт, техника кымбат турат эмеспи. Анан уксак, биздин Айыл Банкыбыз тракторлорду да лизингге берип жаткан экен. Не бар, не жок бир сурап көрөлү деп барсак, көрсө биз мыкты ишеничке ээ болгон кардарлардын катарына кирет экенбиз, ошондуктан лизингди параллелдеп ала берсеңер болот дешти. Кубанганыбызды сурабагыла. Мына жакында МТЗ "Беларус-82.1" тракторун алып айдап келдик. Деги эле, ишенич деген, бул кандай гана иште болбосун, эң негизгиси экен! Эми биз мындан ары да ушундай репутациябызды сактоого аракет кылабыз. Албетте, өкмөтүбүзгө дагы бизге окшогон карапайым дыйкандарды колдоп жаткандыгына ыраазычылыгыбызды билдирбей кое албайбыз. Айыл Банкка да өзүнчө рахмат. Булар менен иштешкен абдан жакты. Карагылачы, эгер кредиттер болбогондо чарбабызды бул деңгээлге жеткире албайт элек. Азыр болсо биздин чарбада туруктуу эмгек акы алган 16 киши иштейт, бул да болсо азыркы заманда аз эмес. Алар саанчылар, малчылар, трактористтер, технолог ж.б. продукциябызды сатуучулар."
Жеке ишкер Асранкулов Абдыкар Тилдебаевич алыскы Жалал-Абад областынын Ала-Бука районунун Жаңы-Шаар айылынын чоң тажрыйбалуу фермери. Беш баланын атасы, төртөө чоңоюп үйдөн кетип өз оокатын жасап жатышат. Өзүнүн эмгеги менен чарбасын көтөрдү жана айылдын тургундарынын арасында сый урматка ээ. Аялы Гүлшан жана кичүү баласы Булутбек мал багууда Абдыкарга колунан келген жардамын беришет, чарбасы 150 кой, 12 жылкы жана 2 уйдан турат. Ушул малды багуу үчүн менчик кашары бар. Анын дагы 2 гектар жери бар, анда ал жүгөрүнү, капустаны, болгар калемпирин, сабизди, сулууну, помидорду ж.б. өстүрөт.

Асранкулов А.А.:
- "Уйларды жана койлорду сарайда багабыз. Жайында малдын баарын жайлоого жөнөтөм, кышында болсо сатам. Жакшы пайда табам, ага кайрадан мал жана тоют сатып алам. Негизинен, насыя бул абдан жакшы нерсе. 10 жыл мурун биринчи насыяны алууга чечим кабыл алдым, анда абдан корктум эле. Себеби эч кандай тажрыйбам жана насыяны ийгиликтүү өздөштүрүүдө эч кандай ишенич болгон эмес. Бирок бир орунда туруу болбойт, себеби үй-бүлө чоң, баарын багуу, окутуу жана бутка тургузуу керек. Ошондуктан 55 миң сом чоң эмес суммада насыяны алдым. Ошол замат мал жана аны багуу үчүн тоют сатып алдым. Ошол мезгилден баштап тынч жашоодон калдым. Өзүңдүн акчаңды коротуп жатсаң, бул бир иш, ал эми өз убагында кайтарууга тийиш болгон насыяны коротуп жатсаң, бул таптакыр башка иш, Айыл Банк болсо бул ишти абдан так көзөмөлгө алган. Мен кээ бир насыя алган адамдарды билем, алар насыяны белгисиз максаттарга колдонуп, насыяны чоң көйгөйлөр менен кайтарып беришти, банк алар менен мындан аркы кызматташуудан баш тартты. Мен бул учурда банкты абдан жакшы түшүнөм, мен дагы ушундай адамдарга акча бербейт болчумун. Адам өзүнүн жашоосун жакшыртууга умтулушу керек, ал үчүн көп нерсе деле кереги жок - иштеп эле тур, деп мен эсептейм. Биздин элибиз бардык жаман нерселерде мамлекетти күнөөлөп турууга жакшы көрөт, мен болсо ыракмат эле айткым келет. Мен мамлекеттик банктан алты жолу насыя алдым. Айыл Банк болсо, мага белгилүү болгондой, мамлекеттик банк. Мамлекет Айыл Банк аркылуу фермерлерге кандай жардам көрсөтүп жатканын көрүп жатабыз го. Жакында эле лизингге "Беларус" жаңы тракторун алдым, лизингдин шарттары нормалдуу: жылдык 8% менен, 7 жылга. Ушул мезгилдин ичинде ал өзүн актайт деп толук ишеничтемин. Өзүмдүн тажрыйбам боюнча билем, себеби МТЗ-50 менчик тракторум жана бардык керектүү болгон навестик жабдууларым бар: прицеп, культиватор, соко, мала, дөңгөлөктө прицеп бочкасы. Ошол эле тракторум жыл сайын мага 200 миң сом кирешени алып келет. Ал эми жаңы трактор менен жергиликтүү калкка мындан дагы көп кызматтарды көрсөтө алам - мага дагы жакшы, элге дагы жардам берем."
Сузак районунун Подгорное айылынын тургуну Чекиев Түгөйбек, чарбада техниканын бардыгы жерди иштетүүдө чоң жардам берерин абдан жакшы билет. Өзүнүн "Беларус" трактору менен 3 гектар менчик жерин иштетет, андан тышкары айылдын тургундарына кызмат көрсөтөт.

Чекиев Түгөйбек:
- "Мага менин "темир атым" менен жер айдоо мезгилинде баа жеткис. Өзүңүз түшүнөсүз, тракторсуз айылда жашоо жок. Андан айдоо дагы, түшүмдүн молчулугу дагы болот, жана фермердин эмгеги дагы жеңилдейт. Менде көп мал бар. Мунун баарын багуу керек, аларга кышкыга тоют даярдоо керек. Бул иште мага трактор абдан чоң жардам берет. Тракторду баардык каалаган адамдар ала албаганы абдан өкүнүчтүү. Айыл банктан алган насыялардын аркасы менен өзүмдүн бизнесимди көтөрдүм, жакшы кирешелерди алып баштадым, жана ушул насыялар болбосо, мен дагы бир тракторду ала албайт болчумун.
Жакында эле Айыл Банктын башка лизинг алуучулары менен бирге, Т. Чекивге дагы "Беларус - 82,1" жаңы тракторунун ачкычы салтанаттуу тапшырылды, ал тракторлор мамлекет тарабынан туркиянын насыясына сатып алынды жана республиканын бардык аймактарынан келген лизинг алуучуларына тапшырылды. -Биздин өкмөткө, Айыл Банкка жана айыл тургундарын колдогон башкаларга чоң рахмат, - деп салтанаттуу тапшыруу аземинде телеканалдарынын бирине интервью берип жатып айта кетти. - Айыл Банктын бул камкордугу үчүн чоң рахмат. Балдар бажыдан чыгарууга жана документтерди каттоого байланыштуу болгон чоң жумушту аткарышты. Алар чыр-чатаксыз биргелешип, профессионалдуу иштегенин өз көзүм менен көрдүм. Банктын жетекчилиги ишти жакшы деңгээлге койгону көрүнүп турат. Силерге ийгилик каалайм!" - деп, тракторун от алдырып алыскы Сузак районуна жол тартты. Биз болсо ага ак жол каалайбыз!
Айыл Банк Кыргызстандын банк рыногунда 16 жылдан бери иштеп келе жатат, анын ичинде биринчи он жыл "Кыргыз айыл чарба финансы корпорациясы" катарында иштеди. Биз болсо Банктын басма сөз кызматынан, Айыл Банктын акыркы 2 жылдык ишмердүүлүгүн мүнөздөгөн, 10 негизги көрсөткүчүн бөлүп чыгарууну сурандык.

Айыл Банктын
маалыматы

2013-жылдын февраль айынан баштап Айыл Банк мамлекеттик "Айыл-чарбасын каржылоо" долбоору боюнча айыл-чарба тармагына кредиттерди берүүдө. Бул долбоордун негизинде коммерциялык банктар өз каражаттарынан айылдык товар өндүрүүчүлөргө кайра иштетүү, өсүмдүк өстүрүү жана мал чарба тармактарын өнүктүрүүгө кредит берүүгө тийиш.
Бул долбоорго бир нече коммерциялык банк катышууда жана алардын бардыгына бирдей шарт аныкталган, б.а. банктар фермерлерге жылдык пайызы 10%дан ашпаган үстөк пайыз менен кредит берүүгө тийиш, ал эми КР Каржы министрлиги болсо өкмөттүн атынан мөөнөтү 12 ай болгон кредиттер боюнча - 7,92%, 24 ай болгон кредиттер боюнча - 12,92% өлчөмдөрүн банктарга субсидиялап берет. Бул айыл чарба тармагын колдоонун абдан ыңгайлуу формасы: бир жагынан мамлекет фермерлер алган кредиттердин үстөктөрүнүн жарымын өзүнө алып агрардык тармакка олуттуу жардам көрсөтүүдө, экинчи жагынан банктар өз кирешелери жоготпостон, кредиттеринин кайтарылышына кепилдик алса, фермерлер чарбасын өнүктүрүүгө арзан кредит алганга мүмкүндүк алууда.
Чындыгында эле Айыл Банк бул долбоорго катышкан башка банктарга караганда кредиттерди биринчи бере баштаган. Мунун өзү Айыл Банктын мамлекеттик кредиттер менен иштеген тажрыйбасынын көптүгүнөн болсо керек. Банкта мындай кредиттер менен иштөөнүн механизмдери калыптанган, ошондон улам Каржы министрлиги менен макулдашууга кол коюлган мезгилге карата бардык алдын-ала жумуштар жасалып бүткөн. Ошол эле замат кредиттер бериле баштаган. 2013-жылы 10-апрелине карата банк жалпы суммасы 754,4 млн. сом болгон 4 021 субсидияланчу кредиттерди берүүгө белсенген жана анын ичинен накта берилгени 662,0 млн. сом. өлчөмүндөгү 3 511 кредит.
Бирок, бул долбоор мамлекеттин Айыл Банк аркылуу айыл-чарбасын өнүктүрүүгө көмөк көрсөткөн жалгыз эле программа эмес. Өкмөттүн жардамынан Айыл Банк 2011-жылдан тартып айыл-чарба техникасын лизингге берүү иш-аракеттерин да активдүү жүргүзүп, учурда өлкөдөгү бул кызматты көрсөткөндөрдүн арасында лидери болуп саналат.

Айыл Банктын 2011-2012 -жылдары үчүн өнүгүүсүнүн
динамикасы

1) Аймактык тармагынын кеңейүүсү. 01.01.2013-ж. карата Айыл Банктын бөлүмдөрүнүн саны 153гө жетти, анын ичинде 30 башкы офис жана филиалдар, 55 сактам касса жана келип-кетүүчү касса, 67 аймактык жана айылдык насыялоо офистери. Аймактык тармактын олуттуу кеңейүүсү 2011-2012 - жылдары болду, алардын жалпы көбөйүүсү 38 офисти түздү. Айыл Банк айыл тургундарынын ыңгайлуулугу үчүн, алыскы айылдарды тартуу менен офистерди ачкан (Мисалга алсак: Нарын областында Казарман а., Чаек а., Баткен областында Интернациональное а., Халмион а., Ош областында Кашкар-Кыштак а., Куршаб а., Жалал-Абад областында Сузак а., Ак-Коргон а., Ысык-Көл областында Ананьево а., Кызыл-Суу а., Талас областында Бакай-Ата а., Покровка а.).
2) 2011-2012 -жылдары Айыл Банктын жалпы каржы абалы олуттуу өсүүдө, себеби 2011-жылдын башына караганда активдер 1 369 млн. сомго же 146,3% (2 960 млн. сомдон баштап 4 330 млн. сомго чейин) көбөйдү.
3) Банктын насыя портфели бардык активдерге карата 3 190 млн сомду же 74% түздү. 2011-2012 -жылдары Айыл Банк тарабынан 4 767 млн. сом суммасына 31 129 насыя берилди. Ошону менен бирге насыя портфелинин кайтарып берүү деңгээли 99,7%дан 99,9%га чейин көбөйдү, бардык насыя портфели боюнча мөөнөтү өткөн бересеси 2012-жылдын аягына, КСФКнын жана Айыл банктын өнүгүүсүнүн бардык жылдары үчүн рекорддук төмөнкү көрсөткүчүнө жетти жана НПге карата 5,5 млн. сомду же 0.17% түздү (мисалы: 2011-жылдын башына мөөнөтү өткөн бересенин өлчөмү НПге карата 22,4 млн. сомду же 0,8% түзгөн). Төмөнкүнү белгилеп кетсе болот, Айыл Банк пайыздык өлчөмдөрдү минималдуу деңгээлде сактап калды, себеби Айыл Банктын насыялары боюнча орточо өлчөм 16,5% түзөт, ал эми банк базарында орточо өлчөм 20,8% түзөт. 2013-жылдын февралынан баштап Банк 10%дык насыяларды 662 млн. сомго 3 511 фермерге берди.
4) Лизинг операциялары 2011-жылдын августунан баштап (1,5 жылдын ичинде) Айыл Банк 664,1 млн. сом же 13,8 млн. АКШ долларга эквивалент болгон жалпы суммасына 740 айыл чарба техникасын лизингге берди. Мисалга алсак, Кыргызстан Банктар Союзунун маалыматтары боюнча, 2003-ж. баштап 2010-жылга чейин бардык лизинг операциялары 7,3 млн. АКШ доллары суммасына жүргүзүлгөн.
5) Мамлекеттик бюджетке төлөмдөр. Активдүү насыялык ишмердүүлүгү менен бирге, ошол эле учурда Айыл Банк тарабынан 2011-2012 -жылдардын ичинде Мамбюджетке 1 310 млн. сом которулган, анын ичинде мурда алынган займдар боюнча 1 161 млн. сом, алардын ичинен займдар боюнча төлөнгөн пайыздар 220 млн сом, ошондой эле таза кирешеден дивиденддер 149 млн. сом өлчөмүндө. Мындан тышкары, Айыл Банк 2011-2012 -жылдары үчүн 223,4 млн. сом өлчөмүндө салыктарды кошумча бюджетке төлөп берди.
6) Кардардык базасы. 2011-2012-жылдары ичинде Айыл Банк кардардык базасын олуттуу кеңейтти, мисалы, эгерде 2011-жылдын башына кардарлардын эсептеринин саны 14 276 түзсө, 01.01.2013ж. карата, 35 177 кардарга өстү, жана алардын эсептеринин саны 49 453 түздү. 2011-2012 -жылдары үчүн Айыл Банктын депозиттик базасы 7 эсеге, б.а. 200 млн. сомдон 1 389 млн. сомго чейин өстү.
7) Кирешелүүлүк. 2012-жылы Банк алгач КАФК кезиндеги жана Айыл Банктын өнүгүүсүнүн бардык жылдары үчүн, 136 млн. сом өлчөмүндө таза кирешелүүлүктүн максималдуу деңгээлине жетти.
8) Айыл Банк банк рыногунда өзүнүн позициясын жана таанылуусун олуттуу өзгөрттү. Андан тышкары, 2012-жылы көз карандысыз каржы эксперттери тарабынан 22 коммерциялык банктар арасында өткөрүлгөн "Кыргызстандын эң мыкты банкы - 2011" номинациясында 3-орунду ээлеген.
9) Кыргыз Республикасынын депозиттерди коргоо Агенттиги Айыл Банкка "Депозиттерди коргоо системасына катышкан-банктын 2011-жылдын маалыматтарын чагылдыруу критерии боюнча эң мыкты жылдык отчет" үчүн 3-орунду ыйгарып диплом тапшырган.
10) Финансы отчеттуулугу жана иш-аракеттердин жыйынтыктары, КПМГ эл аралык аудитордук компаниясы тарабынан тастыкталган.
"Айыл Банк" ААКын
басма сөз-кызматы