Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Өмүрбек Кутуев, ИИМдин экс-министри:
"Милиция кармаган кылмышкерди сот актап жатса, каяктагы реформа?"
- Өмүрбек ага, ИИМдин учурдагы абалына кандай баа бересиз? Себеби аталган министрликте бир жылдын ичинде эле бир эмес эки министр алмашпадыбы...
- Министрлерди, алардын орун басарларын алмаштырган менен эч нерсе өзгөрбөйт. Мен министр болгондон бери, тактап айтканда 2000- жылы кызматтан кеттим, ошондон бери ИИМде 13 министр алмашыптыр. ИИМ деген бул өзүнчө организация. ИИМ ге жетекчини дайындоодо жакшылап тандап туруп дайындаш керек, аны бир же эки жыл иштетип туруп кызматтан айдап ийген жарабайт. Бир жылдын ичинде министр жада калса министрликтин иши менен дагы таанышып чыкканга жетишпейт.
Оор кылмыштардын баарын министр өз көзөмөлүнө алып карап чыгуусу зарыл. Анын баарын карап чыгыш үчүн министрге убакыт бериш керек.
Ошондуктан бир жылдын ичинде эки министрдин алмашканын мен туура көргөн жокмун. Министр эле эмес, бир жылда РОВД, УВДлардын жетекчилерин дагы алмаштырган болбойт. Себеби алар эл менен иштешет. Өзгөчө РОВДнын жетекчиси. Ал эл менен таанышып, жер-жерди кыдырып чыкканча эле кызматтан айдалып, эч бир ишти аткара албай калып жатпайбы. Ошондой эле азыр кыскартуу, "ротация" деген пайда болду. Себепсиз эле кызматкерлерди кыскартып, алар кайра коррупциялык жол менен кызматка орношуп атышат.
- ИИМде реформа болбой жатат деп ошол себептен министрлерди, алардын орун басарларын алмаштырып жатышпайбы...
- Реформа дегенди мен абдан жек көрөм, биздикилер реформа кылабыз деп Армения, Грузияга барып келишти. Чынын айтсам кимдер барып келди маани деле берген жокмун. Себеби армяндар менен грузиндердин ким экенин жакшы билем да. Алардын реформасын көрүп, суктангандан көрө АКШ, Германия, Туркиянын реформасын көрүп суктансак жакшы болмок. Ошондой эле реформа кылыш үчүн акча керек, акчасыз эч убакта реформа болбойт. ИИМди реформалайбыз деп жатышат, ан үчүн ИИМге байланышкан кызматтардын баарын реформалоо зарыл. Мисалы, УКМКны Мамлекеттик каржы полициясын, Башкы прокуратураны, Мамлекеттик салык кызматын, сотторду ж.б. Аларды реформалабай туруп, ИИМди реформалоо мүмкүн эмес. Себеби милиция кармаган кылмышкерди сот актап жатса, каяктагы реформа болмок эле.
Учурда кылмыштуулук көбөйүп жатат, анын баарын жоюш үчүн биринчи кезекте кылмыштуулук менен күрөшкөн милиция кызматкерлеринин абалын оңдош керек. Азыр кылмыштуулук менен күрөшкөн милициялардын саны мен билгенден беш жүзгө жакын болушу керек. Алардын айлыктарын жогорулатуу зарыл. Экинчиден участкалык милициялар, айылда кандай кылмыш болсо, участкалык милиция жооп берет, андыктан, участкалык милициянын дагы абалын жакшыртпаса болбойт. Учурда участкалык милициялардын айлыгы эмес, үстүндөгү формасы жаңырбай жүрөт. Ошондой эле кайсыл жерде митинг болсо ошол жерге барып көзөмөлгө алган шаарды кайтарчу милициялар бар, чек арада жаңжал чыкса дагы тапанчасын көтөрүп ошолор барат. Алган айлыктары болсо болгону 6 миң сом, 6 миң сомго ким иштейт, эч ким иштебейт да.
ИИМде азыр чарбачылык менен алектенип, айлык алып иштеп жүргөн пенсиядагы полковниктер дагы бар. Ошолордун баарын кыскартыш керек, аларга берген айлыкты милицияларга берсе, иш бир топ алга жылмак. Милициялардын айлыгын 50 пайызга көбөйтөбүз деп жатышат, туура көбөйтсүн, бирок кадрды ашыкча көбөйтүүнүн дагы кереги жок. Мисалы азыр бир бөлүмдү жетектеген бир жетекчинин эле төрт орун басары, төрт жардамчысы, төрт машинеси бар экенин билем, алардын баары бекер иштемек беле, акча кетип жатат да. Андыктан, реформа менен коррупцияны жетекчилердин өздөрүнөн баштап, керек болсо өздөрүн жоопко тартуу зарыл.
- Милициянын айлыгы аз деген менен коррупцияга белчесинен баткан дал ушул милициялар болуп жатпайбы...
- Аның туура, бирок милициялар коррупцияга жыргаганынан аралашып жатат дейсиңби, айлыгы аз үчүн аралашып жатат да. Милиция эле эмес, азыр коррупция бүтүндөй коомду каптап алган. Милицияны коррупциядан арылтуунун негизги жолу катуу тартип керек. Аларды камаган менен пайда жок. Тескерисинче камаганда даана коррупционер болуп чыгат. Же отуруп чыккан адам оңолуп кетиптир деп уктуң беле?
- Кандай кылып тартипке салыш керек?
- Эң башкысы жетекчи жакшы болуш керек. Жетекчи бекем болуп, жакшы иштесе эле жаман иштин баардыгы жоюлат. Мисалы бүгүн жөө жүргөн милиция эртең эле машина минип чалкалап калып жатпайбы. Ошону жетекчи көзөмөлдөп, машинанын каяктан, кайсы акчага алганын иликтеп чыгыш керек. Анан аны жөн койбой коррупцияга аралашканы аныкталса, кызматтан кетирүү зарыл. Кыскасы ошентип эле коррупцияны акырындык менен жоюп, ИИМди тазаласа болот.
- ИИМдин алдындагы милициялык Академиянын иш аракеттерине кандай баа бересиз?
- ИИМ Академияны каржы министрлигинен өзүнчө акча алып, өзүнчө иштеп жатат дешет. Андай болбойт. Министрдин алдында бир эмес, эки орун басар иштеп жаткандан кийин алар аталган окуу жайды көзөмөлгө алып, керек болсо күнү-түнү ошол жерге барып иштеши керек. Себеби эртеңки милиция кызматкерлеринин баары ошол окуу жайдан билим алып жатат да. Эгер курсанттар жакшы билим албаса, окуусун акча менен бүткөрсө, анда алардан кандай милиция чыгат? Ансыз деле окуу жайдын жетекчилиги "курсанттар биринчи курстан кийин үйүндө жатсын" деген чечим чыгарып коюптур, үйүндө жаткан курсанттан кандай милиция чыгат. Курсант деген эртең менен туруп чуркап, аскердегидей тарбияланышы керек, болбосо милиция боло албайт.
- Экс-министр Зарылбек Рысалиевди кызматтан кеткенине нааразы болгондор да болбой койгон жок...
- Ал мындай иштемек, тигил тигиндей иштемек деп ар кимге баа бериш мен үчүн туура эмес. Зарылбекти иштетиш керек болчу, жок дегенде үч жыл. Атахановду деле иштетишсе болмок. Эми азыркы министрди козгобой иштетиш керек. Орун басарларын дагы алмаштырган болбойт. Мисалы ИИМде иштеп жаткан азыркы орун басарлардын баары менин окуучуларым, баардыгы тең министр болууга татыктуу кызматкерлер. Ошол эле Бишкек шаардык УВДны жетектеп турган Мелис Турганбаев, Чүй облустук Ички ичтер башкармалыгынын жетекчиси Капар Батырканов, министрдин орун басарлары Бакыт Жусубалиев менен Фархат Үсөнов экөө тең татыктуу. Баардыгы тең иш тажрыйбасын РОВД да катардагы опер болуп башташкан. Эгер жогоруда айткандай эле улам алмаштырып, өпөң- чычаң ойной берсе, анда иш жүрбөйт.
- Министр Абдылда Суранчиевди туура эле дайындаштыбы?
- Туура эле кылды деп ойлойм. Суранчиев дагы тажрыйбалуу кызматкер. ИИМге тиешелүү кызматтан баарын басып өткөн. Абдылда экөөбүз кырк жылдан ашык бирге иштеп, бирге жүрдүк. Мамилебиз жаман эмес. Буюрса буга чейинки жетекчилер аткара албаган иштерди аткарып, жакшы иштеп берет деген ойдомун.
- Экс-министр Шамил Атахановдун министр болгонуна нааразы болуп, "Бакиевдин кадрларын министрликке алып келди" дегендер дагы болду, чын эле ошондой болдубу?
- Бакиевдин кайсы кадрын алып келгенин билбейм. Негизи милицияда иштеген адамдарды мунун кадры, тигинин кадры деген болбойт. Атахановдун дайындаган кызматкерлери деле өмүр бою ИИМде иштеген тажрыйбалуу кызматкерлер десем жаңылышпайм.
- 6 жылдан ашык министр болуп иштеген элеңиз, кандай алгылыктуу иштерди аткара алдыңыз эле, себеби сиз министр болуп турган убакта криминалдар катуу баш көтөргөн деп айтылат...
- Криминалдар баш көтөрбөй эле ал кезде тартип азыркыга салыштырмалуу абдан жогору болчу. Коррупция, кылмыштуулук деген азыркыдай болгон эмес. Акаевди андай болгон, мындай болгон деп эле айтып жүрүшпөйбү, ачыгын айтайын Акаев бир да жолу көрсөтмө берип бирөөнү каматкан эмес. "Көчөдө ызы-чуу болуп жатат, баланча баланчаны атып кетиптир"- дейт, ошону көзөмөлдөп койчу дегенден башка эч нерсе айтчу эмес. Жанындагылар эле Акаевге жагыныш үчүн ар кайсыны айтып, ызы-чуу чыгарып ийишчү.
- Рысбек Акматбаевдерге иш козгоп, камаганыңыз чынбы?
- Чын. Рысбек Акматбаев, Азис Батукаев экөө тең менин убагымда камалган. Рысбек Акматбаев Спорт ордосунун жанынан бирөөнү бычак менен сайып ийип камалган эле.

Маектешкен
Мирлан Алымбаев