presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз гезиттер
Назгүл Насиева, продюсер:
"Куулук- шумдукка
табиятымдан жокмун"
- Саламатсызбы Назгүл эже, бүгүн эң жөнөкөй темада сүйлөшсөк. Сиздин пикирде аялзаты кандай сапаттарга ээ болушу керек?
- Аял - эне, үйдүн-куту. Аялзаты бир үйдүн отун өчүрбөй кармай турган аруу зат. Ошол себептен, аялзаты эң биринчиден абдан таза жана тыкан болушу керек. Анткени коомдун тазалыгы ар бир энеден көз каранды. Себеп дегенде, баарыбыз энеден төрөлүп, анын тарбиясын алып жетилебиз. Эгер эне өз баласын тазалыкка үйрөткөн болсо, анда андай адамдар коомду булгоодон да алыс болушат. Анан ар бир аялзаты жаш курагына карабай, өзүн тыкан алып жүрүшү зарыл деп ойлойм. Экинчиден, аруу, туруктуу жана акылдуу болушу шарт. Мына ушул үч сапатка ээ болгон аялзаты- мыкты эне, жар жана келин боло алат десем жаңылышпайм. Албетте, мындан сырткары энеге таандык болгон мээримдүүлүк, боорукерлик, айымдарга таандык назиктик сапаттар жана мыкты ашпозчулук өнөр керек.
- Ар бир аялзаты сулуу, келишимдүү көрүнгүсү келет жана бул үчүн болгон аракеттин жасайт. Сулуулугуңузга кантип кам көрөсүз. Дегеним, сулуулук салонуна барасызбы?
- Аялзатын эмнеге жазга, гүлгө салыштырат. Анткени жаз да, гүл да адамга сулуулукту, жагымдуу маанайды тартуулап турат. Ошол себептен ар бир айым дайыма өзүнө кам көрүп турушу керек деп ойлойм. А өзүм туурасында айтсам, сулуулук салонуна дайыма барам жана массаж, бет маскаларын жасатып, сулуулугума кам көрүп турам. Мындан сырткары спорт залга барып, келбетиме да кам көрүү менин көп жылдан бери келе жаткан адатым болуп калды десем болот.
- Кандай сапаттагы адамдарды жек көрөсүз?
- Мен абдан ишенчээкмин. Ошол ишенчээк мүнөзүмдүн азабын далай тарттым. Чынымды айтсам ар качан болсо эле алданып басып жүрөм. Алданып калып ыза болгондо, заманың бөрү болсо, бөрү, түлкү болсо түлкү болуш керек окшойт деп да ойлоп кетем. Бирок мен мындай боло албайм. Куулук- шумдукка табиятымдан жокмун. Ошондуктан мен эки жүздүү, калп сүйлөгөн, өз пайдасы үчүн баардык нерсеге даяр болгон арамзаларды жек көрөм.
- Саясаттагы айымдардан кимди баалайсыз?
- Ар бир адам коомдо болуп жаткан нерселерден кабардар болушу керек деп ойлойм. Мен саясатта жүргөн айымдардын көбүн эле жакшы билем. Алар туурасындагы маалыматтарды баарыбыз эле угуп, көрүп эле жүрөбүз. Чынында саясатчы айымдардын иш-аракеттерине кызыгып да жүрөм. Кээде айрым айымдарды карап отуруп, жумуш деп жүрүшүп өздөрүнө убакыт таппай калышабы деп да ойлоп коем. Иштеген иши, өзүн алып жүргөнү жагынан жана сабырдуулугу менен Аида Салянова абдан жагат. Эл көзүндөгү айымдар Аида Саляновадай болсо.
- Кандай жубай, кандай энесиз?
- Менин жолдошум Жусупов Кубанычбек классик музыкант. Экөөбүз 19-20 жашыбызда студент кезде таанышып, үй- бүлө курганбыз. Ошол кезде жаш болсок да, биз турмуштун өйдө-ылдый кыйынчылыктарына моюн сунбай, эч кимден жардам күтпөй, алдыга койгон жакшы тилектерибиздин баардыгын өз аракетибиз менен ишке ашырып, үй-бүлөлүк турмушубузду бузбай улап кеттик. Бири-бирибиздин жеңилибизди жерден алып, оорун колдон алып, бир коломтодон түтүн булатып жашап жатканыбызга 20 жыл болду. Бир уул, бир кызыбыз бар. Уулум эркин күрөш менен машыгып, юридикалык окуу жайда окуйт. Кызым кичинекей. Ал абдан таланттуу, азыр эле көп ырларды жатка айтып, катыра бийлеп берет. А сиздин суроо боюнча айтсам, ошол жыйырма жылдан бери уратпай сактап, ыйык тутуп келген кичинекей мамлекетим эч нерседен кем болбой, бактылуу жашашы үчүн ар дайым болгон күчүмдү жумшап келгем жана жумшай берем.
- Үй жумуштарына кандайсыз?
- Укмушмун дебейин, а бирок тазалыкты аябай сактайм. Баардыгы орду - ордунда турганын жактырам. Балдарыма да ошондой талап коем. Негизи эле үй таза жана тыкан болушу керек. Ошондо маанайың да көтөрүңкү болот.
- Эмнеден ырахат аласыз?
- Мен көп нерседен ырахат алам. Маселен, жолдошумдун ойногон музыкалык аспабынын добушунан, балдарымдын ар бир күнкү ийгилигинен, жаңы рецепти таап, даамдуу жасаган тамагымдан, кайрымдуулук үчүн жасаган эмгектеримден, досторума жолуккандан, айтор, айта берсем сан жетпейт.
- Сырыңызды ким менен бөлүшөсүз?
- Олуттуу сыр болсо эч ким менен бөлүшпөйм. Өзүмдүн ичимде жүрө берет. Ал эми майда - чүйдө болсо, маанайга жараша. Жакшы адам менен сүйлөшүп калсам, ал адамга деле сырымды айтып кеңеш сурап коюшум мүмкүн.
- Текеберсизби?..
- Мен жөнөкөй, карапайым элемин. Жараткан берген бакытты, ырысты көтөрө алган, эл ичинде өз иши менен алек болгон, колунан келсе, жардамга муктаж болгондорго кол сунган жөнөкөй карапайым адамдардын биримин.
- Эркекти сыйлаган эшикте калбайт дегенге кошуласызбы?
- Эркекти да аялды да сыйлаш керек! Кудай ошон үчүн жуп кылып жараткан. Ар бирибиздин өз ордубуз, татыктуу ала турган сыйыбыз бар.
- Эмне туурасында көп кыялданасыз?
- Мамлекетибиз өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кошулуп, заманыбыз тынч болуп, келечекке ишке аша турган үмүттөр жанып, жакындарым менен аманчылыкта болуп, жолдошум экөөбүз тарбиялап өстүргөн балдарыбыз ыймандуу, акылдуу, ата- энесинин сыймыгы болуп, бактылуу өмүр сүрүүсүн көп кыялданам. Анан да түрмөнүн түйшүгүн тарткан, кайгыга баткан мырзалар-айымдар такыр болбосо, адамдар эркиндигин жоготпосо экен дейм.
Маектешкен
Жаркынай Кадыркулова











??.??