presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз гезиттер
Талант Узакбаев,
"Ар-Намыс" фракциясынын депутаты:
"Баланча миң доллар бер
деп "шантаж" кылышты..."
- Талант мырза, алгач бийликти басып алмакчы болуп камалган Ташиев баштаган депутат кесиптештериңизге чыккан сот өкүмү тууралуу пикириңизди билсек...
- Чынын айтканда, мен бул соттун өкүмүн түшүнбөй калдым. Мен эле эмес, көпчүлүккө түшүнүксүз болуп калды окшойт. Айыпты 295- берене менен коюшканы менен, иш жүзүндө аны колдонбой, кайсы бир жеңил беренени колдонуп, чечимди жумшартып коюшкандай болду. Кызыгы, Ташиев менен Жапаровго чыккан өкүм бирдей болуп калганы кызык. Журналисттер тартып алган тасмаларда Садыр Камчыны "кой, андайга барба" деп бир аз болсо да тыйыптыр. Андан тышкары, Ташиевдей болуп, тосмодон секирип өткөн жок. Ал эми Талант Мамытов болсо, Ташиев менен кошо тосмодон секирип, ал тургай укук коргоо органдарынын кызматкерлерине да кол көтөрүп жиберген. Андай далилдер эске алынбай, ага Жапаровго караганда аз мөөнөт беришти.
- Эми ишти Шаардык сот карайт да. Бул сот Равшан Сабировду кескендей кылып, талапка ылайык чечим чыгарууга эрки жетет деп ишенесизби?
- Бир четинен алып караганда, ишенич бар. Себеп дегенде, экс- министр Сабировго 5 жыл мөөнөт беришет деп көпчүлүк күткөн эмес. Бул бүйүрдү кызыткан иштин калганы кандай уланат аны убакыттын өтүшү менен көрөбүз да.
- Дагы бир Элмурат Обдунов деген кесиптешиңиздин жеп ичкени аныкталганы менен, аны силер эл өкүлдөрү жоопко тартууга бербей койдуңуздар. Ушинтип эле, "Карга карганын көзүн чукубайт" дегендей көрүнүш улана береби?
- Чынын айтайын, иним. Мен Элмурат Обдуновдун ишине кийлигишкен да, кызыккан да жокмун. Анткени анын маселеси каралып жатканда, мен палатада эмес, региондордо командировкада болчумун. Ошондуктан жакшы билбеген ишти, "андай, мындай" деп айткым келбейт. Бирок чындап эле жеп ичкени анык болсо, күнөөсү болсо, анда мыйзам чегинде жоопко тартылыш керек. Мен ушул маселе менен катар - депутаттын мандаты, кол тийбестиги тууралуу кошумчалагым келип турат. Бир сөз менен айтканда, депутаттык кол тийбестик ушундай нерселерде көп чырды жаратып жатат. Жеке менин оюмда ушу кол тийбестикти алып эле салса, болбосо күнөө кылып, кылмыш жасап коюшуп эле ар кандай бет тырмалыкка бара беришет экен да. Бирок мен, жеке пикиримде депутаттык мандатты депутаттардын трибунада сүйлөгөн сөзүнө гана колдонушу керек...
- Депутаттык мандат деп эле бийик трибунадан ар кандай сөздү айта берген да болбойт да...
- Туура, ой келди айта берген болбойт. Мен да ага каршымын. Менин айтайын дегеним депутаттын трибунада айта турган сөзүнө (албетте, кимдир- бирөөнүн аброюна шек келтирбей, далилдүү жана даректүү сүйлөшү абзел) кимдир- бирөөлөр тарабынан кысым болбошу керек да, цензура колдонбоого тийиш. Депутат ушул жагынан толук кандуу эркин болушу зарыл. Азыр парламентте жакшы бир мыйзамдын долбоору иштелип жатат. Ал мыйзам ишке кирсе, мындан ары жанагы кылмыш иштери болгон учурда мөөнөтүнө карабай, кайсы убакыт болсо да тергөө жүрө берет. Азыркыдай мөөнөтү өтүп кетти деген шылтоо менен кылмыш ишин козгобой жаап коюу токтойт. Айта кетчү нерсе, бул мыйзам, аткаминерлерге гана тиешелүү.
- Кумтөр боюнча өкмөт менен канадалык компаниянын сүйлөшүүсү жакынкы күндөрү башталганы турат. Кумтөр маселесин терең билген депутаттардын бирисиз. Айтсаңыз, сиздин пикириңизде, сүйлөшүү оң тарапка чечилеби?
- Бул маселеге биз депутаттар кызыгуу менен көзөмөл кылып, күтүп жатабыз. Жалпыга белгилүү болгондой өкмөт менен парламент бир пикирде. Өкмөттүк комиссия Кумтөр маселесин абдан дыкааттык менен жогорку деңгээлде иликтеп чыкты. Аны канадалыктар дагы жакшы түшүнүп турат. Менин оюмча, алар Кумтөрдө казылбай жаткан дагы 600 тоннадай алтынды таштап, Кыргызстандан чыгып кетишпейт. Ошон үчүн биздин талаптарга көнөт деген ойдомун.
- Өкмөт менен дыйкандар жер- жерлерде жазгы талаа иштерин баштады. Сиз адис катары иштин жүрүшүнө кандай баа бересиз? Артыкчылыгы жана кемчилиги?
- Чынын айтыш керек, быйыл мурунку жылдарга салыштырмалуу жазгы талаа иштери жакшы башталды. Азырынча кемчилигин байкай элекмин. Ушул темп менен кетсе, баары жакшы болот деген ойдомун. Иштин мындай ийгиликтүү жүрүп жатышына биринчи кезекте Өкмөттүн жанагы 10 пайыз жеңилдетилген насыясы абдан чоң жардам берип жатканын баса белгилеп айта кетишибиз керек. Буга кошумча азыр өкмөт лизинг боюнча да жакшы иштерди баштады. Айтор, менин баамымда өкмөттүн жеңилдетилген насыясы ушуну менен эле токтоп калбай, дыйкандарыбызга дайым берилип турса жакшы болот. Бирок берет десе эле бере бербей, бир гана жеңилдетилген шарт менен берүү керек. Болбосо, мурунку өкмөт 7 пайыз, 9 пайыз деп элдин башын айлантып, кыска мөөнөткө берди. Натыйжасы жакшы деле болуп кеткен жок. Себеп дегенде, кыска убакыт деген кыска убакыт да...
- Бирок быйыл суу тартыш болоору байкалып турат го...
- Эми суу маселеси Кудайдын, табияттын колундагы нерсе экен да. Ага кошул- ташыл болуп азыр күндүн дароо 20 градустан ашып ысып жатышы, дыйкандар үчүн жакшы деле пайда эмес. Ошондуктан суу дагы азайып кете электе, Суу департаментине каралган акчанын 70 пайызын эч токтоосуз которуп беришибиз зарыл. Себеби, азыр ал акча менен жер кургап, суу улам тартылып, улам азайып кете электе жалпы республикадагы каналдарды- арыктарды кыска убакытта тазалап, оңдоочу жерин оңдоп, суу салып, айдоо жерлерге суу берүү иштери жүрүшү керек. Мисалы, бул иш жаз эрте келчү түштүк жергесинен башталган. Азыр Чүй өрөөнүндө жүрүп жатат. Андан кийин, Нарын, Талас жергелеринде кечиктирилбестен уланышы керек.
- Сиз адис катары ветеринария тармагын катуу сынга алып, бири- бирине баш ийбей эки баштуу ажыдаар болуп, бул тармакты талкалап жатканын ар дайым айтып келдиңиз эле. Акыры сиздин далилдин негизинде айткандарыңызды өкмөт эске алып, ветеринария тармагын өзгөртө баштады. Эми ушундан өзгөрүү, жылыш болобу?
- Буйруса, жакшы өзгөрүү, чоң жылыш болот деген ишеничтемин. Мындайча айтканда, мурда кийин көп айтылган ветеринария тармагындагы эки баштуу ажыдаардын бирөөсүнүн "башы алынды" да, өкмөт эми бирдиктүү бир эле ветеринария кызматын түзүп жатат. Кудай кааласа, бул жаңы кызматты жакшы жолго коюп алсак, каржы жана кадр маселелери жакшы чечилсе, иш болот. Биз муну көп айтып келдик да, муну буга чейин эле ушундай багытта чечип койсо болмок. Бирок эми да кеч эмес.
- Сизди айрым бир маалымат булактары ишкерлерге жеңилдик берүү маселесин колдоп, алардан акча алды деп жазып чыгышты. Ал кеп канчалык деңгээлде чындыкка жакын?
- Ал эч кандай чындыкка жакын эмес. Бир сөз менен айтканда ушак. Эгер ушул боюнча кимдир бирөөлөрдө далил болсо ачык айтып, ачык көрсөтсүн. Мен ишкерлерди колдосом, мыйзамдын чегинде колдодум. Ал жерде эч кандай соодалашуу же жеке кызыкчылык жок. Алар деле адам. Күнүмдүк оокат үчүн башкалардай эле өз иштерин кылып жатышат. Баш мыйзам боюнча ар бир адамдын укугу тең жана бирдей сакталышы керек. Мен болгону алардын укуктары айрым учурларда тебеленип, ыксыз текшерүүлөр көп болуп жатканын ачык айттым. Ишкерлерибизге мыйзам жагынан шарт түзүп берсек, алар жеке эле өздөрүнүн гана эмес, мамлекетке да чоң салым кошушат да.
Ал эми мен жөнүндө маалыматтарды кимдер жаздырып жаткандарын деле жакшы билем. Бирок мен алардын деңгээлине түшүп, алар менен эрегишпейм. Болгону ким мага жамандык кылса, ал адамды Кудайга жан өз абийирине гана коём.
Мен бир нерсени ачык айтып коёюн. Мындан бир аз күн мурун мага кайсы бир маалымат булактарында иштеген, мен тааныбаган балдар келип: "сиз жөнүндө маалымат бар, баланча миң доллар берсеңиз, чыгарбайбыз" - деп кадимкидей шантаж кылышты. Мен "билгениңерди кылып алгыла, мен андай шантажыңардан коркпойм" - деп жолго салдым. Эгер мен кайсы бир коррупциялык ишке катыштыгым болсо, өз керт башым менен жооп берем. Мен айтканымды аткарган адаммын, айрым адамдардай , бүгүн бирди, эртең башканы айтпайм.
- Эсенгул Исаков экөөңүздөрдү академик Жамин Акималиев жакында эле парламенттин кароосунан өткөн жерлерди трансформациялоо маселеси боюнча катуу сынга алды. Эки ача пикир эмнеден улам келип чыкты?
- Ал мындай. Жамин агайыбыз менен эки- үч күн мурун телефон аркылуу ушул маселе боюнча сүйлөштүм. Чынында ал киши мыйзамды жакшы окубай эле, каршы чыгып жатат окшойт. Исаков экөөбүздү ушул мыйзамды киргизип, жер сатып пайда көргөнү жатышат деп ойлоп жатышат окшойт. Биз болгону бир катар эрежелерди киргизип атабыз. Мисалы, бир айылдын ичинде эки гектар айдоо жери болсо, ал жерге жашай турган кызыктар адамдар айыл өкмөт аркылуу свет ж.б. маселелерин чечип алышы керек. Ал турак - жай үчүн берилген жердин ордун, ошол адамдар мындай айтканда айылдын сыртындагы башка жер менен толуктоого милдеттүү.
- Кантип толуктайт?
- Болгону, канча гектар жер алса, ошончо гектар жерге айылдын ген планынан тышкары турган жерге суу (арык казып, тосуп ж.б.) алып барып, айдоо жерине айлантууга шарттарды түзүшү абзел. Кыскасы, айылдын ген планын тышкаркы жерлерге баш аламан үйлөр салынбашына жол бербешибиз керек. Бул мыйзам долбоору буйруса, колдоого алына турган, керектүү мыйзам.

Маектешкен,
Айбек Шамшыкеев




"Ата-Бейитти" ачкан Болот Абдрахманов:
"Наам сурабайм, берсе өздөрү
билип берер, бербесе эмгегимди
эл билсе болду..."
- Болот агай, "Ата- Бейитти" ачканыңыз жөнүндө буга чейин көп эле айтып келдиңиз, мүмкүн болсо окурмандардын эсине салып дагы бир жолу айтып берсеңиз?
- "Ата- Бейит"- жөнүндө айтып эле келе жатам, кызыгып сурап калыптырсың, айтып берейин. "Ата- Бейит" жөнүндө маалыматты мен 1990- жылы уктум, анда азыркы УКМК ал кезде КГБ деп аталчу эле, ошондо иштечүмүн. Бир күнү эле университетте мугалим болуп иштеген Гүлай Байтерекова деген эже мага телефон чалып, "Болот мен өтүгүмдү жаматайын деп өтүкчүгө кирсем орто жашап калган эже отуруптур, экөөбүз таанышып калып ал эже мага ичинде сыры бар экендигин, ал сырын көптөн бери кимге айтаарын билбей жүргөндүгүн айтып, бирок мен сурасам такыр айтпай койду, сен сурап көрбөйсүңбү, балким сага айтып берет" дегенинен, макул деп мен эженин дарегин алып издеп барып, Бүбүйра эжеге жолуктум. КГБдан келгенимди айтып, өзүмдү тааныштырсам эже чочуп кетти. Сиздин жүрөгүңүздү өйүгөн, айта албай жүргөн сырыңыз бар экен, мага айтыңыз, мен жардам берейин десем эже болгонун болгондой төкпөй чачпай айтып берди. Эженин айтымында 1930- жылдары "Ата- Бейит"- көрүстөнү тарапта НКВДнын эс алуучу үйү болуптур. Ал үйгө НКВДнын кызматкерлери үй бүлөсү менен келип эс алып кетишчү экен. Бүбүйра эженин ата- энеси болсо аталган үйгө кароолчу болуп иштешиптир. Бүбүйра эже болсо ал кезде болгону 8 жаштагы кыз экен, бирок 8 жашта болсо дагы Бүбүйра эженин эсинде көп нерсе калыптыр, Эсинде калганын баарын ушул кезге чейин айтып келе жатпайбы. Эгер эже болбогондо ачык эле айтыш керек, "Ата- Бейит" ачылмак эмес.
- Бүбүйра апанын айткандарынан кененирээк айтып берсеңиз? Себеби окурмандарга кызык да…
- 1938- жылы атам апам экөөбүздү эч себепсиз эле Чоң- Таш айылына алып барып таштап койду, эмнеге алып баргандыгын айткан жок. Кечинде үйдүн жанынан оор жүк ташыган машинелер аскерлерди салып өтүп жатты. Биз эмнеге андай болуп жаткандыгын түшүнгөн жокпуз. Эки жумадан кийин атам келип бизди кайра үйгө алып барды. Барсак, үйдүн тегереги башкача болуп калыптыр, үйдөн бир аз алысыраак кирпич бышырган меш бар эле, ал мештин узун - туурасы үч метр, үстүндө кирпичтен тургузулган имарат бар болчу, ага барып мен ойночу элем, ошол имарат урап калган экен, ата- энем ураган имаратка барып куран окуп жүрүштү. Кийин 1978- жылы атам каза болоор алдында мага " кызым баягы ураган имараттын алдында бир канча адамдын сөөгү бар, кийин убагы келгенде айтып коёрсуң" деп керез катары айтып кеткен деп жүрбөйбү Бүбүйра эже.
- Бүбүйра апа аталган маселе боюнча сизден башка адамдарга кайрылып көрүптүрбү?
- Чыңгыз Айтматовго атаңыздын сөөгү ушул жерге көмүлгөн деп айтам деп жүрүп, бирок айта алган эмес экен. Бир- эки журналистке кайрылып айтса, "буга эч ким жардам бербейт"- деп көңүл бурбай коюшуптур. Анын үстүнө ал кез союз убагы болуп бир нерсени ачык айтуу мүмкүн эмес болчу да, эже ошол себептен деле ачык айталбаса керек. Союз тарагандан кийин жер- жерлерде репрессиянын курмандыктарын аныктоо боюнча иш аракеттер башталып, ошондон кийин эже мага айтып жатпайбы.
- Сиз угаарыңыз менен эле казуу иштерин баштасаңыз керек...
- Эже экөөбүз кышында декабрь айында жолуктук, ишти жазында баштадык. Жазга чейин архивди аңтарып, репрессиянын курмандыктары качан эмне болуп өлтүрүлгөндүгү тууралуу маалыматтарды таппай койдук. Ошентип жаз келип, 1991- жылы 30- апрель күнү эжени алып "Ата- Бейитке" бардым. Эже көрүстөнгө жеткени калганда толкунданып, башкача болду. Себеби 53 жылдан бери бара элек экен да. Барып куран окуп, "бул жерде бул бар болчу, ашкана бул жерде эле"- деп көрсөтүп берди. Эч нерсе билинбейт, баардыгын чөп басып билинбей калыптыр. Бир маалда " ураган имарат ушул тарапта болушу мүмкүн" деп тоону көздөй басып, айткандай эле кирпичтин сыныгын таап алдык. Ошентип ошол жерди белгилеп, эжеге мага ишениңиз деп эртеси тиешелүү жерлерден уруксат сурап, айрым жетекчилер "репрессиянын курмандыктары экендигин кантип аныктайсың, балким басмачылардын сөөгүдүр"- деп көп көңүлдөнүшкөн жок, мен болсо казышыбыз керек, эгер биз казбай койсок мындай окуялар келечекте дагы кайталанып калышы мүмкүн деп көгөрүп туруп алсам, жетекчилер акыры "аракет кылып көр"- деп уруксат беришти. Университетте М. Иванович деген археолог иштечү эле, азыр деле иштеп жүрөт аны, жаныма дагы эки- үч баланы ээрчитип алып барып каза баштадым. М. Иванович чындыгында эле кыйын археолог экен, кандай казышты дароо эле көрсөтүп берди. Баягы белгилеген жерди жарым метрдей казгандан кийин эле адамдын сөөктөрү чыга баштады. Болгондо да баш сөөгү, атылып өлтүрүлгөн экен. Ок бир жагынан кирип, экинчи жагына чыгып кетиптир. Чоңдорду чакырып, сөөктөрдү көрсөттүк. Алар "журналисттерди кошо чакыргыла"- дегенинен журналисттерди дагы чакырып, маалымат Россияга чейин жетип дүйнө элине дүңгүрөдүк. Тынбай казып жатып, эки жумада казып бүттүк. Казып жатканда сөөктөр менен кошо алтын тиш жана башка буюмдар чыгып жатты. 1938- жылы алтын тишти чоңдордон башка ким салдырмак эле. Кийин Жусуп Абдрахмановдун кыздарынан сурасам, алар айтышты "атабыздын алтын тиштери бар болчу"- деп. Ошондой эле залкарлардын сүрөттө кийип түшкөн кийимдери, көз айнектери табылган. Кагазга оролгон тоголок кат таап, ичин ачып окусак, Жусуп Абдрахмановдун колу коюлган (1938- жыл 5- ноябрь немецтин, кытайдын шпиону атылсын) деген жазуу бар экен, ал жазууну архивдеги жазууга алып келип салыштырсак, архивдеги жазуунун эле көчүрмөсү болуп чыкты. Көп өтпөй эле Төрөкул Айтматовдун колу коюлган дагы бир ошондой кагазды таптык.
- Казып жатканда жагымсыз жыт чыккан деп дагы айтылып жүрөт, ошонун канчалык деңгээлде чындыгы бар?
- Ал чын. Бир топ казгандан кийин жаман жыт жыттанган. Себеби илгери чума, сибирь кулгунасы ж.б. дарттар менен оорушкан да. Ал дарттардын вирусу канча бир жылдарга чейин жоголбойт экен, жыт чыккандан кийин дарыгерлер "казбагыла, токтото тургула"- дешти, бирок биз баштап алгандан кийин кантип токтотмок элек, болбой эле казып бүтүргөнбүз.
- Казып бүтөөрүңүздөр менен эле жерге көмгөнсүздөр да...
- Казып бүтүп бир сыйра иликтегенден кийин эле 1991- жылдын 30-августунда көмгөнбүз. 31-август өлкөбүздүн эгемендүүлүк күнү болду. Эже мага телефон чалып ыйлады, эжеге кошулуп мен ыйладым.
- Бүбүйра апа экөөңүздөрдүн эмгегиңиздерди мамлекет баалай алдыбы?
- Мамлекет эч кандай баалай алган жок. Бааламак турсун, "Ата- Бейит" аныкталып, баатырлардын сөөгү кайрадан жерге берилгенден кийин бир жылдан кийин барсам, баягы биз казган жер оңурайып чөп басып, мал тебелеп, каралбай калган экен. Журналист Жылдыз Муслимованы ээрчитип барып, ал материал даярдап бир топ жолу гезит беттерине, радио- телевидениеге чейин чагылдырган. Учурдан пайдаланып, Жылдызга рахмат айта кетээр элем, журналист катары "Ата- Бейит" үчүн бир топ эмгек өтөдү. Негизи "Ата- Бейит" кайсыл учурда эстелет. "Ата- Бейит" шайлоонун алдында эстелет. Шайлоонун алдында чоңдор элдин колдоосуна ээ болуш үчүн "Ата- Бейитке" барып куран окутуп, баатырларга сыйынымыш болушат. Калган убактарда "Ата- Бейитке" басып да барышпайт. Эженин ушул кезге чейин үйү жок ар кимге түрткүнчүк болуп жашап жүрөт, же алган наамыбыз жок. "Ата- Бейитти" ачтык наам бергиле деп деле айтпайм, биз эң негизгиси өз милдетибизди аткардык, наамды береби бербейби, ал жетекчилердин абийиринде. Эң башкысы биздин эмгегибизди эл билип, эл бааласа болду.

Маектешкен
Мирлан Алымбаев










??.??