presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз гезиттер
Өзгөрүш агайдын өр жолу

Улуттук университеттин 80 жылдык маарекеси быйылкы майдын 30да белгиленгени турат. Ушул майрамга карата ректорат жарыялаган сынак (конкурс) да аягына чыга жаздап турган чагы. Аталган конкурстун талабына жараша катышууга жазган макалаларымдын "Фабуладагы" соңкусу ушул болчудай. Ж.Баласагын атындагы университетте эмгектенгендердин арасындагы жалгыз Эл Мугалими, өмүрүнүн 58 жылын ушул окуу жай менен байланыштырган Өзгөрүш Шаршекеев агай тууралуу сынактын соңку макаласын жазам деген көңүлүмдөгү милдеттенмемди аткарып жатышым ушул, окурманым. Эсен болсок башка темалардан дагы жазышып, дагы кезигишербиз.

"Ар кимдин туулган жери мисир" дейт эмеспи элибиз. Азыр аны сабатыбыздын мыктылыгынан улам "кичи мекен" деп атап жүрөбүз. А, негизи Мекенди улуу-кичүүгө бөлгөнгө болбойт. Ал бирөө эле. Аны Кыргыз эле Ата-Мекен деп атайт экен. "Старший брат"- орус эли "Родина Мать" десе өзбек туугандарыбыз "Ана Ватан", перс тилдүүлөр "Мутере Ватан" деп энеге байлап айтышса, казак баурларыбыз жөн эле "Отан" дешет. Ал эми жанагы биз "Кичи Мекен" дегенди "Туулган Жер, киндик кесип кир жууган айылым же Ата Конушум" деп айтканыбыз жетиштүү да, жүрөккө да жакын.
Өзгөрүш абанын туулган айылы Ысык-Көлдүн күңгөйү менен тескейи бириккен Ак-Суу районундагы "Кереге-Таш" деген керемет чөлкөм. Бул жерде жарык дүйнөгө келгендердин ичинен илгеркиси Кыдыр Акени, бүгүн арабыздагы Мамбет Аке Мамакеевди айтсам эле жетиштүү болоор. Башкаларын санай берсем макалам "Ысплошной исписок" болуп калчудай. Тек гана ошол катарга бүгүнкү каарманым Өзгөрүш Шаршекеевди кошконум орундуу болгону турат.
Өзгөрүш агай 1935-жылдын 12-апрелинде жарык дүйнөнүн астанасын аттаган. Бул күн адамзат тарыхындагы белгилүү күндөрдүн бири эмеспи. Дегеним, Өзгөрүш агай 26 жашка чыккан күнү 1961-жылдын 12-апрелинде Юрий Гагарин адамзаттан биринчи болуп космоско учпады беле. Космологияны (Космостук илим, окуу) изилдеген белгилүү физик агайыбыздын туулган күнүнө кийин Космонавттар күнү деген майрам кошулганы да өзүнчө жышаан десек жараша түшөт.
Агайдын балалык аруу сезими кандуу согуштун капшабына туш келди. Ал 8 жашка келгенде атасы Шаршеке Улуу Майданга аттанган бойдон, өмүр сапарын кайсы жерде, кантип аяктаганы ушул күнгө чейин табышмак болуп келет. Агай кайда гана жазбады. "Дайынсыз болгон" деген гана жооптор келишчү.
Шаршеке ата өз мезгилинин мыкты чыкма адамдарынан болуптур. 1905-жылы төрөлүп, 24-жылы комсомолго, 28-жылы 23 жашында Коммунисттик партиянын катарына өтүп, парт уюмдарга катчы, акыркы 5жылында "Кереге-Таш" айылында сельсоветтин төрагасы болуп жүргөн эле. Мына ушул бакубат турмуш заматта жокко чыгып, энеси Чүйтү экөө ээнсиреген тамдагы эптеген жашоого тушугушпадыбы. Эл башына түшкөн каатчылыктан алар кайда буйтап өтмөк.
"Ичинде эски чапандын, Ирденип өсө баштадым"- деп "Атама кат" поэмасында маркум Акынбек Күрүчбеков жазгандай Өзгөрүш аба да өсүү жолунда болду. Ошондогу оорчулуктун, жокчулуктун зардабы тээ 1966-жылы илимдин кандидатына диссертация жактап, "Өз колунан өз оозуна нан тийип" (Т.Казаков) жетилгенче жан жолдош болбодубу.
Орто мектепти бүтө сала 1954-жылы Кыргызстан Мамлекеттик Университетинин физмат факультетине өттү. "Студенттин кийгени жибек, жегени кебек" дешчү ал кезде. Ошол үстүнө "жибекти" да жайкы каникулдарда колхоздо иштеп тыйын чогултуп келип кийинчү. Апийим тилип, кырчу, фото-сүрөт тартып колхоздун клуб-кеңселерин жасалгалачу. Өзгөчө 2-курсун бүтүргөн жылдын жайындагы аткарган оор ишин баян эткени турам:
"Сары-Камыштан" "Кереге-Ташка" чейин электр чубалгысын тартуу үчүн тик устундар орнотулуучу чуңкурларды казган ошол жайда. Эки устундун ортосун атайын адистер 50 метрден ченеп, казыктарды кагышып, беришкен. Ошол боюнча кыйшаюусуз казуу керек. "Шалбаа" айылына жете берген жер саздак эле. Киши бою казыш керек болсо, анын жарымына жетип-жете электе суу толуп бир кыйнаган, анан "Кереге-Таштын" өзүнө келгендеги таштакты же сом темир (лом), же кайлоо (кирка) албай экинчи кыйналганын эстеп көрөлү. Бирок, кайышканы менен майышпай ошол ишти аягына чыгарган. Ал казган 118 устун чуңкурларынын аралыгын бая айткан 50 метрге көбөйткөндө 5900 метр болот экен. Демек, Өзгөрүш ошол жайда алты чакырым аралыктагы эки айылдын ортосун электр менен бириктирген. Көлдүк туугандарыма сунушум: "Сары-Камыштан" "Кереге-Ташка" чейинки электр чубалмасы бүгүн да бар болсо, ошону "Өзгөрүштүн линиясы" деп атап алганыңыздар абзел болгону турат.
Өзгөрүш Шаршекеевичтин ушундай чыдамдуулугу менен беттегенинен кайтпаган көк жалдыгын анын илим жолунан да байкоого болот.
Аспирантурага өткөн биринчи жылын "кыргызбай" агайдын байкабайт дегенчелик бут тосуусунан натыйжасыз өткөрүп алып, СССРдин ошол учурдагы мен деген физиктеринин бири Москвалык академик Кирилл Петрович Станюковичтин жетекчилиги менен эки жылда кандидаттык диссертациясын "Некоторые виды движений релятивного газа и пыли в общей теории относительности, в специальных системах отсчета" деген темада Москвада коргогон. 31 жашында физика-математика илимдеринин кандидаты болгон.
Өзгөрүштүн илимге берилгендиги, жалпы билиминин тереңдиги, тактыгы менен иштермандыгы К.П.Станюковичке жаккан эле. Ошол себептүү илим жолун дагы өргө тартууну, ага эми кадимки академик А.Д.Сахаровдун эмгектерин окуу менен Эйнштейндин теңдемесин Римандын төрт өлчөмдүү тензорун эсепке алуу менен жазуу, гравитациялык талаага жана релятивдик космологияга колдонуу деген оор проблеманын үстүндө иштөөнү сунуш кылды. Мында математикалык кыйынчылыктарды басып өтүүгө, өзгөчө Риман геометриясын өздөштүрүүгө туура келмек. Өзгөрүш агай өздөштүрдү, ал кыйынчылыктарды да жеңип өттү. Ошентип докторлук диссертация да даяр болду. Ал: "Модели Метагалактики, поля Шварцшильда в ОТО и в модифицированной теории тяготения" деп аталды да 1984-жылдын 10-октябрында М.В.Ломоносов атындагы ММУда ийгиликтүү жакталды. Ошентип 49 жаштагы кыргыз Өзгөрүш Шаршекеев физика-математика илимдеринин доктору деген баскычты багынтты.
Ал катардагы эле илим доктору болуу менен чектелген жок. Анын изилдеген багыты андан алган натыйжалары Өзгөрүш агайды Союздун мен деген физик-теоретиктеринин катарына кошту. Кыргыз окумуштуусунун эмгектерине СССРдин академиктери шилтеме жасашып, китептеринде белгилешкен. Мисалы, "Развитие астрономии в СССР (1917-1967)" деген китептин 372 жана 378-беттеринде, академиктер Я.Б.Зельдович менен И.Д.Новиковдун "Строение и эволюции Вселенной" деген китебинин 57-бетинде (1975-жылы чыккан) өз гипотезаларын Ө.Шаршекеевичке шилтеме жасоо менен бекемдешет. Академик Я.Б.Зельдович бул китебине кол тамга коюп бериптир. Ушул жерден Я.Б.Зельдовичтин Социалисттик эмгектин үч жолку Баатыры, А.Д.Сахаров менен бирдей деңгээлдеги окумуштуу болгондугун окурмандарга эскертип койгум бар. Дүйнөлүк аты бар ушундай окумуштуу илимий эмгегинен шилтеме алып жаткан Өзгөрүш агайды жөн салды эле окумуштуу десек катуу жаңылабыз.
Көшөрө иштеген адам кол үзбөй кыргыз жергесиндеги физика илимин алга жылдыруучулардын алдыңкы сабында келатат десем аша деле чаппайт болушум керек.
Чет мамлекеттерде, өзүбүздө болуп 100дөн ашык макалалары жарыкка чыккан. Илимий жана окуу китептеринин эле он экисин жазып, ишке киргизди. Өзгөчө орто мектептин 11-класстары үчүн жазган "Физика" жана "Астрономия" окуу китептери күнү бүгүн ар бири 50 миң нускадан жарык көрүп өлкөбүздүн баардык мектептериндеги бирден бир окуу куралы болуп калышты. Ушул эки китеп менен "А.Эйнштейндин Салыштырмалуу теориясы жана космология" деген окуу куралынын 2011-2012-жылдарда даярдалуусу Өзгөрүш агайдын М.Мамакеев абасы айткандай "орто жигиттик куракка жете элек" Ө.Шаршекеевдин илимпоз катары жетилип, эмгек самап турганынан кабар берет.
Устат катары илимдин 5 кандидатын 2 докторун даярдап чыгарган.
Агайдын үй-бүлөсүнө сөздү буруудан мурда анын "Өткөн өмүр элестери" деген быйыл эле жаңы чыккан китебиндеги өмүрлүк жары Үкөй эжеге арнаган саптарынан үзүндү келтирели:
"... Турмушта айрым аялдар чыккан күйөөлөрүнө өкүнсө, айрым эркектер алганына өкүнгөн учурлар болот эмеспи. Бала-чакалуу болуп калышып, аргасыздан жүргөндөр деле бар. Ошондойлорду жараткан өткөн-кеткенди эске алып, каталыгыңды кайталабай, турмушуңду кайра баштап көр десе сөзсүз башкача айтмак. Жок, мен антмек эмесмин, ушул Үкөйгө эле кайра үйлөнөм деп жатып алмакмын (эгер Үкөй макул болсо) ".
Мындан ашыкча айтууга мүмкүн эмес. Эки уул, 1 кызын тарбиялап, келин алып, күйөө бала күткөн ак жайыл Үкөй эжебиз тиш доктурлуктан ардактуу эс алууга чыккан.
Өмүрлөрүнүн 54 жылын чогуу өткөрүшүп турмуштун ырахатын уул-кыз, неберелери менен татып жатышкан жубайлар ээрчише басса эгиздей болушуп жергебизди көркүнө чыгарышып дагы көп жылдар бою арабызда бактылуу өмүр сүрө беришсин деген тилек жүрөгүмө орноп калды.
Эмки сөздү Өзгөрүш Шаршекеевичтин өзүнө жогоруда аталган китеби аркылуу берсем деп турам. Ал: "Бишкек шаарына биринчи келгениме мына быйыл 59 жыл болот Ошондо жалгыз бир башым келди эле. Жогорку билимдүү болдум, илимдин кандидаты, доцент, илимдин доктору, профессорлукту алдым. Улуттук Илимдер академиясына корреспондент-мүчө болуп шайландым. Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер ардак наамы берилди. Кыргыз Республикасынын Илим жана техника жагындагы мамлекеттик сыйлыгы ыйгарылды. Эң негизгиси Улуттук университетте 52 жыл иштегеним эске алынып, 2010-жылдын 30-сентябрында "Кыргыз Республикасынын эл мугалими" ардак наамынын берилиши болду. "За трудовое отличие", "Даңк" медалдары менен сыйландым. Бала-чакалуу болдум, алар үйлөнүп-жайланды, неберелер өсүп жатат. Мындан да ашкан бакты барбы? Кудай ушуну кут кылсын!"-дейт.
Биз да ушул пикирге кошулабыз. Кут кылсын агай!
Жолдошбек
Бузурманкулов










??.??