presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз гезиттер
Англия аза күтүүдө
"Темир көшөгөнүн" артындагыларга дем берген Тэтчер да кетти дүйнөдөн
"Анын көздөрү Калигуланыкындай, бирок оозу Мэрилин Монронуку"
Франсуа Миттеран

"Бу үй кожойкеси эмнени каалап атат? Табагына менин жумурткаларым
тартылсын деп атабы?"
Жак Ширак
1988-жылы Брюсселдеги
саммит учурунда

"Маргарет Тэтчерден дайыма башым ооручу…"
Гельмут Коль
өзүнүн мемуарында


Улуу Британянын 71-премьер-министри, баронесса Маргарет Хильда Тэтчер 8-апрель күнү 87 жашында оо дүйнөгө сапар алды. Улуу Британиянын жана Европанын тарыхында башбакандык кызматты аркалаган эң алгачкы айым.


ХХ кылымдагы эң узак премьерлик кызматты аркалаган дагы дал ушул Тэтчер. Коммунизм, социализм дегенде жини кашайган Маргарет айымдын Советтер Союзуна карата айткан кескин сындары, чечкиндүү саясий жүрүштөрү ага "темир айым" деген атак-даңкты алып келген. Инсульт болуп 8-апрелдин таңында кайтыш болгон Маргарет айымды акыркы сапарга узатуу 17-апрелде Лондондогу Ыйык Павел чиркөөсүндө өтөт. Тэтчер өзүнүн акыркы сапарга узатуу аземин 2012-жылы эле деталдаштырып пландап чыккан. Ал эми бул иш-чараны уюштуруу ишине тээ 2007-жылдан бери эле даярдык көрүлүп келген. Тэтчер айым өзү менен болгон коштошууга ханыша Елизаветта IIнин, СССРдин экс-президенти Михаил Горбачевдун катышуусун каалаган жана англиялык белгилүү композитор Эдвард Элгардын чыгармалары ойносун деген да керээзи бар.

Маргареттин жашоосунун маанилүү үзүмдөрү:
Тэтчердин саясатка аралашып калышына экономика боюнча Нобель сыйлыгынын лауреаты Фридрих фон Хайектин "Кулчулукка карай жол" деген чыгармасы себеп болгон. 1944-жылы аталган китепти окуп алып, катуу таасирленген Маргарет саясаттын сазайын окутуп баштаган.
"Темир айымдын" бизнесмен Дэнис Тэтчерден Кэрол жана Марк деген эгиздери бар. 1953-жылы 28 жашында, Консерваторлор партиясынан талапкер болуп турган кезинде төрөгөн.
Бул айым жалаң гана жеңиштердин үстүндө жүргөн эмес. 1980-жылы премьер-министр Тэтчер айымдын саясий рейтинги 23 % түшүп кеткен. Улуу Британиянын тарыхында мындай эң төмөнкү көрсөткүч болгон эмес.
Тэтчердин мамлекеттик башкаруудагы өзгөчө ыкмасы, стили - Тэтчеризм деп аталып калган. Тэтчеризм саясаты негизинен менчиктештирүүгө басым жасаган. Тэтчер айымдын мындай саясатынын аркасында Тумандуу Альбиондун өкмөтү мамлекеттик өнөр-жай мекемелерин сатуудан 29 млрд евро, муниципалдык имараттарды саткандан 18 млрд евро пайда тапкан.
Маргарет Тэтчердин катаал саясий көз карашы, туруктуу позициясы өзүнө карата кол салуулардын күчөшүн шарттаган. Улуу Британиядан эгемендикти талап кылып, эзелтеден бери эрегишип келген, дүйнөлүк коомчулукта террористтик уюм катары таанылган Ирландия республикалык армиясынын жоокерлери 1984-жылы 12-октябрда Консерваторлордун жыйыны өтүп жаткан Брайтон мейманканасына жардыруу уюштурушкан. 5 киши каза болуп, "темир айым" эч нерсе болгон эмес. Бул окуядан кийин Тэтчер коркуп калбай, эртеси эле сепаратисттерди айыптаган жалындуу докладын окуган. Ошондон кийин премьердин кадыры өлкө ичинде ого бетер өскөн.
Тирүү кезинде эле эстелиги жасалган жалгыз Тэтчер айым болгон. 2007-жылы британ парламентинде Маргарет Тэтчердин кумири Уинстон Черчиллдин маңдайына өзүнүн эстелиги орнотулган.
Катардагы майда дүкөнчүнүн кызы Маргарет 1992-жылы баронесса титулуна ээ болгон. Лорддор Палатасынын түбөлүк мүчөсү.
Маргарет Тэтчер тууралуу бир нече көркөм тасмалар тартылган. "Темир айым" тасмасында Тэтчердин ролун жараткан Мерил Стрипке бул роль 2011-жылы Оскар сыйлыгын алып берген.

Эрнис БАЛБАКОВ




Роза Отунбаева:
Тэтчер Батыштын
жылдызы болчу
- Маргарет Тэтчер менен кандай жагдайда жолуктуңуз эле? Кандай маселелер талкууланган анда?
- 1997-жылы мен Кыргызстандын элчиси болуп дайындалып Британияга барып калдым. Анда Маргарет Тэтчер премьерликтен кеткен кези болчу. Ал киши баронесса болуп, Британия парламентинин жогорку палатасына мүчө болуп, эл аралык катнаштарды карап, Британия боюнча лекцияларды окуп жүргөн экен. Мен элчи катары Кыргызстанды таанытуу боюнча бир топ жыйындарды өткөрдүм. Британияда иштеш оңой эмес. Бул баарын көргөн өлкө. Бир ирет инвестициялык жыйын өткөрөбүз деп жатканда, Кыргызстандан бир учак толо жогорку даражалуу аткаминерлер, министрлер, ишкерлер келди. Ошондо мен Кыргызстандан келген делегация менен Тэтчер айымды сөзсүз көздөштүрүшүм керек деген максат коюп, жолугушууга жол издей баштадым. Мен мурунтадан эле Тэтчердин кеңешчиси лорд Чарльз Пауэллди таанычумун. Ал киши жолугушууга чоң жардам берди. Биз жыйын өткөрүп жаткан жерге Маргарет Тэтчер келди. Ошол жерде баарыбыз менен учурашып, сүйлөшүп отурду. Көп суроо берди. Талкууда демилгени бат эле өз колуна алып, эч кимге сөз бербей, айткан сөзүнөн кайтпаган айым экенин көргөздү.
Биз ал кишиге Кыргызстан тууралуу кенен маалымат бердик. Британия дүйнөнүн саясий картасындагы өлкөлөрдүн баарын жакшы билет. Советтер союзунун курамында болгон Кыргызстан кандай өлкө, кандай ресурстары бар деген темада кеңири сөз болду. Мен ал киши менен англисче сүйлөшүп отурдум. Түшүнбөгөн нерселерин кайра менден сурап атты. Ошондо мен ал киши менен биринчи жана акыркы жолу жолуктум. Андан кийин кездешүү болгон жок.
- Тэтчерди Кыргызстан боюнча эмнелер кызыктырды? Кандай суроолор басымдуулук кылды?
- Башкаруу системасы, реформаларды ишке ашыруу кандай жүрүп жатканы, өткөөл мезгилди кантип башыбыздан өткөрүп жатканыбызга, ресурстарыбызды кантип иштетип жатканыбызга кызыкты. Ал кез эгемендиктин алгачкы жылдары эле. Биздеги өзгөрүүлөр бул кишиге кызыктуу болду. Советтер союзу кулашына бул кишинин ролу, көз карашы чоң мааниге ээ болду. Горбачевдун башкача формациядагы жетекчи болгонун, СССРдин урай турганын туюп-билип, Горбачевду колдоп, Союздун ыдырашы үчүн Рейган экөө көп эле иш жасашты.
Маргарет Тэтчер узак иштеген, кадыр-баркы күчтүү премьер-министр болду. Рейган экөө Батыштын жылдыздары болчу.
- Тэтчер лидер, саясатчы аял катары сизге кандай таасир калтырды?
- Маргарет Тэтчердин өмүр баяны, саясий жолу тууралуу көптөгөн өлкөлөрдө бир топ китептер жазылды. Биз ал кишиден бир муун жашпыз. Биз үчүн ал үлгү болчу. Бул киши өз чечимдерин ишке ашырууда катуу турган. Эл жактырбаган иштерге коркпой, тайманбай барчу.
Өлкөдөгү профсоюздарга каршы чыгып, катуу чараларга барды. Мисалы, агартуу министри болуп турганда, жакыр үй-бүлөнүн балдарына өкмөт бекер сүт берчү экен, кийин "болду, жетет" деп ошону кыскартып салган. Ага абдан көп адам каршы чыкты. Ошондо да тайманбай ишин улантып жатты. Кичинекей дүкөн кармаган кишинин кызы болгондуктан, абдан үнөмдүү, сарамжал болуп өскөн. Премьер-министр болуп турганда "өлкөнү кантип башкарып атасыз?" - деп сурашканда, "үйдү башкаргандай эле башкарып атам, аял башкарганда үйдө кандай тартип болсо, өлкөнү башкарып атканда деле ошондой тартип болот," - деп жооп берген. Башкарып атканда мамлекеттик каражатты үнөмдөө жагынан абдан чечкиндүү кадамдар жасаган.
Маектешкен
Элеонора Бейшенбек кызы
"Азаттык"











??.??