presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз гезиттер
Кулак кескич Батукаев, тебеленген абийир
"Бала эмес, балээ болгон" кыргыз, орус, дунганына карабай далайдын канын агызган Батукаевдин эртелеп эркиндикке чыгышы коомчулукта катуу талкууланып жаткан учуру. Жогорку Кеңеште да бул окуя кызуу талкууга алынды. Баарынан да "Ата-Мекенчи" депутат Болот Шердин "Азиз Батукаев деген ким эле? 2003-жылы 16 кыргыздын кулагын кесип, отурган жерине чечендин байрагын илип алганда мен кылмыш ишин козготкон элем. Эгер укук коргоо органдары Батукаев тарабынан өлтүрүлгөн полковник Болот Төлөновду сыйлабаса, биз, депутаттар, кесиптешибиз Тынычбек Акматбаевди сыйлабасак, анда иш жаман жагына айланып баратканы белгилүү болуп турат. Бул алдын ала даярдалган акция. Укук коргоо органдары, баары, билишет. Ошондуктан аларды чакырып сурайлы. Бул жерде мыйзам тебеленген жок, кыргыздын ар-намысы, абийири тебеленип жатат"- деп каңырыгы түтөдү. Чын эле Азис Батукаевге эркиндик тартуулаган Нарын шаардык сотундагылардын акыл-эси ордундабы?

Же Кудайдан же мыйзамдан коркушпайт…
Азыркы чакырылыштагы депутаттар ЖК тарыхындагы эң эле жалкоосу экенин эки эселеп далилдеди. Кечээки жыйында дагы 120 депутаттан залда болгону 15ке жетпеген эл өкүлү отурду. Мындай тартипсиздикке Надира Нарматованын да жини кашайды. 13 депутат менен жыйын өткөргөн Кудайга дагы жакпай тургандыгын, мыйзамга да жатпай тургандыгын туура белгиледи. Бирок "Ушундай кантип болсун, андан көрө танапис жарыялайлы" - деген Нарматованын сунушун жыйынды алып барып жаткан вице-спикер Асия Сасыкбаева четке кагып, кебелбей туруп "бул кадыресе көрүнүш экенин" балп эттирди.

Калматовдун каалаганы эмне?
"Ар-Намыстын" Анарбек Калматов деген депутаты бар. Эмнегедир бул эл өкүлү наристелерге кол салган педофилдерге өзгөчө жан тартып келет. Өткөндө эки буттуу мындай айбандарды химиялык жол менен бычып салуу маселеси талкууланып жатканда туурадан чыга калып, "соо адамды майып кылган болбойт, алардын укугун тепселебейли" -деп ач-айкырыкты салган. ЖКнын кечээки жыйынында да КЖКга "педофилдерге амнистия колдонулбасын" - деген толуктоолордун киргизилишине каршылык көрсөтүп, "Бул Конституцияга каршы келет" - деди. Деги Калматовдун каалаганы эмне? Бирөөнүн татынакай баласынын тагдырын талкалаган аңгилердин укугун коргогондон көрө, алар кордогон наристелердин эртеңкисин ойлосо боло…

Елизаветта II,
Путинден кийин Эмил Өмүракунов сыйланды
Кечээ "Замандаш-Современник" саясий партиясынын тең төрагасы Эмилбек Өмүракунов эл аралык "Ата-Түрк" фондусунун алтын медалы менен сыйланды. Аталган фонддун президенти, академик, Нобель сыйлыгынын изденүүчүсү Мудур Усмановдун айтымында бул жогорку сыйлыкка Н.Назарбаев, В.Путин, Елизавета II, Маргарет Тэтчер өңдүү дүйнөнүн атактуу инсандары татыктуу болушкан. "Бүгүн биз фонддун салттуу кадамынан жазбай, татыктуу адамды сыйлап жатабыз деген ишенимдемин. Эмилбек мырза жетектеген саясий уюм жаңычылдыгы, жаштыгы, топ жарган өз алдынчалыгы жана тазалыгы менен айырмаланды. Анан да ар кандай саясий оюндардан алыс болгондугу менен элдин оозуна алына алды. Биз көп учурда убада берүү менен чектелип, бирок ал убадаларыбыз аткарылбай калат. Эмилбек мырза жетектеген саясий уюм мындан да мыкты иштеп, коомчулуктун таануусуна ээ боло беришине тилектешмин. Бул сыйлыкты партиянын үлгү болоорлук саясий ишмердүүлүгү жана улуттар аралык ынтымактын, биримдиктин чыңдалышына кошкон салымы үчүн тапшырууну чечтик" деп билдирди. Эмилбек мырза бул сыйлык - жалгыз өзүнүкү эмес, партия мүчөлөрүнүн жалпы сыйлыгы экенин айтып, көрсөтүлгөн ишенимге ыраазычылык билдирди. "Кыргыз эли менен түрк эли байыртан бири-бирине ар тараптуу колдоосун аяган эмес, биз кийинки урпактар эки элдин ортосундагы бул терең мамилени жогору баалап, сактай билели" деди Өмүракунов.

Акматбек акчасыз калабы?
Бир катар мамлекеттик мансаптардын "майын чыгара" иштеп, миллионер атыккан депутат Акматбек Келдибеков бюджет боюнча парламенттик комитеттин башчылыгынан айдалганы турат. Учурда бул маселени коалициялык көпчүлүк кызуу талкуулап жаткан учуру. Өмүр бою акчалуу кызматтарда иштеп келген Акматбек Келдибеков спикерликтен түшкөндөн кийин аталган комитетти башкарып калган. Көнгөн адаты менен бул комитетте да бир нерсени кылтыйткан көрүнөт. КСДПчы Чыныбай Турсунбеков "Эгер Акматбек Келдибеков Эсеп палатасына басым жасаган болсо, анын бюджет боюнча парламент комитетин жетектөөгө моралдык акысы жок. Биз бюджет жана финансы боюнча комитет төрагасын алмаштыруу маселесин коюп, бул кызматка Марат Султановду көрсөтөбүз" - деди. Султанов менен Келдибеков жакын туугандардан экенин, тагыраагы бири-бирине бөлө экенин билебиз. Бөлөсү келеби, бөлөгү келеби айтор Акматбекти акчадан алыс кармагылачы...


Курманбекке кулак төшөп койгулачы?!
Курманбек Дыйканбаев Бабановго элден башкача мамиле жасап, "Б-6" атыкканы менен анда-санда актуалдуу маселени козгоп коймою бар. "Кытайлыктар кыргыз паспортун 7-10 миң долларга сатып алат деп атышат. Муну ким көзөмөлгө алып атат? Буга ким жооп берет? Кытайлыктар ансыз деле бул жерге отурукташып, кыргыз кыздарына үйлөнүп, кыргыз паспортун алып атышат. 20-30 жылдан кийин мунун кесепетин көрөбүз" -деген эптүү кебин айтты. Куловдун партиясы көзөмөлдүк кылган Мамкаттоо кызматы паракорчулуктун чордону экени айтылып эле жүрөт. Демек, Курманбектин айткандарына кулак төшөп, атайын кызматтагылар ал жактагы ал-абал менен таанышып койсо ашыктык кылбайт.


Жаныбек Жакыпбеков тарыхтын татаал
багытын багындырды
Ж.Баласагын атындагы КУУда кыргыз тарыхын иликтөөдө опол-тоодой эмгеги бар Жаныбек Жакыпбеков деген атактуу тарыхчыбыз бар. Университеттин ардактуу профессору, жүздөгөн тарыхчылардын устаты, он миңдеген студенттер ардактап-сыйлаган Жаныбек Жакыпбекович кечээ жакында докторлук диссертациясын жактады. Тарыхнааме багыты боюнча Кыргызстандагы жападан жалгыз адис экендигин да эскерте кетмекчибиз. Көпчүлүктүн башы жетпеген тарых илиминин мындай татаал багытын багындырган агайыбыздын бул ийгилиги менен кызуу куттуктайбыз. Ден соолугу чың болуп, дагы далай жаш тарыхчыларга акыл-насаатын айтып, арабызда аман жүрүшүнө тилектешпиз.
Урматтообуз менен студенттери,
магистранттары жана аспиранттары


Оюндан от чыкты
10-апрель күнү кечки саат 6.30дарда Жумушчулар шаарчасынын Космическая көчөсүнүн №95 үйүндө катуу жарылуу болгон. Күч органдары барганда 20 жана 25 жаштагы бир туугандар Анатолий, Андрей Колесниковдордун денесин табышкан. Божомолдоолор боюнча, бир туугандар танкка каршы снарядды араалап жатканда жарылуу болгон. Жарылуу катуу болгондуктан, анын добушу узакка чейин угулган. Бир туугандардын улуусу Анатолий Колесников дизайнерлик менен алектенип, ар кандай буюмдардан, анын ичинде колдонулган аскердик техникалардын калдыгынан инсталяциаларды жасап, көргөзмөлөрдү уюштуруп келген. Маркумдар Балыкчы шаарынан болушкан жана ажал алып келген артиллериялык снарядды ал жактагы аскердик полигондон алып келишкен.











??.??